Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 09:26

Канбай чала уктоо - тулку бойго жана акыл-эске зыяндуу. Көпөлөктөр ургаачысын делебе козгоочу жыты - феромону боюнча тандайт. Кош дөңгөлөктүү, буту узарып-кыскарчу гороскоп-көлүк. Мөмө-жемиш жүрөк кан тамыр дартынан сактайт.

Чала уйку болгондун зыяны

Уйкудан калуу - тулку бойго жана акыл-эске түрдүүчө таасир этет. Уйкуну көп калтырганда же узак убакыт уктабай жүргөндө киши көңүлүн бир жерге топтой албай, кеңгиреп, ой жүгүртүүсү начарлайт. Башы ооруп, “териси жукарып”, сөз көтөрө албай калат. Мурда билгендерин эстей албай кыйналат. Тобокелдүү каржылык чечимдерди жасай баштайт. Мындай киши арак-шараптан жеңилдик издеп, анын аракечитикке ыктоо ыктымалдыгы өсөт.

Швейцариянын Цюрих университетинин окумуштуулары жашы 18 менен 28дин ортосундагы 14 студентти изилдеп көрүшүп, ушундай тыянак чыгарышты. Изилдөөнүн биринчи баскычында студенттер күнүнө 5 сааттан укташкан. Ал эми экинчи баскычында 40 саат бою тынымсыз уктабай жүрүшкөн. Ортодо эки апта тыныгуу болгон.

Аларга күнүнө эки жолу сунуш жасалган: туруктуу чоң эмес суммада акча алып туруу же тобокелдүү чечим жасап, чүкөсү айкүр франкынан тартып 38.8 франкка чейин.

Беш сааттык уйкудан соң аларда опурталдуу кадамга баруу ниети байкалган эмес. Бир жумадан кийин 14 студенттин он бири “Кудай берсе, эми берет” деп, тобокелге салчу болушкан. Бирок мурдакыдай эле “жети өлчөп, бир кесип жатабыз” деп ойлошкон. Же, илимпоздор айткандай, “абалын жана жүрүм турумун туура эмес баалачу болушкан”.

Муну “мээ эс албай, кадыресе иштей албагандын кесепети” деп швейцариялык окумуштуулар түшүндүрүштү.

“Биз чала уйку болуп, уйкуга канбай жүргөндө ишти тобокелге салчу болорубузду байкабайбыз. Бирок дүйнөнүн тешигин жамаган менежерлер чөйрөсүндө кана уктоо популярдуу болуп баратканы жакшы жышаан”, - дейт Цюрих университетинин ооруканасынын нейролог-профессору жана "Уйку жана саламаттык" илимий программасынын башчысы Кристиан Бауманн (Christian Baumann).

Чала уктаган айдоочулар кээде мас айдоочулардан да коркунучтуу экенин симулятордо өткөрүлгөн эксперимент көрсөткөн.

АКШнын Улуттук кан жолдордун коопсуздугу башкармалыгынын (National Highway Traffic Safety Administration) маалыматына ылайык, чала уйкунун кесепетинен жылына 100 миңге жакын жол кырсыгы болот; анын 1550 киши өлүмү менен аяктайт.

Өнөр жайы өнүккөн өлкөлөрдө элдин үчтөн бирине жакыны канып уктабайт. Уйку бир саат бузулганда эле, анын зыяны байкалат.

(Булагы: http://onlinelibrary.wiley.com, http://health.howstuffworks.com, https://www.sciencedaily.com)

Ургаачы көпөлөктөр эркектерин кантип азгырат

Курт-кумурскалар өздөрүнө сексуалдык өнөктү негизинен жытына же делебе козгоочу феромону боюнча тандайт.

Бирөө розанын жытына кумарланса, экинчи бирөө жийденин бурагын аваз кылат. Ушул сыяктуу эле көпөлөктөрдүн эркегин кайсы бир ургаачылардын жыпар жыты көбүрөөк тартып, башкаларынын жыты көңүл кош калтырат. Жыныстык байланышка бармайын алар да жан-жаныбарлар тейде артында тукум калтырбайт. Балалап көбөйбөйт.

Helicoverpa armigera көпөлөгү
Helicoverpa armigera көпөлөгү

Калак канаттуу Helicoverpa armigera көпөлөгүн изилдеген нидерландиялык биолог Астрид Грут (Astrid Groot) кызыктуу бир феноменди ачты.

Окумуштууну жыты же илимий тил менен айтканда, феромону эркек көпөлөктөрдүн ышкысын козгобогон “өңү серт” көпөлөктөр жыныстык катнашка барбаса, кантип тукум улайт? деген суроо кызыктырган. Ал “табышмакты” жандыруу үчүн H. armigera көпөлөгүнүн куртун лабораторияда көбөйтүп, бу түркүмдөгү кандай ургаачы көпөлөктүн жытына эркектери жабалактап учаарын аныктаган жана аларды өзүнчө бөлүп өстүргөн.

Андан соң бир жуп атыр жыттуу жана бир жуп жыты “кызыксыз” ургаачы көпөлөк кылып бөлүп, алардын үстүнө мырза көпөлөктөрдү киргизген. Атыр жыттуу сулуулар тез эле эркектери менен жупташып калган.

Ал эми жыты “кызыксыз” ургаачы көпөлөктөргө эркектер кызыкпагандыктан, мындайлар "боз-ала болуп" жалгыз турушкан. Ошондон кийин жыпар жыттуу жана жыты “кызыксыз” көпөлөктү жуптап коюшканда, жыты “кызыксыз” ургаачы көпөлөктөр менен эркек көпөлөктөрдүн жолугушууларынын 17% жупташуу менен аяктаган.

Илимий баяндамада айтылгандай, эркек көпөлөктөр бурак жыттуу ургаачы көпөлөктү көздөй баратып, ага жакындаганда жалтактагандай болуп, багытын жоготкон жана жыты кызыксыз көпөлөктү жандап, жагына баштаган. Ошентип, “өңү серт” көпөлөк жанындагы сулуунун эркектерди өзүнө тарткан атырынын пайдасын көргөн.

Арийне, ургаачы көпөлөктөрдүн кулпурган сулуусуна өзүн даңазалоо үчүн жыты өзүнүкүнөн начар ургаачы менен чогуу жүргөн пайдалуу. Бирок андай учурда, Амстердам университетинин изилдөөчүсү, доктор Астрид Грут айымдын эксперименти көрсөткөндөй, жыпар жыттуу ургаачы көпөлөктүн балалап көбөйүү мүмкүнчүлүгү 17% азаят. Деген менен шериги да өзү да жийде бурактай буркурап турганда, алардын эркек көпөлөктөр менен жупташуу мүмкүнчүлүгү барабар болору талашсыз.

Калак канаттуу Helicoverpa armigera түркүмүндөгү көпөлөктөр АКШнын Виргиния, Түндүк Каролина, Түштүк Каролина, Жоржия, Флорида, Техас, Колорадо штаттарында, Мексика, Гватемала, Панама, Бразилия жана Антилл аралдарында жашайт.

Жогорудагы илимий баяндама Нидерландиянын Гронинген шаарында 20-25-август күндөрү болгон Биологиядагы эволюция боюнча Европа коомунун (Congress of the European Society of Evolutionary Biology) жыйынында жасалды.

(Булагы: http://www.sciencemag.org, http://booktable.info)

Гироскоп-көлүк

Чоң шаарлар тыгын жолдордун көйгөйүн жеңилдетүү үчүн кечээ фантастика көрүнгөн илимий-технологиялык жаңылыктарды шып илип алышууда. Асма жолдо жүрчү электр такси, учма автомобиль, магниттик жаздыкта жүрчү унаа, жолдо талтайып жүрчү бийик автопоезд. Бул тизмени баш кеңсеси Стамбулда орношкон Dahir Inşaat корпорациясы толуктамакчы.

Dahir Inşaat шаар жолундагы транспорт агымынын үстүнөн жүрчү ээрчишме кош дөңгөлөктүү унаанын идеясын сунуш кылды.

Анын жүргүнчүлөр отурчу табак түрүндөгү бөлүгүн бийиктикке төө куштун бутундай болгон түркүк көтөрүп чыгат. Аны туруктуу абалда чоң тездикте күүлөнгөн гироскоп кармайт.

Гироскоптун буту жолдун шартына ылайык узарып-кыскаргандыктан, жолдогу каршы-терши бараткан автоунаалардын үстүнөн буйдалбай өтүп кете берет.

Гироскоп-көлүктүн салону аэробустукундай кенен болгондуктан, ага жүздөгөн пассажир кысылбай батат жана ары-бери түртүшпөй басат. Гироскоптук көлүктү өрт өчүрүүчү машине, көчмө кинотеатр жана салтанаттар залы ирети да пайдаланса болот. Берегидей өрт өчүрчү же тез жардам машинелери Стамбул, Бишкек сыяктуу жолу тыгын шаарда жардам көрсөтүлчү объектке жомоктогу зымырык куштай ылдам жетет.

Dahir Inşaat корпорациясынын ээси, теги орусиялык Дахир Курманбиевич Семёнов (Dahir Semenov) автомобилчен кардарларды тейлөөчү супермаркеттин идеясын патент кылган.

Ошондой эле зилзалада сандык же токума куту болуп калчу керебеттин, жоонун танктарын жок кылып, көрүнбөй кубулуп калчу аралыктан учкучсуз башкарылчу учактын идеясы да Семёновго таандык. Мындай дрон күндүн кубатынан иштейт.

(Булагы: https://www.designboom.com, https://www.theverge.com, http://www.telegraph.co.uk)

Мөмө-жемиш жүрөк кан тамыр дартынан сактайт

Күнүнө 375-500 грамм жашылча жана мөмө жемиш жегенде, мындай кишилер жүрөк, кан тамыр ооруларына учурабай, аларда эрте өлүмдүн ыктымалдыгы азаят.

Мындай бүтүм канадалык окумуштуулар жетектеген эл аралык изилдөө 35 жаштан 70 жашка чейинки 135 335 кишинин ден соолугу тууралуу маалыматтын негизинде жасалды.

Сурамжылоо 2003-жылы 1-январдан тартып, 2013-жылдын 31-мартына чейин жүргүзүлгөн, андан тышкары Макмастер университетинин Саламаттык изилдөө институнун (Population Health Research Institute (PHRI) of McMaster University) 2017-жылдын 31-мартына чейинки маалымат базасы пайдаланылган.

Изилдөөгө Түндүк жана Түштүк Америка, Европа, Жакынкы Чыгыш, Түштүк Азия, Кытай, Түштүк Чыгыш Азия, Африкадагы 18 өлкөдөгү 613 жамаат тартылган. Жарды, ортозаар жана бай жашаган бул кишилерде изилдөө алдында жүрөк кан тамыр оорусу болгон эмес.

Илимпоздор киреше менен кишинин жеген тамагынын өлчөмү жана түрүнүн ортосундагы байланышты да изилдешкен.

Дээрлик 7,5 жылга созулган мониторинг кезде 4784 жүрөк, кан тамыр оорусу катталып, анын айынан 1649 киши өлгөн. Бул арада изилдөөнүн 5796 катышуучусу көз жумган.

“Биздин изилдөө ким күнүнө жашылча жана мөмө жемиштин үч-төрт стандарттык үлүшүн, башкача айтканда 375 граммдан 500 граммага чейин мөмө жемиш, жашылча жана буурчак жегендер арасында өлүмгө кабылуу коркунучу аз экенин көрсөттү. Бул жашылчага караганда мөмө жемиштерине көбүрөөк байланыштуу ”, - дейт Виктория Миллер (Victoria Miller).

Окумуштуу айткан үлүштүн өлчөмү кишинин тапкан кирешесине карабай бирдей сакталышы ылаазым.

Ал эми доктор Эндрью Менттин (Andrew Mente) айтымында: “Эгер көбүрөөк жей алсаңыз, андан жакшы. Бышкандан көрө чийкиси жакшы”.

Күнүнө бир үлүштөн аз мөмө, жашылча жана буурчак жегендерге караганда 3-4 үлүш жегендерде жүрөк, кан тамыр дартына чалдыгуу ыктымалдыгы 23% төмөн болгон. Ал эми күнүнө 2-3 үлүш чийки мөмө-жемиш жегендерде айына бир жолудан аз жегендерге салыштырганда жүрөк, кан тамыр илдетине кабылуу ыктымалдыгы 19% аз болот.

Дүйнөдө жүрөк, кан тамыр илдети жан алгыч оору саналат. Себеби ажал алган кишилердин ар бир үчүнчүсү бул дарттан көз жумат. Бул илдеттен өлгөн төрт кишинин үчөө жана түрдүү оорудан улам мезгилсиз көз жумгандардын 80% көбү кирешеси төмөн жана орто өлкөлөрдүн букаралары.

(Булагы: http://www.thelancet.com, https://www.tctmd.com, https://www.sciencedaily.com)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG