Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 09:36

Соломон аралдарында чоңдугу машке иттей келемиш табылды. Дубайда дрон-такси биринчи сыноодон өттү. Континент аралык тунгуч кванттык байланыш өстөнү Бээжин менен Венаны туташтырды. Кишинин сөөгүнөн жасалган хирургиялык бурама.

Чоңдугу чокчолой баатырдай келемиш

Мындай “мега-келемишти” ал өзү калтырган изи боюнча америкалык зоологдор Соломон (Сулайман) аралдарынан табышты. Соломон аралдары - Тынч океандын түштүк батышындагы мамлекет.

“Сүт эмүүчүнүн жаңы түрү таң каларлык: ал жандык - килейген келемиш. Бул акыркы 80 жылда изделип жүрүп, Соломон аралдарында табылган келемиштердин биринчиси”, - дейт АКШнын Чикаго шаарындагы Талаа музейинин маммалогу Тайрон Лэйвери (Tyrone Lavery, Field Museum, Chicago).

Америкалык зоолог токойдо капыл-тапыл кезиктирип калган дөө келемиштин салмагы 1 кг чукул, ал эми узундугу - 45 см чамасында экен. Илимпоз келемишти, жергиликтүү элде айтылгандай, Uromys vika деп атаган.

Тайрон Лэйвери дөө келемиштин баш сөөгүн жергиликтүү келемиштердин сегиз түрү жана башка келемиштердин Чикаго музейиндеги коллекциялары менен салыштырып көрүп, ошондой эле ДНКсын текшергенден кийин, Uromys vika - келемиштин жаңы түрү деген бүтүмгө келген.

Вика же дөө келемиштин салмагы европалык оторчулардын сапарлары учурунда дүйнөнүн чар тарабына тарап кеткен кара келемиштерден төрт эседен көбүрөөк чоңдукта, анан калса, узун дагы келет экен.

Илимпоздор бул жаңы табылган кемиргич жаныбардын бөлөк келемиштерге салыштырганда алда канча зор болуусу анын жеген тамагына байланыштуу болушу ыктымал деп жоромолдошот.

Ал негизинен кокос жаңгагынын маңызын жеп жан багат. Т. Лэйвери бул жаныбар башка келемиштерден айырмаланып, такай дарактын башында жашап, жерге өтө сейрек түшкөндүктөн, анын изине түшүп табуу кыйын болгонун айтат. Анын боолгошунча, дөө келемиштин түпкү бабалары Азия жана Австралиянын дарыялары океанга агызган дарактардын көңдөйүндө жашап жүрүп, Соломон аралдарына келип калгандай.

Кариб деңизи менен Инди океанынын тропикалык аралдарына барган биринчи саякатчылар өз эскерүүлөрүндө топудай аралдарда чоңдугу жагынан мышыкка жана итке окшош шумдуктуудай жандык жашаганын жазышкан.

Зоологдордун айтымында, дөө келемиштер аралдарга келгиндер келип, токойлорду кыйып, иттери суур, чычкан, кемчеттерди тутуп жей баштаганда акырындап азайып кеткен.

Соломон аралдарында жашаган эл ичинде ачыкка чыкпай, элден жашырынып жашаган дөө келемиштер тууралуу уламыштар да айтылат. Жергиликтүүлөрдүн сөзүнө караганда, алардын узундугу жарым метрге чейин жетет экен.

(Булагы: https://www.theguardian.com, http://www.nature.com).

Дубайда дрон-такси биринчи сыноодон өттү

Эки орундуу учкучу жок аба көлүгү - Volocopter 25-сентябрда Дубайда биринчи мертебе шаар шартында автоматтык режимде сыналды. Тикучар сымак ордунан тик көтөрүлчү дрон кумдуу жээктен 200 метр бийиктикке көтөрүлүп, беш мүнөт абада учуп жүрдү.

Дубайдын жана Германиянын Volocopter компаниясынын жетекчилери аралыктан башкарылчу учкучу жок аба көлүгү абада кеминде 30 мүнөт учуусун каалашат. Себеби Дубайдын бийликтери 18 роторлуу дронду болочокто Дубайда Убер (Uber) такси катары пайдаланылмакчы. Ошондо жүргүнчү алдын ала буйруп койгон дронуна жолундагы биринчи “волобекеттен” түшүп алып, мерчемдеген жерине учуп кете берет. Аба сапары коопсуз болушу үчүн дрон кошумча батарея жана ротор, ошондой эле бир жуп парашют менен камсыздалат.

Volocopter компаниясынын башчысы Флориан Ройтердин (Florian Reuter) билдиришинче, дрондун азыркы модели “навигатор (GPS) көрсөткөн маршрут менен учканга гана жарамдуу”.

Бирок мындай учкучсуз учуучу унаа аба каттамында кадимки айдоочу сыяктуу манёвр жасашына же жолунда башка дронду көрсө, аны менен кагышып кетпегендей жана багытындагы ар кандай тоскоолдуктарды айланып өтө алуусуна жеткирүү - компаниянын мерчеми. Эгер бул план ишке ашса, беш жыл арасында Дубайда учкучсуз аба көлүгүн такси ордуна пайдалана баштайсыз. Ал эми 2030-жылы учкучсуз учма көлүктөр шаардагы жүргүнчүлөрдүн төрттөн бирин ташууга тийиш.

Дубайда дүйнөдөгү эң бийик мунара имарат жайгашкан. Улуттук өкмөт акыркы жылдары шаарда эң алдыңкы технологиялык жетишкендиктерди, анын ичинде робот-полициячыны, автомобиль-роботту, тез жүрчү Hyperloop транспорт системасын кеңири пайдаланууда.

(Булагы: https://www.engadget.com, http://gulfnews.com)

Континент аралык тунгуч кванттык байланыш “өстөнү”

22-сентябрда Кытай жана Австрия илимдер академиясынын президенттери видеоконференция өткөрүштү. Бээжин менен Венанын ортосуедагы байланышты Кытайдын Micius эксперименттик кванттык байланыш жандоочусу (спутниги) камсыздады.

Micius жасалма жандоочусу Жерден 500 км эгизде (бийиктикте) учуп жүрөт. Анын бортунда кванттык маалыматты (Quantum key distribution) берчү аппарат, чатышкан фотондордун булагы, кванттык телепортацияны кабыл алчу жана талдачу анализатор бар. Ал кванттык чатышкандык касиетин, тактап айтканда, кванттык абалда өз ара байланышкан фотон буусун жаратып, өзүнө тийиштүү аймактын каалаган жерине сигналды жеткирет. Кванттык “өстөн” аркылуу берилген маалыматты анын купуя ачкычы (коду) жок кармап алуу жана жандырып окуу мүмкүн эмес.

Австрия илимдер академиясынын президенти Антон Цайлингер (Anton Zeilinger) айткандай, “Кванттык деңгээлде купуя сакталган маалыматты континенттер арасындагы аралыкта алмашуу кванттык байланыш технологиясынын эбегейсиз мүмкүнчүлүгүн тастыктайт. Мунун баары дүйнөлүк (глобалдык) жана коопсуз кванттык интернетти түзүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат.”

Буга дейре ачык мейкиндикте кванттык оптикалык байланыш 200 км алыс аралыкты атмосферадагы фотондордун кесепетинен улам тейлей албай жаткан. Кытай окумуштуулары жарыктын фотондорун космостук мейкиндиктеги боштук аркылуу жөнөтүп, бул көйгөйдү жеңип чыгууга жетишти.

Micius жандоочусунун ишин багыттап туруу үчүн Кытайда беш бекет курулган: Синлунда (Бээжиндин ныптасы, деңиз дэңгээлинен 890 м бийикте), Наншан (Үрұмчүгө жакын, д.д. 2028 м бийикте), Делинги (3153 м), Лицзян (3233 м) жана Нгари (5047 м). Соңку үч бекет Тибетте жайгашкан. Анын натыйжасында жасалма жандоочуга бөлүнгөн QKD шаарлар ортолук кванттык байланыш желелерине туташтырылган. Шаар ичинде 100 км радиусундагы керектөөчүлөрдү кванттык интернетке байлоо үчүн оптикалык була пайдаланылган.

Жакында эле проф. Пандын (Pan) жетеги астында Бээжинди Шанхай менен бириктирген 1995 чакырымдык кванттык байланыш магистралы курулган. Бул интернеттик байланыш өстөнүн Кытай аскер жетекчилиги, өкмөттүк жана каржы мекемелер пайдаланат.

Кытай бул интернеттик жаңы өстөндү пайдалануу боюнча сынакты Сингапур, Италия, Германия жана Орусия менен да өткөрмөкчү.

(Булагы: https://phys.org, http://www.nature.com)

Кишинин сөөгүнөн жасалган бурама

Кишинин жамбаш сөөгүнүн катуу өзөгүнөн жасалган бурама “Shark Screw” (Акула бурамасы) деп аталып, таманга жана жаакка операция жасаганда колдонулат. Аны австриялык адистер (Грац шаарындагы Техникалык университеттин Биомеханика институту, Линц шаарындагы Биотехнологиялык хирургиялык долбоору - surgebright стартабы) илимий изилдөөлөр үчүн тартуу кылынган материалдардан жасашкан.

Жаңы тетикти жасоодо австриялык адистер германиялык (German Institute for Tissue and Cell Replacement (DIZG), Berlin) кесиптештири менен кызматташкан.

Бул бурамыны сөөк бүткөндөн кийин кайра операция жасап, алып салуунун кереги жок болгондуктан, ал сөөктө кала берет. Андан тышкары организм сөөктөн жасалган бураманы жат деп чанбагандыктан, канга жаман нерсенин жугуусу жана оорунун татаалдашып кетүү ыктымалдыгы минималдык деңгээлге түшөт.

“Акула бурамасы” сөөккө жакшы жуурулушуп кеткендиктен, операциядан бир жылдан кийин рентген жасаганда, ал сүрөттөн көрүнгөн эмес.

“Өйдөңкү жаак хирургиясында узундугу 20 мм жакын жана чоң чыңалууга туруштук берчү кичинекей бурамалар пайдаланылат. Анткени жаак булчуңу кишинин организминдеги эң кубаттуу булчуң. Таман хирургиясында узуну 4 – 6 см болгон бурамалар керектелет. Алар да, мисалы, таманды хирургиялык жол менен коррекциялаганда чоң ийүү күчүнө туруштук берүүгө тийиш...” - дейт австриялык адис Герхард Соммер (Gerhard Sommer, Institute of Biomechanics at TU Graz).

Анын түшүндүрүшүнчө, сөөк стерилизация маалында кыскарып, операциядан эки сааттан соң кайра узарып, ийилчээк болуп каларын эске алуу зарыл.

Ушу тапта сынган сөөктү бүтөп туташтырууда титан жана заң баспас болоттон жасалган бурамалар колдонулат. Металл бурамалар бекем жана ишенимдүү, бирок оор болгондуктан, денени ичтен өйүп, "чоочун зат" бар экенин пациентке эстетип турат.

Акула бурамасы азыр Австриянын 14 ооруканасында колдонулууда.

(Булагы: https://www.sciencedaily.com, https://labiotech.eu)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG