Линктер

шаршемби, 27-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:07

Тамекинин таштандысы асфальтты бекем кылат. Окумуштуулар жөргөмүштөргө нанотүтүк жана графенден желе токутушту. Эң көөнө тригонометриялык жадыбал байыркы Вавилондо түзүлгөн. Аялдар эркектерге караганда узак жашайт.

Жөргөмүштөр буюртма менен желе токуйт

Окумуштуулар жөргөмүштөрдү нанотүтүктөр жана графен тактачалары бар суу менен тамактандырып, теңдешсиз бекем “бионокомпозит” желе токутушту.

“Адамзат жибекти миңдеген жылдар бою пайдаланууда, бирок илимпоздор желеге акыркы учурда гана көңүл бурушуп, анын келечектүү механикалык касиетин изилдешүүдө. Жөргөмүштөр токуган эң күчтүү желенин үзүлүү бекемдиги 5,4 гигапаскал (ГПа) жана модулдук илээшкектиги 1570 Дж/грамм болду. Ал эми жөргөмүштүн кадимки желесинин бекемдиги 1,5 ГПа жана модулдук илээшкектиги 150 Джоуль/граммга тете”, - дейт илимий ачылыштын жетекчиси, Тренто университетинин профессору Никола Пуньо (Nikola Pugno, University of Trento, Italy).

Жөргөмүш токуган бионокомпозит желе, проф. Пуньонун айтышынча, кевлар сыяктуу өндүрүштө кеңири колдонулган синтетикалык буладан да бышык, ийилчээк жана жарым полимердик буланын “эң мыктыларынын бири”.

Ал жибектен үч эсе бекем жана кадимки материалдардан 10 эсе мыкты ийилет.

“Бул бүгүн белгилүү эң мыкты көмүр кычкылтектен жасалган наножиптердин, ошондой эле тузсуз жана туздуу суулардагы курсак буттуу үлүлдөргө (алардын айрым түрлөрүн деңиз идиштери деп атап коюшат) салыштырганда абдан жогорку бекемдиктеги була. Биз азырынча узак жолдун башталышындабыз. Бирок биз алган натыйжалар табигый жана эффективдүү жүрүмдү баштап, жөргөмүштөрдү бекем бионикалык жибек була өндүрүүдө пайдаланууга жол ачат”, - деп кошумчалады проф. Пуньо.

Айнектин буласынан жасалган жиптер жана айнектин буласынан токулган кездемелерди дубал бетин каптачу кооз жана бекем панелдерди, түнкү чырактар үчүн мамы, түркүк, суу акчу ноо жана суу сакталчу челек, желдеткичтин тулку жана башка буюмдарды жасоодо колдонсо болот.

Бионика бүгүн табигый материалга окшош жаңы материалдарды иштеп чыгууда кеңири колдонулат. Алсак, кевларды же пара-арамид була (полипарафенилен-терефталамид) биолог-генетиктер менен инженерлердин кызматташуусунун натыйжасында жаралган.

(Булагы: http://ioppublishing.org, https://phys.org)

Эң көөнө тригонометриялык жадыбал

3700 жылдык вавилондук чопо жадыбалынын (таблицасынын) жандырмагы табылды. Австралиялык окумуштуулар аны дүйнөдөгү эң көөнө жана так тригонометриялык жадыбал деп сыпатташты. Бул эсептөө колдонмосу ак сарайларды, ыбаадатканаларды (храм) жана каналдарды курууда алдын-ала ири долбоорду өлчөп эсептөө үчүн пайдаланылган болушу ыктымал.

Жаңы изилдөө тригонометрияны мурда айтылгандай гректер эмес, алардан 1 миңден ашык жыл илгери байыркы вавилондуктар ойлоп тапканын тастыктайт.

Чопо тактачада төрт тилкеси бар жана андагы сандар, ал кездеги шынаа сымал жазуусунун тартибине ылайык, 15 сапка 60 санын негиз кылып же позициялык эсептөө системасы боюнча жазылган.

"Биздин изилдөөбүз Плимптон 322 көрнөкчөсүндө үч бурчтук тригонометриянын бурчтарга жана айланага эмес, катыштарга (пропорция) таянып эсептелген жаңы түрү сүрөттөлгөнүн көрсөттү. Бул вавилондуктардын нукура генийлигин шарданалаган кызыктуу математикалык иш”, - дейт доктор Дэниел Мансфилд (Daniel Mansfield).

Plimpton 322 номери менен белгилүү чопо тактача 1900-жылдардын башында бүгүнкү Ирактын аймагында (ал кезде Ирак Осмон султандыгына караштуу болгон) табылгандан бери анын эмне үчүн пайдаланылганы белгисиз болчу.

Байыркы Вавилондо мындан 3700 жыл мурда чопо тактачага шынаа сымал жазмада түшүрүлгөн тригонометриялык жадыбал. 24.8.17.
Байыркы Вавилондо мындан 3700 жыл мурда чопо тактачага шынаа сымал жазмада түшүрүлгөн тригонометриялык жадыбал. 24.8.17.

Австралиянын Сидней шаарынын бучкагындагы Кенсингтон шаарчасында жайгашкан Жаңы Түштүк Уэлс университетинин (University of New South Wales) илимпоздорунун билдиришинче, көөн вавилондук чопо тактачада үч бурчтуктардын жактарынын ортосундагы катыш жазылган.

Бул чопо тактачадагы текст, илимпоздордун ырасташынча, б.з.ч. 1822-1762-жылдары жасалган. Буга дейре бул тактача окуучуларга “дептер” же мугалимге “окутуучулук колдонмо“ катары кызмат кылган деген илимий жоромол айтылыпкелген.

Австралиялык окмуштуулар чопо тактачада үч натуралдык сандан куралган жана a2 + b2 = c2 теңдемесинде колдонулган Пифагордун үч бурчтук саны жазылган деген бүтүмгө келишти. Береги үч сандын эң белгилүүсү 3, 4 жана 5. Математикалык бул катыш Пифагорго чейин туура тик бурчуу үч бурчтукту курууда пайдаланылган.

Чопо тактачанын сол бурчу сакталбаптыр. Бирок окумуштуулар жадыбалда бардыгы алты тилке жана 38 сап сан болгон дешет.

Эчендеген кылымдар бою тригонометриянын атасы деп биздин заманга чейинки 120-жыл ченде жашаган грек астроному Гиппарх эсептелчү. Ал бир ийри сызыктын (мисалы, жаа сызыктын) эки нокотунун арасын кошуучу түз сызык - хорданын алгачкы жадыбалын же бүгүнкү тригонометриялык функциянын үлгүсүн түзгөн деп айтылчу.

Тригонометриялык жадыбалдын жардамы менен тик бурчтуу үч бурчтуктун бир гана жагынын узундугун билип туруп, калган жактарынын өлчөмүн табуу мүмкүн. Аны вавилондуктар жердин аянтын өлчөөдө жана курулушта пайдаланышкан.

Бизден айырмаланып, вавилондуктар алты ондук эсептөө системасын колдонгон. Кийин аны грек жана орто кылымдардан тарта европалык математиктер колдонууга алышкан. Алты ондук системанын негизинде 1 саат 60 мүнөткө. 1 мүнөт 60 секундага, айлана 360° бөлүнөт. Анткени 60, изилдөөчүлөрдүн айтымында, 10 бөлүккө караганда, үч бөлүккө жакшы бөлүнөт.

(Булагы: http://www.sciencedaily.com/releases/2017/08/170824141250.htm, http://phys.org)

Асфальт жолду тамекинин таштандысы бышык кылат

Австралиянын Мелбурн шаарындагы Падышалык технологиялык институттун (Royal Melbourne Institute of Technology, RMIT) окумуштуулары тамекинин таштандысын асфальт жолдун бетин бекем кылуу үчүн пайдаланууну сунуш кылышты. Себеби жол боюнда, деңиз жээгинде жана башка жерлерде жайнаган тамекинин таштандысы өлкө үчүн чоң көйгөйгө айланган.

"Дүйнөдө жылына 1.2 миллион тонна чылымдын таштандысы чогулат", - дейт Аббас Мохажерани. Ал тамекини кайра иштетүү боюнча беш жылдык долбоорду жетектейт.

Доктор Мохажеранинин тобу тамекинин таштандысын асфальтка кошуунун бир нече жолун сынап көрүштү. Анын бири боюнча, таштанды тамекини 105°C ысыкта кургатып, температурасы 150°C чамасындагы ысык битумду ага сиңирип, кысат жана аны капсулага салып коюшат.

Бул таштанды тамеки капсуланын сыртындагы битум менен аралашып кетпес үчүн жасалат. Битум - кара жолдун асфальт-бетон бетин бекем байланыштырчу компонент. Себеби ал шагыл ташты, чоңураак бүдүр кумду сагыздай эле бириктирет.

Битум сиңген таштанды салынган капсулдун жыштыгы 10-15 кг/м3 болуп, баарынан оптималдуу экен. Мындай асфальт унаалар тынымсыз кыйма-чийме жүргөн каттамдарга жакшы чыдайт жана аптапта асфальтты анчейин көп ысытпайт.

“Тамекинин капсулга салынган таштандысы түрдүү курулуштарда жана жеңил композиттерде пайдаланылчу жаңы курулуш материалы болуп калат”, - деди доктор Мохажерани.

Анын айтышынча, дүйнөдө 2050-жылы тамекинин калдыгы бери дегенде 50% көбөйөт.

Австралиялык окумуштуулардын изилдөөсү чылымдын калдыктарынан битум аралаштырылып жасалган капсул асфальт-бетон жолдун бетин бекем кылгандан башка да аны ысытпай кармаганы менен баалуу.

Себеби жайкысын асфальт-бетон жол ысыгандан улам шаарларда абанын температурасы калаанын сыртындагыдан жогорураак болот. Мындай айырма ири шаарларда 12°C жеткен учурлар бар.

(Булагы: http://www.sciencedirect.com, http://www.recyclinginternational.com)

Аялдар эркектерден узак жашайт

Нидерландиялык окумуштуулардын билдиришинче, алар киши өмүрүнүн болжолдуу жогорку чегин табышкан. Бул деген жакшы тамактанга, жашоо жолоюнунун жана медициналык тейлөөнүн жакшырганына байланыштуу өмүрдүн күтүлгөн узундугу өскөнү менен киши максималдык чектен узак жашабастыгын түшүндүрөт.

Тилбург жана Роттердам шаарларындагы Эразм университетинин (Tilburg and Rotterdam’s Erasmus universities) илимпоздору көз жумганда так жашы катталган 75 000 чамалуу киши боюнча соңку 30 жылда топтолгон статистикалык маалыматка таянып, аялдар эң көп дегенде 115,7 жашка чейин жашашы мүмкүн деп тыянак кылышты. Ал эми эркектер 114,1 жашка чейин жашашы мүмкүн.

Изилдөөнүн авторлорунун бири, профессор Жон Эйнмалдын (John Einmahl) айтымында:

Орточо алганда кишилер узак жашап калды, бирок акыркы отуз жылда эң улууларыбыздын жашы өскөн жок”.

Бул аралыкта 95 жашка чейин өмүр сүргөндөр дээрлик үч эсе көбөйгөн. Ага карабай, узак жашагандар жете турган эң жогорку жаш көрсөткүчүнүн чеги (орточо алганда) олуттуу өзгөргөн эмес.

Мисалы, рекордсмендердин тобуна кирген француз чоң эне Жанна Калман (Jeanne Calment) 122 жыл 164 күн жашаган. Ал 1997-жылы 4-августта кайтыш болгондо жашы эң улуу айым болчу. Бирок максималдык чектен узак жашаган саналуу карыялар жалпы статистикалык көрсөткүчкө таасир этпейт.

Америкалык аалымдар 40 өлкөдөгү 1900-жылдан берки киши өлүмү тууралуу маалыматтарды талдап көрүшүп, кишилердин өмүрүнүн орточо узундугу такай узарып баратканын аныкташкан.

Былтыр Нью-Йорктогу Алберт Эйнштейн атындагы медициналык коллеждин (Albert Einstein College of Medicine, New York City) аалымдары ушундай эле изилдөөдөн кийин 115 жашты “узак жашагандар үчүн орто жаш” деп жарыялашкан. Деген менен алар эң жогорку жаш чеги деп 125 жашты аташкан.

Мындай болгондо, дүйнө элдериндеги бир кишинин 125 жаштан да көп жашоо ыктымалдыгы 0,0001% түзөт. Илимпоздор бул көрсөткүч жакынкы жылдары кескин өзгөрүп кетээрине анчейин ишене беришпейт.

(Булагы: https://medicalxpress.com, http://www.news.com.au)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG