Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 09:15

Жаш кезде спорт менен алектенүү - эс тутумдун жакшыруусуна өбөлгө. Зыгырдын буласы менен кант кызылчасынан автомобиль жасалды. AI роботу дүйнөнүн мыктыларын виртуалдык таймашта жеңди. Жаныбарлардын күлүгү алардын чоңдугуна карабайт.

Жаш кезден спорт кылган эс-тутумга пайда

Жаш кезинде спорт менен алектенген адамдын мээсине ал өмүр бою оң таасир этип, эс-тутумунун жакшыруусуна жана жаңы нейрондордун калыптануусуна өбөлгө түзөт.

Торонто университетинин профессору, доктор Мартин Войтович (Martin Wojtowicz) жетектеген окумуштуулардын изилдөөсү орто курактагы адамдардын аз кыймылдоосу болочокто мээсинин көлөмүнүн азайуусуна алып барарын көрсөткөн.

Алар эки айлык келемиш чычкандын 80 эркегин эки топко бөлүп, биринчи топтогулардын ар бирин жүгүрүү үчүн чыгырыгы бар кутуга жайгаштырган. Ал эми экинчи топтогуларда “спорт кылуу үчүн зарыл” эч кандай шайман-жабдуу болгон эмес. Алты аптадан кийин кутулардан чыгырыктарды алып коюшкан.

Келемиштер орто жашка жетип, 6-7 айлык болгондо, эксперименттин экинчи этабы башталган. Алар жүрөктүн үшүн алчу окуяларды эсте сактап калуу боюнча стандарттык тесттен өтүшкөн. Келемиштерди сандыкчага салып туруп, кубаты чоң ток менен урдурушкан. Ошондон кийин келемиштер береги кутуга кирген сайын коркуп, селейип калышкан.

Эки жумадан соң жанагы кутуга кирсе, ток урганы алардын эсинде сакталып калганы изилденген. Ал үчүн келемиштер үч топко бөлүнгөн. Биринчи топтогулар мурдакы бөлмөдөгү кутуга жайгаштырылган. Экинчилерин эмеректери мурдагыдан бөлөк тартипте орнотулуп, жарык да бөлөк бурчтан берилген башка бөлмөгө өткөрүлгөн. Үчүнчү топтогулар бөлөк бөлмөдөгү башка-башка кутуга салып коюлган. Ошондон кийин келемиштердин мээсиндеги тиштүү буткулдарынын абалы изилденген. Себеби мээнин бул бөлүгүндө нейрондор жаныбарда өмүр бою калыптанат.

Чыгырыгы жок кутуда өскөн келемиштер үч жагдайда тең коркунучка жана тынч абалга бирдей мамиле кылышкан. Ал эми кутусунда чыгырыгы барлар өзгөргөн жагдайда окшош реакцияны 40—50% аз көрсөткөн. Мында "спортсмен" келемиштердин мээсиндеги тиштүү буткулдарда нейрондордун активдүүлүгү жогору экенин аныкталган.

“Бул изилдөө айбанаттарда жүргүзүлдү, бирок ал жаш кездеги спорттук активдүүлүк - калыптануу мезгили үчүн эле эмес, курагына ылайык бүтүндөй когнитивдик (таанып-билүүчүлүк) өнүгүүнүн жолунда абдан маанилүү экенин көрсөтөт. Балким, береги жараян Альцгеймер оорусунун симптомдорунун пайда болуусуна жол бербеши же анын кемтигин жоюп, Альцгеймерди өнүктүрбөй жок кылуусу да ыктымал”, - дейт эксперименттин жетекчилеринин бири М. Войтович.

(Булагы:http://www.eneuro.org, http://www.medicalnewstoday.com)

Lina-таштандысы табиятка зыянсыз автокөлүк

Берегидей автомобилди Нидерланддын Эйндховен технологиялык университетинин студенттери зыгырдын буласынын жана кант кызылчасынын кантынын негизиндеги пластикадан жасашты. Lina деп аталган бул автокөлүктүн салмагы 310 кг. Ал 50 км/саат ылдамдыкта жүрө алат. Төрт адамга ылайыкталган.

Бул унаанын аккумлятору, электр кыймылдаткычы, дөңгөлөктөрү, моторду жетелөөчү дөңгөлөктөр менен туташтырган аштоосу (трансмиссиясы) жана ийилгич рессорлор системасы - биологиялык бөлүкчөлөргө ажырабаган материалдан жасалган.

Бул тууралуу автокөлүктү жасаган TU/Ecomotive тобунун өкүлү Яник ван Риел (Yanic van Riel) билдирди.

Канттан алынган жалпак пластик алты кырлуу сото түрүндө болот. Пластиктин эки бетине аны бекем кылчу зыгыр кездеме (ткань) кабат-кабат кылып чапталат.

Автокөлүктүн мындай пластик чанагы - кузову жана башка биологиялык заттарга ажырама бөлүктөрүнүн салмак/бекемдик көрсөткүчү бышык кылып жасалган айнек пластиктен же айнек буласынан сапаты жагынан кем калбайт. Lina автокөлүгү үч электр кыймылдаткычтуу. Жалпы кубаттуулугу 8 кВттык электр кыймылдаткычтары автокөлүккө саатына 50 км ылдамдык менен жүрүүгө мүмкүндүк берет. Анын аккумулятору жалпысынан 100 чакырым жолго жетет.

Долбоорду Нидерланддын белгилүү TomTom компаниясы колдоп жатат. “Кечээ көрөңгөсү жоктой көрүнгөн идея эртең алтын жумурткадай кымбат болот. Алар эгерим оюма келбеген нерсени жасашты”, - дейт бул компаниянын жетекчилеринин бири Карло ван де Вейер (Carlo van de Weijer).

Биокөлүктүн корпусу жеңил материалдан жасалганы үчүн ал бензинди аз жейт. Бирок мындай композитти жасоо үчүн кубат (энергия) көп кеткендиктен, чыгашасы азырынча кирешесин жууп кетүүдө.

Топтун башчысы Нуд ван де Жевель (Noud van de Gevel) айткандай, Lina “металлдай ийилбеген, бирок сынчу материалдан жасалгандыктан”, азырынча авариялык сыноодон өтө элек. Ошон үчүн жыл аягында Нидерланддын автомобилдер башкармалыгы автокөлүктүн бышыктыгын текшерет.

(Булагы: http://autoweek.com, http://www.dutchnews.nl)

AI роботу дүйнөнүн мыкты оюнчуларын жеңди

Сиэттл шаарында (АКШ) өткөн Dota 2 эл аралык мелдешинде эки жума машыктырылган жасалма интеллект дүйнөнүн мыкты оюнчуларын утту.

Байгесине 24 миллион доллар сайылган мелдеште бул оюн - роботтордун алгачкы жеңиши болду. Турнирдин чемпиону - AI роботун АКШ-Канада букарасы, миллиардер-инвестор Элон Маск колдогон OpenAI стартап компаниясынын инженерлери жасаган.

Dota 2 абдан татаал оюн болуп эсептелет. Оюнда беш адамдан турган эки команда каршылаш топтун чебин курчоого алып, жок кылышы шарт. Виртуалдык оюнда укмуштуудай жөндөмдүү жана “караңгыда көз тапкан, капилеттен сөз тапкан” 113 оюнчу, ошондой эле алар урушта ыңгайына жараша пайдалана алчу түрдүү жарак-шаймандар болот.

"Бул оюндун мүмкүнчүлүгү чексиз жана кээде адамдын жөндөмү чектелүү болуп калат дегенге тете кеп" дешет адистер. Таймаш оюнчулардан кылдат пландоону, түрдүү алаксытчу жана алдама жүрүштөрдү жасоону да талап кылат. Ал үчүн, албетте, оюнчу бай фантазиялуу жана амал-айлалуу болуу керек.

“Dota - жасалма интеллектти сыначу баа жеткис майдан. Бул атаандаштык майданы кенен татаал оюн. Анын эрежеси ушунчалык татаал деңиз, оюн кандай жүргөнүн билем деп, эрежелерин жазууга аракет кылганыңыз менен жасалма интеллекттин деңгээлине жете албайсыз“, - дейт OpenAI компаниясынын адиси Грег Брокмен (Greg Brockman).

OpenAI роботу береги оюнду эки жума бою өзү менен өзү ойноп жатып үйрөнгөн. Андан кийин робот профессионал оюнчуларды биринин артынан экинчисин жеңип жатты.

Алардын катарында Артур "Arteezy" Бабаев и Сумайль "Suma1L" Хассан (Түндүк Американын Evil Geniuses командасы) сыяктуу чоң профессионалдар жана Уильям "Blitz" Ли (William "Blitz" Lee) сыяктуу мурдагы белгилүү профессионал оюнчу бар эле. OpenAI жасалма интеллекти жогоруда ысымы аталган үч оюнчудан башка дагы Dota 2 мелдешинин эң сүймөнчүктүү оюнчусу деп саналган Данило "Dendi"Ишутинди 2:0 эсебинде талкалады.

Грег Брокмендин айтымында, эми алар курамына оюнчулар менен робот кирген команданы түзмөк болушууда. "Мындай жөрөлгө адамдардын оюнду жасалма интеллектин деңгээлинде ойноого жеткенине өбөлгө түзмөк. Андай деңгээлге адамдар өз алдынча жете алышпайт".

(Булагы: https://www.theverge.com, https://arstechnica.com)

Дүйнөдөгү эң күлүк жаныбарлар

ерманиялык окумуштуулар (German Centre for Integrative Biodiversity Research, Leipzig, Friedrich Schiller University Jena) максималдуу тездикте жүгүрчү идеалдуу жаныбардын чоңдугун аныктоочу алгоритмди иштеп чыгышты. Бул алгоритмди абада, жерде жана сууда пайдаланса болот. Алгоритм аныктагандай, жаныбардын тездиги анын күүлөнгөнүнө жараша болот экен.

“Жаныбарларга максималдуу тездик менен чуркоо үчүн убакыт чектелүү, себеби алар жеңил алып колдончу кубат жок. Ушуга байланыштуу, жаныбардын максималдуу ылдамдык менен чуркоосу үчүн күүлөнүү убактысы чечүүчү мааниге ээ”, - деп айтылат окумуштуулар жарыялаган макалада.

Кургактагы эң күлүк жаныбар - кабылан (гепард) 96,5 км/саат ылдамдык менен жүгүрөт.

Асмандагы эң тез учкан куштар: ылаачын жана карчыга.

Ылаачындын сапсан (лат. Falco peregrinus) түркүмү олжосун көздөй шумкуп баратканда 320 км/саат ылдамдык менен сызат. Ал эми National Geographic телеканалынын маалыматы боюнча, сапсан катуу күүлөнгөндө 389 км/саат ылдам менен учат.

Сууда эң тез сүзгөн марлин түркүмүндөгү балык (лат. Istiophoridae) ылдамдыгын 129 км/саатка чейин жеткире алат.

Булардын баары тең өз түркүмүндө баарынан чоң эсептелбейт.

“Окумуштууларды эң чоң жаныбарлар бардыгынан ылдам чуркабаганы таң калтырчу, - деп белгиленет макалада. - Жаратылыштагы эң күлүк жаныбарларды: кабылан (гепард) менен марлин балыгын алсак, алардын чоңдугу орточо эле болот.”

Немис окумуштуулары түзгөн алгоритм аныктагандай, эми чуркай баштаганда окшош чоңдуктагы жаныбар менен куштун ылдамдыгы бирдей эле болот (тийиштүү түрдө 0.26 жана 0.24).

Бирок канаттуулар абада жердеги айбандарга караганда алты эсеге жакын ылдам учушат (тийиштүү түрдө 143 жана 26).

Береги коэффициент балыктар үчүн 0.36 бирдикке барабар. Себеби суунун жыштыгы абага салыштырмалуу 800 эсеге жогору жана бул зат 60 эсе жабышкаак.

Ошентип окумуштуулар чоң жаныбарларга күүлөнүү үчүн зарыл кубат орто чоңдуктагы жаныбарларга салыштырмалуу алда канча көбүрөөк талап кылынаарын математикалык ыкма аркылуу аныкташты.

“Чоң жаныбарлар чоң ылдамдык менен чуркай баштаган сайын алардын кубаты ошончолук тез түгөнөт”, - дейт Лейпцигдеги Биологиялык көп түрдүүлүктөр ортосундагы байланышты изилдөө боюнча жалпы германиялык борбордун зоологу, изилдөөнүн жетекчиси Мириям Хирт (Myriam Hirt).

Кургактагы эң чоң жаныбарларга жираф, пил жана бегемот, ал эми суудагыларга - кит кирет.

Ылдамдык салмакка көз каранды деген классикалык аныктаманы чоң жаныбарларга колдонууга болбойт. Алдагы усулга ылайык, пил катуу чуркаганда 600 км/саат ылдамдык менен жүгүрүшү керек. Немис окумуштуусу болсо пилдер эң кыйын дегенде 34 км/саат ылдамдык менен чуркашарын баса белгилейт.
(Булагы: https://www.nature.com, https://www.livescience.com)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG