Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:39

Болот булчуң робот. Наздана сүйлөөнүн сыры


КУКА компаниясы өндүргөн оор жумуштарды аткарчу 6 робот Маннстедт компаниясындагы оор болот такталарды тизүүдө колдонулат.
КУКА компаниясы өндүргөн оор жумуштарды аткарчу 6 робот Маннстедт компаниясындагы оор болот такталарды тизүүдө колдонулат.

Өбүшүү учурундагы белгисиз инстинкт. Аялдар үнүн наздантып чыгара алат. Башка роботторго караганда 33 эсе тез иштечү видеосезгич. Рекорддук тактык менен иштөөчү робот-манипулятор.

Өбүшүүдөгү белгисиз инстинкт

Түрдүү маданият чөйрөлөрүндө аял-эркектер делебеси козголуп, өбүшкөн кезде баштарын оң жакка кыйшайтып алышат. Мындай абал кишинин оң кол же сологой экенине багыныңкы болбостугун 2000-жылдардын башында жүргүзүлгөн изилдөөлөр айгинелеткен.

Ал эми Британиянын Бат университетинин (University of Bath) Психология департаментинин окумуштуулары өздөрүнүн британдык жана бангладештик (University of Bath Spa (UK) & Dhaka University (Bangladesh) шериктери менен биргелешип жүзөгө ашырган изилдөөгө караганда, өбүүнүн демилгечиси жана анын партнёру өбүшүп жатканда башын оң жакка кыйшайтып алаарын, бул азиялыктарга да таандык көрүнүш экенин аныкташты.

Л.Брежнев менен Э.Хонеккердин "бир туугандык өбүшүүсү" чагылдырылган Д.Врубелдин эмгеги. Берлин. TASS.
Л.Брежнев менен Э.Хонеккердин "бир туугандык өбүшүүсү" чагылдырылган Д.Врубелдин эмгеги. Берлин. TASS.

Анан да экинчи тараптын башы демейде биринчи тараптын башы кыйшайган жакка ыңгайлашат экен.

Береги изилдөө Бангладештин байтакты Дакка шаарында жүргүзүлүп, ага 48 эрди-зайып катышкан.

Бангладеште коомдук жайларда же эл көзүнчө өбүшүү жосунсуз жорук саналгандыктан, өбүшүп жаткан түгөйлөрдү (жубайларды, сүйлөшкөн кыз-жигиттерди) коомдук жайларда - көчөдө да, көгүлтүр экранда да учурата албайсыз.

Сынакка катышкандар өздөрүн купуя абалда сезүүсү үчүн атайын шарт түзүлгөн: изилдөөнүн катышуучулары өз үйүндө өбүшкөн жана өбүшүүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу суроолор жазылган бланктарды өз күйөөсүнөн же зайыбынан купуя толтурушкан.

Изилдөөнүн жыйынтыгына караганда, 79% учурда өбүшүүнү эркектер баштаган; өбүшүүнү биринчи баштагандардын 73% жана алардын партнёрлорунун 75% өбүшүп жатканда башын оң жакка кыйшайтып турушкан. Алардын баары башы кандайча оң жакка кыйшайып калганын түшүндүрүп бере алышкан экен.

Буга чейин АКШ, Германия жана Түркияда 124 эрди-зайыптын өбүшкөнү изилденген болчу. Ошондо түгөйлөрдүн 64.5% (80) башын оң жакка кыйшатып алып өбүшкөн, ал эми 35.5% (44) түгөйлөр башын сол жакка кыйшайтып өбүшкөн. Андан кийин алар лабораторияда куурчак менен өбүшкөндө жубайлардын 80.0% жана жалгыз бойлордун 77.0% башын оң жакка кыйшайтып алган.

Ушундан улам окумуштуулар өздөрү ачыктаган кубулуштун негизинде татаал когнитивдик (таанып-билүүчү) механизмдер жатат деп тыянак жасашты.

"Бул өбүшүүнүн башталышындагы жыныстык айырмачылыкты көрсөтүүчү биринчи изилдөө. Баарынан да эркектин өбүшүүнүн демилгечиси болгону, ошондой эле, анын башынын бурулуусу өбүлүп жаткан тараптын башынын багытын аныктаары талашсыз" - дейт изилдөөнүн жетекчилеринин бири, Дакка университетинин Психология факультетинин изилдөөчүсү, доктор Резаул Карим (Rezaul Karim).

Британ илимпозу Майкл Проулкс (Michael Proulx) мырзанын айтымында, бул изилдөө бизге кайсы бир маданияттагы жеке адамдын жалпы адамдарга мүнөздүү жүрүм-турумду алаканга салып көрсөткөнү менен баалуу. Себеби буга чейинки изилдөөлөр негизинен Батыш коомун камтыган. "Көрсө, биз, адамдар, социалдык жактан бири-бирибизден айырмалансак да, адам катары бири-бирибизге окшош экенбиз", - дейт доктор Проулкс.

Баса, окумуштуулардын эсептөөсүнө караганда, жигит-кыз же эки киши өбүшүп жатканда 10 секундада бир адам экинчисине 80 миллиондой ар кандай бактерияны өткөрөт экен.

(Булак: https://www.nature.com, http://www.bath.ac.uk)

Рекорддук ылдамдыкта иштөөчү видеосезгич

Өнөр жай роботтору, автоматташтырылган системалар жана өзүн өзү башкарчу автомобилдер үчүн ылайыкташкан IMX382 маркасындагы видеосезгич (видеосенсор) - бул типтеги башка роботторго караганда 33 эсе тез иштейт.

Жапондордун Sony компаниясынын адистери жасаган видеосезгич секундасына 1000 кадрды сүрөткө тартат. Бул жогорку ылдамдыкта бараткан объекттерди сүрөткө түшүрүп, көзөмөлдөп турууну, демек, автоматташтырылган башкаруу системасында чоң зыян алып келчү жаңылыштыктарды болтурбай, алдын алууну мүмкүн кылат.

Sony компаниясынын адистеринин айтымында, секундасына 30 кадр тартуучу кадимки видеосезгичтер автоматташтырылган өндүрүштүк чубалгыларда (линияларда) пландалбаган күтүүсүз кырсыктардын (авариялардын) жана жаңылыштыктардын орун алышына жол берип жүрөет. Ал эми IMX382 видеосезгичи болсо, эң жогорку ылдамдыкта иштегендиктен, кайсы бир аномалдуу кубулушту баштала элегинде байкоону жана технологиялык жүрүмдү кырсыкка жеткирбестен токтотуп, өксүктү оңдоп калууга мүмкүн кылат.

Жапониялык компания жыл соңунда IMX382 видеосезгичин кеңири сатыкка чыгармакчы.

Жаңы сезгич (сенсор) роботторго чөйрөдө болгон ар кандай өзгөрүүлөрдү жана жанында пайда болгон объекттерди ошо замат байкап, токтоосуз чара көрүүгө мүмкүндүк ачат. IMX382дин сенсоруна сигналды кабыл алар замат таанып турчу жана өз алдынча татаал тапшырмаларды аткара берчү программа менен камсыздалган процессор орнотулган.

Бул процессор объекттин ылдамдыгын, бараткан багытын жана геометриялык абалын аныктай алат. Ал эми азыркы тапта колдонулуп жаткан компьютерге орнотулган видеосезгичтер объекттерди атайын иштелип чыккан программага таянып аныктайт. Андай программанын иштөөсү үчүн компьютерде кубаттуу жана кымбат баалуу эсептөө системасы болууга тийиш.

IMX382 видеосезгичи болсо мындай иштерге адистешкен атайын аппараттар менен логикалык системаларды пайдаланып иш алып баргандыктан, андагы объектти таануу жана ага байланыштуу маалыматтарды анализдөө милдети болгону бир кристаллдуу микрокөзөмөлдөгүчкө жүктөлгөн.

(Булак: http://www.sony.net, http://www.vision-systems.com)


Арзан жана так иштечү робот-манипулятор

Өтө кубаттуу жана акылдуу робот-манипулятор Шеффилд университетинин Өнөр жай технологиялар борборунун жетекчилиги астында (Advanced Manufacturing Reseach Centre (AMRK) & Boeing, Aerospace technology Initiative, Electroimpact -ATI) жасалды.

Ал KUKA Titan роботунун модернизацияланган түрү. Анын манипуляторуна металлдарды каалаган калыпка салчу инструменттер орнотулган соң, ал 100 микрон тактык менен иштейт. Азыркы таптагы колдонуудагы эң мыкты станоктор 20-50 микрон өлчөмүндө так иштешет. Бирок жаңы роботтун баасы аларга караганда арзан жана көп милдет аркалоого жөндөмдүү. Ошондуктан 100 микрондон да жогорку тактык керек болгон учурда, аны тиешелүү металл материалды сомдоо үчүн пайдаланса болот.

Робот-манипулятордун рекорддук тактыкта иштөөсү үчүн ал Ranishaw компаниясында жасалган сезгичтер менен камсыздалган. Демейде буга чейинки роботтордун тактыгы өзүн кыймылга келтирген кыймылдаткычтарынын (моторлорунун) абалына жараша болгондуктан, алар кээ учурларда каалагандай тактык менен иштей албайт.

Жаңы сезгичтер болсо роботтун кыймыл-аракетти багыттоо тетигине (манипуляторуна) тийешелүү металл затын жылмалоого зарыл абалды туура кармап турганга мүмкүндүк берет.

AMRK тобунун жогорку жетекчилеринин бири Бен Морган (Ben Morgan) мырза:

”Бул долбоордо металлдарды, ар кыл заттардын чабыштырылышынан алынган (композиттик) түзүлүштөрдү робот менен өтө так иштетүү касиети бар. Ал өндүрүштү мурдакыдан да ийкемдүү жана натыйжалуу кылат. Ошондой эле көп багыттуу кымбат баалуу станокторду пайдаланууну азайтып, Британиянын коргонуу, автоунаа жана деңиз кемелерин куруу сыяктуу тармактарында колдонулат", - деп айтты.

Мындай робот-манипуляторлор, адистердин пикиринче, келечекте учак жана автоунаа өнөр жайында колдонулчу, ошондой эле атайын өндүрүштүк амалдарды жасоого ылайыкташкан металл иштетүүчү эски усулдагы кымбат станокторго болгон зарылчылыкты бир кыйла азайтаары күтүлөт.

(Булак: http://www.machiningnews.com, http://www.kuka.com, http://www.amrc.co.uk)

Аял үнүн наздана чыгарып, эркектин ышкын козгойт

Аялдар үнүн сексуалдуу кылып кубулжута алаарын, ал эми эркектерде мындай жөндөм жок экенин америкалык психологдор аныкташты. Аялдар эркектин көңүлүн өзүнө бургусу келгенде назданып, үндүн тонун басаңдатып, эркектин кумарын козгоп сүйлөшөт. Бирок эркектер канчалык аракет кылбасын үнүн интеллектуалдуу жана аялдардын делебесин козгогондой мукам чыгара алышпайт.

Профессор Сюзан Хьюз (АКШ).
Профессор Сюзан Хьюз (АКШ).

Аялдардын үнүн кубулжутуп, наздануу жөндөмү, америкалык психолог, Пенсилвания штатындагы Олбрайт коллежинин психология профессору Сюзан Хьюз (Susan Hughes) айымдын айтымында, биринчи кезекте, эң байыркы доордон мурасталган маданий салтка байланыштуу болушу мүмкүн.

Бул изилдөөгө катышкан кырк адам (20 аял жана 20 эркек) кадыресе жагдайда сүйлөгөндөн башка да үндөрүн атайын ойноктотуп, башка жыныстагы шеригинин көңүлүн өзүнө бурганга аракет кылган. Ал эми башка жыныстагы кырк адам болсо алардын үнүн кубулжутуп, сексуалдуу көрсөтүү жөндөмүн баалашкан.

Береги илимий изилдөө тастыктагандай, аялдар өздөрүн интеллектуалдуу көрсөтүү жана сөзүнө көңүл бурдуруу үчүн адаттагы ритминен жайыраак ыргак менен ар бир сөзгө маани берип, мукамдуу аваз менен сүйлөшөт. Бул бардык эркектер үчүн да мүнөздүү көрүнүш.

Буга чейинки изилдөөлөр көрсөткөндөй, дегиңкиси, аялдар жана эркектер ойнолоктоп, ашыктык (флирт) оюнун баштаганда, үнүн атайылап кебездей жумшак кылып чыгара баштайт.

Психологдордун баамында, эркектер үчүн эң оболу аял кишинин тыш турпаты менен тышкы көрүнүшү маанилүү экенин аялдар жакшы билишет. Эркектер болсо ургаачынын сексуалдуу авазы (үнү) сымбаттуу тулку-турпаттын ажырагыс бир шааниси деп ишенишет.

Сюзан Хьюз сыяктуу пихологдордун тобунун соңку изилдөөлөрүнө таянсак, аялзатына, кыз-келиндерге кимдир бирөө жагып калса, анда алар сөзсүз назданып гана сүйлөйт деген буга чейинки кеңири жайылган түшүнүккө заманбап коомдук өнүгүү кыйла өзгөртүү киргизгени да айгинеленди. Маселен, эгерде мурда эркектер гана башка жыныстагылардын алдында каадаланып өкүмүрөөк сүйлөшсө, эми, аялзаты эркектен калышпастан коомдук түйшүктөрдү бирдей көтөрүшүп калган бүгүнкү заманда, ургаачылардын өкүлдөрү да өкүм үн менен сүйлөөгө тап коюп жатышканы айкын болду.

(Булак: http://www.albright.edu, https://www.ncbi.nlm.nih.gov/,

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG