Линктер

бейшемби, 27-июль, 2017 Бишкек убактысы 20:41

Илим дүйнөсү: Дрон. Көчмө дыйкан чарба


Өрттөнүп жаткан учакты өчүрүүдө колдонулган химиялык затты ичүүчү суудан мыкты чыпкалай турган полимердик материал табылды.

Уулуу жана майдаланып жок болуусу татаал химиялык заттарды cуудан түгөл тазалачу материал. Өлүмдү жамгырдай жаадырган дрондор. GPS системасыз жол тапчу дрон. Шаарларда жашылча-жемиш өстүрчү көчмө ферма.

Сууну уулуу химикаттардан тазалачу сүзгүч-полимер

Өнөр жай ишканалары бөлгөн уулуу жана майдаланып жок болуусу татаал химиялык заттарды cуудан алда канча натыйжалуу чыпкалап бөлүп алчу жаңы материал жасалды.

Перфтороктандык кислотанын химиялык түзүлүшү.
Перфтороктандык кислотанын химиялык түзүлүшү.

Перфтороктандуу аксид (кислота) же ПФОК (Рerfluorooctanoic acid, PFOA) бөлүнбөгөн абалында узак жылдар сакталып, жаратылышка зыян келтирет жана адамды жеңил айыккыс дартка чалдыктыруусу мүмкүн.

ПФОК акыркы жылдары терең изилденген фтор түзүмдүү молекулалардын бири. Бул аралашма же химикат аскер жана авиация өнөр жайында идиштин жана көбүктүү өрт өчүргүчтөрдүн сыртын каптоочу жабышпас боёк катары колдонулуп жүрөт.

ПФОК жана анын курамындагы уулуу химикаттар зыяны аз молекулалар менен алмаштырылган, бирок проблема биротоло чечилген эмес. Анткени химикаттар жер астындагы сууларга жана дарыяларга түшсө, алардын фторокарбондуу структурасы узак жылдар эзилбей тура берет. “Береги компоненттер эң туруктуу органикалык химикат экенин унутпасак. Алар табигый чөйрөдө канча убакыт болбосун бузулбай сактала берет”, - дейт Колорадо Кен иштетүү мектебинин инженери Христофер Хиггинс (Christopher Higgins, Colorado School of Mines).

Азыр өнөр жай чыпкаларында ПФОКтун молекулаларын суудан бөлүп алуу үчүн активдештирилген көмүр колдонулат. Бирок бул ыкма зыяндуу химикаттарды суудан толук сүзүп алууну мүмкүн кылбайт.

АКШнын Эванстон шаарындагы Түндүк-Батыш университетинин окумуштуусу Уильям Дичтел (William Dichtel, Northwestern University in Evanston, Ill.) жана анын шериктери ойлоп табышкан жаңы полимер материал бири-бирине байланышкан эки молекуладан турат: 1. Бета-циклодекстрин деп аталган жана жүгөрүнүн крахмалынан жасалган шакек сыяктуу килейген молекула; 2. Декафторбифенил (DFB) деп аталган фторго бай молекула. DFBдин курамындагы фтор полимер молекулаларында фтору бар ПФОКту өзүнө чыпкалап тартып да, бири-биринен ажыратпай кармап да турат.

Техас университетинин изилдөөчүсү Карен Вули (Karen Wooley, Texas A&M University) бул полимер зат активдештирилген көмүрдөн айырмаланып, бөлүп алууга кыйын фторлуу молекулаларды өзүнө тартып аларын айтат.

Сыноо учурунда жаңы полимер суудан 95% перфтороктандуу аксидди (кислотаны) бөлүп алган. Бул активдештирилген көмүргө караганда дээрлик эки эсе натыйжалуу чыпка дегенди билдирет. Жаңы полимердин дагы бир артыкчылыгы - аны өндүрүштө көп жолу колдонсо болот.

Береги полимерди болочокто турак үйлөрдө жана өнөр жай ишканаларында сууну тазалоо үчүн пайдалануу мүмкүн.

(Булагы: sciencenews.org, http://pubs.acs.org)

Өлүмдү жамгырдай жаадырган дрондор

Париждеги соңку авиашоуда учкучсуз аралыктан башкарылуучу учуучу аппараттардын жаңы мууну -- XQ-222 Valkyrie жана UTAP-22 Mako калайыкка көрсөтүлдү. АКШлык Kratos Defense and Security Solutions компаниясында жасалган дрондор бул типтеги башка дрондорго караганда бир кыйла ылдам, бийик жана алыс учушат. Ошон үчүн адистер береги эки дронду өлүмдү жамгырдай жаадырган эң коркунучтуу аралыктан башкарылчу учуучу аппарат деп аташты.

XQ-222 Valkyrie дронунун узундугу - 8.85 метр, ал эми эки канатынын жалпы узундугу - 6. 1 метр. Ал 1050 км/саат ылдамдык менен учат, 13 700 метр бийиктикке көтөрүлөт. Бир учкан бойдон ал 8700 км аралыкка жетет.

UTAP-22 Mako дронунун узундугу - 6.13 метр, эки канатынын жалпы узундугу - 3.2 метр. Ал 1120 километр/саат ылдамдыкта учат, 15 200 метр бийиктикке көтөрүлөт. Мындай артыкчылыктарына карабай, ал бир учканда 2600 км аралыкка гана жетет.

Эки дрондун тең башкаруу системасы жана иштөө принциби окшош. Алар жалгыз жана чоң топтун курамында учуу менен катар эле аралыктан башкарылчу учактарга багыт көрсөтүүчү да боло алат.

Kratos XQ-222 Valkyrie жана UTAP-22 Mako дрондорунун баасы 2 - 3 миллион доллардын ортосунда болсо, пилот башкарчу F-35 согуш учагынын баасы 120 миллион доллар турат. (Kratos дрондорунун жогоруда көрсөтүлгөн баасына анын тапшырмаларды аткарчу системасы кирбейт). Береги дрондордун арзан баасы аларды чоң топторго бириктирип учурууну мүмкүн кылат. Аскердик адистердин айтымында, мындай дрондор келечекте абада салгылашуунун тактикасына олуттуу өзгөрүүлөрдү киргизиши күтүлөт.

(Булагы http://newatlas.com; http://www.airforce-technology.com)

GPS системасыз жол тапчу дрон

Nvidia компаниясынын адистери видеокамера жана жасалма интеллектуалдык системасы бар компьютердин жардамы менен иштечү навигациялык системаны иштеп чыгышты. Береги система визуалдык маалыматты кадимки GPS (навигатор) сыяктуу кабыл алып тааныйт. Жаңы система асыресе навигаторду пайдалануу мүмкүн болбогон токойлордо, имараттар жыш курулган шаар чөйрөсүндө, туннелдүү жолдордо, имараттардын ичинде жана тар капчыгайларда, ошондой эле суу астында колдонулат.
Жаңы системанын иштөө принциби мындай. Дронго же аралыктан башкарылып учуучу аппаратка кошумча эки видеокамера жана маалыматты терең талдап анализдөөчү Jetson TX1 модулу орнотулат. Видеокамерадан визуалдык маалымат жасалма интеллектуалдык системага берилип турат жана дрондун тоскоолдукту сүзүп алуусуна жол бербейт. Жаңы система чынжырлуу жана дөңгөлөктүү роботтордо орнотулса, алар табигый же техногендик кырсык болгон татаал ландшафтта да өз алдынча жүрө берет.

Jetson TX1 модулунда орнотулган TrailNet нейрон желеси GoPro камерасынын жардамы менен түрдүү токойлордо тартылган видеоматериалдардын негизинде объектти тааныганды үйрөнгөн. Жалпысынан 13 чакырым жол камерага тартылган жана жаңы система ошол видеоматериалды пайдаланып, дронду 1 чакырым аралыкка жаңылбай өткөргөн.

GPS тейлөөсү жок эле жол тапчу жаңы системанын токойлуу жерде сыналган себеби - токой автоматтык башкаруу жана багыттоочу система үчүн эң татаал чөйрө болуп саналат. Анткени токойдогу дарактардын түрү бир кылка эмес, ар түрдүү чоңдукта болуп, ар бир дарак - турган ордуна жараша - ар башкача жарык бөлөт. Ошондуктан, GPS үчүн мындай шартта кайсы бир объектти бута сыңары кармап, багыт алуу кыйын.

Эгерде автоматтык башкаруу жана багыттоо системасы чытырман токойлуу жерде жолду ийкемдүү тапканга жарактуу болсо, анда башка чөйрөлөрдө дө бул система киши же унаа барчу багытты алда канча жеңил табаары бышык.

(Булагы: http://www.electronicspecifier.com, https://blogs.nvidia.com)

Жашылча жемиш өстүрчү көчмө ферма

Финдердин Exsilio Oy компаниясы шаарда жашылча-жемиш өстүрчү көчмө дыйкан чарбанын (ферманын) концепциясын иштеп чыкты. Контейнер формасындагы модулду шаардын каалаган жайына коюп, электр кубатына жана суу түтүгүнө туташтырып койсо, ал иштей берет. Көчмө ферманын узундугу 13 метр болуп, бир катарда жашылча жана чөп-чар өстүрчү бир нече текче жайгашкан. Аны көп орундуу ресторандардын, чоң дүкөндөрдүн же турак үйлөрдүн жанына орнотсо болот. Модуль тез жыйналгандыктан, аны бир жайдан экинчи орунга которуп-көчүрүү жеңил.

Вертикалдуу ферманын текчелериндеги нымдуулуктун деңгээли жана жарык автоматтык режимде, ошондой эле, кол менен да жөндөлөт. Бул жашылча-жемиштердин өсүүсүн тездетип, түшүмдү шаар жеринде он эки ай үзбөй алууну мүмкүн кылат.

Азырынча EkoFarmer модулунун баасы белгисиз. Бирок Exsilio Oy фирмасынын башчысы Томас Тапионун (Tomas Tapyo) билдиришинче, бир көчмө ферманын баасы 100 000 евронун тияк-биягында болот; атүгүл аны насыяга сатып алуу да мүмкүн.

Вертикалдуу көчмө фермалар, келечекте Жердеги элдин саны 11 миллиардга жеткенде, жашылча жемиштердин негизги булагына айланат деп боолгонууда. Мындай модуль-фермалардын салттуу дыйкан чарбалардан жана күнөскалардан айырмасы - түшүмдү мол бергенинде. Мисалы, вертикалдуу Plenty фермасы айдоо жерге жана күнөсканага караганда 350 эсе көп түшүм берет. Ал эми вертикалдуу EkoFarmer бир жылда 55 000 боо жашыл салат өстүрөт, демек, кадимки күнөсканага салыштырганда, ал үч эсе өнүмдүү.

Кыртышы жана табигый чөйрөсү көзөмөлдөнүп турулчу AeroFarms компаниясына тиешелүү шаар турмушуна ылайык фермалар жылына 30 жолкуга чейин түшүм берет. Бул болжол менен 900 миң кг жашылча өндүрүлдү деген кеп.

Мөмө-жемишти эми шаардагы көчмө бакчадан өстүрүүгө жол ачылат.
Мөмө-жемишти эми шаардагы көчмө бакчадан өстүрүүгө жол ачылат.

Бирикен Улуттар Уюмунун Азык түлүк жана айыл чарба программасынын маалыматы боюнча, бүгүн дүйнө жүзүндө 800 миллион адам шаар чегинде жашылча жана мөмө жемиштерин, ошондой эле мал өстүрөт. Соңку жылдары турак үйлөрдүн төбөсүндө жашылча-жемиш өстүрүү кандай көбөйсө, чоң дүкөндөрдө - супермаркеттерде мини-күнөсканаларды куруу да ошондой кеңири жайылууда.

(Булагы: http://www.newscientist.com, http://www.sciencedirect.com)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG