Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:51

ДИН ЖАНА ИЛИМ: Акыр замандын орчун сааты да иликтенет


Бурана шаар чалдыбары – мусулман Карахандар мамлекетинин борбору Баласагын шаарынын орду. Чүй, Кыргызстан. 07.6.2015.
Бурана шаар чалдыбары – мусулман Карахандар мамлекетинин борбору Баласагын шаарынын орду. Чүй, Кыргызстан. 07.6.2015.

Азыркы тапта улам башка аймактарды кезген дааватчылардын ичинен түркөй, билимсиздигинен улам исламды илимге каршы койгондор да көп. Бирок бир кездеги “мусулман кайра жаралуусунун” доорунун илимдеги жетишкендиктерин эске албай туруп, бүгүнкү адамзат өрүшүн элестетүү кыйын. Илимсиз болочок да жок.

Түркөйлүк менен ыкшоолукка чабуул койгон сүрөт

Кыргызстандын түндүгүндө да, түштүгүндө да узун чапан кийип, сакал өстүрүп алып, өзү анча түшүнбөсө да, ислам жөнүндө узун сабакка кирген далай чала сабат дааватчыларды (“үндөөчүлөрдү”) учураттым.

Алардын арасында билимдүүлөрү да жок эмес, бирок үгүт ишинде сырткы көрүнүштөргө гана азгырылып, ички дүйнөнүн байлыгын аңдабагандар да кезигет.

Бул тууралуу Фейсбукта да азил-чыны аралаш сүрөттөр жарыяланды. Алардын бириндеги сүрөттө “Австралияда козу туулуптур, терисинде тим эле “Алла” деген сөз жазылып калыптыр, ой тообо!” деп жакасын карманган дааватчы киши тартылса, экинчисинде микроскопко кадалып изилдөө жүргүзүп жаткан илимпоз киши: “Мен илимге сүңгүп, нанотехнологияны колдонуп, адамзатка балээ болуп жаткан рак оорусунан айыктыруунун дарысын тапкым келет, буга ислам жол берет”, - деп айтып жатканы жазылган.

Фейсбукта кыргызча таркатылган карикатурада ислам дагы илимди колдоору баса белгиленген. 21.12.2015.
Фейсбукта кыргызча таркатылган карикатурада ислам дагы илимди колдоору баса белгиленген. 21.12.2015.

Дагы бир карикатуралык сүрөттө "Алла өзү кечирсин! Аллага даңаза! Картөшкөдө "Алла" деген жазуу бар экен!" деп билимсиз үгүтчү сүйүнүп жатканы тартылып, жанында рак илдетинин алдын алуу максатында терең илимий изилдөө жүргүзүп жаткан мусулман окумуштуусу көрсөтүлгөн.

Менимче, 19-кылымдын соңунда – 20-кылымдын башында жөн гана “Аптиекти” окутуп, Курандын сүрөөлөрүн жаттатып тим болгон молдолордун мектебине каршы чыгып, Евразиядагы түрк мусулман мектебинде математика, жаарапия (география) сыяктуу ар кыл илим тармактарын окутууга чакырган “жаңы усулчу” мусулман реформаторлору бул сүрөттүн идеясына канааттана мыйыгынан жылмаймак.

Ал эми айтылуу “мусулман кайра жаралуусу” доорунда жашап калган энциклопедиячы окумуштуу бабаларыбыз бул сүрөттү көрүп, “учугубуз уланып жатыптыр”, деп сүйүнүшмөк.

Башка диндердин да “үндөөчүлөрү” бар

Жакында тарсалардын бир илимпоз өкүлү менен баарлашып, айрым дааватчыларга берип сынаган суроолорумду ага да жаадырдым.

“Жараткан Адам Ата менен Обо Энени бейиштен кубалаардан мурда Жер бетинде кандай эле? Азыркыдай киттер, маймылдар, арсандар, бугулар, башка жандыктар, өсүмдүктөр, балыктар жайнап жатышты беле?”

“Алар кишиден мурда жаратылган. Алар бар болчу”.

“Адам Ата менен Обо Эне Жерге бейиштен кантип түшүрүлдү? Учак, лифт, парашют жок болчу да?”

“Менимче, бейиш Жердин өзүндө эле, Эки дарыя аралыгы аймагында болчу”.

Албетте, тарсалардын үндөөчүсүнүн айрым жоопторуна анчейин канааттанган жокмун. Муну ал өзү да сезди.

Тарсаларда да түркөйлүк доору өкүм сүргөн. Азыр да бардык эле диндердин өкүлдөрүндөй, алардын да өкүлдөрүндө түркөйлөр жок эмес.

Мусулмандык илим-билим доору

Жалпысынан, австриялык окумуштуу Адам Мец “мусулман кайра жаралууу доору” деп таамай термин чыгарган. Ал доордун тарыхый шарттуу алкагын ар башка мусулмандык чөлкөмдө ары-бери чойсо болот.

Борбордук Азияга келсек, 9-12-кылымдарда жана Эмир Темирдин доорунда илимдеги ири секирикти жүзөгө ашыруу тарыхын азыркы тапта бүткүл адамзат жакшы билет.

Айрым залкарларды атай кетсек.

Ислам дүйнөсүнө индиялык математиктердин ачылышын (“нөл” да кирген ондук эсептөө системасын) жайылтып, алгебра илимин (“Ал-жабр ва-л-мукабал” китеби аркылуу) түптөгөн Мухаммед ал-Хорезми, көп илимдерди, анын ичинде математикалык астрономияны өнүктүргөн, Жер жана башка планеталар Күндү айланганын байкап, гелиоборбордук система тууралуу жоромолун калтырган Абу Райхан Беруни, кишинин анатомиясын иликтеген, дары-дармектерди каттаган (арасында кыргыздардын жыпар заты – “мускус” тууралуу эскерген), саламаттыкты сактоо илимин өнүктүргөн жана окуу китеби Европада 17-кылымга чейин медицина тармагындагы негизги окуу куралы кызматын аркалаган Ибн Сина (“Авиценна”)...

Аристотелдин айрым чыгармаларын арапчага которуп илимде сактап калган, философияда чыгыш перипатетикалык мектепти негиздегендиги үчүн Аристотелден кийинки “Экинчи мугалим” (“ал-муаллим ас-сани”) атыккан түндүк-батыш теңир-тоолук Абу Наср Фараби... (Фараби өкүлү болгон философиялык агым Алла-тааланы бардык түрлөрдүн жана шекилдердин түбөлүктүү кыймылдаткыч күчү (“вахиб ас-сувар”) катары карап, дүйнө өзү түбөлүктүү Алла-тааланын кудурети менен жаралганын белгилейт).

Кыргыз улуттук университетинин маңдайындагы Жусуп Баласагындын айкели. Бедизчи - Т.Садыков. Бишкек ш. 14.5.2015.
Кыргыз улуттук университетинин маңдайындагы Жусуп Баласагындын айкели. Бедизчи - Т.Садыков. Бишкек ш. 14.5.2015.

Коомду адилет башкарууга жана илим-билимге чакырган дагы бир даңазалуу бабабыз – Жусуп Баласагын.

Анын мусулман түрк дүйнөсүндөгү даанышмандык мурасын эске алуу менен, эл аралык ТүркСОЙ уюму 2016-жылды “Жусуп Баласагын жылы” деп жарыялады.

Акын Жусуп Баласагын 1069-1070-ж. “Кутадгу билиг” (“Куттуу бийлик” же “Куттуу билим”) дастанын жазып, анда карахандык түрк этносторун илим-билимге чакырган.

Жусуп Баласагын жазган дастандан бир шиңгил:

«Билейин десең, сен оку, эсеп илимин,

Ачылаар санак капкасы ушундан кийин,

Оку көбөйтүп, бөлүүнү, түгөл бил бөлчөгүн...

Дагы калса ал-жабр ва-л-мукабал (алгебра) оку,

Оклидистин (Евклиддин) капкасын эринбей соккун».

Демек, Карахандар доорунан бери эле билимдүү бабалардын бир канча муундары алгебраны, бөлчөккө бөлүп, тамыр чыгарууну өздөштүрүп, Эвклиддин жана башка ар кыл тектеги илимпоздордун арапчага которулган илимий чыгармаларын изилдеп, так илимдерди жаңы сереге чыгарып өнүктүргөн.

Ал эми Ысык-Көлдө туулуп-өскөн тилчи, этнограф, картограф аалым Махмуд Кашгари Барскани чийген дүйнө картасында (1072-1077) мусулман картографиясынын тарыхында алгачкы жолу Жапон өлкөсү (Жабарка) көрсөтүлгөн.

Эмир Темирдин небереси, астроном Улукбек түзгөн жылдыз картасы өзгөчө тактыгы менен айырмаланган. Улукбектин окуучулары анын жылдыздар каталогу камтылган ачылыштарын Жакынкы Чыгышка, Кичи Азияга чейин жеткиришип, андан ары бул илимий маалыматтар Европанын латын тилиндеги илим дүйнөсүнө дайын болгон. Эки кылымдан соң, 17-кылымда гана европалыктар тактыгы боюнча Улукбектин маалыматынан өйдө болгон астрономиялык картаны түзүүгө жетишкен.

Демек, Батыш Европаны түркөйлүктүн чүмбөтү караңгылатып турган чакта, мусулмандык Чыгыштагы илим кара булутту сүрүп, көк жаркытып чыга келген күндүн шооласындай эле болгон.

Куранда башка галактикалар, башка ааламдар айтылабы?

Айрым түркөйлөр бүгүнкү ааламды бир гана аалам деп санашат. Ушул гана ааламда акыр заман болот деп эсептешет. Куранда болсо Алла-тааланын “Ааламдардын Эгеси” (“раббу-л-ааламиин”) деген ысымы бар, бул – ааламдардын көп экени тууралуу ишаара кылат.

Анын (Алланын) аян белгилеринин бири – Асмандар менен Жерди (ас-самаваати ва-л-ард) жана ошондой эле буларга Ал Өзү байырлатып койгон тирүү жандыктарды (мин дааббатин) жараткандыгы. Ал Өзү каалаган маалда аларды топтоп алууга кудуреттүү”.

(№ 42 “аш-Шуура” (“Кеңеш”) сүрөөсү, 29-аят).

Бул аятка таянган азыркы айрым мусулман диниятчылар башка да галактикалар жана ааламдар жаратылгандыгы жана аларда дагы тирүү жандыктар болушу ыктымалдыгы Куранда айтылган деп жоромол кылышып, бул чоочун ааламдарды изилдөө аракетине эч кандай бөгөт жоктугун, демек, ислам дини астрономиялык илимдерге тоскоол болбошу керектигин айтып келишет.

Орто кылымдардагы мусулман философ, географ, тарыхчы, тилчи, математик, астрономдордун ар бир чыгармасы “Алла-тааланын ысымы менен” (“б-исм иллаахи р-рахмаани р-рахиим”) деген сөздөр менен башталчу. Мусулман ренессансы доорунда эмгектенген бардык аалымдарга, алардын ичинде математиктерге, астрономдорго жана башка так илимдердин тармактарында ачылыш жасаган илимпоздорго дин эч тоскоол болгон эмес. Бул доор – мусулман окумуштуулар олуттуу илимий эксперименттер (тажрыйбалар) жасоо жагынан европалык окумуштуулардан алда канча илгерилеп кеткен кезең болгон.

Куран илимий ачылыштарга тоскоол эмес

Бүгүн да көп сандаган түркөй мусулмандарды илимге ынандыруу үчүн көптөгөн агартуучу мусулмандар мисал катары Курандын сүрөөлөрүн колдонууга далаалат кылып келишет.

Айтмакчы, жансыз дүйнөдөн жандуу дүйнөнүн жаралышы жөнүндө Дарвиндин жана башка илимпоздордун ачылыштарын окубай жатып эле, аны окууга тыйуу салган молдокелер жок эмес. Ал эми билимдүү мусулман диниятчылары болсо бул ачылыштарды астейдил окуп чыгып, тескерисинче, дарвиндик жана башка табият таануу жаатындагы ачылыштар Куранда эле алдын-ала айтылган деп көрсөтүүгө умтулушат.

Маселен, айрым мусулман диниятчылары Куранда суу жөнүндө өзгөчө баса белгиленгенин эскеришет:

Деги ишенбегендер (“аллазиина кафаруу” - каапыр болгондор) асмандар менен Жер бир бүтүн болгонун жана биз аларды бөлүп, жандуунун бардыгын суудан жараткандыгыбызды (жаъалнаа мин ал-маа’и кулла шай’ин хаййин) көрбөй жатышабы?

(№ 21 “Ал-анбийа” (“Пайгамбарлар”) сүрөөсү, 30-аят).

Чынында да, Жер планетасында органикалык заттарды тириликке тартууга негиз болгон негизги шарт – суу жана кычкылтек экендиги маалым. Азыркы тапта Марс планетасында суунун болгондугу жөнүндө жоромол кабарларды бүт дүйнө жүзүндө өзгөчө кызыгуу менен кулак түрө угуп жатканыбыз да суунун тирилик үчүн мааниси зор экендигине байланыштуу.

Мусулман диниятчылары азыркы учурда карапайым мусулмандарды илим-билимге тартуу үчүн хадистерге (Мухаммед пайгамбарга шилтеме кылып жасалган аңыз кептердин жыйындысына) да арбын шилтеме жасашат.

Маселен, хадистердин биринде Мухаммед пайгамбар мындайча айтканы эскерилет: “Кимдир бирөө илим-билим көксөп өз үйүнөн сапарга чыкса, анда периштелер бул кишиге кадырлоо сезимин билдирип жана анын ишине канааттанганын туюнтуп, ал кишинин алдына өз канаттарын төшөп беришет”.

Самарканд шаарында өкүмдар жана аалым Улукбек (Мухаммед Тарагай ибн Шахрух ибн Тимур Улугбек Көрөгөн; 22.3.1394 — 27.10.1449) курдурган медреселердин (ал кезде “мадраса” - арапча “дарс окуу жайы” – университет кызматын аркалаган) биринин каалгасында ар бир мусулман эркек жана мусулман аял билим алууга милдеттүү экендиги тууралуу текст ойдурулуп жазылган.

Бул тарыхый маалымат азыркы учурда кээ бир эскичил жана реакциячыл мусулман агымдарын жолдоочулар (маселен, талиптер) кыздарга таалим берүүгө бөгөт коюу аркылуу, иш жүзүндө, хадистерде айтылган илим-билимге чакырыкка каршы түркөйлүктүн козголоңун чыгарып жатканын тастыктайт. Андай талиптердин жана ваххабийлердин илимге карата терс мамилеси сүннөттү (сунна) мыкты аңдаган, борбордук азиялык түрк тилинен тышкары арапча жана фарсыча түш жоругандай мыкты билген Улукбек үчүн исламды аңдай албаган чала молдонун Мухаммед пайгамбардын чакырыгына каршы иш-аракетиндей эле терс кабыл алынмак.

Болочок – илимге таандык

Эски стереотиптерден качып, ааламды жана ааламдарды изилдөөгө умтулган, алардын жаралышы жана чексиз мейкиндиги, чоң жарылуу, кара тешиктер, убакыттын салыштырмалуулугу ж.б. тууралуу жаңыча ой жүгүртүүгө далаалат кылган бүгүнкү күндүн физиктерин жана башка окумуштууларын Фараби, Хорезми, Беруни, Жусуп Баласагын, Махмуд Кашгари Барскани, Улукбек, Али Кушчу, Осмонаалы Сыдык уулу сыяктуу бабаларыбыз, менимче, колдоого алышмак.

Азыркы ачылыштардын айрым ээлери кудайсыз болуп жатканын да алар кечиришмек. Себеби кудайсызды, атеистти жазалоо – бул аалымдын же молдонун иши эмес, түркөй террорчунун да иши эмес. Куранда айтылгандай, акыр замандагы саат келген чакта ар пенде ыйманына ылайык өз алдынча сурактан өтөт. Суракты алар Алла-тааланын алдында беришет. Жазыксыз бирөөнүн өмүрүн бомба жардырып же башка курал колдонуп алган террорчу көрпенделер илимге тайманбастан салым кошкон, миңдеген кишилердин өмүрүн сактаган, миллиондогон кишилерди агарткан, бирок мечитке барууга көөнү чаппаган бейпил илимпоздордон алда канча оор жаза алып калышы деле ажеп эмес.

Мусулмандардын чыгаан окумуштуулары ошол акыр замандын сааты келген чакта да өздөрүнө теңата дини башка жана динсиз кесиптештери менен бирдикте дал ошол “кыямат кайымдын тушундагы дин соту” аталган (азырынча эч ким башынан кечире элек) тагдыр чечээр көз ирмемдерди же узакка созулчу кезеңди (миллиарддаган жандарды сот таразасынан калыс өткөрүү – көз ачып-жумгуча өтпөй турган татаал жана көп баскычтуу иш болсо керек) калыс иликтеп калууга умтулаарында шек жок. Себеби андай иликтөө үчүн динде тыйуу да жок.

Ошол акыр замандагы соттун кезеңи башталгыча Жер планетасында экологиялык алаамат болбой турса экен! Сот күнүнө чейин бизге (урпактарыбызга) кайсы-бир түрдөгү тиричилик орун алган чоочун бир ааламдан достук маанайдагы кат келип калаар-калбас бекен?

Өзөктүк согуш куралдарын ажайыпканалардан (музейлерден) гана чоң оюнчук сыяктуу кармалап көрүп калчу учур тезирээк келсе экен! Космостук (галактикалар аралык) Фейсбук да жаралаар бекен?

Роботтордун адамзатка каршы көтөрүлүшү ылайым фантастикалык филимдерде (автор бул сөздү “фильм” сөзүнүн ордуна атайылап жазды) гана кала берчү жомок болсо экен!

Айтор, канчалык илимге тереңдеп сүңгүсөк, ошончолук жаңы суроолор, жаңы көйгөйлөр, милдеттер, түйшүктөр, аларга ылайык тынчсыздануу, шыктануу сезимдери козголоорун бөркүңүздөй көрө бериңиз.

XS
SM
MD
LG