Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:38

Индия космоско эң чоң ракетасын учурду


Сентябрь айында Индиянын дагы бир космос учагы Азиядан биринчи болуп Кызыл планета - Марска ийгиликтүү конгон болчу.
Сентябрь айында Индиянын дагы бир космос учагы Азиядан биринчи болуп Кызыл планета - Марска ийгиликтүү конгон болчу.

Өткөн бейшемби күнү Индия тарыхтагы эң чоң ракетаны космоско ийгиликтүү учурду. Динозаврларды астероид эмес, вулкан жок кылганы далилденди.

Космостон келчү электр кубаты

Космосто атмосфера жок, эч качан булут каптабайт, геосинхрондук орбитада түн болбойт, демек күн нурунан үзгүлтүксүз электр кубатын алууга ыңгайлуу.

Бул идеяны биринчи жолу жазуучу Исаак Аcимов айткан экен. Ал 1940-жылы космостогу спутник жерге микротолкундар менен электр кубатын жиберсе деген кыялын жарыялаган. Фантастикадай угулган мындай идея бүгүнкү күнү чындыкка айланa баштады.

АКШ, Кытай, Индия жана Жапония таза, табиятка зыян келтирбеген жол менен эбегейсиз көлөмдөгү электр кубатын космосто роботтордун жардамы менен иштеп чыгып, Жерге микротолкундар аркылуу жеткирүү долбоорунун үстүндө эмгектенишүүдө.

Космос мейкиндиги.
Космос мейкиндиги.

Ракета инженери, доктор Паул Жафф бул тууралуу “НАСА менен АКШнын энергия министрлиги өткөн кылымдын 70-жылдары изилдөө жүргүзүшүп, мындай долбоор 20 миллион доллардын тегерегиндеги каражат менен ишке ашарын эсептешкен. Жыйынтыгында, бул экономика үчүн кымбат деген бүтүм чыгарышкан”, - деди СNN агенттигине берген маегинде.

Азыркы убакта космосто мындай станцияны курууга баш-аягы 20 миллиард доллар сарпталмак.

Күнкарама электр булагы

Ары-бери жылдырууга оңой-олтоң болгон, күнкарама сыяктуу күндү ээрчип, күн нурунан электр кубатын иштеп чыгарган станцияны элестетип көрүңүз.

Швейцариянын “Эйрлайт Энержи” компаниясы, “Күнкарама күн орогу” деп аталган, элекр кубатын тартуулоочу технологияны чыгарды. Ал адамдардын күнүмдүк жашоосуна керектүү жылуулук, таза суу, муздак аба да бөлүп чыгарат. Күн нурунан он саатта алган кубат аркылуу бир нече үйдү электр менен камсыз кыла алат.

Атайын алыскы айыл жерлери үчүн жасалган, бир кутуга батып, керектүү жерге тез эле орнотууга боло турган бул технология 2017-жылы сатыкка чыгаары күтүлүүдө.

Динозаврларды вулкан жок кылган

Буга чейин окумуштуулар динозаврлардын жок болушуна астероидди күнөөлөп келишкен.

Илимде мындан 66 миллион жыл мурда, жазылыгы он чакырымдан чоң астероид саатына 12 миң чакырым тездик менен Жерге түшкөн. Мунун айынан динозаврлар менен кошо башка жаныбарлардын көбү кырылып, жарылуудан чыккан чаң күндүн бетин каптап, планетадагы өсүмдүктөр менен жандыктардын төрттөн үчү жок болгон деген теория бар болчу.

Эми болсо Массачусeтс технология институтунун жана башка бир катар изилдөө борборлорунун окумуштуулары динозаврлардын жана ошол убактагы башка жаныбарлардын жок болуп кетишине ири вулкандын жарылышы себеп болгонун айтышууда.

Окумуштуулардын тобу Батыш Индиядагы "Деккан Трэпс" деп аталган, эң чоң вулкандын калдыктары сакталган аймактагы таштардын так жашын аныкташты. Алардын тастыктоолору боюнча Жерге чоң астероид түшөөрдөн 250 миң жыл мурун эле ири вулкан атылып, андан аккан ысык лава бир жарым миллион чарчы жерди каптаган.

Өтө зор жана узакка созулган вулкандык атылуу абага зыяндуу заттарды таратып, кургакта жана океанда жашаган жандыктарды ууланткан. Бул тууралуу Science журналында кеңири маалымдалды.

Индия космоско тарыхтагы эң чоң ракетаны учурду

Өткөн бейшемби күнү Индия ичинде кишиси жок капсуланы - адамзат тарыхындагы эң чоң ракетаны космоско ийгиликтүү учурду. Эгер бул өлкө келечектеги космостук программаларын да ийгиликтүү ишке ашыра алса, анда мындай капсула менен космонавттарды да учура алышат.

Орбитага оор коммуникация технологияларын жана спутниктерди алып чыгуу үчүн жасалган бул ракетаны сыноодон өткөрүүгө 25 миллион доллар сарпталган.

“Бул Индиянын космостук программасынын тарыхындагы эң орчундуу күн” - деди Космос изилдөө yюмунун башчысы Рахакришнан “Физика” агенттигине берген маегинде.

Сентябрь айында Индиянын дагы бир космос учагы Азиядан биринчи болуп Кызыл планета - Марска ийгиликтүү конгон болчу.

  • 16x9 Image

    Гүлжан Исраил кызы

    "Азаттыктын" кабарчысы. Борбор Азиядагы Америка университетинин маданий антропология бөлүмүн бүтүргөн. Учурда АКШнын Денвер шаарында санарип дизайнерликти окуйт. 

XS
SM
MD
LG