Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:50

Электрондук таштанды пайданын булагы


50 миллион тонна компьютер, чөнтөк телефон сыяктуу жарактан чыккан электрондук буюмдар Кытайдын Гую жергеси менен Гананын Агбогбошай аймагына ташталууда.
50 миллион тонна компьютер, чөнтөк телефон сыяктуу жарактан чыккан электрондук буюмдар Кытайдын Гую жергеси менен Гананын Агбогбошай аймагына ташталууда.

Электрондук технология өнүккөн сайын андан чыккан таштанды маселеси да курчуй баштады.

Батышта колдонууга жараксыз компьютер, чөнтөк телефон сыяктуу электрондук буюмдардан турган 50 миллион тонналык таштанды жыл сайын өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө мыйзамсыз ташталууда деп кабарлашат чет элдик басылмалар. Ошол эле учурда мындай буюмдарды кайрадан иштетип чыгып, киреше табууну Кытай азыр мыкты өздөштүрдү.

Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр Батыштан чыккан электрондук буюмдардын таштанды талаасына айланууда. Маселен, жыл сайын 50 миллион тонна компьютер, чөнтөк телефон сыяктуу керектен чыккан электрондук буюмдар Кытайдын Гую жергеси менен Гананын Агбогбошай аймагына ташталууда деп кабарлайт The Guardian гезити.

Таштандыга ыргытылган электрондук буюмдардын айрымдары гана кайра оңдолуп колдонулбаса, көбү жарактан чыгып калгандар. Батышта саат сайын өнүккөн электрондук дүйнөнүн таштандысын кайра иштетүүнү Азия өлкөлөрү колго алып, айрыкча Кытай таштандылардан пайда табуучу негизги ири өлкө болуп калышы ыктымал деп кабарлайт World Economic Forum басылмасы.

Анткени, Кытай, Индия жана Африкада орто деңгээлде жашаган атуулдары колдонгон электрондук аппараттардын саны 13 процентке жогорулап, 2017-жылга чейин электрондук таштандынын көлөмү 65 миллион тоннага жетери кабарланууда. "Элен Мак Артур" фондунун өкүлү, окумуштуу Мак Кайнсинин “Айланма экономикага карай” аттуу китебинде жарабай калган сматрфондорду кайра иштетип чыгуунун жол-жоболору сунушталат. Уюлдук телефондордун тетиктери баалуу металлдан жасалгандыктан, аларды жөн салды ыргыта берүү туура эмес деп билдирген Мак Кайнси: “Маселен Европада жылына 160 миллион уюлдук телефон жарабай калып, жыл сайын экономика миллион доллар зыян тартууда. Эгерде уюлдук телефондорду кайра иштетип чыгуу жолго коюлуп, алардын сырткы дизайнында оңдоп - түзөөлөр болсо, анда экинчи колдон уюлдук телефон сатуу базарында алты процентке өсүш болмок”, - дейт.

Британиянын Айлана чөйрөнү коргоо агенттиги эгерде 1 миллион чөнтөк телефонду кайра иштетсе, андан 50 фунт стерлингдик алтын, 550 фунттук күмүш, 20 фунттук палладий жана 20 миң фунттук жез алууга болот деп билдирди. "Кайра иштетүү табигый кен байлыкты казуудан айырмаланып, окумуштуулардын ою боюнча, “урбан кен байлыгы” болмокчу дейт Fairphone компаниясынын өкүлү Биби Бликмолен.

Кытай лидер болобу?

Жарабай калган буюмдарды кайра иштетип чыгуу жаатында азыркы тапта Кытай дүйнөдө алдыда. Маселен, Шанхайга жакын жайгашкан заводу бар, балдардын түртмө арабасын, бешиктерин чыгарган Goodbaby ширкети 2010-жылдан бери өзү чыгарган буюмдарды кайра иштетүүнү жолго койгон деп кабарлайт World Economic Forum.

"Кыргызстан азыркы тапта өнүккөн өлкөлөрдүн таштандыларын кайра иштетпей эле өзүнүн колунда бар кен байлыгын туура пайдаланып, туризмди, таза сууну сатууну жолго койсо болот" дейт “Кыргызконцепт” компаниясынын президенти Эмил Үмөталиев:

- Кээ бир өлкөлөр башка өлкөлөрдүн калдыктарын кайра иштетип пайда табат экен. Бизге анын кереги жок. Биз таза экологиябыз менен пайда тапканга аракет кылышыбыз керек. Туризмди, айыл чарба жаатында органикалык азык-түлүк өндүрүүнү колго алуубуз керек. Азыр дүйнөдөгү өнүккөн бай өлкөлөр таза тамактанууну тандоодо. Ал эми бизде өндүрүлгөн азык-түлүктүн 90 проценти органикалык экенин окумуштуулар далилдешкен. Ошол продукциябызды өнүккөн өлкөлөргө сунуштасак болот.

Азыркы тапта Кыргызстанда таштандыларды кайра иштетүү жаатында алгылыктуу иш-чаралар жүрө элек. Электрондук таштандылардын канча өлчөмдө кайда кетип жатканы, анын экономикага тийгизген зыяны бизде атайын иликтенген эмес.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG