Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:09

Кытай компаниялары карызга белчеден батты


Күндөн энергия алган батареяларды чыгарган компаниянын жумушчулары.
Күндөн энергия алган батареяларды чыгарган компаниянын жумушчулары.

Американын ири автомобил өндүрүүчү General Motors компаниясы үч миллиондон ашык машинесинде аныкталган мүчүлүштүктөн улам эки миллиард доллар чыгым тартты. Ал эми Кытайдын компанияларынын карызы 14 триллион долларды чапчыды.

Дүйнө жүзүндө бересеси көптөрдүн тизмесинин биринчи сабында кытай компаниялары турат. Кытай ишканаларынын жалпы карызы – 14.2 триллион доллар. Башка эч бир өлкөнүн мындай корпоративдик карызы жок. Бул санды "Стэндерт энд Поорс" кредит рейтинг агенттиги жарыялады.

Туура беш жыл мурда акциялары эркин жүгүртүүгө коюлган 8500 кытайлык компаниянын каржылык абалы эң жакшы деп бааланган. Эми минтип финансылык абалы начар, карызы көптөрдүн сабына кошулуп отурат. "Стэндерт энд Поорс" билдиргендей, кытайлык корпорациялар канчалык кыйын абалга тушукса, дүйнөлүк экономикага да ошончолук таасир этет.

Корпоративдик каржы тобокел тобунун эң алдыңкы сабында – Кытай. Андан соң Латын Америкасы, Европа, Түндүк Америка жана Азия.

Эскерте кетчү жагдай, 2008-жылдын аягында Кытай бийликтери сырттан карыз алууну жеңилдеткен. Өз кезегинде, ал насыялар кыймылсыз мүлк, кеме куруу жана болот иштетүү тармактарын өнүктүрүүгө жумшалган. Кытайдын компаниялары өндүрүүнүн жаңы ыкмаларын өздөштүргөн соң, жаңы өнөр-жай ишканалары курулуп, көп товарлар ашыкча чыгарылган. Бул бааларды төмөндөтүп, көп чыгашага себепкер болгон.

Кытай компанияларынын карызы 14 триллион доллардан ашты.
Кытай компанияларынын карызы 14 триллион доллардан ашты.

Банкротко учураган өнөр-жай ишканаларды жапкандын ордуна, Кытайдын бийлиги ал компанияларга дагы көп каражат сарптаган. Ал акчанын дээрлик беш триллион доллары көмүскө "банктар" аркылуу которулган. Өлкөнүн жетекчилиги ал каражатты өндүрүшкө инвестициялабай, компаниялардын карызын төлөгөн.

Кытай былтыркы жылга чейин корпоративдик карыз маселеси тууралуу үн катпай келген. "Стэндерт энд Поорс" агенттиги билдиргендей, дүйнөнүн экинчи ири экономикасындагы терс көрүнүштөр башка өлкөлөргө таасир тийгизбей койбойт.

Кытай компаниялары карыздын көлөмү боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. Агенттик божомолдогондой, 2018-жылга чейин кытай ишканалары 24 триллион доллар карыз алышат. Карыз алуу көлөмү жылдан жылга 9% өскөнү менен, Кытайдын экономикалык өсүшү быйыл 7.5% болору күтүлүүдө.

General Motors: үч миллиондон ашык машинеде кемтик бар

Дүйнөдө Chevrolet, Cadillac, Opel, Vauxhall, Buick, Pontiac жана Hummer машинелери менен белгилүү автомобил дөө-шаасы General Motors үч миллиондон ашык машинесин кайра чакыртып алды. Апрелде дагы америкалык автоөндүрүш гиганты 2.6 миллион Chevrolet Cobalt үлгүсүндөгү машинелерди кайра чакыртып алган. Мичигандык компания расмий сайтында кабарлагандай, ал машинелердин от алуу тетигинде мүчүлүштүктөр кеткен.

General Motors Өзбекстандагы UzDaewoo ишканасынын үлүшүнө ээ, Ташкент, 31.08.2012.
General Motors Өзбекстандагы UzDaewoo ишканасынын үлүшүнө ээ, Ташкент, 31.08.2012.

Машинелердеги мүчүлүштүктөрдөн улам, ири америкалык авто өндүрүүчү эки миллиард доллар чыгым тартты.

Дүйнөнүн 37 өлкөсүндө, анын ичинде Өзбекстандын UzDaewoo компаниясынын үлүшүнө ээ General Motors билдиргендей, от алуу тетигиндеги кемтик машинени бурууга жана аны токтотууга тоскоол болуп, опурталдуу жагдай жараткан. Апрель айында ушул өңдүү мүчүлүштүктөн 13 адам кырсыкка учураган. Быйыл жалпысынан дүйнө боюнча General Motors компаниясынын 20 миллиондой машинесинде кемтик аныкталган.

General Motors компаниясынын президенти Мэри Барра айым өткөн айда эл алдында сүйлөп жатып, бул маселени тезинен жоюуга аракет көрөөрүн айтты.

"Женерал Моторстун" президенти Мэри Барра.
"Женерал Моторстун" президенти Мэри Барра.

Биринчиден, бизге ишеним көрсөткөн кардарларыбыздан кечирим сурайм. Үч миллиондой машиненин от алуучу тетигиндеги мүчүлүштүк кандайча кеткенин тыкыр иликтеп чыгабыз. Бул – General Motors үчүн чоң сокку болду. Мен тиешелүү бөлүмдөрдүн жетекчилерин кетирген кемчиликтери үчүн иштен алууну туура көрдүм. От алуу тетигиндеги кемтиги бар машинелерди сатып алган кардарларга убактылуу башка машине бердик. Айрымдарына акчасын кайтарып бердик. Дагы бир ирет кечирим сурайм, – деди компаниянын президенти Барра айым.

Детройт шаарынын эн белгиси болуп калган General Motors ишканасынын президенти Мэри Барра АКШнын Конгрессине суракка чакыртылып, "Американын намысына шек келтирген көйгөйдү тезинен жоюуга" тапшырма алды. Орусиядагы "АвтоВАЗ" заводунун үлүштөрүнө ээлик кылган General Motors билдиргендей, от алуу тетигиндеги кемчиликти инженер Рэй ДеЖиоржио кетирген.

General Motors кемтиги бар машинелерди бекер оңдоп берүүгө убада берди. Учурда Chevrolet Impala жана Cadillac DeVille өңдүү машинелерде мүчүлүштүктөр аныкталды.

Кытай компанияларынын карызы – 14.2 триллион долларга жетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:14 0:00
Түз линк
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG