Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:17

2013: Экономика “өткөөл жолго” түштү


Адистер өткөн жылы Евроаймактын экономикасына оң баа берүүдө.
Адистер өткөн жылы Евроаймактын экономикасына оң баа берүүдө.

Аяктаган 2013 - жылдын дүйнө үчүн экономикалык жыйынтыктары ушул айдын соңуна барып чыгары күтүлүүдө. 2013-жылы экономика дүркүрөп өспөгөнү менен аны тушаган белгисиздиктен кутулгандай болду. Муну эксперттер жана эл аралык уюмдар глобалдык экономиканын 2014-жылга жакшы жышаан менен кириши катары сыпатташууда.

Глобалдык экономика 2013-жылга белгисиздиктин шартында кирген эле. Мындан улам экономика ыкчам жандана албайт деген божомолдор айтылган. Бул божомол негизинен ырасталды. Анткен менен туура бир жылдан кийин глобалдык экономиканын жолун бууган туман тарай баштаганы анык болгондой.

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Economist Intelligence Unit иликтөө уюму декабрдагы баяндамасында, глобалдык экономиканын келечеги жакшырганын 2014-жылы, акыркы төрт жылда алгачкы ирет АКШ, Жапония жана евроаймакта да экономика бир эле учурда өсөрүнүн күтүлгөнү дүйнөнүн калган бөлүгүнө да оң таасирин тийгизерин белгилейт.

Ал эми эл аралык Валюта кору соңку баяндамасында глобалдык экономикада 2013-жылы орун алган жараяндарга “өткөөл мезгил” деген аныктама берди. Валюта корунун аткаруучу директору Кристин Лагард:

- Глобалдык экономика бир катар мамлекеттерге таасир берген чоң рецессиядан чыгып, биз атагандай “өткөөл мезгилге” багыт алды. Бул эмнени билдирет? Биз муну менен экономикалык өсүштүн өзгөчө өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө таасир берүүчү модели өзгөрүп жатканын айтуудабыз. Өткөөл мезгилди каржы базарлары да баштан кечирүүдө. Дүйнө өлкөлөрүнүн Борбордук банктары жактырган монетардык саясат да өткөөл мезгилде турат.

Эл аралык Валюта кору 2013-жыл боюнча соңку эсептерин январдын экинчи жарымында жарыялары күтүлүүдө. Уюмдун буга чейинки божомолдоруна караганда, 2013-жылдын жыйынтыгында глобалдык экономика 2,9% жогорулайт. Дүйнөнүн өнүгүп бара жаткан бөлүгүндө өсүш 4,5%, ал эми өнүккөн дүйнөдө болгону 1,2% гана жетет.

2013-жылы орун алган жараяндарды эске алганда 2014-жылга глобалдык экономика жакшы жышаан менен кирүүдө деген ойду баш кеңсеси Парижде жайгашкан Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму да айтууда.

Бул уюмдун божомол бөлүмүнүн башчысы жана улук экономисти Найжел Пейн (Nigel Paine) “Азаттык” менен маегинде:

- Биз ноябрдын соңунда жасаган тыянак боюнча 2014-жылы өсүш 2013-жылга салыштырмалуу жогору болот. Айрыкча Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмуна кирген мамлекеттерде. Маселен, Кошмо Штаттарда өсүш Еврошаркет же Жапонияга салыштырмалуу кыйла жакшырат. Еврошаркеттеги өсүш башкаларга салыштырмалуу алсыз болгону менен экономиканын кыскарбай тургандыгы тууралуу эле факт глобалдык активдүүлүк үчүн оң белги.

Өзү дүйнөнүн бир жылдык дүң өндүрүшүнүн акчалай көлөмү 70 триллион доллардын тегерегинде.

Мунун 80% ашууну Чоң Жыйырманын тобуна киргендердин, башкача айтканда 20 эле мамлекеттин, 50 пайыздайы төрт ири оюнчу: АКШ, Еврошаркет, Кытай, Жапониянын үлүшүнө туура келет.

Андыктан, майда жана орто мамлекеттердин экономикасы 10-15% деле өсө бериши мүмкүн. Бирок глобалдык экономиканын оң же терс нукта кетиши ошол негизги оюнчулардын акыбалына көз каранды.

АКШ

Эл аралык Валюта кору белгилегендей, 2013-жылы АКШдагы экономикалык өсүштү бюджеттик консолидация кармаганы менен жеке керектөөчү деңгээл жогору бойдон калды.

Октябрь айында бюджет маселеси жана мамлекеттик карыздын чеги боюнча эки партия ортосундагы пикир келишпестиктен улам өлкө каржылык дефолт коркунучуна кептелгенде, мунун кесепети дүйнөлүк экономика үчүн өтө оор болору бир ооздон айтылган эле.

Бирок, акыр - аягында АКШда утурумдук болсо да мунаса табылды. Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун улук экономисти Найжел Пейн АКШ экономикасындагы жагдайды “Азаттык” менен маегинде мындайча чечмеледи:

- АКШ үчүн 2013-жылдагы эң чоң маселе фискалдык консолидация болду. Чынында ал экономикадагы кайра жанданууну артка тартты. 2014-жылы АКШда фискалдык чектөө бир аз жумшарганда, экономикалык өсүштүн ыргагы салыштырмалуу жогору болот, балким 2,7 - 3% чейин жетет. Бирок алдыда турган потенциалдуу тобокелчилик - федералдык карыздын чегин белгилөө маселеси. Эгер карыз чеги 2014-жылдын башында көтөрүлбөсө, бизнес менен инвесторлордун ишенимине жана экономикалык өсүшкө терс кесепетин тийгизет. Эгер АКШ ушул маселени чече алса, 2014-жылы кайрадан дүйнөлүк экономиканын моторуна айланышы керек.

Валюта корунун октябрдагы божомолу боюнча АКШ экономикасы 2013-жылдын жыйынтыгында 1,2% өсөт.

Эксперттер АКШ экономикасы жандана баштаганынын анык белгиси катары иш орундары көбөйгөнүн аташат. 2014-жыл экономикадагы бурулуш жыл болот деген ишенимин президент Обама да жыл жыйынтыгына арналган пресс-конференцияда айтып өттү.

Конгресстеги кош партия декабрда жетишкен баштапкы макулдашуу боюнча мурда 2014-жылдан тарта күчүнө кирүүсү мерчемделген бюджеттик кыскартуулардын же секвестрдин бир бөлүгү жокко чыгарылат.

Кытай

Дүйнөнүн экинчи ири экономикасы Кытайда аяктаган жылы бийлик жаңыланды. Анын менен катар өлкөнү жаңы чакырыктар күтүп турганы, мурда экспорттун эсебинен жашап келген экономика, эми ички керектөөлөргө гана таяна алары да айтылып жатты.

Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун эксперти Найжел Пейн (Nigel Pain) Кытайдын экономикасы баштан кечирип жаткан жараяндар тууралуу “Азаттыкка” мындай деди:

- Кытайда 2013-жылдын биринчи жарымында жеке секторду кредиттөө күчөдү. Бул ишмердик жылдын төртүнчү чейрегине, балким 2014-жылдын башына чейин уланууда. Бирок мындан ары кредиттөөнүн өсүшүн ылдыйлатуу чаралары көрүлүшү керек. Бул өз кезегинде кытай экономикасынын кеңейүү ыргагын да акырындык менен басаңдатат. Кытай Компартиясынын үчүнчү пленумунда кабыл алынган чечимдер алдыдагы беш жылда экономикада олуттуу өзгөрүүлөр күтүлөрүн каңкуулоодо. Башкача айтканда, Кытай көбүрөөк базар мыйзамдарына ыктаган экономикага өтөрү жарыяланды. Мунун алгачкы таасирлерин биз эң эрте дегенде 2014-жылдын соңуна барып биле баштайбыз. Анда Кытайдагы экономикалык өсүштүн тең салмактуулугу мурдагыдан бир аз жакшырат.

Эл аралык Валюта корунун азырынча акыркы божомолу боюнча, Кытай экономикасы аяктаган жылдын жыйынтыгы менен 7,6%, 2014 -жылы 7,3% жогорулары күтүлөт.

Мурда жылына 10% өсүп келген Кытай азыр 7% тегерегине түшкөндө деле көрсөткүчү башка ири оюнчулардыкынан бийик.

Валюта корунун аткаруучу директору Кристин Лагард Вашингтондогу басма сөз жыйында Бээжиндин көрсөткүчтөрү тууралуу:

​- Жети жарым пайыздык өсүш капа кыла турган жагдай жана жаман жаңылык эмес. Балким бул өлкө стабилдүү жана жакшы каржыланган экономикалык өсүшкө багыт алды деп ойлоого жүйө болуп бере алат. Биз соңку кездери байкагандай, экономиканы кредитөө, өзгөчө ири инвестициялык долбоорлорду, инфраструктуралык долбоорлорду каржылоо күчөдү. Биз алдыда экономикалык өсүштүн кыймылдаткыч күчү инвестициядан керектөөгө көчөт деп үмүттөнөбүз. Бул эволюцияга кызыгуу менен байкоо салуудабыз.

Ал эми Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун эксперти Найжел Пейндин баамында, Кытайда экономикалык өсүштү экспорттон ички керектөөгө байлоо жараяны башталды:

- Менимче, алар бул багытта жылууга ушул жылы эле даяр болушту. Экспорттон келген өсүш албетте күчтүү, бирок Кытай дүйнөлүк базардагы үлүштү мурдагыдай тездик менен ээлеген жок. Ички факторлордон болсо экономикалык өсүштү азыр жеке кожолуктардын керектөөсүнө караганда, бизнеске салынган инвестиция алга жылдырууда. Менимче, ички керектөөнүн экономикалык өсүштөгү негизги кыймылдаткыч күчкө айлануусу акырындык менен 2014-жылы жана андан кийин 2013-жылга салыштымалуу жанданат.

Евроаймак

Глобалдык экономикадагы негизги оюнчулардан евроаймактын 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча жаңылыгы анын рецессиядан чыгып жатканы болду. Эл аралык Валюта корунун аткаруучу директору Кристин Лагард евроаймак рецессиядан чыгып жатканын октябрда эле жарыялаган болчу:

- Евроаймакка кайрылсак, ал акыр-аягында рецессиядан чыкканын ырастап жатат. Биз евроаймак банктарын тазалоону аягына чыгаруусу, экономикалык өсүшкө жана жумушчу орундардын түзүлүшүнө жолтоо кылып жаткан тоскоолдуктарды жоюшу керек деп санайбыз. Айрым өлкөлөрдө мындай тоскоолдуктар өндүрүш жана кызмат көрсөтүү базарында гана эмес, эмгек базарында да бар.

Евроаймак же бирдиктүү акча катары еврону колдогон мамлекеттердин экономикасы ири кризистен кийинки 2009-жылы 4,4% кыскарган эле. Андан кийинки эки жылда 1,5% көрсөткүч менен өсүп, кайра 2012-жылы 0,6% кыскарган. 2013-жылдын жыйынтыгы менен Эл аралык валюта корунун эсебинде төмөндөө 0,5% жетпейт, ал эми 2014-жылы 1% өсүш болот деп күтүлүүдө.

Экономикалык өнүгүү жана кызматташтык уюмунун улук экономисти Найжел Пейн “Азаттык” менен маегинде евроаймактагы экономикалык кырдаалды мындайча баалады:

- Евроаймактын көйгөйлөрүн чечүүдө кубаттоого арзыгыдай бир топ жылыш болду. Соңку жылдары жүргүзүлүп келген фискалдык консолидация Европанын көптөгөн өкмөттөрүнүн бюджет боюнча турумун жакшыртты. Анткен менен Европада али да орчундуу проблемалар сакталууда. Өзгөчө жумушсуздук деңгээлинин бийиктиги. Евроаймакта ал 12% чейин жеткен жана бул көрсөткүч тез эле басаңдай койбойт. Башы ачыла элек олуттуу көйгөйлөрдүн дагы бири евроаймактын банк системасынын саламаттыгы. 2014-жыл евроаймактын банк системасы үчүн чечүүчү жыл болот. Эгер бул чөйрөдө жөндөлбөгөн жана күтүлбөгөн эле проблемалар чыга калбаса, менимче, евроаймактын экономикасы акырындык менен чыңдалып, 2014-жылы өсүш балким 1% чаап барат.

Дүйнөлүк соода үчүн "тарыхый келишим"

Дүйнөлүк экономикадагы солгундоо акыркы жылдары соода талаштары, чектөөлөрү күчөшүнө өбөлгө берген эле. Соодада өз көмөчүнө күл тартуу күчөшү менен катар улуттук экономикаларды тышкы атаандаштыктан коргоо үчүн протекционисттик чаралар да кайра жанданган.

Жыл ичи дүйнөлүк соодада кандай жараяндар жүрдү жана 2014-жылдын башына карата кандай кырдаал түзүлдү? Биз бул суроону кайра эле Экономикалык кызматташтык жана Өнүгүү уюмунун улук экономисти Найжел Пейнге жолдодук:

- Дүйнөлүк соода кармалып турду. Соодада киргизилген чектөөлөр көбөйгөнүнө күбө болдук. Менимче сооданы кармап турган башкы факторлордун бири глобалдык оюнчуларда инвестиция деңгээлинин төмөндүгү. Анткени чыгым менен сарптоонун башка компоненттерине караганда, инвестиция сооданы көбүрөөк алга жылдырат. Глобалдык сооданы ушул эки фактор кармап турду. Ал эми оң тенденциялардан айтсак, глобалдык экономикада суроо-талаптын бир аз жакшыра баштаганы. Инвестицияны артка тарткан белгисиздик да кете баштады. Мындан улам 2014-жылы инвестиция көбөйөт деп күтүүгө болот. Бул өз кезегинде глобалдык сооданын өсүшүнө жардам берет.

Дүйнөлүк соодадагы дагы бир оң жылыш катары жыл аягында жетишилген макулдашуу да айтылууда.

Дүйнөлүк Соода уюмуна мүчө 159 өлкөнүн министрлери Индонезияда декабрдын башында кол койгон макулдашууну анда жыйындын конок ээси, Индонезиянын соода министри Гита Вирджаван (Gita Wirjawan) “тарыхый келишим” деп мүнөздөгөн эле:

- Биз жетишкен макулдашуу Дүйнөлүк соода уюмуна мүчөлөрдүн баарына пайда алып келет. Ал жакыр жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү бизнеске жаңы мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт. Өкмөттөр азык-түлүк коопсуздугу боюнча программаларын Дүйнөлүк соода уюмунун алкагында талаш чыгат деп чочубастан жүргүзүүсүнө ишеним берет. Келишим ошондой эле азык –түлүк коопсуздугу программалары сооданы бурмалабастан жана башка өлкөлөрдүн дыйкандарына зыян келтирбестен жүргүзүлүүсүнө кепилдик берет.

2013-жылдын 7-декабрында Индонезиянын Бали аралында жетишилген макулдашуу Дүйнөлүк соода уюму 1995-жылы негизделгенден берки алгачкы глобалдык келишим.

Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун улук экономисти Найжел Пейн “Азаттык” менен маегинде бул соода макулдашуусунун глобалдык экономикага таасири дароо болбосо да акырындап тиерин айтат:

- Балиде кабыл алынган негизги чечимдер соодадагы тоскоолдуктарды жоюу менен байланышкан. Башкача айтканда чек аралардан сооданы тушаган тоскоолдуктарды алуу. Келишимден келүүчү пайда жөнүндө бир нерсени тагыраак айтуу кыйын. Бирок ал олуттуу деп айтылып жатат. Дүйнөлүк Соода уюму өзү колдогон эсептердин бирине караганда, узак мөөнөттөн алганда сооданы колдоо келишиминин бир жылдык пайдасы 1 триллион долларга жетип барышы мүмкүн. Бул глобалдык соода үчүн абдан эле чоң цифра.

Сөз болгон келишимдин шарттары ишке ашса глобалдык сооданын көлөмү дагы бир триллион долларга көбөйүп, бул өз кезегинде 21 миллиондой жумушчу орунду жаратарын эл аралык экономика боюнча Вашингтондогу Петерсон институту эсептеп чыккан. Бирок институт мындай тыянакка эмнелерге таянуу менен келгенинин чоо-жайын ачыктаган эмес.

Эксперттер эгер 2014-жылы чын эле глобалдык экономиканын өсүү ыргагы жанданып, керектөө жана соода күчөсө, мунай өңдүү негизги сырьелук товарлардын баасы өсөрүн болжошууда.

Дүйнөлүк экономикага байкоо салгандардын көңүлү ушул жана келерки айда кайра эле биринчи экономика АКШга бурулмакчы. Анткени февралдын биринчи жарымында АКШда 17 триллион долларга жетип калган мамлекеттик карыздын чегин көтөрүү же көтөрбөө маселеси чечилүүсү керек. Бул глобалдык экономиканын өсүү ыргагына таасир бере турган иш.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG