Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:27

Табиятка зыянсыз желим жасалды


Фруктоза табиятта мөмө-жемиштин жана балдын курамында кездешет.
Фруктоза табиятта мөмө-жемиштин жана балдын курамында кездешет.

Түндүк Дакота университетинин изилдөөчүлөрү желимдин жаңы түрүн ойлоп табышты. Эл аралык космос станциясында 3D принтер иштей баштады.

Желимден жасалган бөтөлкө, баштыктар айлана-чөйрөнү эң көп булгап, дүйнөнүн баш оорусуна айланганы белгилүү. Анан калса ал органикалык заттар сыяктуу куурап же чирип жок болбосун илим эчак далилдеген.

Бирок АКШ окумуштуулары бул көйгөйдү чечүүгө бел байлашкандай. Түндүк Дакота университетинин изилдөөчүлөрү жакында эле желимдин жаңы түрүн ойлоп табышты. Бул үчүн алар мөмө-жемиштен алынчу фруктозаны колдонушкан. Аны молекулаларга чейин ажыратышып, желимге (полимер) айлантышкан. Кызыгы аны кайра ультра-кызгылт жарыктын алдына үч саат коюшканда, ал эрип, кайра баштапкы абалына келген. Бул тууралуу Angewandte Chemie журналынын эл аралык санында жарык көрдү.

Желдеткич ордуна күзгү

Жайдын аптабында үйдү салкындатуу үчүн электр энергиясына күч келтирип, желдеткичти же кондиционерди күйгүзбөй, Стендфорд университетинин инженерлери ойлоп тапкан материалды колдонсо болот. Ал табылга күндүн нурун имараттарга өткөрбөй тосуп, кайрадан космосту көздөй жиберүү кудуретине ээ.

Профессор Шанхуй Фэн жетектеген изилдөөчүлөр тобунун электр энергиясын сактоочу бул жаңы ачылышы тууралуу Nature журналы кабарлады.

Ачылыштын негизин өтө жука, бирок көп катмарлуу, көзгө көрүнгөн жана көрүнбөгөн жарыктарга таасир эткен материал түзөт. Ал күндүн нурларын өткөрбөй, чагылыштыруучу күзгү катары да кызмат кылат.

"Чатыры өтө чоң имараттар үчүн бул материалды колдонуу кымбатка турушу мүмкүн" – дейт изилдөөчүлөр. Бирок бул технология элдин электр энергия колдонуусун бир топ азайтмак деп ишенишет. Мисалы, АКШда электр энергиясынын 15 пайызы имараттарды салкындатуу үчүн колдонулат.

“Глобалдык климат өзгөрүп, аба ырайы улам ысып бара жаткандыктан, адамзатка ушундай чыгымы жок салкындатуучу технология керек” деп жазат Nature журналы.

“Селфи” таягынан "коркуу"

Телефондор улам өнүккөн сайын, ага орнотулган фотокамера менен өзүн-өзү сүрөткө тарткандар көбөйдү. Жакындан бери, селфини (өзүн-өзү телефон менен сүрөткө тартуу) үчүн телефонду кармаган атайын таяктар чыгып, алар модага айланды.

Бирок өткөн жумада Түштүк Кореянын Илим министрлиги каттоодон өтпөгөн таяктарды саткандар 27 миң долларга чейин айып пул төлөп, үч жылга чейин эркинен ажыратылат деп жарыялады.

Министрликтин ырастоосунда, мындай таякты телефон менен байланыштыруу үчүн радио сигналдар колдонулат. Бир жыштыкты колдонгон башка аспаптардын ишине тоскоол болбоосу үчүн андай таяктарды алгач текшерип, каттоодон өткөрүү керек. Бирок корей өкмөтү моюнуна алгандай, мындай катаал чараны колдонуу жөн гана формалдуулук, анткени ал таяктардан бөлүнгөн сигналдардын асмандагы учактарды алып түшүп, же милиция кызматкерлеринин рацияларына тоскоол болгонго күчү жетпейт.

Эл аралык космос станциясында 3D принтер иштей баштады

Эл аралык Космос станциясында биринчи жолу 3D (үч мерчемдүү) принтер менен келечекте узак мөөнөттүү экспедицияларга барууга жол ачылды. Бул тууралуу НАСА космос агенттиги билдирди.

-Космосто биринчи жолу 3D принтерин колдонуу - Жерден сырткары мейкиндикте каалаган учурда керектүү нерсени жасап бере ала турган цехти түзүүгө алгачкы кадам, - деп айтты НАСАнын долбоор жетекчиси Ники Веркхейзер.

Веркхейзердин айтымында, мындай принтерлер зарыл убактарда кандайдыр бир бузулган тетиктин жаңысын, же кокустан керек болгон кандайдыр бир буюмду чыгарып алууга багытталган. Бирок ал принтерлер өзү да бузулуп, же бир бөлүгү сынып калышы мүмкүн.

“Марска конуп, же астероидди изилдеп жатканда бардык техникалар кынтыксыз, үзгүлтүксүз иштеп туруусу керек. Ошондуктан, бир күнү принтерлерди кайра жаңы принтерди басып чыгара алчу деңгээлге чейин жеткирүү керек”,- дейт НАСАнын аталган кызматкери.

  • 16x9 Image

    Гүлжан Исраил кызы

    "Азаттыктын" кабарчысы. Борбор Азиядагы Америка университетинин маданий антропология бөлүмүн бүтүргөн. Учурда АКШнын Денвер шаарында санарип дизайнерликти окуйт. 

XS
SM
MD
LG