Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:19

2014: Фантастика чындыкка айланууда


Токиодогу көргөзмөгө коюлган робот-гуманоид.
Токиодогу көргөзмөгө коюлган робот-гуманоид.

Жыл аяктап бараткан маалда Батыштагы бир катар медиа маалымат каражаттары 2014-жылдагы эң маанилүү илимий-технологиялык жетишкендиктердин тизмесин жарыялашты.

Розетта миссиясы кометага конду

Европанын дымагы күчтүү космос миссиясы Жер менен Марстан тышкары аалам мейкиндигинде тартылган бир катар ажайып кооз сүрөттөр менен коомчулуктун назарын бурду. 67P/Чурюмова - Герасименко деп аталган кометага кондурулган Розетта спутниги окумуштуу илимпоздорго Жердеги жашоонун кантип башталгандыгын айкын түшүнүүгө жардам берип, комета илиминин жаңы доорунун башталгандыгын кабарлайт.

Көз карандысыз роботтор

Роботтор барган сайын тездик менен өнүгүүнүн үстүндө. Быйыл бир катар окумуштуулар адамдын карамагысыз, өз алдынча иштей ала турган роботторду ойлоп табышты. Мындай чоң секирикти роботтордун дүйнөнү басып алуусунун башаты деп баалагандар да чыкты.

Мээни туураган чиптер

Компьютер инженерлери маалыматтарды кадимки мээ сыяктуу кабылдап, анализдей турган биринчи ири масштабдуу “нейроморфтук” чиптерди ойлоп табышты. Компьютерден айырмаланып, мындай чиптер кадимки адамдын мээси сымал өтө көп маалыматты айкалыштырып, сиңире алат. Бул мээдей иштеген чиптер компьютердин өтө татаал иштөө жолдорун жеңилдетип, алардын “көрүү” мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.

Канаттуулардын жаралышы

Эволюциянын жолунда тираннозаврдын колибрилер менен ак кууларга айланышына чейин далай заман өтүп, далай суу акты. Узап бараткан жылы биологдор бул укмуштуудай эволюциялык өзгөрүүнүн шарттары менен ыргагын таап чыгышты.

Карылык менен күрөшүүдө жаш кан куюлат

Илимпоздор жаш чычкандын каны карыган чычкандын мээси менен булчуңдарын жашарта тургандыгын далилдешти. Мындай көрүнүш адамдарга туура келээр-келбестиги учурда изилдөө процессинде.

Диабетти дарылай алчу клеткалар

Дарыгерлер диабет оорусунун дабасын табууга маанилүү кадам жасалганын жарыялашты. Илимпоздор өзөктүк клеткаларды панкреаттык β клеткаларына (диабет менен ооруган адамдын иммундук системасы бул клеткаларды жок кылып салат) айлантуунунун айласын табышты.

Үңкүрдөгү эң байыркы сүрөттөр

Үңкүргө тартылган байыркы сүрөттөр
Үңкүргө тартылган байыркы сүрөттөр

Окумуштуулар Индонезиянын Сулавеси аралынан бери дегенде 40 миң жыл мурда тартылган үңкүрдөгү сүрөттөрдү табышты. Бул буга чейин Европада табылган, эң байыркы деп эсептелген сүрөттөрдөн да эски болуп чыкты. Мындай ачылыш адамдын акыл-эсинин өнүгүү тарыхынын эң негизги баскычын кайрадан жазып чыга алат.

Эс-тутумду башкаруу

Былтыр окумуштуулар лазердик нурларды колдонуу аркылуу чычкандын мээсиндеги кээ бир эс-тутумду өзгөртө алышкан. Быйыл болсо илимпоздор адамдын эсинде сакталган кайгылуу окуялардын эмоционалдык мазмунун бактылуу сезимге өзгөртө алуучу деңгээлге жетишти.

CubeSat технологияларынын өнүгүшү

Он жылдай мурун CubeSat жөн гана билим берүүчү курал эле. Азыр болсо мындай 10 сантиметрлик кутулар мурдагыдай жүз миллондогон эмес, жүз миңдеген гана долларга жасалып, космосту көздөй учурулду. Акылдуу кутулар кадимкидей илимий изилдөө жүргүзө башташты.

Генетикалык тамгалар көбөйөт

Жердеги бардык тирүү организмдердин генетикалык маалыматы төрт ДНК тамгалары A, T, Г жана Ц менен белгиленет. Быйыл бул өзгөрүп, илимпоздор лабораторияда жаңы ДНК негизин иштеп чыгышты. Бул ачылыш тирүү организмдердин генетикалык кодун кеңейтип, жаңы микробдорду табууга эшик ачат.

  • 16x9 Image

    Гүлжан Исраил кызы

    "Азаттыктын" кабарчысы. Борбор Азиядагы Америка университетинин маданий антропология бөлүмүн бүтүргөн. Учурда АКШнын Денвер шаарында санарип дизайнерликти окуйт. 

XS
SM
MD
LG