Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:44

НАСА: космосто жашоо бары аныкталат


Марс планетасы
Марс планетасы

Окумуштуулардын ишениминде, жакынкы жылдары жерден башка планеталарда жашоо бар экени аныкталат. 2017-жылы чоңдугу 40 метрге жакын астероид жерге жакындашы мүмкүн экени да кабарланууда.

Өткөн жумада астрономия жана космос жаатында өткөн коомдук талкууда НАСАнын окумуштуулары жерден башка планеталарда да жашоо бар экенин аныктаганга аз эле убакыт калганын билдирди.

Алардын айтымында, учурда ааламдын башка бурчунда жашоо "барбы" же "жокпу" эмес, "качан?" деген суроо коюлса туура болот. Анткени жашоо бар экени теориялык жактан аныкталган, болгону ал теория качан далилденет деген гана маселе турат.

НАСАнын эксперттеринин маалымдашынча, келээрки 10-20 жылдын ичинде мындай далил табылмакчы. Себеби галактиканын кайсы жерин жана кантип изилдөө керек экенин окумуштуулар тактаган жана ага колдонулуучу техника да жетиштүү.

Мындай билдирүүгө түрткү болгон илимий далилдердин бири - кайсы бир убакта Марс планетасынын түндүк бөлүгүндөгү муздардын ордунда океандын болгону. Адистердин айтымында, ал океандар бир миллиард жылдан ашык сакталып турат. Бул убакыт жөнөкөй, бир клеткалуу микроорганизмдердин пайда болушу үчүн жетиштүү.

Биологиялык суутек

Виржиниялык окумуштуулардын тобу жаңы чыгып жаткан автоунааларга кара майдын ордуна колдонулуучу суутекти биологиялык оңой жол менен жасап алуунун ыкмасын иштеп чыкты.

Азыркы убакта "жашыл" унааларга колдонулуучу гидроген химиялык жол менен табигый газдан бөлүнүп, ага концентрацияланган кант кошулуп жасалып келет.

Жаңы табылган ыкма менен дан өсүмдүктөрүнүн кабыгынан жана сөңгөгүнөн ферменттик процесстин жардамы менен суутек отунун жасап алса болот.

Эксперттердин айтымында, биологиялык гидроген арзан жана оңой ыкма менен жасалгандыктан, суутек менен жүргөн автомобилдердин эл арасында жайылышын тездетет.

Жер менен астероид кагышабы?

Маалыматтарга ылайык, 2017-жылы 12-октябрда "ТС 4" астероиди жерге коркунуч жараткан аралыкта жакындашы күтүлүүдө. Бул астероид 2012-жылдан баштап Гаваидеги обсерваторияда аныкталып, анын учуу ылдамдыгы жана багыты үзгүлтүксүз көзөмөлгө алынып келет.

Окумуштуулардын айтымында, бул астероид тездик менен жылып бараткандыктан, анын көлөмү жана учкан багыты так аныктала элек. Алдын ала божомолдор боюнча бул ааламда калкып жүргөн объекттин чоңдугу 40 метр болушу мүмкүн жана анын жерге 30 километр жакын аралыкка чейин келүүсү күтүлүүдө.

Эксперттердин айтымында, бул астероиддин жер менен кагылышуу ыктымалдыгы өтө төмөн болгонуна карабастан, аны такай көзөмөлдөп туруу зарыл.

Буга чейин 2013-жылы Орусиянын Челябинск шаарына жакын жерде чоңдугу 20 метрдей болгон метеорид жарылып, жакын жердеги 1500дей жашоочуга зыянын тийгизген.

XS
SM
MD
LG