Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:03

Илим дүйнөсү: Ургаачы бакалар эркегин ырдатып тандайт


Палаван аралындагы Limnonectes palavanensis бакасы.
Палаван аралындагы Limnonectes palavanensis бакасы.

Hardian X роботу 1 саатта 1000 кирпич коёт. Күндү карап айланган электр ишканалар көбөйөт. Limnonectes palavanensis бакасынын ургаачысы эркегин ырдатып тандайт. Тыным албай автомобиль айдоо, эс албай телевизор көрүү адамдын акыл эс жөндөмүнө зыян.

Кыш койгуч робот

Америкалык Caterpillar корпорациясы өтө натыйжалуу курулушчу роботту жасады. Анын негизги өрнөгү катары Австралиянын роботторду жасоочу Fastbrick Robotics компаниясы мурда жасаган Hardian роботу алынган.

Caterpillar Hardian X роботу жүк ташуучу автомобилдин платформасына орнотулат. Анын 30 метрдей узундуктагы баканы, цемент чалуучу соргучу (насос), манипулятору жана башка жабдуулары бар. Мунун баары компьютердин башкаруусу астында иштейт. Компьютердин мээсине курулуш башталгандан мурда болочок үйдүн калыптык өрнөгү (модели) киргизилет. Ал моделдин негизинде робот ирети менен аткарчу ар бир ишти эсептеп чыгат.

Курулушчу робот саатына 1000 кирпич коё алат жана дубалда эшик- терезелердин, суу түтүктөрдүн, ток өтчү зымдардын ордун калтыруу үчүн кирпичти ылайыктуу кылып кесет. Бул робот жумушчулардай эс алуу жана чылым чегүү дегенди билбегендиктен, күнү-түнү тынбай иштейт. Ал эми чоң курулуш объектилеринде, демейдеги норма боюнча, бир жумушчу (кыш койгуч) 8 сааттык иш күнүндө 400 кирпич коюшу керек.

Бүгүнгө чейин Caterpillar корпорациясы Caterpillar Hardian X роботун өнүктүрүү үчүн Fastbrick Robotics компаниясына 2 миллион доллар инвестиция салган. Бул фирма болочокто дагы 8 миллион доллар акча каражатын инвестиция кылышы ыктымал экени жөнүндө маалымат бар.

Азыр дүйнөдө кирпич үйлөрдүн курулушунун 80%ы кол менен аткарылат. Ушундан келип, адистер Hardian X роботу жылына дүйнөлүк базарда 100 миллиондон 200 миллион долларга чейинки суммада сатылышы ыктымал деп жоромол кылышууда.

(Булагы: http://www.proactivinvestors.com.au, http://www.smh.com.au)

Күндү карап айланган электр өндүрүү ишканалары улам көбөйө бермекчи

Түштүк Кореяда сууда калкып жүрчү эң чоң күн электростанциясы курулат. Ал жыйырма төрт саат бою Күндүн жүрүшүнө ылайык чар тарапка айланып турат.

Кубаттуулугу 2.67 мегаваттык береги электр өндүрүү ишканасы Теку Резервуар (Deoku Reservoir) суу сактагычынын бетинде калкып турарын Түштүк Кореянын Solkiss компаниясы билдирди. Электростанциянын жабдуулары сууда калкып турган салдарга (понтондорго) орнотулат.

Электр өндүрүү ишканасын электр тогу менен камсыздачу гальваникалык элементтер да суунун бетинде калкып, Күндүн артынан ээрчип, тиешелүү тарапка бурула тегеренип турчу болот.

please wait

No media source currently available

0:00 0:05:20 0:00
Түз линк

Жалпак күн батареялары менен Күндүн ортосундагы бурч оптималдуу кармалат. Бул Күн менен синхрондуу айланган батареялардын натыйжалуулугун кургактыкта орнотулган кыймылсыз батареяларга салыштырмалуу 22%га жогорулатат. Ал эми Теку Резервуар суу сактагычындагы электр ишканасы башка калкып сүзчү электростанцияларга салыштырмалуу 16%га натыйжалуураак иштейт.

Solkiss компаниясы ошондой эле Маэку Резервуар (Myeoku Reservoir) суу сактагычында да Күндүн артынан калбай айланып иштеген кубаты жана чоңдугу боюнча кичирээк эки электр ишканасын курууну пландаштырууда. Аталган үч электростанция тең быйыл ноябрдан калбай пайдаланууга берилет. Үч электр ишканасы бирдиктүү электр тарамына кошулганда, алардын жалпы кубаты 3 МВт болот.

Solkiss алгачкы айланып турчу электростанцияны Сеулдун түштүк жагындагы Ансеонг (Anseong) суу сактагычынын бетине курган. Анын кубаттуулугу 465 кВт.

Түштүк Кореяда Күн кубатын электр кубатына айландырчу ишканалар өкмөттүк атайын программага ылайык курулууда. Анын максаты: көмүр жана кара май жаккан жылуулук жана гидроэлектростанциялар иштеп чыккан электр кубатынын энергетикадагы үлүшүн азайтуу.

Ал эми отун жагууга негизделген салттык электр ишканалары экологияга зыяндуу заттарды бөлүп жатканы менен коомчулукту тынчсыздантууда.

(Булагы: http://www.industryabout.com, https://www.pv-magazine.com)

Бакалардын “махабатынын жаз мезгилиндеги ышкы ыры”

Айбанаттардын айрым түрлөрү тукумдашуу күрдөөлү башталган чакта башка жыныстагы түгөйүнүн же өнөктөрүнүн көңүлүн өзүнө буруу үчүн түрдүү айла-амалдарга барышат. Эгер капуцин маймылы шериктерине таш ыргытып, бетин тырыштырып, өзүнчө эле чойоңдогон маскарапоз болсо, баштыктуулар тобуна кирген коалдын ургаачысы куут маалында жаңжал чыкпашы үчүн ызылдап, шоокум салат.

Бакалар арасындагы салт боюнча, “махабат мезгилиндеги” өнөк издеген эркек бака ургаачы бакага жагымдуу обон созуп, тим эле кызыктуу чардап берет. Ал эми ургаачы бака эркек бакалардын канчалык жагымдуу ырдаганына карап, өзү кызыктуу жана сымбаттуу деп тапкан эркекти тандап алат.

Бирок да бакалардын Филиппиндин Палаван аралындагы Limnonectes palavanensis деп аталган түркүмүнүн салты жогорудагыдай эмес экенин окумуштуу-герпетологдор жакында аныкташты. Куут маалында береги бакалардын ургаачылары эркек баканы өзүнө тартуу үчүн ашыглык ырын ырдап берет. Кээде бул түркүмдөгү баканын ургаачылары эркек бакаларга тукум улантууга өзүнүн даяр экенин билдирүү үчүн өзгөчө аваз менен добуш салат.

Жыныстык катнаш болгондон кийин ургаачы бакалар жайында калып, уруктарын (икра) багат жана уруктан көнөкбаштар пайда болору менен аларды жакынкы көлмөгө жеткирет. Ошондон кийин көнөкбашты чоңойтуу милдети эркек бакага жүктөлөт.

Limnonectes palavanensis түркүмүндөгү бакалар Филиппинде Палаван жана Калимантан же Борнео аралдарын байырлашат. Анын эркегинин чоңдугу 30 мм болсо, ургаачысы - 40 миллиметрге жакын болот.

Африканын ырчы чымчыктарынын бири - башы көк астрильд (Uraeginthus cyanocephalus) жупталуу мезгили келгенде жыныстык катнашка баргандан мурда бири-бирине бийлеп да, обон созуп ырдап да берет. Алар бир көз ирмемде буту менен 3,17 жолу секирип бийлегенин Жапониянын Хоккайдо университетинин биологу Масайо Сома (Masayo Soma) жана анын шериктери аныкташкан. Башы көк астрильд чымчыктары Чыгыш Африкада жашап, чоңдугу 7,5 см болот.

(Булагы: http://www.sciencemag.org, http://www.coolhunting.comб https://www.nature.com)

Айдоочуларга жана телекөрөрманга эскертүү!

Тыным албай автоунаа айдоо жана эс албай телевизор көрүү кишинин когнитивдик (таанып-билүү) жөндөмүн кыйла төмөндөтүшү мүмкүн. Муну Англиянын Лестер университетинин (University of Leicester) окумуштуулары жүргүзгөн изилдөө көрсөттү.

Когнитивдик жөндөмдүн начарлашынын биринчи белгиси: көңүл буруунун жана эс тутумдун төмөндөөсү, деменция же адамдын акыл-эсинин начарлоосу.

Деменцияны дарылоонун ишенимдүү жолу жок болгондуктан, акыл-эстин начарлоосу менен күрөшүүнүн негизги жолу - анын алдын алуучу чаралар жыйындысы (профилактика) эсептелет.

Жаш улгайган кездеги когнитивдик жөндөмдүн төмөндөөсүнө жигердүү кыймыл-аракеттин кээ бир түрлөрү, анын ичинде сауна жана жыныстык активдүүлүк тескери таасир этет, же пайдалуу деп саналат. Тескерисинче, аз кыймылдоо, ошондой эле такай автоунаа менен жүрүү, үзбөй көгүлтүр экрандын алдынан кетпөө өнөкөттөрү акыл-эс жөндөмүнүн начарлоосуна кошумча түрткү болушу мүмкүн.

Бул изилдөөгө караганда, телевизордун маңдайында өткөргөн төрт сааттан кийинки кошумча бир саат адамдын интеллектин жана кыска убактык эс тутумун 0,15 баллга жана 0,09 баллга ылдыйлаткан. Алдагы эффект өзгөчө 60 жаштан өйдө курактагы эркектер менен респонденттерде даана байкалган. Бирок беш сааттан соң адамдын мейкиндикти кабылдоосу мурдакыдай эле калган же өзгөргөн эмес.

Автоунаа айдап үч саат жүргөндөн кийинки ар бир кошумча саат кишинин интеллектинин төмөндөө ыктымалдыгын 11 пунктка пастаткан. Узак убакыт авоунаа айдоо стресс жана чарчоо менен коштолоору мурдатан маалым.

Британ окумуштуулары 2006-2010-жылдары өткөргөн бул изилдөөгө орточо курагы 56,5 жаштагы 502 643 адам катышкан.

(Булагы: https://academic.oup.com, https://ijbnpa.biomedcentral.com)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG