Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:37

Илим дүйнөсү: Корей тилинде сайраган робот-журналист


АКШда робот-автокөлүк биринчи жолу өз алдынча жүк ташыды. Египетте кеминде 2000 жыл мурда курулган үч сагана табылды. Корей тилинде макала жазган робот-журналист. Кытайда оорулууга диагнозду робот коёт.

Робот-автокөлүк биринчи жолу автономдук режимде жүк ташыды

Робот-автокөлүк АКШнын батышындагы Форт-Коллинз шаарынан өлкө ортолугундагы Колорадо-Спрингс шаарына өз алдынча же автономдук режимде жүк ташыды.

Робот-автомобилди арзан тейлөөчү альтернативдүү Uber такси кызматы негиздеген Ottomotto LLC компаниясы менен Anheuser-Busch компаниясынын адистери жасады.

Тарыхый окуя Гиннестин рекорддор китебине да катталды. Рекордду Американын Унаа изилдөө институту (American Transportation Research Institute) тастыктады.

Тарыхый сапар учурунда Otto деп аталган робот-автокөлүк 51 744 банкага "Будвайзер" (Budweizer) сыраcы жүктөлгөн авточиркегичти өзүнө чиркештирип, товарды эгесине жеткирди.

Жолдо непада күтүүсүз кырдаал түзүлсө, абалды өз колуна алуу үчүн автокөлүктүн кабинасында айдоочу болду. Бирок ал 190 км жолдо айдоочунун ордунда отурган жок, музыка угуп, журнал окуп, супачада жатты.

«Бул эксперимент маалында өзү жүрчү робот-автокөлүктөрдүн технологиялык мүмкүнчүлүгү ийгиликтүү демонстрацияланды. Азыр АКШда кесипкөй-айдоочулар тейлеген жүк ташуучу 3,6 миллион автомобиль катталган. Алар жылына 450 миллиард чакырымдан ашык жол жүрүшөт. Келечекте автономдуу режимде жүрчү робот-автокөлүктөр пайдаланыла баштаса, алдагыдай көп айдоочунун кереги жок болот...», - деп билдирди Ottomotto LLC компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Лиор Рон (Lior Ron).

Ottomotto компаниясы робот-автокөлүктү сыноо үчүн Колорадо штатынын Унаа башкармалыгы менен маршруттту жана жолдун коопсуздугун бир нече ай бою макулдашкан.

(Булагы: http://scienews.com., https://www.naplesnews.com)

Робот-журналист

Түштүк Кореянын Yonhap маалымат агенттиги автоматтык маалымдоо системасын ишке киргизди. Бул система Англиянын жогорку лигасынын (премьер лига) футболдук беттешүүлөрү тууралуу кабарды өзү жазып, жарыялап турмакчы.

Soccerbot деп аталган робот-журналист системасы кадимки журналисттердин макала (кабар) кабар жазуу өзгөчөлүгүн тууроочу алгоритмдин негизинде иштейт. Журналисттен айырмаланып, робот-кабарчыга таймаш аяктагандан кийин макала жазганга эки-үч секунда гана керек.

Робот-журналист чыгармачылык практикадан Англиянын премьер-лигасынын 2016-2017-жылдардагы сезонунда өткөн. Soccerbot өткөн сезондо корей тилинде 380 макала даярдаган. Ал ар бир макаланы таймаш бүткөндөн эки-үч мүнөт өтүп-өтпөй жазып койгон.

Ал 2017-2018-жылкы Англиянын футбол сезонундагы бардык 380 беттеш жөнүндөгү макалаларын эч кандай редакциялоосуз эле түздөн түз Yonhap агенттигинин сайтына жарыялайт. Биринчи макала Арсенал менен Ле́стер Си́ти командаларынын беттешүүсү тууралуу жазылмакчы.

Агенттиктин билдиришинче, 2018-жылы Пхёнчха́нда болчу Кышкы Олимпиа Оюндарын чагылдыруу үчүн мурдакыга окшош алгоритм колдонулат. Алгоритм тиешелүү сүйлөмдөрдү Yonhap агенттигинин кабарчыларылары колдонгон сөздөрдүн жана сүйлөмдөрдүн кенчин (базасын) пайдаланып түзөт.

Макаланы жазуу үч баскычта жүрөт: маалымат топтоо, текстти түзүү (жазуу), грамматикалык жана орфографиялык каталарды оңдоо (текшерүү).

Робот-журналист туура жана так маалымат берүү үчүн макаланы жазууда бири-бирине көз карандысыз беш булакты пайдаланат. Макалада түштүк кореялык жана теги корей футболисттердин оюнуна өзгөчө көңүл бурулат.

2015-жылы Google компаниясы журналисттерди технология жана инновация менен колдоо боюнча Санариптик жаңылыктар демилгеси (Digital News Initiative, DNI) деген программаны жарыялаган. Береги демилгенин алкагында ”санариптик жаңылыктар журнализмин кызыктыруу жана колдоо үчүн” 21 миллион евролуу Инновациялык кор да түзүлгөн.

Долбоор 2018-жылы ишке киргенде британдык жана ирландиялык журналисттердин Press ассоциациясы - RADAR жана жасалма интеллекттер жаңылыктар жазчу Urbs Media стратабы айына 30,000 кабар жазып, аны Press Association аркылуу интернетте таркатмакчы.

Январда Кытайдын Chinese daily басылмасы робот-журналисттин 300 сөздөн куралган алгачкы макаласын жарыялаган.

(Булагы: http://www.guidingtech.com, http://english.yonhapnews.co.kr)

Египетте байыркы үч сагана табылды

Байыркы доорго таандык үч сагана Египеттин (Мысырдын) Мина вилейетиндеги ал-Камин ас-Сахрави деген жерде табылган.

Археологдор казып алынган чопонун сыныктарын анализдешкенден кийин, саганалар кеминде 2000 жыл мурда тургузулган деген бүтүм чыгарышты. Ошондо саганалар Египеттин 27-сулалеси (династия) башкарган кезден (б.з.ч. 525-440-жж.) тартып, грек-рим дооруна (б.з.ч.332-395-жж.) дейре курулган болот.

Жаңы табылган саганалар ушул эле жерде мурда табылган 20 саганага окшошпойт. Үч сагана тең 27-сулале бийлеген кезде жайылган катакомб стилинде курулган.

Мурдагы казууларда үчүнчү саганадан мумия жаткырылчу алты табыт (саркофаг), жыгач табыт жана 15 мүрзө табылган.

"Жакын арада Египетте 27-сулалеге тийиштүү саганалар табылганы жадымда жок. Бул абдан кызыктуу табылга", - деди археологиялык казуунун катышуучусу, АКШнын Аризона университетинин дендрохронология жана антропология кафедрасынын доценти Пирс Пол Крейсман (Pearce Paul Creasman).

Биринчи саганада жасат көмүлчү казанагы болуп, анда төрт саркофагы жана тогуз жасат коюлчу текчеси бар экен. Экинчи саганада жасат коюлчу эки казанактын биринен эки саркофаг чыкты.

Бул күмбөздөн улуу курактагы кишилер үчүн беш мүрзө жана балага ылайыктуу бир мүрзө табылды. Үчүнчү күмбөздө жыгач табыттын калдыктары гана калыптыр.

Бул жөнүндө Египеттин байыркы мурастар министрлигинин жооптуу кызматкери Али ал-Бакри маалымдады. Билдирүүдө эркек-аялдардын жана балдардын сөөктөрү коюлган күмбөз - байыркы кенттин (шаардын) эли көмүлгөн мазардын бир бөлүгү болушу ыктымал экени белгиленет.

"Эгер сиз эски жайкананы таап, андан 15 жаштан 35 жашка чейинки эркектердин сөөгү чыкса, сиздин: "Оо, бул майда-барат жайкана эмес турбайбы. Бул балким аскерий көрүстөндүр же бул жерде чоң салгылашуу же башка бир нерсе болгондур", - деп айтарыңыз калетсиз. Эгер ар кайсы көрүстөндө түрдүү курактагы балдардын, аялдардын, эркектердин сөөгү жатса, бул кишилер ар убак кайтып келчү жай экен деген ой башыңызга келет да", - дейт Крейсман.

27-сулале доорунда Египетти Персия бир дубаны катары бийлеген. Береги сулале тууралуу көп деле маалымат жок.

"Алар бул аймакта бери дегенде үч күмбөз бардыгын, алардын арасында 40 чакты жайкана орун алганын билет. Булардын саны дагы көбөйөт кейпи, себеби археологиялык казуулар али улантылууда", - деди америкалык илимпоз.

(Булагы: https://www.livescience.com, http://news.nationalgeographic.com)

Кеселге диагнозду робот коёт

Кытайда жасалма интеллекттин (акылдын) негизинде жасалган система клиникалык диагнозду 0,05 коёт. Бул система оорулуунун 100 тарыхын талдап чыгып, медициналык тыянак жасаганга 4,8 секунда кетет, же бир оорулууга диагноз койгонго 0,05 секунда коротот.

Робот-доктор койгон диагноздор кадимки кеселге доктурлар койгон диагноздор менен 98 % шайкеш келет.

Жасалма интеллекттин кеселдеген кишиге диагноз коюу мүмкүнчүлүгү 19-августта Түштүк Кытайдын Хэнъян шаарындагы илимий жыйында көрсөтүлдү.

"Супермен" деп аталган береги система чоң маалыматтардын технологиясы, суперэсептөөлөр жана жасалма интеллекттин базасында жасалган. Ал кеселдин оорусунун симптомдорун талдап туруп, медициналык тыянак жасаган соң, дарылоонун оптималдуу ыкмасын сунуш этет. Доктурдун милдети - робот койгон диагнозду тастыктоо.

Илимий системаны иштеп чыгууга жооптуу адистердин бири, Суперэсептөөлөр боюнча Кытай улуттук борборунун директорунун орун басары Пэн Шаоляндын билдиришинче, алдагы система он миллиондогон оорунун тарыхын пайдаланып жасалган.

Ушу тапта 30дан ашуун илдетке, анын ичинде кургак учук (туберкулёз) жана депрессияга диагноз койуунун модели иштелип чыккан. Алдагы эки оору түрүнө диагноз көп учурда жаңылыш коюлат жана туура эмес коюлган диагноздордун проценти алиге чейин жогору.

Бардык эсептөөлөр суперэсептөөлөрдүн "Тяньхэ" (Tianhe) системасында жүргүзүлгөн. Кытайдын ири ооруканаларында өткөрүлгөн сыноолор береги ыкма менен коюлган диагноздор салттуу диагноз жасоого караганда 20% так экенин көрсөткөн.

Борбордук медицина университетинин клиникалык диагностика факультетинин деканы Кан Сисюндун оюнча, диагноз коюунун жаңы системасы дарыгерлерди алмаштырбайт, тескерисинче, алардын жумушун жеңилдетип, адис кишинин жана жасалма интеллекттердин чогуу иштөөсүнө өбөлгө түзөт.

(Булагы: http://news.am, http://www.xinhuanet.com)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG