Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:47

Ток менен жүргөн машиненин доору келди


Tesla Model 3 электромобилинин прототиби. 31-март 2016.
Tesla Model 3 электромобилинин прототиби. 31-март 2016.

9-майга карата АКШдагы Tesla Motors компаниясы чыгарчу жаңы автомобилге кезекке турган адамдардын саны 400 миңден ашкан. Ток менен заряддалып жүрчү жана 2017-жылдын аягында сатыкка чыкчу бул электромобиль, эксперттердин айтышынча, дүйнөлүк автобазарда революциялык өзгөрүүлөрдү жасайт.

Жаңы автомобилдин өзгөчөлүктөрү кандай? АКШ өкмөтү экологияга зыян келтирбеген бул автоунааны сатып алчу кардарларды кантип колдойт?

Автобазарды айран калтырчу электромобиль

Tesla Motors компаниясы жаңы продукциясы - Model 3 деп аталган электромобилди коомчулукка алгач 31-мартта тааныштырган. Андан бир апта айланбай, береги электр тогу менен заряддалып жүргөн автомобилди алгачкылардан болуп алуу үчүн 1 миң доллардан күрөө пул төгүп, кезекке тургандардын саны 325 миңге жеткен. Муну Bloomberg компаниясы массалык автомобилдердин базарынын 100 жылдык тарыхындагы уникалдуу окуя деп мүнөздөгөн. 1955-жылы Париждеги автосалондо Citroen DC жеңил машинеси көргөзүлгөндө 10 күндө аны алууга кызыкдар 80 миң кардар депозит төлөп жазылган.

TESLA компаниясы жаңы электромобиль үчүн жасаган батарея
TESLA компаниясы жаңы электромобиль үчүн жасаган батарея

Bloomberg компаниясынын 9-майдагы маалыматы боюнча, келерки жылдын этегинде өндүрүштөн чыкчу электромобиль үчүн депозит төлөп, кезекке тургандардын саны 400 миңден ашты. Жарыяланган Model 3 электромобилине болгон кызыгуунун жүйөсүн сурап, Чехиянын Либерец шаарындагы Политехникалык университетинин профессору, техника илимдеринин доктору Алексей Поповго кайрылдым.

Баасы 35 миң доллар. Аны сатып алган адамдарга АКШнын федералдык өкмөтү 7 500 доллардан компенсация төлөп берет.

Tesla Motors салыштырмалуу жаш компания болсо да электромобиль автомобиль сыяктуу эле жашоого укуктуу экенин компания өз иштери менен далилдей алды, деп баштады инженер-илимпоз кепти.

- Эң алды айта кетейин: электромобиль жаңы нерсе эмес. Tesla Motors компаниясы 13 жыл мурда негизделген жана анын инвесторлору эң заманбап технология тармагында чоң акча жасаган, анын ичинде Google компаниясын түптөгөн абдан прогрессивдүү адамдар. Tesla 10 жылдык тарыхы аркылуу электр менен заряддалып турчу автомобилдин жашоо укугун жана аны чыгаруу мүмкүн экендигин далилдеди. Бүгүнгө карай электромобилге 400 миңге жакын адам жазылып, 1 000 доллардан күрөө төккөн. Болочокто электромобиль Tesla Model S деп аталат. Эчендеген адамдар алам деп күтүп жаткан жаңы модель мурда жасалган Model 3түн прототиби.

Электромобиль сатып алгандарга өкмөт 7500 доллар кошот

Профессор Поповдун айтуусунда, Tesla компаниясынын жаңы электромобили техникалык жактан өзү типтүү автомобилдердин мыктысы. Анан да абага зыяндуу заттарды бөлүп чыгарбаган бул автоунааны АКШ өкмөтү колдоп, кардарларга 7 500 доллардан компенсация төлөйт, деп улантты сөздү.

Алексей Попов
Алексей Попов

- Tesla Model S аябай сонун автомобиль. Анын узундугу 5 метрге, туурасы 2 метрге жакын. Ал тез ылдамдайт, 4 секундда 100 км/саат ылдамдыкка чыгат. Өтө күчтүү: кубаты 320 аттын күчүнө барабар жана андан да көп. Баасы 75 000 долларлык бул автомобиль сатыкка чыккандан кийин Tesla Motor компаниясында эконом класстагы башка да автомобилдерди жасоо мүмкүнчүлүгү бар экендеген кеп-сөздөрдү жаратты. Tesla Model 3 ошондой машине. Аны Premium классындагы компактуу автомобилдердин сегментине кошсо болот. Ал арийне көлөмү жагынан өтө чоң эмес кымбат баалуу машине. Бирок бул класстагы автомобилдер үчүн анын техникалык көрсөткүчтөрү укумуштуудай. Баасы 35 миң доллар. Аны сатып алган адамдарга АКШнын федералдык өкмөтү 7 500 доллардан компенсация төлөп берет. Ошондуктан Tesla Model S автомобилин алам деп, 1000 доллар төлөп койгон адамдар салыкты 7500 доллар аз төлөйт. Натыйжада, жаңы автомобилдин реалдуу баасы 30 000 долларга да жетпей калат. Салыштырып көрүңүзчү, кымбат баалуу жана кадыр-барктуу адамдар мине турган машине үчүн 70 000 доллар менен 30 000 доллардын ортосунда олчойгон айырма бар. Ошентип, Tesla Motors компаниясынын жаңы машинеси автомобиль базарында чоң революция жасайт деп айтса болот.

please wait

No media source currently available

0:00 0:07:05 0:00
Түз линк

Электромобиль кантип заряддалат?

Электромобиль заряддоо айдоочуга же автомобиль ээсине чоң түйшүк жаратпайбы? Аккумуляторду тез заряддагыңыз келсе гана акча төлөөгө туура келет, шашпасаңыз 30 мүнөттө тегин заряддатып алат экенсиз.

- Бул электромобилди бир заряддап алып, 340 чакырым жерге жетесиз. Аны кадимки эле 210 вольттук токко сайып, 1 саат заряддасаңыз, 50 чакырымга жетет. Эгер сиз заряддоочу станцияга барсаңыз, машинеңизди 30 мүнөттө акча төлөбөстөн эле бекер заряддап аласыз. Чын, 30 мүнөт салыштырмалуу көп убакыт. Бирок ошол 30 мүнөттүк заряд менен 340 чакырымды басып коёсуз. Бул бир кыйла жол да. Эгер сиз машинеңизди тез заряддатам десеңиз, анда 1,5 мүнөттө заряддап беришет. Бирок ал үчүн жаныңыздан 60-80 доллардай акча төлөйсүз.

Айдоочусуз жүрчү автоунаанын келечеги

Google компаниясы өзү жүрчү же айдоочусу жок жүрчү автомобилди ушу жайда Калифорнияда сынай баштайт. Мындай автоунаа 2019-жылы сатыкка чыкмакчы. Business Insider Intelligence басылмасынын жоромолуна ылайык, 2020-жылы дүйнөдө жарым автономдук режимде жүргөн 10 миллион автоунаа болот экен. Бул кабарларга карата пикирин сураганда, профессор Попов мындай деди:

- Бул маселеде мурдагы же бүгүнгө чейин топтолгон тажрыйбага таянуу керек экенине көңүлүңүздү бурам. Сиз эгер кайсы бир автозаводдун автомобилдерди жыйноочу цехине барсаңыз, ишкананын территориясында аябаган көп жүктү транспорт каражаттары эч адамы жок эле ташып жатканын көрөсүз. Жүк ташуу толук автоматаштырылган. Мына ушул тажрыйба биздин жашообузда автономдук режимде жүрчү же жарым автономдуу башкарылчу автомобилдерди колдонуу мүмкүн деп прогноздоого толук негиз берет.

Айдоочусу жок, өзү жүрчү автомобилдерди жол кыймылы абдан интенсивдүу шартта кандай деңгээлде колдонсо болорун мезгил көрсөтөр. Бирок андай автомобилдер адегенде узак жолдордо пайдаланылышы ыктымал деп боолгосо болот. Анткени, автобандарда бир линиядан экинчи линияга көп өтпөйсүз, бир калыпта эле кетесиз. Ошон үчүн автобандарда айдоочусу жок автомобилдерди пайдалануу оңой. Эмне десек да, жакынкы жылдары айдоочусу жок өзү жүрчү автомобиль кинофильмдерде көргөндөй фантастика болбой калат. Бул жашоо чындыгы. Ал убакты күтө туруу керек!

Tesla Motors компаниясы келерки жылы сатыкка чыкчу жаңы электромобили үчүн АКШдан кийинки чоң базар Кытай болот деп ишенет. Маалымдалганга караганда, Model 3 электромобили 2018-жылы Индия, Бразилия, Түштүк Африка, Түштүк Корея, Жаңы Зеландия, Сингапур жана Ирландияда да сатылат.

XS
SM
MD
LG