Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:47

Бишкекке жарачу асма жол Лагосто курулат


NASA долбоорлогон асма темир жолдо жүрчү кабина.
NASA долбоорлогон асма темир жолдо жүрчү кабина.

Нигерияда арзан асма темир жол курулат. Айдоочусу жок автомобиль футуристтик идея болбой калды. Паспортту биометрикалык MasterCard алмаштырат. Кызматчы-робот ооруканаларда кара жумушту аткарат.

Арзан асма темир жол

Нигериянын борбору Лагос шаарында асма темир жол салынат. Пассажирдик кабина-вагон 6 метр бийиктеги темир жолго магниттин жардамы менен асылып турат жана 243 км/саат ылдамдыкта жүрө алат. Бирок ал 72 км/сааттан 104 км/саат ылдамдыкка чейин жүрөт деп мерчемделүүдө. Асма кабина 16 км/саат ылдамдыктан кийин эч кандай электр кубатын пайдаланбай өзү жылмышып жүрөт. Асма темир жол обол университеттерди, ири мекемелерди жана көп кабаттуу турак үйлөрдү туташтырат.

Асма кабиналар эки орундуу, төрт орундуу, бир майып арабасы же электр чыгырыгы менен баткандай, бештен көп жүргүнчү баткандай болуп бөлүнөт. 13 миллион калктуу Лагос дүйнөдөгү эң автомобилге тыгын шаар эсептелет. Аянты жана элинин саны Нью-Йоркко барабар Лагостун калкы болочокто дагы эки эсе көбөйөт деп болжолдонууда.

Асма темир жол курулгандан кийин 2 сааттык жол 10 мүнөттүк саякатка айланат дейт долбоорду бүткөрчү SkyTran компаниясынын аткаруучу директору Жерри Сандерс (Jerry Sanders).

Лагостогу 40 чакырымдык асма темир жолдун курулушу быйыл жыл аягында башталууга тийиш. Анын 1 609 метрин курууга 13 миллион доллар кетет. Бул метронун курулушунан 12 эседен да көп арзан. 1 609 метр метро жолу 160 миллион доллар турат.

Берегидей асма темир жолдор болочокто Индия менен Францияда, ал эми 2020-30-жылдар арасында АКШда куруларын эксперттер эмитен эле айта башташты. (Караныз: Business Tech Insider; SkyTran).

Айдоочусу жок автомобиль футуристтик идея болбой калды

Google компаниясы андай өзү жүрчү жана шопуру жок автомобилди ушу жайда АКШнын Калифорния штатынын жолдорунда сынайт. Өзү жүрчү автоунаалардын (self-driving car) бүгүнкү жана келерки беш жылдагы абалын талдаган абройлуу Business Insider Intelligence басылмасы аларды жарым автономдуу жана толук автономдуу деп эки топко бөлүп караган. Жарым автономдуу автомобиль жүрүп баратканда кандайдыр бир күтүүсүз кырдаал түзүлсө, машиненин ээси жардамга келет же башкарууну өзүнө алат. Ал эми толук автономдуу автомобиль барчу жерине чейин өзү жетет. Бул автоунаа базарга 2019-жылы чыгарылат.

BI Intelligence порталында жарыяланган божомол боюнча, 2020-жылы дүйнөдө жарым автономдук режимде жүргөн 10 миллион автоунаа болот. KPMG фирмасынын Британиядагы бөлүмүнүн эсебинче, алдагыдай автоунааларды пайдалануу 2020-2030-жылдары жол кырсыгында набыт болгондордун санын жылына 2500 адамга кыскартат. Жаңы жол эрежелерин жана коопсуздук чараларын кабыл алып бекитүүгө байланыштуу жарым автономдуу автоунаалар сатыкка беш жылдан кечикпей чыгат деп боолгонууда. А айдоочусу жок автомобилдердин жолдо жүрүү эрежеси качан иштелип чыгары беймаалым (Маалымат булагы: Inc.magazine;Techinsider; Business Insider Intelligence).

Паспортту биометрикалык MasterCard алмаштырат

Ушу тапта адамды биометрикалык таануу турмуш чындыгы. Эл аралык MasterCard төлөмдөр системасы смартфонду пайдаланып, селфи кылып же жүзүн жана манжаларынын изин сүрөткө тартып, соода-сатык кылуу боюнча жаңы саамалыкты баштоодо. Ал долбоор MasterCard Identity Chech mobile app, кыскача “selfie pay” деп аталат. Ууру башка бирөөнүн кредиттик картасын пайдаланып, селфи кылып буюм сатып алам десе, аны береги программа таанып коёт. Бул тажрыйба ушу жайда АКШ, Бельгия, Британия, Германия, Дания, Италия, Испания, Канада, Норвегия, Франция, Финляндия, Швеция, Швейцарияда колдонууга киргизилет.

MasterCard компаниясы биометрикалык программалык камсыздоону былтыр АКШ жана Нидерландияда сынактан өткөргөн. Ага катышкандардын 92% жаңы системаны жактырышкан; төлөмдөрдө биометрикалык технологияны колдонууну кардарлар да, банктар да ыңгайлуу деп табышкан. Азыр жарандар банк эсебинде, интернетте, смартфондордо жана башкаларда болуп, кеминде 19 коопсуздук паспортун колдонушат (Булагы: Ink.magazin)

Кызматчы-робот ооруканаларда каалаган жумушту аткарат

Жапондордун Panasonic компаниясы ооруканаларда кара жумушту аткарчу роботту жасады. Hospi-R деп аталган бул портье же швейцар робот дөңгөлөктүү медициналык кабинет сыяктуу. Ал түркүн чоңдуктагы дары-дармектерди, аспаптарды, шайман-жабдууларды ооруканада өз алдынча ташыйт. Робот-кызматкер видеокамераны, Wi-Fi’ды жана мээсине программалынып койгон картаны пайдаланып, имараттын ичинде ээн-эркин жүргөнгө катар лифтке өзү түшүп жүрө берет. ID карта коопсуздук системасы кызматчы-роботту чоочун бирөөлөрдүн пайдаланганына мүмкүндүк бербейт. Ал секундасына 1 метр ылдамдыкта жылат. Бул робот-кызматкер өндүрүшкө коюлардан мурда Сингапурда сынактан өткөрүлгөн. Panasonic компаниясынын билдиришинче, Hospi-R коопсуздук стандартына жооп берген бул типтеги дүйнөдөгү биринчи робот-кызматкер (Булагы: The Verge; Panasonic).

XS
SM
MD
LG