Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:39

Канаттуу автоунаалар сатыкка чыга баштайт


AeroMobil учуучу автомобилинин прототиби сыноо учурунда. Словакия. 8-май, 2015.
AeroMobil учуучу автомобилинин прототиби сыноо учурунда. Словакия. 8-май, 2015.

Учуучу автомобиль 2017-жылы сатыкка чыгат. Норвегияда суу астынан өтчү «калкыма жол», Амстердамда Европадагы эң бийик жыгач үй курулат. Капылеттен жүрөгү кармагандар, набыт кеткендер көбүнчө 30-40 жаштагылар болоорун австралиялык окумуштуулар аныкташты.

Канаттуу автокөлүк

Словакияда жасалган учуучу автомобиль 2017-жылы сатыкка чыгат. Бул жөнүндө AeroMobil компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири жана аткаруучу директору Юрай Вакулик (Juraj Vaculik) билдирди. Анын Евробиримдиктин Брюсселдеги баш кеңсесинде 7-июлдан 1-августка чейин созулган көргөзмө учурунда маалымдашынча, азыркы эки орундуу AeroMobil 3.0 учуучу автомобили Братиславада (Словакия) жайгашкан компаниянын биринчи инновациялык көлүгү болот. Көлүктүн алгачкы прототиби 2014-2015-жылдары сыноодон өткөрүлгөн. Юрай Вакулик былтыр билдиргенге караганда, AeroMobil учуучу автомобили 640 км чейинки аралыкка уча турган идеалдуу көлүк болуп саналат. Универсалдуу көлүктүн баасы, мурда маалымдалган акчасы боюнча 100 миң доллардын чегинде болот. Ал 200 метр узундуктагы майсаң чөптүү шалбаага же кадимки асфальт жолго учуп-коно алгандыктан, чоң шаарлардын сыртында жашаган адамдар ишке минсе, тыгында калбай, мерчеген убагында жумушуна жетип алат. Береги универсалдуу көлүктүн мурдакы модели абада 692 чакырымга чейинки аралыкты саатына 200 чакырым ылдамдык менен учса, даңгыр жолдо 499 чакырым аралыкты саатына 161 чакырымдык ылдамдык менен жүрө алат.

AeroMobil учуучу автомобилинин концепциясын словакиялык инженер-дизайнер Штефан Клайн ( Štefan Klein) обол 1989-жылы сунуш кылган. Ал бапестеп өстүргөн кыялын ишке ашыруу үчүн 2010-жылы өнөктөшү Юрай Вакулик менен компания түзүшкөн. (Булагы: http://inhabitat.com, http://www.cbc.ca., https://press.aeromobil.com, http://www.techeblog.com/)

Суу астындагы “туннел автожол”

Норвегия өкмөтү суу астынан өтчү «түтүк жол» курат. Мындай жол бетондон жасалып, “cуу астындагы калкыма көпүрө” (submerged floating bridges) деп аталат. Андай калкыма көпүрө жарыша жаткырылган эки туннелден туруп, алар суунун бетиндеги понтондорго арчындалып коюлгандыктан, чөгүп кетпейт. Ар бир туннелде эки жолу болуп, анын биринен автоунаалар каттаса, экинчи жол чукул кырдаал абалында жана биринчи жолдо курулуш иштери жүрүп жатканда пайдаланылмакчы. Бетон туннелдер суунун бетинен 30 метр тереңге жаткырылгандыктан, кеме-кайыктардын кыймылына эч тоскоол болбойт.

Азыр Норвегиянын түштүгүндөгү Кристиансанд шаарынан (Kristiansand) автомобиль менен чыккан жолоочу ортолуктагы Тронхейм (Trondheim) шаарына 21 саатта жетет. Себеби 1094 чакырым жолдо жети ирет кеме же паром которууга туура келет. “Суу астындагы калкыма көпүрө” 2035-жылы бүтсө, жогоруда аталган эки шаардын ортосундагы аралык 11 саатка кыскарат. Бул долбоор ишке кирсе, адамдарга ооруканага жетүү үчүн тик учак чакыртуу зарыл болбой калат дейт Норвегиянын Коомдук жолдор башкармалыгынын улук инженери Арианна Миноретти айым (Arianna Minoretti).

Дүйнөдө теңдеши жок долбоордун баасы 25 миллиард доллар. Ушу чакта Норвегияда автокаттамдар үчүн 1150 туннель бар болсо, анын ичинен 35 туннель суу астынан өтөт. Канжолдорду кадимки көпүрө менен туташтырганга деңиз боюндагы аска-зоолор жана чырт кесилген жарлар мүмкүндүк бербейт.

Суу астынан туннел куруп, Европаны Исландия аркылуу Америка менен тутуштырган трансатлантикалык жол куруу идеясы узактан бери айтылып жүрөт. (Караңыз: http://thenextweb.com, https://www.wired.com, http://nordic.businessinsider.com)

Европадагы эң бийик жыгач үй

Амстердамда 21 кабаттуу жыгач турак жай курулат. Бул HAUT деп аталган бийиктиги 73 метрлик имаратта кеңсе-офистик орундардан башка дагы 55 батир, велосипед сактачу жана жер астындагы автомобиль койчу жайлары, ошондой эле 1200 чарчы метр аянтта үстү жабык кышкы багы жана жашоочулар жашылча-жемиш өстүрчү үлүштөрү болот. Биринчи кабаттагы бак коомчулукка ачык болоору да айтылат. Квартиралар бир өңчөй окшош болбойт; кардарларга эки кабат жана балкон-террасалуу батирлер сунуш этилет. Амстердамдын мэриясы долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн Team V Architectuur архитектуралык курулуш компаниясы башында турган бир нече компанияны тандап алды. Имаратты курууда өтө бышык жана жеңил жыгачтар пайдаланылып, алар бири-бирине желим менен жабыштырылат. Жыгачтарды бекем аштоо үчүн жана өрткө күйбөс үчүн устундардын ортосуна 3 миллион килограммдык көмүр кычкыл газы (СО2) “тоңдурулуп” коюлат. Жыгач мунара турак үй 4000 чамалуу адам жашачу Amstelkwartier конушунун бир бөлүгү. Бул конуштан чакан бизнес борбор жана соода борбору да орун алат.

Нидерландиянын байтак шаарындагы жыгач имараттын курулушу эмки жылы башталып, эки жылда аяктайт. Ошондон кийин ал Европадагы эң бийик жыгач имарат болуп калат. Соңку жылдары Түндүк Америкада жана Европада жыгачтан курулган имараттар популярдуу болуп баратат.

АКШнын Атланта шаарында болсо 74 кабаттуу имарат курулары кабарланды. Бийиктиги 280 метр, аянты 12540 кв метр имарат сырты айнек мунара коммерциялык жана турак жай бөлүктөн турат. Анын турак жай бөлүгүндө 382 люкс-квартира жана 180 офис болот. Ал 2019-жылы бүткөндөн кийин Атлантадагы экинчи бийик имарат болот. (Караңыз: http://teamv.nl/en/news, http://www.archdaily.com)

Жүрөктү абайлаңыз!

Куландай соо жүрүп, бир күнү эле капылеттен жүрөгү кармап, дүйнө салгандар көбүнчө 30-40 жаш курактагылар болот. Эгер улуу курактагыларда жүрөгүндө дарты болсо, көкүрөгүндө ооруну сезишсе, орто курактагылар демейде саламаттыгына даттанбай жүрүп эле мерт кетишет. Австралиянын Сидней университетинин физиологдору 2010-2012-жылдары күтүүсүздөн жүрөгү жарылып өлгөн 500гө жакын адамдын оорусунун тарыхын изилдеп көрүп, алардын көбү кандын жүрөккө келүүсүнүн азайышы же токтоп калуусу (Coronary artery disease, орусча Острый коронарный синдром (ОКС) же ischemic heart disease, орусча ишемической болезни сердца (ИБС)), тукум кууган кардиомиопатия, миокардит жана аортанын аневризми дартына байланыштуу көз жумганын аныкташкан. Алардын көбүнүн жаны уктап жаткан кезде же чырм этип жатканда үзүлгөн. Ошондой эле Крис Семсариан (Chris Semsarian) жана анын кесиптештери кокустан жүрөгү токтоп, окус болгондордун басымдуу бөлүгү 31-35 жаштагылар экени да аныкталган. Алардын дээрлик үчтөн биринде жүрөктү кокустан токтотуп салчу эч кандай симптом болгон эмес. Бирок алардын геномунда жүрөк илдетине тиешелүү тукумдан тукумга берилчү мутация табылган. Мындай мутацияны дарыгерлер генетикалык скринингдин жардамы менен аныктай алышат. Доктурлар скринингдин натыйжасына таянып, жүрөк оорусуна кабылуу коркунучу бийик деген топко кирген адамдарга кылдат мамиле жасай алышат. Аларга дарылануунун тийиштүү жолу дайындалышы же дефибриллятор орнотулушу мүмкүн.

(Булагы: www.techtimes.com, http://medportal.ru)

XS
SM
MD
LG