Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:33

Гепатит СПИДден да коркунучтуу


Адамдын боору. Иллюстрация
Адамдын боору. Иллюстрация

Вирустук гепатит СПИДден да коркунучтуу дарт. Байыркы Урукта жана Египетте жумуш акы сыра менен төлөнгөн. 101 жыл мурда кайып болуп кеткен аары кайра табылды. Жапонияда кыймылдап турган объекттерди такай байкап турчу микроскоп-робот жасалды.

Гепатит дүйнөдөгү өлүмдүн жана майыптыктын негизги себепчиси

Вирус аркылуу жукчу гепатит (сарык) мурда боолгогондон алда канча коркунучтуу болуп чыкты. 2013-жылы сарыктан 1.45 млн., кургак учуктан 1.4 млн., ВИЧ/СПИДден 1.3 млн., безгектен 855 миң адам өлгөн. Бул Вашингтон университетинин Ден соолуктун көрсөткүчтөрүн өлчөө жана баалоо институтунун (Institute for Health Metrics and Evaluation) илимпоздору кошо жетектеген изилдөөнүн жыйынтыгы.

183 өлкөдө жүргүзүлгөн бул изилдөө 1990-2013-жылдарды камтыйт. 13 жылда вирустук гепатиттен өлгөндөрдүн саны 63 пайызга көбөйгөн. Алардын 96% В жана С гепатитинен өлүшкөн. Коркунучтуу илдет өзгөчө Чыгыш жана Түштүк Азияда күчөгөн.

Ушу чакта дүйнөдө 170 млн. адам С гепатитинен, 350 млн. адам В гепатитинен жабыр тартышууда. 1990-жылдан бери кургак учук жана безгек алган адамдардын саны азайган.

Гепатит дартына чалдыккан адам
Гепатит дартына чалдыккан адам

Гепатит А, В, С, Д, Е формасында кездешет. Эгер гепатитти өз маалында дарылабаса, боор цирроз болуп, ракка айланат. Анын А жана Е түрү тамак-аш, суу жана заң аркылуу берилет.

Аталган изилдөөнү АКШдагы Билл жана Мелинда Гейтс атындагы соопкерчилик фонду (Bill & Melinda Gates Foundation) каржылаган.

Булагы (http://www.thelancet.com/)

Эмгек акы ордуна сыра берүү байыркы салт

Байыркы Урукта күнүмдүк жумуш акы сыра менен төлөнгөнүн чопо шынаа таблеткалардагы жазуулар далилдеди. Урук биздин заманга чейинки 3 миң жылдыктагы шаар-мамлекет. Ал бүгүнкү Ирактын түштүгүндө Ефрат жана Тигр дарыяларынын алабында жайгашкан.

Тарыхый маалыматтар боюнча, шумерлердин чеп менен курчалып, храмдары көк тиреген бул шаарында 6 миңдей адам жашаган. Түштүк Месопотамиянын маданий жана аскердик борбору болгон Уруктун калкы товарларды акчага алмашкан, шахмат-шашки, нарда сыяктуу оюндардын ойношкон, бири-бирине катты чопо таблеткалардын бетине жазган (шынаа жазуусу деп аталат).

Британ музейине таандык 5000 жылдык шынаа таблетканын бетиндеги оймо-чийме жазууларды окуган окумуштуулардын бири Алисон Жорждун (Alison Jeorge) түшүндүрүшүнчө, чөйчөктөн тамак жеп жаткан адамдын башы конус формасындагы идиштен эмгеги үчүн берилген сыраны ичүүдө. Шынаанын бетиндеги таякчалар (тырмак изиндей оюктар) кайсы бир адамга аткарган жумушу үчүн канча “көөкөр” сыра берилгенин билдирет.

Чопо таблеткалардын бетинде сыранын сүрөтү үч жерде кездешет. Британия Музейи.
Чопо таблеткалардын бетинде сыранын сүрөтү үч жерде кездешет. Британия Музейи.

Байыркы Египетте да айлык сыра менен төлөнгөн. Мисалы, пирамиданы курган адамдарга күнүнө төрт-беш литрден сыра берилген. Байыркы дүйнөдө сыра жана башка ичимдиктер максым-шоро сыңары жанга кубат берчү тамак саналган.

Орто кылымдарда Англиянын падышасы Ричард II атактуу акын Жоффри Чосерге (Geoffrey Chaucer) жылдык маянасы үчүн 252 галлон шарап берген (1 галлон 3.79 литрге барабар). Жоффри Чосер (1343-1400) англис поэзиясынын, англис адабий тилинин жана англис улуттук адабиятынын “атасы” деп саналат. Ал өз чыгармаларын латын тилинде эмес, эне тилинде жазган.

(http://arstechnica.com,https://www.newscientist.com)

101 жыл мурда кайып болуп кеткен аары табылды

Кайып болуп, кайра жаралган Oobius depressus аарысы мите аарылардын түркүмүнө кирет. Алар акыркы жолу 1914-жылы АКШнын Иллинойс штатында катталган болчу. Бул табылга абдан маанилүү. Анткени кайыптан жаралган аары чегирткелерди жана кара акация дарагын кемирип жеп кууратчу коңуздардын жаналгыч жоосу деп саналат. Себеби ал жумурткасын дарак жегич коңуздар менен чегирткелердин жумуртка клеткасына таштайт жана ал митедей болуп, аны баккан куртту ичинен жеп чоңойот.

Кара акация дарагы күчтүү, катуу, ошол эле учурда ийилчээк болот. Ал Американын тарыхында өзгөчө орунду ээлейт. Себеби европалык көчмөндөр Түндүк Америкага обол келгип, Жеймстоун (Jamestown) конушун курганда алмашкыс курулуш материалы болгон жана АКШнын биринчи президенти Жорж Вашингтондун Маунт-Вернон шаарындагы (Вашингтон штаты) ата жайына ажайып көрк берип турган.

Oobius depressus аарысы башын жана антена мүйүздөрүн тулкуна бекем катып алгандыктан, окумуштуулар үчүн аларды башка аарылардан ажыратып таануу өтө татаал. Алдагы аарынын ургаачысын Риверсайд округундагы Калифорния университетинин Энтомолгия музейинин мүдүрү Сергей Траяпицин 2015-жылы 6-октябрда Мичиган штатында тапкан.

Учурда Калифорния университетинде берегидей 100гө чукул аары өстүрүлүүдө. Алар болочокто чегирткелерди жана жыгач жегич коңуздарды жок кылганга пайдаланылмакчы. Анын узундугу 1,2 мм, кара түстөгү жону жылтырап турат жана денеси жалпак болгондуктан дарактын кабыгынын астына жылчык бар жерден оңой кирет. (Булагы: https://entomologytoday.org)

Майда клетканын кыймылын аңдычу микроскоп

Кыймылдап турган объекттерди такай бутада же фокуста кармап турчу микроскоп-робот жасалды. Аны Жапониянын Осака жана Тохоку университетинин илимпоз-инженерлери профессор Коичи Хэшимотонун (Koichi Hashimoto) жетеги астында иштеп чыгышкан. Мындай микроскоп-робот мээнин жана нерв системасынын иштөөсүн изилдегенде баа жеткис курал саналат.

Микробиология лабораториясы
Микробиология лабораториясы

Мээнин ишмердигин изилдөөдө көбүнчө Caenorhabditis elegans деп аталган денеси жумуру курт жана башка түрдүү тирүү организмдер пайдаланылат.

OSACaBeN деп аталган жаңы микроскоп кошумча дагы татаал оптикалык системадан турат. Бул система изилдөөнүн объекттин жарыктын түрдүү узундуктагы толкунун, ошондой эле инфракызыл жарыктын багыты астында кармап турганды мүмкүн кылат.

Жарыктын түрдүү диапозонунда тартып алынган сүрөт образдарды таанычу система тарабынан иштелип чыгат жана курттун баш жак денесинин кыймылын 1/1000 мм тактык менен көзөмөлдөп турганга мүмкүндүк берет.

“Демейде нейрондордун кайсы бир бөлүктөрүн ажыратып тааныганга бир нече саат убакыт кетет. Биздин микроскоп бул жумушту секундасына 200 жолу жасайт”, - дейт профессор Хэшимото.

Доцент Кумура болсо микроскоп-робот башка жаныбарларды изилдөөгө, ошондой эле мээнин активдүүлүгүн жана физикалык активдүүлүктүн байланышын аныктаганга мүмкүндүк берерин айтат. (Караңыз: http://japanese-medicine.hatenadiary.jp/, http://www.nature.com, http://www.dailytechinfo.org)

XS
SM
MD
LG