Линктер

жекшемби, 22-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:39

Илим дүйнөсү: 15 жылдан кийин акыл-эсине келген киши


Homo sapiens же акыл-эстүү адамдын башатынын табышмагы дале толук жандырыла элек.

Бөрүлөр иттен да акылдуу экенин Австриядагы изилдөө шардана кылды. Түгөйү жок болсо да көбөйө берчү курт. Киши мурда эсептелгенден 160 000 жыл эртерээк пайда болгон. Францияда пациент 15 жылдан кийин акыл-эсине келди.

Бөрүлөр иттен да акылдуу

Мындай бүтүмгө Vetmeduni Vienna Популяциялык генетика институтунун Карышкырларды изилдөө борборунда (Австрия) атайын эксперимент өткөргөн эл аралык изилдөөчүлөр келишти.

Алар 12 карышкыр жана 14 иттин тапкычтык жөндөмүн, зээндүүлүгүн үч жол менен иликтешкен. Ал үчүн бир кутучага жука полимер материалга бекем оролгон азык салып, экинчи кутучаны бош коюшкан. Айбандын кишини түшүнүү жөндөмүн аныктоочу биринчи эксперимент учурунда окумуштуулар төрт аяктууларга оокаты бар кутуну көзү менен жаңсап көрсөтүшкөн жана аны ачканга аракет кылышкан. Экинчи эксперимент маалында киши макулуктарга карабай туруп, керектүү кутуга кызыкканын билдирген. Үчүнчү экспериментке киши катышкан эмес; кутучулар ордунан жип менен жылдырылган жана алардын чыгарган үнүнө ылайык, ичинде бир нерсе бар же кутуча бош экенин айбандар туюп, билиши керек болгон.

Карышкырлар
Карышкырлар

Кишилердин жүзүндөгү, тулку-турпатындагы жана көздөрүндөгү объектке болгон кызыгууну иттер да, карышкырлар да жазбай түшүнүшкөн. Бирок ошол байкоолорунун негизинде жыйынтык чыгарууга келгенде, карышкырлар иттерге салыштырганда зээндүү экенин көрсөтүшкөн. Алар эки кутучаны жылдырганда чыккан добушка карай кайсынысы бош, кайсынысы жүктүү экенин ыкчам билген.

Венадагы Карышкырларды изилдөө борборунда өткөрүлгөн бул изилдөө иттер үй айбанына айлангандан кийин жапайы туугандарына караганда кишинин ишаратын, жаңсоосун жакшы түшүнөт деген буга чейинки жоромолдорду жокко чыгарат.

“Жапайы чөйрөдө бөрүлөргө өз байкоолоруна жана зиректигине гана таянууга туура келсе, көөнө заманда үй айбанына айланган иттерге мунун кереги жок. Иттер, балким, үй айбанына айланып жатканда нерсенин себеби менен натыйжасы ортосундагы байланышты туйуу жөндөмүн жоготкондур”, - дейт германиялык илимпоз Жулиан Брауэр (Juliane Bräuer, Max Planck Institute for the Science of Human History).

“Биздин изилдөөбүздүн жыйынтыгы үй айбанатына айлануу иттердин окуя эмнеге мындай болгонун түшүнүү жөндөмүнө таасир эткенин көрсөттү, - деди нидерланд аалымы Мишел Лампе (Michelle Lampe, Radboud University in Nijmegen). - Бирок алардын ортосундагы айырма: карышкырлар бир нерсени изилдөөдө иттерге салыштырганда бир кыйла өжөр экенин жокко чыгара албайт. Анткени, бөрүлөр өз тамагын өзү таап жесе, иттерге даяр оокатты биз беребиз”.

Бөрүлөр иттерге караганда өз үйүрүнө сейрек кол салаарын жана алар менен тапкан олжосун жеңил бөлүшөөрүн австриялык этологдор (жаныбарлардын жүрүм-турумун иликтөөчү адистер) мурда эле далилдешкен.

(Булагы: https://www.nature.com, https://www.mpg.de)

Түгөйү жок болсо да көбөйө берчү курт

Америкалык генетиктер биринчи жолу Diploscapter pachys куртунун генин (ДНКсын) окушту. Бул курт 18 миллион жылдан бери жынысы жок эле көбөйүп келгени менен маалым. Diploscapter pachys сөөлжанга окшош, бирок тулку тоголок, жынысы жок, жыландай тез сойлогон өңсүз курт.

”Илимпоздор узактан бери берегидей макулуктар кантип миллиондогон жылдар сексуалдык байланышы жок жашап келатканын билүүгө аракет кылып жүрүшөт. Булардын өлбөй жашап жүргөнү сексуалдык байланыш мутациядан сактоосу жана чөйрөнүн жаңы шартына ыңгайлашуу боюнча калыптанган түшүнүктөргө каршы келет. Бул феномен генетиканын эволюциясын түшүнүү үчүн маанилүү“, - деп билдирди изилдөөнүн авторлорунун бири, Нью-Йорк университетинин профессору Дэвид Фитч (David Fitch).

Биринчи көп клеткалуу жаныбарлар Жер бетинде болжол менен 1 млрд - 550 млн жыл илгери пайда болуп, жыныстык байланышы жок эле көбөйүшкөн. Кийинчерээк алар жупташуу аркылуу көбөйүү жолуна өтүшкөн. Секс мындай мителерге жана вирустарга генетикалык материалдарын өз ара алмашып, ДНКларын түрдүүчө комбинациялоого жол ачкан.

Канында атасынын жана энесинин гени болгону - ар кандай жандыктын ден соолугу үчүн жакшы. Анткени, зыяндуу мутациялардын топтолушуна жол бербейт, бөгөт болот.

“Узак мөөнөттүк перспективадан алганда, жыныстык байланыш аркылуу тукум улантуу убакыттын өтүүсү менен өзгөрүп турчу жагдайга ыңгайлашууга мүмкүндүк берет. Себеби, тукум улантуу генетикалык алмашуулар же комбинациялар менен коштолот. Лекин, мындай кан алмашуулар тексиз макулуктарда болбогондуктан, алар демейде тез эле өлүп жоголот. Ушинтип, кээ бир сексуалдуу макулуктардын эчендеген мууну кантип тирүү калаганы биологдор үчүн узактан берки табышмак болчу”, - деп түшүндүрөт профессор Фитч.

Окумуштуунун айтымында, Diploscapter pachys курту, ошондой эле көп клеткалуу сөөлжан түркүмүндөгү дөңгөлөк курттар (латынча Rotifera, орусча коловратки) менен чаяндардын айрым түрлөрү миллиондогон жылдар жыныстык катнашка барбай жашап, бирок кырылбастан сакталып келишкен.

Көрсө, Diploscapter pachys куртунун бардык геномдору бир килейген хромосомго туташып калыптыр жана 18 миллион жыл ичинде гендер (ДНК) береги хромосомдордон эч жакка бөлүнбөптүр. Алар ушинтип генетикалык көп түрдүүлүктү жогорку деңгээлде кармашкан жана өздөрүн зыяндуу мутациялардан сакташкан деп Дэвид Фитч белгилейт.

Суу чаяндар түркүмүндөгү чыбык муруттуу дафниялар (чаян сымал планктондук жандыктар; латынча Daphnia) менен өткөрүлгөн эксперимент узак убак жыныстык байланышы жок тукумдоо жандыкты түрдүү инфекцияларга сезимтал кылып, мителер алдында алсыз болуп калаарын айкындаган. Биологдор денеси 0,2 милиметрден 6 мм чейин узун дафнияларды кээде “суу бити” деп да аташат.

(Булагы: https://www.sciencedaily.com, https://futurism.com)

Киши мурда эсептелгенден 160 000 жылга эртерээк пайда болгон

Бүгүнкүгө чейинки 2300-300 жылдардын аралыгында жашаган Түштүк африкалык баланын жана башка кишилердин сөөктөрүнүн геномун изилдөө, окумуштууларды адамзат 260 миң - 350 миң жыл мурда жаралышы мүмкүн деген жаңы тыянакка түрттү.

Береги гипотезаны Швеция жана Түштүк Африка Республикасынын окумуштуулары (Uppsala University, Sweden, the Universities of Johannesburg and the Witwatersrand) жасашты.

Буга чейин кабыл алынган негизги гипотезага ылайык, акыл-эстүү киши - Homo sapiens 200 миң жылдай мурда Африкада пайда болгон. Бирок айрым аалымдар бүгүнкү Марокконун аймагында табылган 300 миң жыл мурдакы сөөктөрдү акыл эстүү кишиге таандык деп эсептешет.

Антропологдор Түштүк Африкадагы КваЗулу-Натала (KwaZulu-Natal, Southern Africa) жергесинде табылган байыркы жети кишинин сөөктөрүнүн геномдорун анализдеп көрүшкөн. Алардын ичинен 2300-1800 жыл мурда жашаган улуу курактагы үч киши генетикалык жактан бүгүнкү Түштүк Африканы байырлаган Кое-Сан (Khoe-San) элине тууган болуп чыккан.

Ал эми 500-300 жыл илгери жашаган жашыраак төрт кишинин сөөктөрүн изилдөө бул кишилер өз генетикасы боюнча азыркы Африканын Түштүк өңүрүндө жашаган Банту элине кошулаарын аныктады.

“Бул табылга Түштүк Африкада элдер кантип орун алмашканына сонун сүрөттөмө”, - деди Уппсала университетинин генетиги Карина Шлебуш (Carina Schlebusch).

Бүгүнкү Румыниянын жеринде 40 000 жыл мурда жашаган эркектин астыңкы жаагы. Лейпцигдеги Макс Планк атындагы Эволюциялык өнүгүү институту. 21-июнь 2015.
Бүгүнкү Румыниянын жеринде 40 000 жыл мурда жашаган эркектин астыңкы жаагы. Лейпцигдеги Макс Планк атындагы Эволюциялык өнүгүү институту. 21-июнь 2015.

Генетиктер Байыркы Таш доорундагы аң уулап жана азык жыйнап жан баккан кишинин геномун негиз кылып, бүгүнкү адамдардын түпкү бабалары 350 000 - 260 000 жылдай илгери тарам-тарамга бөлүнгөн деп эсептешет. Эң оболку 350 миң жыл мурдакы жиктелүү Түштүк Африканын чыгыш жээгиндеги Баллито булуңунда табылган аң уулап, азык жыйноочуну жана Батыш африкалык Мандинкадагы сөөктү (Mandinka) салыштырууга негизделген.

“Бул деген азыркы кишилер буга дейре кабыл алынгандан эрте жаралганын билдирет”, - деп долбоордун жетекчилеринин бири, профессор Маттиас Якобссон (Mattias Jakobsson) билдирди.

Илимий жоромолго (гипотезага) ылайык, 200 миң жыл мурда акыл эстүү киши - гомо сапиенс - бери дегенде беш топко, анын ичинде экөө - Коэ-Сан элдерине, экөө - Батыш жана Борбордук Африка урууларына жана бирөө - Чыгыш Африка элдерине жиктелген.

Чыгыш Африка тобунан болсо африкалык эмес башка калктар бөлүнүп чыгат.

“Эми биз Түштүк Африканын түштүк чыгыш жээги сыяктуу тропикалык аймактардан табылган байыркы кишилердин калдыктарынын геномдорун түгөл иретке сала алабыз. Бул ушул тапта Африкада жүрүп жаткан бир нече изилдөөбүз үчүн маанилүү”, - дейт археогенетик Хелена Малмстрөм (Helena Malmström).

Антропологдордун табылгасы бүгүнкү адамзаттын калыптануу жараянын билүүдө генетиктер жана археологдордун эриш аркак иштөөсү канчалык маанилүү экенин шардана кылат.

(Булагы: https://www.sciencedaily.com, http://science.sciencemag.org)

15 жылдан кийин эсине келген эркек

Француз дарыгерлери 15 жыл эс-учу жок жаткан кишини эсине келтирди. Аты жөнү аталбаган 35 жаштагы бул киши азыр Франциянын Илимий изилдөөлөр боюнча улуттук борборунда (Institut des Sciences Cognitives Marc Jeannerod, Lyon) жатат.

“Биз анын реакциясын көрүп, аябай сүйүндүк... Бул пациент бизге өз балабыздай болуп калды. Анткени ал биздин мындай биринчи пациентибиз”, - дейт вегетативдүү абалдагы кеселди эсине келтирген дарыгерлер тобунун жетекчиси, доктор Анжела Сиригу (Angela Sirigu).

Автокырсыктан кийин моло таштай былк этпеген пациентти акыл-эсине келтирүү үчүн тентиме нервдин электр стимулациясы усулу колдонулган. Дарыгерлер мындай шыкактоо (стимуляция) усулу мээнин аң-сезимге жооп берчү бөлүгүнүн активдүүлүгүн жогорулатууга түрткү болот деп боолголошкон.

Алар тентиме нервге желке аркылуу электроддорду туташтыргандан бир айдан кийин электрдик стимуляцияны баштаган. Бул сынак алты айга созулуп, ал кезде кеселдин мээсинин абалы позитрондук-эмиссиондук томография жана электроэнцефалографиянын жардамы менен көзөмөлдөнүп турган.

Бара-бара оорукчан көздөрүн ача баштаган, бирок мелтиреп эле эч кандай реакция болгон эмес. Бирок, анын сүйүктүү ырчысы Жан-Жак Голдмандын (Jean-Jacques Goldman) музыкасын ойноп бергенде, ал көзүнөн жаш төгүп жиберген.

“Тентек нервди стимуляциялоо мээнин нейроэндокриндик системасын активдештиргендиктен, пациенттин көзүнөн жаш тоголонду. Бул эмоционалдык реакция болду”, - деди Сиригу айым.

Доктур капылеттен эле оорукчанга жүзүн жакындатканда, ал көзүн чоң ачып, коркуп кеткен. Бара бара оорукчандын көздөрү дарыгердин кыймылын кунт коюп байкай баштаган. Атүгүл “жылмайып койчу” дегенде, жүзүндө жылмаюнун белгилери пайда болгон.

Натыйжасын билбей туруп, хирургиялык операцияга баруу жеңил болбоду. Кеселдин үй-бүлөсүнүн тайсалдабай макулдук бергенине алкыш айтабыз”, - дейт илимпоз-нейролог Анжела Сиригу.

Эсептөөлөргө караганда, азыр АКШда 50 000 оорукчан вегетативдик абалда жатат жана акыл-эси минималдык абалдагы 300 миңдей пацинт бар. Бул - америкалык нейролог, доктор Николас Шиффтин (Nicholas Schiff, Weill Cornell Medicine & NewYork–Presbyterian Hospital) маалыматы.

(Булагы: https://www.newscientist.com, http://edition.cnn.com)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG