Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академиянын жаңы ректору болуп Руслан Рахимов дайындалды. Жаңы жетекчини тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 31-декабрда окуу жайдын эмгек жамаатына тааныштырды.
Ал академияны дипломатиялык кадрларды даярдоо тутумундагы негизги институт катары мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Рахимовдун кесиптик жана эл аралык тажрыйбасы окуу жайдын билим берүү жана илимий потенциалын чыңдоого өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.
Рахимов 2000-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин “Эл аралык мамилелер” адистигин бүтүргөн. 2006-жылы Франциянын Жан Мулин атындагы Лион III университетинде “Мамлекеттик башкаруу боюнча искусство” тармагында магистр болгон. Ал социалдык антропология илиминин доктору даражасын 2007-2011-жылдары Франциядагы Социалдык илимдердин тереңдетилген изилдөөлөр мектебинде алган. Ошондой эле Кыргызстанда тарых илимдеринин кандидаты илимий даражасын алган.
Рахимов 2007-жылдан тартып Борбор Азиядагы Америка университетинин “Антропология” факультетинде доцент болуп иштей баштаган. Миграция, экология жана тарыхый антропология багыттары боюнча адистешкен Кыргыз антропологиялык ассоциациясынын негиздөөчүлөрүнүн бири жана президенти. Ошондой эле Улуттук илимдер академиясында иштеп, чет өлкөлүк академиялык жана изилдөө мекемелери менен кызматташкан.
Академиянын буга чейинки ректору Акылбек Кылычев өткөн айда Кыргызстандын Ирандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси жана курамына 10 өлкө кирген, башкы кеңсеси Тегеран шаарында жайгашкан Экономикалык кызматташтык уюмундагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү болуп дайындалган. Ал аталган окуу жайды 2023-жылдан бери башкарды.
Шерине