Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:22

Шайыр маанайдагы классикалык музыка чыгармачыл ишке илхам берет. Өз салмагынан 165 эсе чоң жүк көтөргөн наношайман. Дрондор көчөт тигет. Макака "мансаптуу" маймылдын жанында толкунданып, өзүнөн өзү кашынып-тырмана баштайт.

Шайыр классикалык музыка жаңы идеяларды жаратат

Көңүлдүү классикалык музыка жаңы идеяларды жаратып, ишке чыгармачылык менен мамиле кылганга түрткү берет. Нидерландиядагы Радбод университетинин доценти Симон Риттер (Simone Ritter, at Radboud University) жана Австралиянын Сидней Технологиялык университетинин илимий кызматкери Сэм Фергюсон (Sam Ferguson, University of Technology, Sydney) мемиреген тынчтык жана түрдүү музыка кишилердин ойлонуусуна кандай таасир эткенин изилдеген соң, ушундай тыянакка келишти.

Бул изилдөөгө орточо жашы 22 курактагы 155 ыктыярчы катышкан. Алар беш топко бөлүнүп, көзөмөлдүк топ бардык тапшырманы мамыр-жумур отуруп аткарган. Калган топтогуларга ар кандай маанайдагы музыка уктурулган. Мамыр маанай үчүн француз композитору Камил Сен-Санстын “Ак куусу”, бактылуу маанай үчүн италиялык композитор Антони Вивальдинин “Жазы” ойнолгон. Кайгы-муңдуу маанайды Сэмюэль Барбердин Кылдуу оркестр үчүн адажиосу, кооптуу абалды Густав Холстун “Планеталар” сюитасынын “Марс, согуштун жарчысы” деген бөлүгү түзгөн.

Эксперименттин катышуучулары береги музыкаларды эшитип отуруп, ой жүгүртүүнүн дивергенттик жана конвергенттик тибин аныктоочу психологиялык тесттерди аткарышкан. Ой жүгүртүүнүн дивергенттик тиби жаңы идеяларды, маселен, бир эле предметти пайдалануунун мүмкүн болушунча көбүрөөк жана атаандаш жолдорун издөөгө багытталса, экинчи тип (конвергенттик ой жүгүртүү) береги ыкмалардын ичинен тапшырманы аткаруунун бир гана оптималдык жолун табууну көздөйт.

Жаңы идеяларды табуу боюнча тапшырманы салыштырмалуу ылдам темптеги жана жаркын маанайга жетелей турган ойго төндүрүүчү “шатыра-шатман” ыргактагы музыканы уккандар мыкты аткарган. Бирок конвергенттик ойлонуу боюнча тестте мындай музыканын эч бир түрү катышуучуларга олуттуу жардам кыла алган эмес.

Аалымдардын оюнча, музыка конвергенттик ойлонууда жардам бербеген себеби, андай ойлонуу толгонуп кыялданууга эмес, негизинен логикага таянат. Бул факт, илимпоздордун пикиринче, татаал маселелерди тынч жагдайда чечкен оңдуу экенин күбөлөйт.

“Бул изилдөөнүн илимге кошкон салымынан башка да практикалык мааниси бар: музыканы угуу арзан жол менен чыгармачыл иштегенге өбөлгө түзүшү ыктымал...”, - деп жазат изилдөөнүн авторлору. Алардын оюнча, көңүлдүү маанайдагы классикалык музыканы билим берүү мекемелеринде же лабораторияларда чыгармачылыкты жогорулатуу үчүн пайдалануу мүмкүн.

Кошумчалай кетчү факт. Жакында 20 миңден ашуун адам менен өткөрүлгөн сурамжылоо алардын 92%ы иштеп жатканда “кээ бир учурда” музыка угушарын айткан.

Ал натыйжа илимдеги “Моцарттын эффекти” деген теорияны да тастыктайт. Береги теорияга ылайык, классикалык музыканы угуу жымжырт абалда отурганга караганда чыгармачыл иштөөгө көбүрөөк илхам берет.

XX кылымда “Моцарттын эффектин” ургаалдуу изилдеген аалым-психолог Фрэнкис Роушердин (Francis Rauscher) мындай деп айтканы бар:

”Анын ачкычы мындай: сиз музыкадан ырахат алууңуз абзел. Сиз эгер Моцартты жек көрсөңүз, “Моцарт эффектин” сезбейсиз да. Сиз эгер Пөрл Жэмди (Pearl Jam) сүйсөңүз, анда сиз Пөрл Жэмдин эффектин сезесиз”.

(Булагы: http://www.netdoctor.co.uk, https://www.newscientist.com)

Кыпындай жаны бар, бирок өз салмагынан 165 эсе чоң жүк көтөргөн “нанобулчуң”

Мындай теңдешсиз балбанды булчуң сымал иштеген актуатор-электр кубатын механикалык кубатка айлантуучу шаймандын жаңы түрү деп атаса болот. Бул шаймандын чоңдугу 1,6 миллиграмм же кызгалдактын беш даана уругундай. Бирок ал 265 миллиграмм жүк көтөрөт же бир көтөргөндө кызылчанын 825 уругун көтөрөт. Ал өз салмагынан 165 эсе оор жүктү дем албай көтөрө бергенин айтсак, анын балбандыгы спайдермэнден ("Жөргөмүш-баатырдан") кем калышпайт.

Нанобулчуң молибдендин дисульфидинин (MoS2) жука тактачаларынын ортосуна иондорду коюу жана алып салуу аркылуу күчтүү кылынган.“Нанобулчуң чоң эмес өлчөмдөгү чыңалууну пайдаланып, өзүнөн алда канча оор жүктү көтөрүүгө жөндөмдүү экенин аныктадык. Бул электромеханикалык актуаторлорду изилдөөдөгү чоң ийгилик”, - дейт АКШнын Нью Брансвик шаарындагы Рутжерс университетинин профессору Маниш Човалла (Manish Chhowalla, Rutgers University-New).

Актуаторлор түрдүү электромеханикалык системаларда жана роботтордо колдонулат. Берегидей нанобулчуңду башкарылма катетерлерде жана учактардын жагдайга карата өзгөрүлүп турчу канатын жасоодо колдонсо болот.

Проф. Човаланын айтымында, молибдендин дисульфиди кыймылдаткычтарды майлоо үчүн колдонулчу кат-кат заттуу жана көп катмарлуу графит түрүндөгү табигый минерал. Бирок анын жука катмары бышык болгону менен катмарлардын өз ара байланышы начар. Ошон үчүн анын жука катмарын башка да жука катмарга бөлүү оңой.

Нанотактай деп аталган мындай өзгөчө жука такталар суу сыяктуу эритүүчүлөрдө үзүлбөй илээшип тура берет. Эритмени же эзиндини башка ийилчээк материал менен аралаштырганда, эритүүчү абага бууланып кетет да, нанотактайда кат-кат кылып жыйнаса болот. Аларды бул абалында электр агынын жакшы өткөрүүчү электрод же батарея ордуна пайдаланып, жука катмарындагы иондорду алып салуу жана койгонго пайдалануу мүмкүн. Иондорду коюп жана кайра алып салуу наножелени кеңейтип жана кайра тарытса, натыйжада тактанын бетинде күч пайда болот. Бул күч ийилчээк материалды кыймылга келтирет.

Рутжерс университетинин профессору Човалла жетектеген илимпоздор тобунун зак мөөнөттүк максаты - чоң буюмдарды жана нерселерди кыймылдата алчу акуаторлорду жасоо.

(Булагы:https://www.sciencedaily.com, https://www.nature.com)

Маймыл “улук” тууганынан жанында стресс болуп, кашынып-тырмана баштайт

Кишилер жана башка приматтар кыйын же коркунучтуу абалга кабылганда, ошондой эле толкундаганда, кашына баштайт.

Муну менен алар тегерегиндегилерге тынчсызданганын жана ыктымал болчу жаңжалды болтургусу келбегенин билдирет (кабарлайт).

”Тынчсыздануунун сырткы белгилери приматтар арасында өзүнө окшоштордун арасындагы баскынчыл маанайдын деңгээлин төмөндөтүүнүн бир аргасы катары өнүккөн болушу мүмкүн. Сиздин тынчсызданганыңызды минтип башкаларга билдирүүңүз ыктымал болчу чатакты болтурбай койгонго мүмкүндүк берет жана башкалардай эле өзүңүзгө да пайда”, - дейт Улуу Британиядагы Портсмут университетинин изилдөөчүсү Жейми Уайтхауз (Jamie Whitehouse, University of Portsmouth).

Киши психологиялык басым (стресс) абалында жүргөндө, башкалар анын мындай акыбалына көңүл бурат; мындай мамиле социалдык тилектештикке, демек, биримдикке түртүп, байланыштын (коммуникациянын) данакерлик куралы катары өнүккөн болушу мүмкүн.

Уайтхауз мындай теорияны сунуш кылган биринчи окумуштуу болду.

Кишилер деле өз билиминен күмөн санап жана күчүнө ишенбей турганда да кашына баштайт. Бирок окумуштуулардын айтымында, көпчүлүк кишилер тынчсыздануудан улам пайда болгон тырманууну психиканын бузулганынын жышаанасы катары билишчү.

Илимпоздор Пуэрто-Риконун жээгиндеги Кайо Сантьяго (Cayo Santiago) аралдарында 45 макаканын үйүрүнүн жүрүм-турумун изилдеп жатып, алар ар кандай социалдык жагдайда түрдүүчө кашынып-тырманганын байкашкан.

Көрсө, көбүнчө социалдык абалы бийик маймылдарга же өз ара ымаласы жок боордошторуна жакын жүргөндө, алар стресс болуп, тез-тез кашынып-тырманат экен.

Макакалар кашынып-тырманып, үйүрдүн башчысына (альфа-эркекке) же өкүмдар ургаачы маймылга алардан өздөрүнүн жалтайлап-коркконун көрсөтөт. Үйүр башчы катардагы маймыл бир нерсеге тынчсызданып тырманганын көрүп, аны менен жолугушкандан кийин жаңжалдын ырбап кетүү ыктымалдыгы 50% азайган; мындай кездешүү бейтааныш маймылдар ортосунда мушташ чыгып кетүү ыктымалдыгын бир кыйла басаңдаткан.

Мансабы пасыраак макака тырманбай турган учурда үйүр башчы анын жанына барса, жаңжал чыгуу мүмкүндүгү 75 % жогорураак болгон.

“Кашынуу социалдык стресстин жышааны болушу мүмкүн. Потенциалдуу "баскынчы" стресс абалындагы приматты көрсө, ага жаалын чыгарып, кол салбай калышы мүмкүн. Стресс кишилерди же айбандарды күтүүсүз жүрүм-турумга түртүшү же жалпы абалын начарлатып жиберүүсү мүмкүн. Бул аны баскынчы үчүн “коркунучтуу” же такыр жараксыз кылып коёт”, - деп түшүндүрдү Уайтхауз.
(Булагы: https://phys.org. https://www.sciencedaily.com

Аралыктан башкарылчу учактар күнүнө 100 000 түп көчөт тигет

Улуу Британия жапайы дарактарды отургузууда аралыктан башкарылчу учактарды - дрондорду пайдаланмакчы болууда. Мындай технологияны пайдаланып, BioCarbon Engineering компаниясынын башчысы Лорен Флетчер (Lauren Fletcher) "1 миллиард түп көчөт тигем" деп убада кылды.

Алар жаңы саамалыкты бейөкмөттүк Worldwide International Foundation (WIF) кору менен чогуу Мыянмада үстүбүздөгү айда башташууда. Буга чейин Мыянмада 750 га жерге мангыр (мангров, mangrove) дарагын тигишкен.

Алар эми дрондорду пайдаланып, ар күнү мангырдын 100 000 уругун белгиленген көнөккө атып себет. Мындай ылдамдыкта иштешсе, дагы 1 миллион түп көчөттү 10 күндө отургузуп коюшат. Ал үчүн кылдат даярдык зарыл.

Оболу дрондор токой тигилчү аймакты чалгындап, анын 3D өлчөмүндөгү картасы түзүлөт. Мындай картанын негизинде урукту себүүнүн усулу жердин рельефине ылайык иштелип чыгат.

“Биз көчөттү тигүүнү модерндештире алабыз. Ошондуктан дарактын өсүү ыктымалдыгы абдан жогору болот, - дейт BioCarbon Engineering компаниясын түзүүчүлөрдүн бири Ирина Федоренко.

- Эгерде урукту абадан чачсаңыз, ал же таштакка же сазга түшүп, өспөй калат. Биз болсо урук кыртышка түшкөнчө кылдат көзөмөлдөп турабыз”.

Дрон иштин экинчи баскычында тийиштүү дарактын уругун картада көрсөтүлгөн жерге жана кыртышка киргендей ылдамдыкта таамай атат.

Алыскы бекеттеги адис бир учурда алты дронду башкаргандыктан, бир күндө 100 000 көчөттү тигүүсү мүмкүн. - Ошон үчүн -, дейт И.Федоренко, - Токойлорду калыбына келтирүүдө дарактарды тигүү эмес, алардын өсүүсүн көзөмөлдөө жана туура багуу маанилүү.

Улуу Британиянын тажрыйбасы дрондор тиккен дарактардын уругу тикучарлардан чачылган уруктарга караганда алда канча өнүмдүү экенин, ал түгүл айрым көчөттөр колдо тигилгендей жакшы өскөнүн айгинелеген.

Мыянма - токойлор учуучу аппараттардын жардамы менен калыбына келтирилген дүйнөдөгү бирден бир өлкө. Буга дейре Worldwide International Foundation кору Мыянманын Иравдей (Irrawday River) дарыясынын куймасында 2.7 миллион түп мангыр дарагын отургузган. Ал үчүн 5 жыл кеткен.

АКШдагы Droneseed стартабы (б.а. жакында гана негизделген компания) да токой чарбасында дрондорду кеңири колдонууга дилгир болууда. Бирок ал азырынча дрондорду токойлорго дары жана гербициддерди себүү, тиешелүү майдандан маалымат чогултуу үчүн пайдаланып жүрөт.

Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциядагы маалыматка караганда, акыркы 8000 жылда жер бетиндеги токойлордун аянты 45% азайса, анын көбү XX кылымда жок кылынган.

БУУнун эсеби боюнча, жер жүзүндө жылына 13 млн гектар токой жок болот.

(Булагы: http://www.popularmechanics.com, https://www.wired.com, http://mymodernmet.com)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG