Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:13

Чыгыштын чыныгы булбулу


Батыр Закировдун желим пластинка бетиндеги сүрөтү
Батыр Закировдун желим пластинка бетиндеги сүрөтү

Апрель айында өзбек эстрадасынын негиздөөчүсү саналган Батыр Закиров 90 жашка толот. Кээ бир замандаштары "Чыгыш булбулу" деп атаган ырчы 1985-жылы 23-январда катуу оорудан көз жумган.

"Араб тангосу" менен келген даңк

Батыр Закиров ырчы катары Советтер Союзуна жана тыш өлкөлөргө Жаштардын жана студенттердин 1957-жылы Москвада болгон бүткүл дүйнөлүк фестивалында таанылат. Бул фестивалга 131 өлкөдөн 34 миң адам келген анда. Батыр Закиров фестивалда араб тилинде “Я захратан фи хаяли” деген ырды биринчи жолу аткарып чыгат. Кыргызча “Менин кыялымдын гүлү” деп аталган бул ыр Батыр Закировдун аткаруусунда мурдагы СССРде “Араб тангосу” катары белгилүү. Ырдын музыкасын жана текстин теги сириялык Египет композитору Фарид ал-Атраш (1910-1974) жазган. Фарид ал-Атраш 20 кылымдагы эң көрүнүктүү араб композиторлорунун бири.

Батыр Закиров "Араб тангосун" ырдаганда ушундай кийинип чыккан
Батыр Закиров "Араб тангосун" ырдаганда ушундай кийинип чыккан

(“Араб тангосун” белгилүү советтик ырчы-композитор Ян Френкель шөкөттөп аранжировкалаган).

Москвадагы фестиваль баана болуп, Батыр Закиров жалпы союзга дүйнө элдеринин ырларын ажайып аткарган ырчы катары чыга келгенин айтат СССР эл артисти, тажикстандык ырчы жана композитор Журабай Мурадов:

- Батыр Закиров “Араб тангосун” ырдап чыккандан кийин аны мурдагы Советтер Союзунун курамындагы бардык 15 республика бийик деңгээлде кабыл алды. “Намангандын алмасы” шлягерге айланып, аны элдин баары, советтик адамдар ырдап калышты. Себеби Батыр Закировдордун мууну эстраданын биринчи чабалекейлери болушкан. Батыр аке Борбор Азияда биринчи чабалекей болгон. Тажикстанда Лайло Шарипова, Орифшо Арипов жана “Гүлшан” ансамбли ажайып эле. Аларды да 15 республикада тең эл сүйүп кабыл алган. Себеби аларда улуттук жүзү бар болчу.

Жалгыз өпкөлүү булбул

Батыр Закиров теңир берген талантын бөпөлөп өстүрүп, торгойдой көктө тынбай шаңшып турганда эски илдети буттан чалат. (Батыр Закиров консерваторияда вокалдык бөлүмдө окуп жүргөндө доктурлар кургак учук таап, ырчыга окууну токтоттурушкан). 1963-жылы хирургдар булбулдун бир өпкөсүн алып салып, кеми эки жыл ырдаганга тыйуу салышат. Мээнеткеч ырчы жөн отурбай Антуан де Сент-Экзюперинин “Кичинекей принц” повестин жана башка чыгармаларды өзбекчеге которуп, радио инсценировка жасайт. Өзү анда Баобаба, Түлкү жана Жайчынын ролун, актриса аялы канзаданы ойнойт. Роль демекчи, таланттуу адам көп жагынан таланттуу болуп жаралат бейм. Батыр Закиров түрдүү фильмдерге тартылат. Алардын эң белгилүүлөрү Ибн Сино менен Рабиндранат Тагордун ролу.Тынымы жок талант сүрөт да тартат. Ыр, аңгеме жазат. Арийне, Батыр Закировдун көп кырдуу таланты тууралуу кеп кылганда, ырчынын үй-бүлөсү жөнүндө айтпай коюу мүмкүн эмес дейт Тажикстандын Эл ырчысы Журабай Мурадов:

Батыр Закиров (солдо) бир тууган иниси Фарух Закиров менен.
Батыр Закиров (солдо) бир тууган иниси Фарух Закиров менен.

- Батыр Закиров десе биздин көз алдыбызга бир чоң үй-бүлө пайда болот. Атасы Карим Закиров, апасы Шоитса Саидова баштап, Фарух аке, Луиза эже жана башка Закировдор көз алдыңа тартылат. Баарын кошуп эсептесе, бул таланттуу үй-бүлө эл үчүн 180 жыл кызмат кылган. Баатыр аке –өзбек эстрадасынын негиздөөчүсү. Ал тажик, иран, араб, хинди, орус, француз тилдеринде да ырдаган. Өкүнүчтүүсү, Батыр аке арабыздан өтө эрте кетти. Батыр аке ырчы, художник жана асылзат адам эле. Ал кыска өмүр сүрдү. Бирок ага карабай кээ бир адамдар 100 жыл жашаса да аткарбаган иштерди бүткөрдү. Эгер дүйнөдө бир өзбек бар болсо, Батыр аке да аны менен бар болот.

Үнү талыбас булбул
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:48 0:00

Баса, бир жылдай илгери Орусиянын “Голос” долбооруна чыгып, музыка сүйүүчүлөргө “жарк этип жанган” Наргиза Закирова Батыр Закировдун бир тууган жээни, карындашы Луизанын кызы.

Батыр Закиров 1936-жылы 26-апрелде Москвада төрөлгөн. Атасы болочок Өзбек эл артисти Карим Закиров жана апасы Шоиста Саидова ал кезде Москва консерваториясында окуп жатышкан. Өлкөдө белгилүү артист-жубайлар беш уул жана бир кызды чоңойтушкан. Алардын экөө республиканын эл артисти жана экөө эмгек сиңирген артисттер.

Булбулдардын Париждеги концерти

1966-жылы Батыр Закировдун керемет авазы Париждин атактуу“Олимпия” концерттик залында жаңырат. “Чыгыш булбулу” өзбек композитору Икрам Акбаровдун “Жарым кел” деген ырын француз тилинде аткарат. Эртеси Париждин гезиттери СССРде “өздөрүнүн орус Шарль Азнауру бар экен” деп жазышат. (Теги армян Шарль Азнаур франциялык атактуу ырчы-шансонье, композитор). Ошондо париждиктер алдында болочок СССР эл артисттери Муслим Магомаев, Николай Сличенко жана башкалар да ырдашкан. Ырчынын карындашы Луиза Закирова Н. Сличенконун айтканына ишенип, француз күйөрмандары Муслим Магомаевге биринчилик беришип, “Олимпиядагы “концерттин көркүн Магомаев ачат деп ойлогон. Бирок күйөрмандардын көңүлү Батыр Закировго түшөт. Муслим Магомаев автобиографиялык китебинде концерт чоң аншлаг менен өткөнүн, атактуу чех ырчысы Карел Гот менен таанышканын жазып, Батыр Закировду эстеген да эмес. Анткен менен Муслим Магомаев кийин эчен ирет Парижде, анын ичинде “Олимпия” залында концерт берген.

Батыр Закиров советтик эстрада дүйнөсүнүн сүймөнчүгү болуп жүргөн ошол жылдардагы улуттук эстраданын абалы жөнүндө СССР Эл артиси Журабай Мурадов мындай деп эскерди:

- Ал кезде бирдиктүү совет өлкөсүндө жашачубуз. Ар бир республикада эстрада ири арыштар менен алдыга жылган. Эстрадалык музыкада сөзсүз улуттук колорит бар болчу. Батыр Закиров кайсы тилде ырдабасын, ошол улуттун колоритин сактаган. Азыркы жаңы муундун катарында өтө мыктылары бар. Бирок музыкасы, аткаруу стили бир аз европалашып же америкалашып кеткен. Анткен менен биздин каныбызда улуттук музыка жүгүрүп турат деп ойлойм. Ошон үчүн эстрадалык музыка улуттук колоритке кайрылат. Ал үчүн убакыт керек.

Ташкен мюзик-холунун башында

Батыр Закировго атак-даңк эрте келип, 31 жашында Эл артисти болот. Мындай адамга Өзбекстанда түгүл бүткүл СССРде тоскоолдуктар жок болууга тийиш деп ойлосоңуз жаңыласыз. Бир ирет Өзбек ТВсында тартылган Жаңы жылдык программаны кабыл алган ТВнын жетекчилеринин бири Батыр Закиров аткарган жаңы ырды кесип салып, ордуна эски ырды макулдашпай чаптатып салат.

Батыр Закировдун мүрзөсүндөгү эстелик. Ташкендин Чагатай көрүстөнү.
Батыр Закировдун мүрзөсүндөгү эстелик. Ташкендин Чагатай көрүстөнү.

Батыр Закиров Ташкен мюзик-холунун уюштуруучусу да болгон. Жаңы театр үчүн белгилүү режиссер Марк Захаров жана Анатолий Ширвиндт “Путешествие Синдбада Морехода” деген мюзиклди жазышат. Чыгыш базарындагы керемет жашоону жана Ташкендеги үйлөнүү тоюн көрсөткөн бул мюзиклды Санкт- Петербург-Ленинградда окуп жүргөндө ырахаттана көргөм. Тойдун коногу катары мюзиклга Ирина Понаровская жана “Поющие гитары” вокалдык-инструменталдык ансамбль катышкан. Өкүнүчтүүсү, мюзикл Москва, Ленингард жана башка шаарларда чоң аншлаг менен өтүп жатканына карабай, коллектив 1979-жылы таркатылат. Ташкен мюзик-холу СССРде Москва, Ленинград жана Киев мюзик-холунан кийин түзүлгөн төртүнчү коллектив, бирок Чыгыштагы биринчи мюзик-хол эле. Андан алты жылдан кийин 1985-жылы 23-январда Батыр Закиров 49 жашында көз жумат. Доктурлар боордун циррозу өтүшүп кеткен деп диагноз коюшат.

Ырдын баа жеткис кубаты

Батыр Закиров дүйнө көчкөнүнөн бери 40 жыл жакындады. Бирок анын ырлары дале музыка ышкыбоздорунун көкүрөгүндө өчпөй сакталганын Батыр Закировдун туулган күнүнө байланыштуу интернет-талкууга чыккан мына бу каттар күбөлөйт. “Мен Закировдун пластинкасын сатып алган кезде 13-15 жаштарда элем. Анан дагы башка пластинкаларын сатып алдым. Батыр Закировдун пластинкасын издеп Барнаулдун бардык дүкөндөрүнө барчумун жана сак турчумун. Ал үчүн Чыгышты Бухара, Самарканддан тартып, Каирге чейин сүйүп калдым. Бул региондун маданиятын, музыкасын, акындарын жана байыркы окумуштууларына кызыгым артты. Азыр интернетте Батыр Закировдун ырын таптым. Кыркы жылдан кийин да таасири мурдагыдай эле. Тунук, кубулжуган керемет үн”, - деп жазат Виктор деген музыка ышкыбозу Германиядан.

Ал эми Раиса Самсонова деген волгограддык аял: “Эл Батыр Закировду унуткан жок жана кылымдар бою сүйөт”, деп жазат. Санк-Петербургдан Ирина Карепина болсо: “Россиянын жаңылыш унутулган добушу! Анын ырлары жана музыкалык фильмдери бала чагымдан бери жадымда. Телеканалдар ал жөнүндө узактан бери үн катышпайт”, - дейт.

Булбул эмнеге муңайымдуу сайрайт?

Ал эми Өзбек эл артисти, азыр Австрияда жашаган Хасан Базоровдун оюнча, Батыр Закировдой ырчы эки-үч кылымда бир жаралышы мүмкүн.

Батыр Закиров "Оттуу жылдар" көркөм фильминде Рабиндранат Тагордун ролунда.
Батыр Закиров "Оттуу жылдар" көркөм фильминде Рабиндранат Тагордун ролунда.

- Батыр Закиров –өзбек музыкасы жана киносунун легендасы. Батыровдордун үй-бүлөсү, бир тууган Батыровдор өзбек музыкасынын легендасы. Батыр Закировдой ырчы жана адам турмушта 200-300 жылда бир жаралса керек. Анын ысмы эч качан өлбөйт жана унутулбайт. Мен Батыр Закировду тирүү көрүп калганыма бактылуумун. Ал кезде Батыр Закировдун добушу күнүнө Ташкенден да Москвадан да жаңырып турчу. Өзбек кыздар жана аялдар Батыр Закировду жаны калбай сүйүшчү. Анткени ал кермет ырчы гана болбостон, аябай асылзат жана жылдыздуу адам эле. Анын ырларын укканда тулку боюң толкуп, жүрөгүң менен угасың. Денең дүркүрөп Мекениңе болгон сагынычың күчөйт.

Мен өзүм Батыр Закировдун ырларын укканда эмнегедир дайыма трагедиялуу нотаны сезем. Жана кулагымда байыркы орто азиялыктардын ашыглык ырларынын ыргагы же сарбандардын муңайымдуу обонунун кайрыгын уккандай болом. Бул оюмду Журабай Мурадовго айтканымда, алдагыдай ыргак- Батыр Закировдун сүйүүсүнүн күчү деп түшүндүрдү.

- Билесизби, урматтуум! Батыр Закиров да Тажикстанды жана тажик лирикасын сүйгөн. Тажикче сонун ырдаган. Ал ар бир ырды жан дилинен ырдаган. Анын үнүндөгү муңайымдуулук ошол сүйүүсүнүн күчү. Адамдын дилинде сүйүү болсо, аткарган ишинин баары жакшы болот. Эгер чын дилинен сүйбөсө, эч нерсе болбойт. А Батыр Закировдо мунун баары бар эле.

*"Жарты өпкөлүү булбул" музыкалык берүүсүндө Батыр Закиров аткарган "Араб тангосу", "Хабиба", "Ашык болдум" (Мафтун бўлдим), "Кумурачан кыз"(Девушка с кувшином), "Сенин эки көзүң" (Два синих ока) деген ырлары колдонулду.

XS
SM
MD
LG