Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:06

“Эне жөнүндө баллада” жетим калды


Эрмек Мойдунов (Сүрөт Леди KG сайтынан алынды)
Эрмек Мойдунов (Сүрөт Леди KG сайтынан алынды)

Эл артисти, тенор үндүү ырчы Эрмек Мойдунов 17-сентябрда жүрөгү токтоп каза болду. Быйыл 70 жашка толгон ырчыны акыркы сапарга узатуу зыйнаты Улуттук филармонияда өтүп, сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

Ырчынын замандашы, Кыргыз эл артисти Улукмырза Полотов Эрмек Мойдунов Аксуубай Атабаевдин “Эне жөнүндө баллада” аттуу ырын ийине жеткире аткаруу менен ырчылык өнөрдүн туу чокусуна жеткенин белгилейт:

- Менимче Мойдунов “Эне жөнүндө баллада” аттуу ырда өзүнүн бүтүндөй чыгармачылык дараметин көрсөткөн. Бул ырды канчалаган ырчылар ырдап көрүштү. Бирок Эрмек ырдаган деңгээлге жеткиргендер чыга элек. Ошондуктан Эрмек Мойдунов кыргыз искусствосуна өзүнүн кайталангыс салымын кошту деп айта алам. Эрмек дегенде “Эне жөнүндө балладаны”, “Эне жөнүндө балладаны” айтканда Эрмекти түшүнөбүз.

please wait

No media source currently available

0:00 0:02:20 0:00
Түз линк

Мойдуновду тааныткан ыр кантип жаралганына күбө болгонун, ошол жылдары ырдын авторлору менен студенттик жатаканада чогуу жашаганын Улукмырза Полотов эскерди:

- Эрмек менен мен Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдан бери тааныш элем. Аксуубай Атабаев, Эрмек Мойдунов, мен болуп үчөөбүз жатакананын алтынчы бөлмөсүндө жашачубуз. Эмгектин арты менен экөө тең чыгаан таланттар болду. Көрсө чыгармачыл кишилер көзү өткөндөн кийин гана бааланат экен да.

Эрмек Мойдунов менен 31 жылдан бери кошуна жашаган, Республикага эмгек сиңирген артист Алтынбек Сапаралиев беш жашынан томолой жетим калып, башында Куршабдагы, кийин Токмоктогу жетим балдар үйүндө өскөн ырчы эне темасындагы чыгармага жан дүйнөсү менен төшөлүп, берилип аткарганын белгилейт:

- Кийин сүйлөшүп отурганда: “Алтыке, энелик мээримди түшүнбөй, көрбөй калдым, бирок “Эне жөнүндөгү балладаны” ырдаганда, аны алымдын жетишинче элге жеткирейин деп ойлодум”,-деп көп айтып калар эле. Өзү дайым эле “Мен эми тоголок жетиммин”,- деп айтып, анысын тамашага да айлантып ийчү. Мындан улам филармониядагы бир топ аксакалдар Эрмекке кээде тамашалап: “Эй, жетим!” - деп кайрылып калышар эле.

Маркум көзү тирүүсүндө “Азаттык” радиосуна маек берип жатып “Эне жөнүндө баллада” ага ырчылык өнөргө ак жол ачып бергенин айткан:

- Мен беш жашымдан балдар үйүндө чоңойгондуктан кыргызчаны жакшы билчү эмесмин. Ошол кезде Аксуубай Атабаев “Эне жөнүндө баллада” деген обон жазган экен. Сөзү жазуучу Сагындык Өмүрбаевдики. Кудайдын буйругу менен биз бул ырды 1967-жылы декабрь айында жаздырганбыз. Азыр Логвиненко көчөсүндө кинонун чоңдору отурат го, ошол радио болгон. Бул ыр ошол жерде лентага түшкөн. Музыканы 16-17 жашта болсо керек, азыркы Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын директору Тенти Мураталиев ойноп берген. Кыскасы ушул ыр мага мага биринчи болуп ырчылыктын паспортун берген.

“Тамашакөй эле”

Кыргыз эл артисти, ырчы Анарбек Ибраев Эрмек Мойдунов тунук тенор үнү менен элдик ырлардан тартып, кыргыздын залкар обончуларынын, композиторлорунун ырларына, романстарына өлбөс өмүр улаганын эскерди:

- 1960-жылдардын аяк жагында Эрмек агай ырдаган ырларынын баары азыркыча айтканда хит болуп турган. Бул уникалдуу тенор. Классикалык вокалдан билим алып туруп, ошол мүмкүнчүлүгү менен кыргыз ырларын өзүнүн нугуна салып ырдаган биринчи ырчы деп айтсак болот. Ошол эле учурда кыргыз эстрадасынын жаралышына да чоң салым кошкон. Чоро Кожомжаров түзгөн ансамблде Калый Молдобасанов, Насыр Давлесов сыяктуу чоң композиторлордун классикалык ырларын аткарып чыккан.

Анарбек Ибраев кезинде маркумдун “Сары-Челек”, “Күйдүм чок”, "Сары-Ой" сыяктуу бир нече ырлары угармандардын жүрөгүнөн оорун таап турганын, азыр да эфирден түшпөй ырдалып келатканын кошумчалады.

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Райимжан Курбанов угарман катары Эрмек Мойдуновдун ырдоо ыкмасы башкалардан өзгөчө экенин кеп салды:

- Жөн эле ырдабастан жан дилин берип, энергиясын чачып, аны менен элди өзүнө тартып алган таланттуу ырчы эле. Биз чынында Эрмек аганы аябай жакшы көрчү элек. Мен ал киши менен ага-ини катары да ээрчишип жүрүп калдым. Эл бул кишини дайыма ырдап берсе экен деп турушар эле. Өзү кичинекейинде көптөгөн кыйынчылыктарды көргөн экен. "Жетим жетилет" дегендей кийин өз эмгегинен баар таап, эл сүйгөн эл артисти болду. Мыкты сүйүктүү жар, мыкты ата болду. Баарына бирдей мамиле жасаган, улуу, кичүүнү ылайыгы менен тамашалай билген киши эле.

Замандаштары Эрмек Мойдуновдун тамашакөйлүгүн көп эскеришти. Ырчы Алтынбек Сапаралиев кесиптешинин куйкум сөз тапканга уста болгонун сөз кылды:

- Өзү тойдо болобу, же төрт-беш киши чогулуп туруп калабызбы алардын көңүлүн жай кылайын дейби, бир кызыктуу окуяларды айтып берип, өзү ага чын дилинен каткырып, аны көрүп биз да каткырып күлчү элек. Иши кылып бутуна турганча өмүрү татаал болгону менен кийинки турмушу жакшы болду. Жакшынакай аял алды. Мыкты уулдары бар. Эс алууга чыккандан бери ары-бери барып, короодо чогуу басып жүрчү элек.

please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00
Түз линк

Эрмек Мойдунов 1944-жылы Ош облусуна караштуу Жапалак айылында туулган. Орто мектепти аяктагандан кийин Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун ырчылык классын аяктаган. 1968-жылдан 1999-жылга чейин Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын туңгуч эстрада ансамблинде, Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринде иштеген.

Таанымал талант 17-сентябрда 70 жашында кечке жуук жүрөгү токтоп каза болду. Сөөгү 19-сентябрда Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG