Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:55

Момбеков: Таза аба, таза суусуз "Таза коомдун" эмне кереги бар?


Бишкекти чулгаган кара түтүн.
Бишкекти чулгаган кара түтүн.

КСДПнын парламенттеги депутаты Рыскелди Момбеков абанын булганышын токтотуш үчүн автоунааларга техникалык кароону тез арада киргизүүнү сунуш кылды. Ал 18-январда парламентте сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстандагы автоунаалардын сапаты начар экенин белгилеп, өкмөттөн техникалык кароону калыбына келтирүүнү талап кылды:

- "Бюджетте акча жок" дейсиңер. Мына акча. Бизде жутканга таза аба, ичкенге таза суу жок болсо, "Таза коомдун" эмне кереги бар? "А" тамгасы түшүп калып эле "таз коом" болуп калат анда. Биз тез арада бул маселени чечишибиз керек.

Кыргызстанда 2012-жылдан тартып автоунааларды милдеттүү түрдө техникалык көзөмөлдөн өткөрүү талабы жокко чыгарылган. Жыл жаңыргандан бери Бишкек шаарындагы абанын булганышы көп талкуу жаратууда. Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясы борбор шаардагы автоунаалардын көпчүлүгү атмосферага зыяндуу калдыктарды нормадан ашык бөлөөрүн маалымдаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG