Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:44

Кыргызстан Түркияга эт сата алабы?


Түркия.
Түркия.

Түркияда эт өндүргөн жергиликтүү фермерлер мал чарбачылыгы күн санап кирешесиз тармак болуп баратканын белгилешүүдө. Өкмөт элин арзан баада эт менен камсыз кылыш үчүн 2010-жылдан бери өлкөгө эт азыктарын импорттой баштаган.

11-январда кыргызстандык өкүлдөр Түркияга эт экспорттоо боюнча келишимге кол коюп кетишти.

Түркиянын калкы сексен миллионго чукул. Өлкөдө орточо эсеп менен жылына бир киши 30 килограммдай эт жейт. Түрк ашканасы болсо эттүү тамак-ашка бай.

11-январда өкмөттүн Нарындагы өкүлү Аманбай Кайыпов Түркиянын Анкара жана Кастамону шаарларына иш сапары менен барып, бийлик өкүлдөрү, ишкерлер менен экономикалык-социалдык багытта кызматташуу тууралуу сүйлөшүп кетти.

Түркия тарап көмүрдү брикеттөө, этти кайра иштетүү комбинаттарын, кымызды экспорттоо жана жүндү кайра иштетүү ишканаларын ачууга кызыкчылыгы бар экенин билдирип, эки тараптуу макулдашууларга кол коюлган.

- Биз Түркияга экологиялык жактан эң таза Нарындын этин экспорттогонго мүмкүнчүлүгүбүз бар, - деди Кайыпов.

Аманбай Кайыпов Түркиядагы иш сапарында.
Аманбай Кайыпов Түркиядагы иш сапарында.

Бирок Түркиянын Айыл чарба министрлигинин эт импорттобой турган аймактарынын катарында Кыргызстандын Чүй жана Баткен облустары бар. Министрликтин сайтында бул эки аймак 2007-жылдан бери күйдүргү, шарп ылаңынан улам «кара тизмеде» турганы белгилүү болду.

Кыргызстан менен Түркиянын ортосу беш миң чакырым. Демек Кыргызстандан экспорттолгон этти Түркияга ташып жеткиргиче баасы бир топ көтөрүлөт.

Түркиядагы Эл аралык жүк ташуучулар коомунун жетекчиси Эмре Элденер дүйнөлүк тажрыйбада эт ташуунун ар түрдүү ыкмаларына токтолду:

- Негизинен Кыргызстандан Түркияга этти муздаткычы бар оор унаалар менен алып келсе болот. Бул ыкма эң арзаны. Анткени Стамбулдан Бишкекке жүк ташуу өтө кымбат. Кайра Стамбулга арзан алып келет. Бирок эт үчүн атайын тоңдургучу бар оор унаалар керек. Андай жабдылган унаалар болсо аз жана кымбат. Албетте, Сербия жакын болгондуктан, ал жактан импорттолгон эттин баасы Кыргызстандан келе турган баадан кыйла арзан. Мисалы Аргентинадан тоңдурулган эт ташыйбыз. Ал эт тоңдурулуп, кеме менен келгендиктен өтө ыңгайлуу жана арзанга түшөт. Эгер Кыргызстандан таза, органикалык эт келип калса, түрк кардарлар сүйүнүп эле жейт болуш керек.

Түркиянын эт өндүрүшү жана эт азыктарын импорттоо боюнча көзөмөлдү Айыл чарба министрлигине караштуу Эт жана сүт мекемеси жүргүзөт. Импорттоло турган эттин баасын да, өлкөдөгү эт дүкөндөрдө сатыла турган чекене бааны да ушул мекеме аныктайт.

Түркиядагы эт дүкөнү.
Түркиядагы эт дүкөнү.

Мекеменин интернет баракчасында, 2018-жылы уйдун бир килограмм эти 13 доллардан сатылат деп бекитилген. Ал эми уйдун этинин дүң баасы килограммына 6,5 доллардан алат.

Түрк статистика институтунун 2017-жылдагы маалыматына ылайык, өлкө калкы былтыр 1,3 млн тонна эт жеген. Сексен миллион калкы бар Түркиянын фермерлери өндүргөн бодо малдын эти жергиликтүү базарды толтура албайт. Андыктан Түркия 2010-жылдан бери бодо малдын этин импорттойт.

Түркиянын Айыл чарба министрлиги 2017-жылы 66 миң тонна эт импорттосо, 2018-жылдын биринчи беш айында эле 51 миң тонна эт ташып келүүнү пландаштырган. Түркия негизинен Европа менен Бразилиядан уйдун этин дүңүнөн импорттойт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG