Линктер

жума, 20-июль, 2018 Бишкек убактысы 14:57

Түркияда жалпысынан 183 университетте үч миңге жакын чет өлкөлүк агартуучу эмгектенет. Алардын арасында кыргызстандык 46 улук окутуучу түрк жогорку окуу жайларында сабак берет. Илимдин эки профессору, беш доцент жана ондогон илимий кызматкерлер гуманитардык, инженердик жана медициналык факультеттердин мугалимдик курамын түзүүгө көмөк көрсөтүп келишет.

Мирбек Турдуев Түркиянын баш калаасы Анкарада эмгектенип келатканына он жылдан ашты. Ал жогорку билимин Кыргыз техникалык университетинде алгандан кийин магистратурасын Анкарадагы TOBB ETÜ университетинде улантып, доктордук наамын да ошол жактан алган. Учурда TED университетинде электрондук инженерия факультетинде нанотехнологиядан сабак берет.

Ондогон чет өлкөлүк илимий конференцияларга катышып тажрыйба топтогон Мирбек өзү иштеген жамаатта бардыгы үчүн бирдей иштөө шарты бар экенин айтты.

- Чет өлкөлүк же түрк мугалим болобу, эч айырмасы жок. Жеңилдик деле жок. Илимий даражаларга көтөрүлүүдө да бирдей сынактарга, сабактарга катышабыз.

Доцент Мирбек Турдуев. Анкара, Түркия.
Доцент Мирбек Турдуев. Анкара, Түркия.

Түркиянын билим берүү системасында жогорку окуу жайларда мугалимдер ар бир адемиялык баскычка көтөрүлгөн сайын оор сынактардан өтүшү зарыл. Жаңы баштаган илимий ассистент доценттик наам алганга чейин бир канча сынактардан өтүп упай топтойт. Ал эми президент Режеп Тайып Эрдогандын жарлыгы менен 2018-жылдан баштап дал ушул доценттик сынакка жеңилдетүүлөр киргизилди.

TED университетинин улук окутуучусу Мирбек Турдуев былтыр доценттик сынакка кирип, эми илимий даражасын күтүп жатканына токтолду.

- Мен экзамендеримди тапшырып, доценттик даражамды алам деп күтүп жатам. Мурун бул жараян эки баскычтан турчу. Биринчисинде жазган макалаларга, илимий иштериңе карашчу. Анан профессордук жюри топтолуп оозеки сынак кылчу. Азыр эми жөнөкөйлөтүп бир эле баскыч менен илимий даража бериле турган болуп калды.

Доцент Мирбек Турдуев студенттер менен. Анкара, Түркия.
Доцент Мирбек Турдуев студенттер менен. Анкара, Түркия.

Бирок он жылдан ашык убакыттан бери ондогон илимий долбоорлорго жетекчилик кылган Мирбек Турдуев билим берүү системасындагы бул жаңы эрежеге каршы ойдо экенин билдирди.

- Доценттик наамдын аброю төмөндөп кетти деп ойлойм. Анткени эптеп-септеп макала жазып упай топтогондор деле доцент боло алат да. Андан тышкары англис тили сынагынан өтө турган баллды да төмөндөтүп коюшту. Бул нерсе билими тайыз мугалимдер деле доцент боло алат дегенди түшүндүрүп жатат.

Түркияда жашап, эмгектенип жаткан мугалимдердин дээрлик көпчүлүгү өздөрүнүн илимий изилдөөлөрүн, практикалык иштерин Кыргызстанга тиешелүү кылып, өз мекениндеги өнүгүүгө өбөлгө болсун деп аракет кылышат. Алар негизинен гуманитардык жана теология факультеттеринде иштешкени менен консерватория, медицина, инженерия факультеттеринде дагы эмгеги сиңген мугалимдер кездешет.

Кудрет Артыкбаев беш жылдан ашык убакыттан бери Түркиянын Кастамону университетинде теология факультетинде доценттин милдетин аткаруучу болуп эмгектенет. Ал факультетте дин социологиясы жана араб тили сабактарынан дарс окуйт. Жаш агартуучу Түркиянын билим берүү системасында чет өлкөлүк адистерди жогорку окуу жайларга алуунун шарттарына токтолду.

- Түркияда 2010-жылдан бери ондогон университеттер ачылды. Ар бир облуста бирден жогорку окуу жайы бар десек жаңылышпайм. Ошондуктан кадр жетишсиздиги келип чыккан. Андыктан бизге окшогон чет өлкөлүк агартуучулар талапка жооп берсе, келип иштешсе болот. Талаптар кандай? Доктордук илимий даражаңыз болушу керек. Бир канча илимий журналдарда жарыяланган макалаларыңыз каралат. Анан албетте, чет тилин текшеришип, муктаждык болгон университеттерге жумушка кабыл алышат.

Кудрет Артыкбаев. Кастамону шаары, Түркия.
Кудрет Артыкбаев. Кастамону шаары, Түркия.

Кудрет Артыкбаев Кастамону шаарында келинчеги, эки баласы менен турат. Келинчеги Букатча да өзү иштеген окуу жайда мугалим. Университет алардын бардык камсыздамаларын жана балдарынын мектеп чыгымдарын каржылайт. Кудрет Артыкбаев муну менен Түркияда жаш агартуучулар чоң колдоо көрүп жатканын баса белгиледи.

- Түркияда мугалимдердин социалдык укуктары жакшы корголот. Мисалы, менин балдарымдын чыгымдары менин айлыгымдан эмес, мамлекет тарабынан каржыланат. Мен университетте иштегеним үчүн үй-бүлөмдүн бардык мүчөлөрү ооруканаларда акысыз дарыланса болот. Андан тышкары, мамлекет канча балам болсо ошончо "колдоо акчасын" да чыгарып берет. Түркияда чет өлкөлүк мугалим болсом да түрктөрдөй эле бардык укуктардан пайдалана алам.

Түркияда бардык жогорку окуу жайлар Жогорку билим берүү башкармалыгына (YÖK) карайт. Чет өлкөлүк мугалимдер дал ушул башкармалыктын мыйзамдарына ылайык жумушка алынып, билими текшерилет.

Көп жылдан бери сабак берип келген Кудрет Артыкбаевдин айтымында, айлык акы, социалдык укуктар түрк жараны менен бирдей болсо да чет өлкөлүк мугалимдердин иштөө сааты келишимге ылайык экенине токтолду.

- Биз Түркиянын жараны болбогондуктан штатка кирип иштей албайбыз. Бул жакта жумасына 10 саат сабакка кирүүгө милдеттүүсүз. Бирок ошол 10 сааттан ашык сабакка кирсем мага кошумча акы төлөнбөйт. Мен жыл сайын келишимдин негизинде контракт менен иштегеним үчүн мен 10 саат сабакка кирсем деле, 20 саат сабакка кирсем деле айлыгым ошол эле бойдон калат. Ал эми түрк жарандары, албетте, кошумча акыларын дагы ала алышат.

Кудрет быйыл майда Түркиядагы агартуучулугун жыйынтыктап, Талас университетине илимий кызматкер болуп барууга бел байлап жатыптыр. Түркияда топтогон илимий тажрыйбасын Кыргызстандын булуң-бурчундагы студенттери менен бөлүшөйүн деген тилеги бар экен.

Түркияда жалпысынан 183 университет бар. Алардын 118и мамлекеттик, ал эми 65и жеке менчик университеттер. Бул университеттерде 203 өлкөдөн келген чет өлкөлүк студенттер билим алат. Ал эми Түркиянын Миграция департaментинде 19 миңден ашык кыргызстандык катталган. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Измир, Анталия сыяктуу чоң шаарларда жашап, эмгектенишет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG