Линктер

ишемби, 23-июнь, 2018 Бишкек убактысы 20:15

Ооган Памиринен Ички Теңир-Тоонун чордону - бийик тоолуу Нарын өрөөнүнө көчүрүлгөн кыргыз айымдары эми заманбап цивилизациянын маани-мазмунун жаңыдан өздөштүрүшүүдө.

Эркектерден оолак жүргөн памирлик кыргыз кыз-келиндер тоолуу Нарында билим алып, заманбап электр техникасын өздөштүрүп, өздөрү үчүн жаңы ачылыштарды жасап жатышат. Муну менен катар алар өз эрки менен турмушка чыгууга укугу бар экенин билип, тукум улоочулук ден соолугуна кам көрүү жагынан кеп-кеңештерди да алышууда.

Биз барган чакта памирлик туугандар түшкү тамакка камынып жатышкан экен. Кыпкызыл көйнөк, кемселчен кыз-келиндер шуру-мончоктору шыңгырап, башына кийген шөкүлө-топуларына кадалган жука, жеңил жоолуктары баскан-турган сайын желпилдеп жатты.

Электр жок жашоодо чоңойгон бул кыз-келиндер Нарын жергесине келип, заманбап техниканы иштетүүнү да өздөштүрүп калыптыр. Бүгүн түшкү дасторкондо картөшкө, эт кошулган куурдак жана ысык нан болду.

Көп өтпөй эле түшкү тамактануу башталды. Төргө эркектер, балдар өтүп, этегирээк жакта жашы улуу аялдар орун алышкан. Кыз-келиндер бизден уялыштыбы же дайыма эле ушундайбы, айтор тамакка отурушкан жок.

Түшкү дасторкон.
Түшкү дасторкон.

Нарын районуна караштуу Куланак кыштагында жашап жаткан памирлик туугандардын кимисине суроо салбайлы, Кыргызстанга билим алганы келишкенин бир ооздон айтып жатышты. Айтмакчы, алар учурда эки нөөмөттө окушат экен. Түшкө чейин балдар менен кыздар окушса, түштөн кийин келиндер жана улуу муундун өкүлдөрү сабакка отурушат.

Пикир алышып жатып Памирде билим алуу жаатында кыздарга караганда эркек балдар үчүн мүмкүнчүлүк көбүрөөк экенин байкадым. Себеби ооган өкмөтү уюштурган мектептерде мугалим эркек жана башка улуттан болгондуктан ата-энелер кыздарын мектепке жиберүүдөн кооптонушат. Памирликтер кыз-келиндер эле эмес, дегеле аялзаттын бөтөн эркектер менен бир бөлмөдө отурушун уят көрүшөт.

- Ооганстанда деле мектептер бар, эркек балдар окушат. Мугалимдер “бергиле, балдар-кыздарды окутабыз” дешет. Биз да каршы эмеспиз. Окуунун эч жамандыгы жок. Ал жакта эркек мугалимдер окутушат. Ошондуктан биз кыздарды бере албайбыз. Биз "адегенде аял мугалим келсин, анан беребиз" дедик. Биз эркек мугалимге башыбызды алса да кыздарыбызды жөнөтө албайбыз. Биз эч качан ооган мектептерине кыздарыбызды бербейбиз. Азыр Нарында сабактарды эже окутуп жатат. Эгер эркек мугалим бере турган болсо биз асти кыздарды жөнөтө албайбыз. Биз эркектердин арасына кыздарыбызды коё албайбыз, - дейт Ооганстандан келген Шарапат Абдилхалык айым.

Шарапат Абдилхалык.
Шарапат Абдилхалык.

Шарапат Абдилхалык 64 жашта. Кыргызстанга ал бир уулу, эки келини жана эки небере кызы менен келген. Ал бул жакка келген бардык кыз-келиндерди көзөмөлдөп турат. Ушундан улам бир да кыз же келин ээн-эркин интервью бере алган жок. Бул памирликтердин аздектеген салты экенин түшүндүрүп, Шарапат апа бизди туура түшүнүүгө чакырды.

- Биз келдик, жакшы кабыл алдыңар. Эми бизге капа болбогула, көңүлүңөргө жакын кабыл албагыла. Биз силерден ошону гана суранабыз. Кечирип койгула.

Мен Шарапат Абдилхалыктан памирликтер кайсы оорулардан жабыркай тургандыгын, аларды кантип эмдеп, кантип алдын алышаарын билгим келди.

- Баш оорубу, бут оорубу, ич оорубу - баары Кудайдан. Эми бизде көбүнчө сууктан оорушат. Суук бизди ушундай кылды дейбиз. Дары-дармектер ооган өкмөтү тарабынан келет. Соңку жылдары Кыргызстан да дарыларды берип жатат. Бизге аларды кантип колдонуш керектигин түшүндүрүп беришет. Негизи Кудайга такия кылабыз. Оору бере турган да, дабаа бере турган да Кудай.

Шарапат апа менен пикир алышып жатып, памирлик туугандарыбызды Кыргызстандын жашоосуна кошууга кылдаттык менен аракет кылыш керек экенин жадыма түйдүм. Кыргыз бийлиги да ошону эске алгандыктан аларды Куланактагы ушул кенен-кесир имаратка жайгаштыргандыр. Бийлик аларды жергиликтүү элден азырынча обочо кармап, бири-биринен ажыратпай чогуу-чаран окутуп, үйрөтүп жатканы да ушундан болсо керек. Алардын кай жакка басып, жергиликтүү элдин кимиси баш багып жатканына 24 саат бою бир милиция кызматкери көзөмөл кылат.

Абдусалам аялы жана кызы менен.
Абдусалам аялы жана кызы менен.

Орто жаштардагы Абдусалам менен Дөөлөт Кыргызстанга эки кызы менен келген. Алардын уулу жок болгондуктан, күйөө баласын күч күйөө кылып киргизип алышат экен. Азыр алардын кызы да, болочок күйөө баласы да 12 жашта.

Дөөлөт: Кызым он экиде, 20 жашында турмуш курат. Менде уул жок болгондуктан, үйгө бала киргизип алам. Бизде баласы жоктор күч күйөө киргизип алышат. Ошондой эле бизде кайчы кудалашуу салты бар. Алышмай деп коёбуз. Кызымдын болочок күйөөсү да өзү менен тең, 12 жашта. Жашы улууларга бербейбиз. Жашына карап баш коштурабыз.

Дөөлөт кызы менен.
Дөөлөт кызы менен.

Абдусалам: Кыздарымдын келечеги деп келдик да. Кыргызстандан билим алса, доктур болобу же мугалим болобу, кайсыл ишти кылам десе өзүнүн көөнүнө коёбуз. Эми биз топоз, кой багып, мал менен алпурушуп, койчу болуп калганбыз. Кызыбыз да койчу болуп калбасын деп, ушулардын келечеги деп келдик. Эми Кыргызстан өз жерибиз, ата-бабабыз жашаган жер да. Өз өлтүрбөйт, жат жарытпайт деп келдик. Ооганстанда тынч эмес. Тилин окуп койсок кыргыз тилин жоготуп коёбузбу деп коркобуз. Эми ушу кыздарым билимдүү болуп калаар.

Памирлик туугандардын айткандарын угуп олтуруп көнүлүм жайлана түштү. Эмнеси болсо да эми Абдусалам менен Дөөлөттүн эки кызы сөзсүз билимдүү болот деген ишеним бар.

19 жаштагы Абдулвакил Турдахун уулу Ооганстандын борбору Кабул шаарында билим алган. Атасы Турдахун көзү тирүү мезгилинде Ооган парламентинде депутат болгон. Ошондо Абдулвакил эң мыкты деген мектепте билим алып калган экен. Азыр ал кыргыз тилинен башка дари, фарси жана англис тилдеринде эркин сүйлөй алат.

Памирде кыздар өз эрки менен билим алууга, турмуш курууга укугу жоктугу Абдулвакил Турдахун уулун Кабулда жашап жүргөндө ойлондура баштаган.

Абдулвакил Турдахун уулу.
Абдулвакил Турдахун уулу.

- Памирде 10-11 жыл мурда ата-энелер кыздарын 12-15 жаштан күйөөгө берип келишкен. Азыр андай эмес. Азыр он сегизге чыкмайынча турмушка узатышпайт. Бирок өздөрү каалаган балага турмушка чыга алышпайт.

Кыргызстанда жакшы экен, кыздар-балдар жактырып, сүйүшүп, сүйлөшүп анан баш кошушат экен. Ооганстандын чоң шаарларында да ошондой. Сүйүп алган жакшы да. Көрбөй туруп эле үйлөнгөн үй-бүлөлөр да бир аз начар болуп калат. Кыргызстан аябай жакшы экен. Биринчиден, тынчтык бар. Экинчиден, окуу кенен-кесир, жаштарга шарттар көп экен. Үчүнчүдөн, Кыргызстан жылуу экен.

Азырынча журтташтарга кыргыз тили, адабияты жана математика сабактары өтүлүүдө.

Соңку маалыматтарга ишенсек, Ооганстанда Улуу жана Кичи Памирдеги ондон ашуун айылда эки миңден ашуун кыргыз жашайт. Алар Ооганстандын калктуу райондорунан, шаарларынан алыс тоо койнунда, машине жете албаган айылдарды байырлап, өтө катаал шарттарда күн кечирип келишет.

Нарынга жеткирилген 30дан ашуун журтташыбыздын төртөө жүрөк кемтиги менен ооруп, он чактысы кан басымы бузулган учурлар аныкталган. Көпчүлүк аялдар өз убагында медициналык жардам ала албагандыктан төрөттөн кайтыш болуп калаары буга чейин эле айтылып келет.

Эмнеси болсо да памирлик кыргыз мекендештерибиз тегиз баары көчүп келбесе да аз-аздан билим алып, жашоо мүнөзү өзгөрсө, Кыргызстанда аларды колдогон, күткөн журту бар экенин сезишсе деп тилейли.

Айтмакчы, быйыл памирлик балдар-кыздар алгач ирет жаңы жыл майрамын тосушту. Ал гана эмес, президенттик балаты салтанатына катышып, Аяз атадан белек алышты.

Памирликтер жашап жаткан имарат - совет мезгилинде курулган кесиптик лицейдин жатаканасы. Ал толугу менен журтташтар үчүн даярдалган.

Кыргызстандын өкмөтү анын ашканасын кайра оңдоп, анча-мынча эмеректер менен толуктап, суу киргизип берген. Биринчи кабатында ашкана, кампа жана жана медициналык бөлмө уюштурулган. Экинчи кабатында жатакана, даараткана, кир жуучу, эс алуучу жана окуу бөлмөлөрү орун алган.​

Куланактагы памирлик кыргыздар жашап жаткан лицей.
Куланактагы памирлик кыргыздар жашап жаткан лицей.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    Сабыр Абдумомунов "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG