Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:21

Нарын ооган кыргыздарын шаң менен тосту


Ооган кыргыздарын тосуп алуу. 13-октябрь
Ооган кыргыздарын тосуп алуу. 13-октябрь

Ооганстандан көчүрүлүп келинген памирлик кыргыздар 13-октябрда Нарынга кечке маал барышты.

Памирлик кыргыздарды Нарында өзгөчө шаң, өнөрпоздордун ыр-күүсү менен тосуп алышты.

Беш жүздөй кишинин катышуусундагы өткөн салтанат памирлик кыргыздарды кубанычка бөлөдү. Ушул эле күнү журтташтарды медициналык кароодон өткөрүү үчүн облустук ооруканага жайгаштырылды.

Көздөн учкан Кыргызстанды көргөн памирликтердин кубанычын сөз менен айтып болбойт. Бири айлананы таң калып караса, кыздары көпчүлүктөн уялып бетин жашырып жатышты.

Памирлик Вадилхак Абубакир уулу колундагы камерага тосуп алуу салтанатын тартып да, жетине албай кубанып да жүрөт:

- Кыргызстанда бизди ушундай ысык маанайда тосуп алды деп тартып алдым. Жолду катар тартып келдим.

Нарын. 13-октябрь, 2017-жыл
Нарын. 13-октябрь, 2017-жыл

Улуу жана Кичи Памирден келгендердин көпчүлүгү жеткинчектер. Балдардын билим алышына кызыкдар экенин балдар өздөрү да, аларды коштоп келген ата-энелери да айтып жатышты. Алардын бири - Тургунбай:

- Окуйм деп аябай кубанып келдик. Кыргызстан аябай жакшы жер экен. Жакшы кабыл алып жатышат. Биринчи келдим.

Нарын. 13-октябрь, 2017-жыл
Нарын. 13-октябрь, 2017-жыл

- Аялым эки балам менен келдик. Атым Дарбыш болот. Балдарды окутабыз деп келдик да. Ушул күндү күтүп жаттык да.

- Менин атым Абдырахман Көчөр уулу. Ата-энем калды, өзүм эле келдим. Окуйм деп келдим. Жолду катар ата-энемди сагынган жокмун. Он төрт жаштамын. Памирден фарс тилинде окугам.

Памирликтерди коштоп келген вице-премьер-министр Чолпон Султанбекованын түшүндүргөнүнө караганда кыргыз өкмөтү памирлик кыргыздарды балдарына билим берүү максатында алып келди:

- Биз буларды көчүрүп келген жокпуз, балдарына билим берүү үчүн гана алып келдик. Мөөнөтү азырынча белгисиз. Окутуу боюнча Билим берүү министрлиги атайын программа иштеп чыккан. Канча мөөнөткө чейин болот азыр так айта албайм, мектепке окуган балдар он жыл окушат, чоңдоруна болсо кесиптик билим бергенге аракет кылабыз.

Ошол эле учурда бийлик өкүлдөрү жергиликтүү калкты этникалык кыргыздарды колдоп, каралашып, алардын элдин жашоосуна үйүр алып кетишине көмөк көрсөтүүгө чакырды. “Тиричилиги, жашоо ыргагы бул жерден кыйла айырмалуу болуп калган памирлик боордошторду чочутуп албай, колубуздан келишинче боорубузга тарталы”,- деди вице-премьер- министр Чолпон Султанбекова.

Памирден келген кыргыз аял. 13-октябрь, 2017-жыл
Памирден келген кыргыз аял. 13-октябрь, 2017-жыл

Расмий маалымат боюнча памирликтер алгачкы он күн медициналык кароодо болушат. Андан соң Нарын районунун Куланак айылындагы кесиптик лицейдин имаратына жайгаштырылат. Алардын саламаттыгына, тамак-ашына, коопсуздугуна толугу менен облустук бийлик көз салат. Бул тууралуу өкмөттүн Нарындагы өкүлү Аманбай Кайыпов билдирди:

- Коопсуздук чаралары бүт каралган. Бардык шарттарды түзүп берүүгө аракет кылдык. Кем кылбайбыз деп турабыз.

13-октябрда Нарынга 33 памирлик кыргыз келди. Алардын арасындагы беш үй-бүлөнүн ичинде кош бойлуу келин бар. Ал эми 17 жашка чейинки балдардын саны – он алты.

Кыргыз өкмөтүнүн делегациясы адегенде Улуу жана Кичи Памирден 50 ооган кыргызын алып келүү пландап жаткан. Визага байланыштуу толук келе алышкан жок.

Ооганстандын Кичи Памир жана Улуу Памир өрөөндөрүн байырлаган кыргыздардын саны 2003-жылы 5 миңдей болсо, азыр 1,5 миңдин тегерегинде гана калды. Медициналык тейлөөнүн жоктугу, туугандар арасында бири-бирине үйлөнгөндөр эне-баланын өлүмүнүн эң жогорку көрсөткүчүн шарттоодо.

Ооган кыргыздарынын кубанычы
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:30 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG