Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

Памир кыргыздарын сактап калуу аракети


Шаршембидеги кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“Вечерний Бишкек” гезити кыргыз өкмөтү америкалык доллар менен алынган кредиттерди сомго которуу программасын ишке киргизгенин, мамлекет доллар менен сомдун ортосундагы валюталык айырмачылыктан улам кыйынчылыкта калган үч миңдей кишиге мамлекет көмөк көрсөткөнү жатканын, доллардан кыргыз акчасына которулуучу сумманын жалпы саны 3, 1 миллиард сомду түзөрүн, муну менен мамлекет 2 миллион 864 миң карыз алгандарга жардам берилерин, бул ипотека деп доллар менен кредит алгандардын 69% түзө тургандыгын маалымдады.

Улуттук банктын өкүлү Раушан Сейткасымованын айтуусунда, жардам бардык аймактарды камтыйт жана көңүл өлкөнүн шаарларына көбүрөөк бурулат. Бул маселе боюнча ойлорун билдирген депутаттардын көбү Улуттук банктын өкүлдөрүнө кайрылып, жардам ала тургандардын тизмелерин дыкаттык менен карап чыгуу зарылдыгын, жардамды чындап эле үй-жайдан кыйналып жүргөн үй-бүлөлөргө көрсөтүү керектигин, антпесе мында дагы коррупция аралашып кетсе аягы ызы-чуу менен коштолорун эскертишти.

15 жаштагы Эрмек Турдубеков “Сенин биринчи китебиң” деп аталган орусиялык адабий клуб жарыялаган конкурстун жеңүүчүсү болгонун жаш жазуучу менен “Вечерканын” кабарчысы Анастасия Карелинанын маегинен окуйсуздар. Бишкектеги кыргыз мектебинин 9-классында окуган Эрмек Турдубеков конкурска үч аңгемесин жөнөткөн. Эки чыгармасы 32 чыгарманын ичинен 1-орунду жеңип алды. Жеңүүчүлөрдүн чыгармаларынын баары электрондук жыйнакта жарык көрмөкчү. Эрмек менен маектешкенде ал орус жазуучусу Булгаковду жакшы көрөрүн, айрыкча анын “Мастер менен Маргарита” романы, Айтматовдун бардык чыгармалары, бөтөнчө “Саманчынын жолу” менен “Делбирими”, Чехов менен Хэмингуэйдин, акындардан Есенин менен Маяковский жагарын айтып берди. Мектепти бүтөрү менен ата-энеси аны Москвадагы Горький атындагы адабий институтка окууга жибергени жатканын да кошумчалады. Жаш жазуучунун келечеги кең, жолунун ачык болушун каалай кетели.

“Вечерний Бишкек” гезити ошондой эле Москвадагы Лингвистикалык университет өзүнүн 85 жылдыгын белгилегенин, айта кетчү жагдай, аталган окуу жайда мурдагы советтик өлкөлөрдүн тил жана маданият боюнча 13 борбору иштеп жатканын, алардын бири филология илимдеринин кандидаты Жеңишгүл Байтерекова жетектеген Чыңгыз Айтматов атындагы кыргыз тили жана маданияты борбору болуп саналарын, ушул мааракеде Жеңишгүл университеттин эстелик медалы менен сыйланганын маалымдады. Москвадагы Лингвистикалык университеттин кыргыз тили борборунда кыргыз тилин окуган москвалык орус кыздар мындан бир топ жыл мурун Кыргызстандын борбору Бишкекте болуп, студенттер менен жолугушуп, “Азаттык” радиосуна келип, орус кыздар кыргыз тилинде сүйлөп, биз менен аңгемелешип кетишкенин да айта кетели.

“Жаңылыктар” гезити памирлик кыргыздарды Алайга көчүрүү боюнча алгачкы аракеттер башталганын, мамлекеттен бөлүнгөн каражаттан тышкары Бишкектеги жаш активисттерден турган “Элден-элге” коомдук уюмунун мүчөлөрү колдоо көрсөтүп, 4-февралда кайрымдуулук акциясын уюштурганы жатканын, каалоочулардан тамак-аш, кийим-кечелер алынарын, памирликтер деңиз деңгээлинен 4000 метр бийикте, өтө суук жерде жашагандыктан аларга тумак, моюн орогуч, жемпир, куртка, байпак өңдүү жылуу кийимдер болсо жакшы болорун, атайын делегация памирлик кыргыздар үчүн чогултулгандардын баарын жеткирип барарын баяндады.

Аталган гезит расмий маалымттар боюнча, Кыргызстанда көмүскө экономиканын көлөмү 40% жетерин, анын айынан жылына мамлекетке 118 миллиард сом түшпөй келатканын жазып чыкты. Ушул боюнча оюн билдирген экономист Айылчы Сарыбаев Кылмыш-жаза кодексин кайрадан карап чыгып, салыкты жашырган ишкерлерди жана ага көмөк көрсөткөн мамлекеттик кызматкерлерди оор жазага тартуу керектигин, салыктарды жөнөкөйлөтүп анын бир эле түрүн калтырууну, ашыкча текшерүүлөрдү токтотууну айтты. Салык көп чогултулган мамлекеттерде салыктын бир эле түрү бар, ал эми Кыргызстанда салыктын 10дон ашуун түрү иштейт.

“Жаңылыктардан" ошондой эле Кара-Балта шаарында кездеме чыгаруучу фабрика курулуп, ал 6 айдын ичинде ишке киргизилерин да окуйсуздар.

XS
SM
MD
LG