Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 15:13

Ош мамлекеттик университетинин профессору Макамбай Мамаюсупов беш томдон турган “Жогорку математика боюнча окума” түздү. Анын эки томун жазууга Кыргыз-түрк “Манас” университетинин окумуштуулары катышкан.

Учурда Макамбай Мамаюсупов мектеп окуучулары үчүн элементардуу математика боюнча окуулуктарды даярдап жатат.

Жогорку математиканы кыргызча сүйлөтүү аракети буга чейин болгону менен, татаал илимдин табиятын кенен ачып берген жалпылама илимий эмгек буга чейин кыргыз тилинде жасала элек болчу. Профессор так илимдерди жайылтуу максатында www.okumа.kg сайтын түзүп, ага керектүү окуу китептерин жайгаштырууда.

“Азаттык”: Макамбай ага, сиз кыргыз тилинде жогорку математикалык түшүнүктөр, эсептерди чыгарып, теоремаларды эне тилибизде келиштире жазыпсыз. Рахим Усубакуновдун кыргызча китебин эске албаганда, сизге чейин мындай ишти жасаган кишилер саналуу эле. Бул ишти кандайча баштап калдыңыз?

Математиканы кыргыздар ойлоп тапкандай, кыргыздар түшүнө тургандай деңгээлде жаздым. Математиканы башка элдердин эмес, кыргыздардын илими катары кабыл алдыргым келди.

Мамаюсупов: Ош пединститутунда окуп жүргөндө кыргызча китептер жетишпейт эле. Студенттер кыргызча китептерди издеп таба албай агайлардын лекциялары менен гана чектелишчү.

Мен бир аз орус тилин билгендиктен орусча китептерден окуп даярданчумун. Бирок ошол балдар орусча билбегени үчүн экзаменден карыз болуп, тапшыра албай калгандарын көрүп “кыргызча деле жазып койсо болбойт беле” деген күндөр болгон.

Мисалы ошол эле Рахим Усубакунов агайдын китеби тартыш болчу. Студенттер математика боюнча жакшы китептерди таап окуй албайт эле.

Кийин СССР илимдер академиясынын Сибир бөлүмүндө Новосибирскиде илимий иш жүргүзгөн кезде кыргыз математиктеринин, математик мугалимдеринин билим деңгээли орустардыкына караганда өтө төмөн экенин байкадым. Анын себеби – жетишерлик деңгээлде эне тилибизде билим албай, орус тилинде чыккан китептерге жеткиликтүү маани бербегенибиз байкалды.

Ошондуктан жаш кезимде эле математика боюнча китептер кыргыз тилинде болсо, аны эмнеге жазышпайт деп таң калчумун. Кыргыз окумуштуулары көп, атактуу математиктер бар, ошолор жазып койсо болот эле го деп ойлочумун. Анткени биз окуганда Мустафин Жавхат Сабиржанович деген агай бар эле. Ал кол менен алгебра жана сандардын теориясы боюнча китеп жазып, ошол кол китепти кезекке туруп окуйт элек. Мустафин кыргыз тилин кыргыздардан жакшы билчү. Ошол кишиге өтө суктанып, ошондой мугалим болсом, ошондой китеп жазсам дечүмүн.

Өзүмдүн атам математика мугалими болгон. 1947-жылы Мустафиндин колунда окуган. Кийин атам Бекбоевдин китептерин көрүп “Бекбоевдей китеп жазгыла” деп көп айтчу. “Элге пайдаңар тийсин” дей берчү.

Атамын сөзүн эстеп, “менин да пайдам тийчү кез келди го” деп, убакытты башкага жумшабай математика боюнча китептерди жазайын деп, жөнөкөй бөлүмүнөн баштап кандидаттык минимум тапшырганга чейинки деңгээлде беш томду жаздым. Анын эки томуна “Манас” университетинин профессорлору Абыт Асанов, Рафик Рафатов авторлош болду.

Биринчи, экинчи, үчүнчү томдорун өзүм жаздым. Математиканы кыргыздар ойлоп тапкандай, кыргыздар түшүнө тургандай деңгээлде жаздым. Математиканы башка элдердин эмес, кыргыздардын илими катары кабыл алдыргым келди. Мен илимди өзүбүздүкүндөй кабыл алып, өзүбүздүн корообуздан чыккандай сезгенде гана анын үзүрүн көрүп, жашоо-турмушубузду илимий негизге бурабыз деп түшүнөм.

“Азаттык”: Макамбай ага, математикага кызыгуу мектептен башталат. Анан мектепте математиканы түшүнүү, эсептерди чыгаруу аябай эле кыйын. Мектеп же элементардуу математика боюнча да китептер жаза баштапсыз. Буга кандайча киришип калдыңыз?

Телефондун, компьютердин түзүлүшүн, кайсы бир көпүрөнүн, имараттын курулушун 36 тамга менен түшүндүрүү мүмкүн эмес. Ошондуктан биз математиканы эсеп менен эмес, кайсы бир кесипти үйрөтө турган тил катары кабыл алышыбыз керек.

Мамаюсупов: Кыргыздар дайыма эле мал карап, жер иштетпестен, интеллектуалдык жогорку кесиптерди өздөштүрүп, каражаттарды көбүрөөк таап, бай жашаса дейм да. Ал үчүн электронду жумшаганга аракет кылыш керек. Кайсы гана илим болбосун анын сүйлөй турган тилин билүү зарыл. Бизде математиканы эсеп сабагы деп коюшат. Чындыгында бул эсеп сабагы эмес. Бул тил, ааламды тааный турган тил. 36 тамга менен кайсы бир ойду, сүйүү сезимдерин жазууга, аңгемелерди, жомокторду айтууга мүмкүн. Бирок телефондун, компьютердин түзүлүшүн, кайсы бир көпүрөнүн, имараттын курулушун 36 тамга менен түшүндүрүү мүмкүн эмес. Ал жерде жок дегенде 80% маалымат математикалык тил менен жазылган. Ошондуктан биз математиканы эсеп менен эмес, кайсы бир кесипти үйрөтө турган тил катары кабыл алышыбыз керек. Ошол кесипти үйрөнүү үчүн тилди, математикалык тилди билгенде гана толук тааный турганыбызды түшүнүүгө мезгил жетти.

Мисал үчүн энергетик болсоң электр заряддарынан баштап электр тармагындагы бардык нерсени математикалык тилде гана толук тааныйсың.

“Азаттык”: Мына сиздин китептериңиз деле чектүү санда, Ошто эле чыгып жатыптыр. Оштон башка жактарга мунун жетиши деле кыйын. Ошондуктан сиз www.okumа.kg деген жаңы сайт ачыпсыз. Ушул сайттын максаты эмне?

Мамаюсупов: Жогорку математиканы жазып бүткөндөн кийин азыр мектеп математикасын, элементардуу математиканы окуучу мугалимсиз эле ата-энеси менен биргеликте өздөштүрө тургандай кыргыз тилиндеги китептерди түзө баштадым. Азыр 5-6-класстыкы бүттү. Эми Кудай өмүр берсе, 11-класстагыларга чейин кыргыз окуучулары үчүн “шпаргалка”, кайсы убакта болсо да жанында болчу, каалаган маалда окуй бере турган китепти чыгарып коёюн деп жатам.

Албетте, китепти ар ким жаза берет. Бирок аны басып чыгарып таратуу кыйын. Мен канча китеп жазсам аны студенттерге, окуучуларга зордоп саткан жокмун. Алардан акча табайын деген деле оюм жок. Себеби жогорку математика боюнча беш томду сатсак, чыгаргандагы өздүк баасы миң сомдон жогору сатылышы керек. Же болбосо миңге жакын баада.

Ошондуктан мен жаңы технологияны пайдаланып эркин окуй турган кыргыз тилиндеги электрондук китепкана - www.okumа.kg деп сайт ачтык. Китептерди электрондук китепканага жайгаштырып атабыз. Аны акысыз эле окуса болот. Азыр айыл мектептеринде, айрыкча кыргыз тилдүү мектептерде окуу куралдары жетишпейт. Ошол окуу куралдарын жазган окумуштуу агайларыбыздын китептери да жетишпейт.

Жеке пикиримде, реформа окуучуларга жетерлик сапаттуу китептердин жоктугунан аксап атат. Анан дагы бир чектөө бар. Окуу китептерин түзгөндө аны белгилүү окумуштуулар түзөт деп ага чектөө коюп, министрлик тарабынан “мынабу гана китепти окуйт” деп коюшат.

"Ушул китептерди гана окушуңар керек" деген чектөө туура эмес. Батыш өлкөлөрүндөгүдөй “альтернативдик" окуу китептери болушу керек. Бишкектеги №61 мектепти алалы, же болбосо түрктөр менен биргелешкен мурдагы “Себат” азыркы “Сапат” мектептерин карайлы, алар таптакыр башка китептерден окушат. Бирок билим стандартын сакташат. Ал эми кыргыз мектептерде, айрыкча айыл мектептеринде башка окуу китептерди пайдаланууга тыюу салып койгон. Мүмкүн тыюу салбаса деле керек. Бирок ошол мектептин директорлору, райондук билим берүү жетекчилери, методисттер мектептерге барып “сен эмне башка китептерден окутуп атасың” деп, кандайдыр бир деңгээлде мугалимдерге кысым көрсөткөн фактылар бар.

Жеке пикиримде, кыргыз тили, тарых боюнча мамлекеттин тарыхына, тилине, саясатына, идеологиясына шарт түзгөн, болбосо ошолорду колдой турган гуманитардык сабактарды мамлекеттик программадагы белгилүү китептерди окутканы менен, табигый багыттагы химия, физика, математика, астрономия сыяктуу сабактарга министрлик жөн эле программа бериши керек. Мына бул класста мына бул минимум, бул класста мындай минимум деген. Анан ошол минимумдар боюнча кийин экзамен алуу зарыл. Ал эми мектептер каалаган китептерин окушу керек.

“Азаттык”: Сабакты жакшы окутуу үчүн мугалим да күчтүү болушу керектир?

Биздеги мектептердин көбүндө мугалимдер өзү окутуп аткан сабакты жакшы түшүнбөйт. Жогорку окуу жайда иштеген айрым кесиптештерибиз дагы эле өздөрү окуткан сабакты жакшы түшүнбөйт.

Мамаюсупов: 40 жылдык тажрыйбамдан көрдүм да. Мектепте дагы, жогорку окуу жайда дагы билимдин сапатын көтөрүү үчүн мугалим өзү окутуп аткан теманы түшүнүшү керек экен. Биздеги мектептердин көбүндө мугалимдер өзү окутуп аткан сабакты жакшы түшүнбөйт. Жогорку окуу жайда иштеген айрым кесиптештерибиз дагы эле өздөрү окуткан сабакты жакшы түшүнбөйт. Мен өзүм деле жогорку окуу жайда мугалим катары иштеген жылдарымда айрым темаларды жакшы түшүнүп-түшүнбөй эле окуткан экем. Аны мен кийин Новосибирскидеги СССР илимдер академиясынын Сибир бөлүмүндө иштеп келгенден кийин түшүндүм. Демек, окутуунун методикасы, жаңы технологиясы дейбиз , биринчи мугалим өзү окутчу темасын түшүнбөсө ал технологияны колдонгондо да сабакты жеткире албайт. Мынабу китептерди мугалимдер жок дегенде өздөрү түшүнүп алсын деп жазып атабыз. Мен ушундай ойлойм.

“Азаттык”: Математикалык ой жүгүртүү, метаматикалык түшүнүк, математикалык маданият деп коёлу, буга жетүү үчүн адамга эмне керек? Мына сиз өмүрүңүздү математикага арнадыңыз. Бул өзүнчө талант да. Мындай талант бардык адамдарга берилеби же математикага шыктуу адамдарда эле болобу?

Мамаюсупов: Математикага өзгөчө таланттын деле кереги жок. Бул өзү таануу тили. Таануу тили деле өзгөрүп бара берет экен. Ал Европага келди. Бизге жакынкы он-он беш жыл ичинде таптакыр жаңы компьютердик тил келип чыгат. Информатик же программист деген кесиптер дагы бир жыйырма жылдан кийин ар бир окуучунун же башканын күнүмдүк иши болуп калышы керек. Биз, мугалимдер, ошого чейин окутуу каражаттарын түзүп беришибиз керек.

“Азаттык”: Макамбай ага, сиздин элементардуу жана жогорку математика боюнча чыгарган эмгектериңиздин нускасы өтө эле аз...

Мамаюсупов: Аны мен эл-журт, окуучулар окусун деп чыгаргам. Аны көчүрүп алса деле болот, өзүмдүкү деп чыгарып алса деле болот. Кыскасы, окуп-үйрөнөм деген кимге болсо да пайдасы тийсе – мен ошого ыраазы болом. “Сорос-Кыргызстан” фондунун “Ачык билим берүү ресурстары” программасынын чегинде www.okumа.kg сайтын кеңейтип, ал жердеги электрондук китепканага коюлчу китептердин санын миңге жеткиребиз. Эмдиги жылдын 1-апрелине чейин “Сорос-Кыргызстан” фонду сайтты каржылайт. Сайтты башында өзүбүздүн каражатка ачканбыз. Алгач жүзгө жетпеген китепти электрондук китепканабызга койгонбуз. Мына быйыл апрелден баштап ушул күнгө чейин беш жүзгө жакын китептин электрондук вариантын койдук. Келаткан апрелге чейин анын санын миңге жеткиребиз.

“Азаттык”: Сиздин жолуңузду жолдогон кесиптештериңиз, так, гуманитардык илимдер боюнча барбы?

Мамаюсупов: Бул иштерди мен өзүм жалгыз кыла албайм. Оштогу, Жалал-Абаддагы университеттеринде бул багытта иштеген, жазган мугалимдер көп. Алардын эмгектерин ошол электрондук китепканадан көрөсүздөр. Биздин Ош мамлекеттик университетинде Агартуу академиясы деген коомдук фонд түзгөнбүз. Жакынкы жылдары ушундай иштерди жасайлы деп демилге көтөрүп жатабыз.

“Азаттык”: Макамбай ага, маегиңизге ырахмат, ишиңизде ийгиликтер көп болсун!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" интернет-редактору, журналист, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG