Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 22:58

Полимер шайман. Кишинин кимдигин таануу. "Нөлдүн" таржымакалы, ж.б. тууралуу кызыктуу маалыматтарды А.Азам уулу даярдаган "Илим дүйнөсүнөн" түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышынан окуй аласыздар (24.9.2017).

Мөөнөтү жеткенде кайып болчу полимер шайман

АКШдагы Хьюстон университетинин (University of Houston) жана Кытайдын окумуштуулары ойлоп тапкан полимерден жасалган аспап өз мөөнөтүн иштеп бүткөндө же вазийпасын аткарган соң, бөлмөнүн температурасында нымдуу абанын таасири астында жок болуп кетет. Ал полиангидриддин негизинде жасалган.

Полимер шайман суунун жана абанын молекуласы менен реакция болгондо эзилип кетчү физикалык талаа - “физикалык өзгөрүлмө электрондор” (physically transient electronics) деп аталат жана аны түзүү үчүн электрондук талааны дат (коррозия) пайда кылчу аралашмалуу сууга же биологиялык суюктукка салуу керек.

Хьюстон университетинин изилдөөчүсү Конжиянг Ю (Cunjiang Yu) билдиргендей, полимердин бузулуусу мурда жок иштөө механизмине - чөйрөнүн нымдуулугуна түздөн-түз байланышкан.

Жаңы технологияны пайдаланып, ар кандай электрондук шаймандар, аспаптар, анын ичинде транзисторлор жана электр конденсаторлору жасалган. Алардын тез бөлүнүп, жок болуп кетүүсү үчүн сыртын бир нече полимерден, анын ичинде полиангидрид жана полиэтиленгликол-диакрилаттын негизинде жасалган челдей жука зат (плёнка) менен капташкан. Аба белгилүү бир нымдуулукка жеткенде полиангидрид гидролиз болуп, полимер чел өзүнөн-өзү ойрон болот. Анан дат (коррозия) жүрүмү аспаптын металл бөлүкчөлөрүн жок кылат.

Мындай табиятка зыяны аз шайманды жана аспапты организмдин мерчемделген жерине дары жеткирүү, жаратылышка мониторинг жүргүзүү же тийиштүү маалыматты бергенден кийин жок болуп кетчү чалгынчы-робот ж.у.с. катары пайдаланса болот.

Бул сыяктуу шаймандар чектелүү гана убакыт ичинде иштөөсү үчүн полимер челдин курамын өзгөртүү жетиштүү.

Киши жүзүн өзгөртсө да, таанып койчу жасалма интеллектуалдык система

Кишини жүзүнөн таануунун технологиясы террорчуларды, кылмышкерлерди, дайынсыз жоголгон адамдарды табууда ийгиликтүү колдонулуп жүрөт. Бирок аны жөнөкөй жол менен, тактап айтканда, баш кийимдин, кара көзүлдүрүктүн, жасалма сакал-муруттун, гримдин жардамы менен алдоо мүмкүн.

Лекин андай амал-айла менен британиялык жана индиялык окумуштуулар (University of Cambridge, UK, the National Institute of Technology in Warangal, India, and the Indian Institute of Science) тобу иштеп чыккан системаны алдоо мүмкүн эмес.

Алар “иштеп чыккан технологияга тартип сактоо кызматтары аябай кызыгып жатканын, себеби аны кылмышкерлерди табуу үчүн пайдаланса болорун“ Кэмбриж университетинин инженердик факультетинин изилдөөчүсү, долбоордун жетекчиси Амаржот Сингх (Amarjot Singh) билдирди.

Окумуштуулар түрүлмө нейрон торун (тарамын) беткап кийип алган кишини жүзүнөн айрып таануу үчүн оболу көзүлдүрүк кийип, же сакал-мурут чаптап, же башына туулга кийген жүздөгөн адамдардын сүрөтүн окуй билгенге машыктырышкан.

Алгоритм бетин шарф же жоолук менен ороп алгандардын 56%, ал эми баш кийим кийип, бетин шарф менен чулгап алган кишилердин 43% сүрөтүн көрүп тааныган.

Илимпоздор ушинтип терең билүүнүн алгоритмин колдонуп, 154 кишинин ичинен бир кишинин басуу өзгөчөлүгүн билүүдө 99% тактыкка жетишкен.

Бет кап менен жүзүн толук жашырып алган кишини таануунун (disguised face identification; DFI) системасынын негизинде кишинин жүзүндөгү 14 маанилүү чекитти аныктап коюу технологиясы жатат. Алардын ичинен 10 чекит - көздүн тегерегинде, бир чекит - мурунда жана үч чекит эринде жайгашкан.

Албетте, беткапка жашырганда бул чекиттердин айрымдары көрүнбөй калат. Бирок система маанилүү чекиттерди таап алып, ага таянып, зарыл кишинин жүзүн фотосүрөттөрдүн корунан (базасынан) издейт.

Жанагы чекиттер дал келгенден кийин бепкапка жашыруудан улам жетишпеген маанилүү чекиттерди система өзү толуктап, аларды жашырып коюлган чекиттер менен салыштырып тактайт.

(Булагы: https://www.theregister.co.uk, https://qz.com)

Нөл - байыркы заманда индиялык кол жазмада эң алгач пайдаланылган

Төгөрөк символ (нөл) биринчи жолу Индияда байыркы математикалык кол жазмада колдонулган. Радио көмүртек менен нерсенин жашын аныктоо технологиясы көөнө кол жазмалар биздин заманга чейинки III–IV кылымдарга таандык экенин көрсөткөн.

Бирок, илимпоздордун жоромолдоруна караганда, нөл же жок сан тууралуу түшүнүк андан алда канча мурда пайда болгон, анткени математика Индияда узак мезгил бою оозеки түрүндө гана пайдаланылган. Бул илимий табылга "жок" деген түшүнүктү билдирчү сандын жашы мурда айтылгандан 500 жылдай улуураак экенин шарданалайт.

Кайыңдын жука кабыгына жазылган 70 беттик кол жазма 1881-жылы Батыш Индиянын (бүгүнкү Пакистандын) Бакшали кыштагында топурактын астынан табылган. Мындан улам бул эстелик "Бакшали кол жазмасы" деп аталган.

Анын барактары өтө эле морт. Мындан улам 1902-жылдан бери Оксфорд университетинин Бодлеан китепканасында сакталып жаткан бул кол жазманы колго алып иликтөө үчүн уруксат айрым илимпоздорго гана берилгени маалым.

”Бахшали кол жазмасындагы нөлдүн бүтүн сан ирети чекиттин символу болуп жаралышы математиканын тарыхындагы улуу ачылыштардын бири. Индиялык математиктер б.з.ч. III кылымда эле бүгүнкү дүйнө үчүн абдан фундаменталдуу түшүнүккө айланган идеянын уругун чачканын биз эми билип жатабыз”, - дейт Оксфорд университетинин профессору, математик Маркус дю Сотой (Marcus du Sautoy).

Илимпоздор Бахшали кол жазмасынын үч башка барагын радио көмүртектик анализ жүргүзүп, алардын эң байыркысы б.з.ч. 224–383-жылдары, ортончусу 680–779-жылдары, кийинкиси 885–993-жылдары жазылганын аныкташкан. Буга чейин индиялык аалымдар кол жазма б.з.ч. VII кылымга чейинки мезгилге таандык деп боолголошчу.

Кол жазма санскрит тилиндеги жазманын бир түрүндө жазылган. Котормочулар жөнөкөй арифметикалык мисалдар жана татаал алгебралык амалдар жазылган "Бакшали кол жазмасы" - Улуу Жибек жолу менен каттаган соодагерлер үчүн “окуу колдонмосу” болгон деп жоромолдошот.

Бул кол жазмадагы нөл бүгүн колдонуудагы нөлгө окшобойт. Ал тегерек шекилде чийилген жана өз алдынча сан эмес. Ага карабастан, илимпоздор байыркы нөл бүгүнкү биз билген нөлдүн жаралышына негиз болгон дешет.

Нөл катышкан математикалык амалдар б.з. VII кылымында индиялык залкар математик Брахмагуптанын эмгегинде эскерилет. Проф. Дю Сотой айтканга караганда, нөлдүн индиялык тексттерде пайда болуусу чөлкөмдүн философиялык салты менен байланыштуу. Себеби индиялык көөнө философиялык салтта боштук - маанилүү түшүнүк катары өзгөчө ролду аткарат.

Бул "нөл" сандык символу камтылган ондук эсептөө системасын индиялыктардан өздөштүргөн борбордук азиялык залкар илимпоз - Мухаммед ал-Хорезми (780-850) көп этностуу жалпы мусулман дүйнөсүнө жайылткан, алардан бул ачылышты өздөштүргөн европалыктар бул эсептөө системасындагы сандарды "арап сандары" деп атап калышкан. Европалык көп тилдерде колдонулган "цифра" сөзү арапча "нөл", "жок" (ас-сыфр) сөзүнөн алынган.

Чын-чынында, "нөл" камтылган ондук эсептөө системасын байыркы индиялыктар ойлоп тапкан. Эми алардын "нөлдү" ойлоп табуу мезгили б.з. кылымдарына эмес, б.з.ч. кылымдарга тиешелүү экендиги көрсөтүлүүдө.

(Булгы: https://www.theguardian.com, http://www.thehindu.com)

Рекордсмен электробус

Catalyst E2 max электр автобусу бир дүрмөттөлгөн (заряддалган) боюнча 1772.21 чакырым жол жүрдү. Бул - электр батареясы менен жүргөн автобустар үчүн абсолюттук рекорд.

Бул тууралуу электробусту жасаган АКШдагы Proterra компаниясы быйыл 19-сентябрда жарыя кылды.

Электр автобусунун узундугу 12.192 метр, ал эми батареясынын сыйымдуулугу 660 кВт/саат.

Бул Catalyst E2 max электробусунун батареясынын сыйымдуулугу Tesla Model S автомобилинин батареясына (75 кВт/саат) караганда дээрлик тогуз эсе сыйымдуу дегенди билдирет.

Proterra соңку үч жылда электробустун сапатын уламдан-улам жакшыртууда. 2015-жылы ал жасаган 257 кВт/саат сыйымдуу батареяны колдонгон электробус 415.2 км жүрсө, былтыр батареясы 440кВт/саат сыйымдуу болгон электробус 970.4 км жол жүргөн.

Tesla компаниясынын Model S P100D автобусу (100 кВт/саат) 507 км, Hyundai жасаган Elec City автобусу (256 кВт/саат) 290 км жүргөн. Бирок анын батареясын дүрмөттөөгө (заряддоого) бир саат керек.

Catalyst E2 max рекорддук маршрутта оптималдуу шартта, жүргүнчұлөрү жок, жолдо токтобой жана трассасынын бети идеалдуу жабылган полигондо жүрдү. Арийне, электробус жүргүнчүлөрдү жүктөп алып, шаар ичинде жүрсө, көрсөткүчү такыр башка болмок.

Деген менен маршруттун башында жана аягында айдоочу эс алып жатканда батареяны дүрмөттөө - автобустун каттамда кеминде дагы 1 саат көбүрөөк иштөөсүн мүмкүн кылат.

Catalyst E2 max автобусунун “алгачкы карлыгачтары” үстүбүздөгү жылдын аягында Лос-Анжелесте жүргүнчүлөрдү ташый баштайт.

Эгерде сынак ийгиликтүү болсо, анда экологияга зыяны жок мындай автокөлүктөрдү АКШнын башка шаарлары (кенттери) да сатып алышы мүмкүн.

Proterra буга чейин 400дөн ашуун электр автокөлүктөрүн АКШнын 20 штатындагы муниципалдык, университеттерге караштуу жана соода-сатыктык (коммерциялык) автоунаа компанияларына саткан.

(Булагы: https://www.proterra.com, https://www.theverge.com)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG