Линктер

жума, 17-август, 2018 Бишкек убактысы 12:08

Мадамин агайдын математикасы


Элементардуу математика боюнча кыргызча китептердин автору Мадамин Султанбаев.

Мадамин агай Сузак районундагы Исраил Карабаев атындагы орто мектепте 40 жылдан ашуун иштеп, ден соолугунун айынан пенсияга чыгып, иштемчил жаны математика, алгебра боюнча төрт маалымдама китеп түзүп, окуучуларды так илимге кызыктыруунун ыгын издеп жүргөн кези.

Билимканадагы жыйын

Өткөн аптанын соңунда “Ноокат билимканасы” республиканын түштүгүндөгү алдыңкы мугалимдерди тажрыйба бөлүштүрүүгө чакырып, сапаттуу билим берүүгө кызыккан педагогдордун майрамын уюштурду. Мадамин агай менен ошол иш-чара учурунда таанышып, мектеп окуучулары менен мугалимдерге арналган китептерин барактадым.

Эгемендик жылдары мектептерде билимдин сапаты аябай эле төмөндөп кеткени айтыла берип ашмалтайы чыккан сөзгө айланды окшойт. Бирок да республикабыздын айрым жерлеринде алдыңкы мектептер, өз ишине өзгөчө сый-урмат менен мамиле кылган педагогдор, билим берүүнүн алдыңкылары ушу таптагы жетишпестик заманда деле бир топ экен. Муну мен айтылуу “Ноокат билимканасынан” байкадым. Атпай журтка таанымал билим мекемесин көрүүгө келгендер, ал жердеги балдар кандай билим алып жатканына кызыккан адамдар деле арбын экен. Иш-чарага Ош облусундагы Кара-Кулжа районундагы “Калпак” бейөкмөт уюм жетекчиси Абабакир Адамбаев да келиптир.

Мурда атын угуп жүргөн “Ноокат билимканасындагы” маанайды өз көзү менен көргөн жарандык активист окуучулардын билим алууга ынтызарлыгына таң калганын жашырган жок.

Бир кичинекей бала мугалимдей эле түшүндүрүп атат. “Балам, сен бул жерде иштейсиңби?” десем 9-класстын окуучусу экен.

- Мен Өмүрзак менен таанышкандан кийин ушул билимкана тууралуу сүйлөп калды. "Билимкана эмне, баягы мектептеги мугалимдер, ошол эле окуучулар да" дечүмүн. 20 жылдык мааракесине чакырып калды. Анан келип ошол жерде да иш-чаралар болду, аларды көрдүк. Мени менен эки мугалим кошо келген - бири химик, экинчиси биолог. Мен да алар менен кошо кирдим. Билимкананын маанисин ошондо түшүндүм. Бир кичинекей бала мугалимдей эле түшүндүрүп атат. “Балам, сен бул жерде иштейсиңби?” десем 9-класстын окуучусу экен. Мени менен келген мугалимдер мугалимден маалымат алышы керек эле да. 9-класстын окуучусу кадимкидей маалымат берип, менин мугалимдеримдин эсин оодарган. Ушуну көрүп туруп билимканага маани бердим.

“Ноокат билимканасына” Сузак районудагы Исраил Карабаев атындагы орто мектепте кырк жылдан ашуун иштеп, учурда эс алууда жургөн тажрыйбалуу педагог Мадамин Султанбаев да келген.

Нускасы аз керектүү китеп

Устат педагог билимканага жаңы жарык көргөн элементардуу математикага тиешелүү маалыматтарды камтыган төрт китебин белекке алып келгенин чогулгандарга жарыя кылды.

-11-класска чейинки китептеримди силердин районго алып келем. Ушундай билим алган, кызыккан жерге китептерди бериш керек. Менин китептерим төрт районго аз-аздан аган таркатылды. Аз-аздан алган окуучулар пайдаланып атышат. Буюрса кийинки жылы силер да ушул китептерди пайдаланасыңар.

Мадамин агай ден соолугунун айынан мектепте иштебей калгандан кийин бекер отурбай, элементардуу математика боюнча кенен маалымдама түзүп, аларды китеп кылып чыгарыптыр. Тажрыйбалуу мугалимдин бул эмгеги Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан жактырылып, басууга уруксат берилген экен. Азырынча чоң иштин төрт китеби гана чыгып, калганы жакын арада жарык көрмөкчү. Мектепте топтолгон бай тажрыйбасын илимий-усулдук ишке оодарып, окуучулар менен мугалимдерге керектүү китеп жазып жаткан авторду кепке тарттык.

Мадамин агай китептердин жазылып калышын мындайча түшүндүрдү:

Мадамин Султанбаев.
Мадамин Султанбаев.

- Бул китептерди кандай жаздым? Мына, программа дүйнөлүк стандартка ылайыкталып түзүлүп жатат. Дүйнөлүк стандартка ылайыкталганда математика бир топ татаалдашат. Маселен, эсептер кыйындайт. Окуучулар эмес, жаш математика мугалимдери дагы ошол нерседен кыйналышты. Мисалы, мурунку кезде мен иштеп жатканда ушундай жагдай болгон. Мен анда мектепте иштейт элем, ошондо оюма келди. Ушу бир жаш мугалимдерге жардам, окуучуларга көмөк болсун деп ушул китептерди даярдадым. Бул менин көп жылдан берки эмгегимдин жыйынтыгы. Мурда даярдап жүргөмүн, жазылган. Мына ошолорду мына 7-8 жылдан бери иреттедим. Иреттеп, 5-класстан 11-класска чейинки математика боюнча маалымдаманы даярдап бүттүм. Эми Билим берүү академиясынан геометрия боюнча маалымдамаларым текшерилет. 11-класска чейинки математика, алгебра академияда бекитилди. Баары текшерилип чыгып, каралды. Азыркы учурда геометрия каралып атат. Эми геометрияны карап бүтсө, ал да чыгып балдардын колуна тиет.

“Азаттык”: Кыргызча жанылык китепти жазууда кандай кыйынчылыктарга туш келдиңиз?

Султанбаев: Албетте, математикалык терминдерде кыйынчылык болот экен. Мисалы, педагогикада “умение и навык” деген сөз бар. Муну биз кыргызчага “билгичтик жана көндүм” деп которуп жүрөбүз. Бирок “навык” деген өтө кеңири түшүнүктү камтыган сөз. “Навык” деген сөз бул акыл-ойдогу кандайдыр бир нерсени автоматтык түрдө аткарууну түшүндүрөт. Мисалы, 5Х5=25, 3Х9=27. Мына бул автоматтык түрдөгү навык, көндүм. Математикадагы көндүм өтө татаал. Ал үчүн окуучу теорема, аныктама, эреже, андан келип чыккан формула – мына ошол формула эсеп ишинде, мисалы үчүн, кантип колдонулат? Биздин окуу китептеринде мындай: эрежени айтат, теореманы берет, формуланы берет, анан аркасына узун кылып маселе, мисалдарды берип коёт. Анан ал маселе, мисалдарды чыгарууда кээде мугалимдер өзү эмне кыларын таппай калат. Мен ошондой нерселерди орусча китептерден издеп таптым. Ошондой мисалдар кантип чыгарылат? Менде ошондой маалымдамалар бар эле, карасам аларда татаал эсептерди чыгаруунун жолдору бар экен. Окуу китептери, мисалы, ошондой эсептерди бергенден кийин жок дегенде бир-эки мисалды үлгү катары чыгарып көрсөтүп коюшу керек. Менде кыйынчылык ошондой эсептерди чыгарууда болду. Бул татаал маселелер, алар маалымдамада сөзсүз берилиши керек. Ошондой татаал маселелерди чыгарууда менде чоң кыйынчылыктар болду, мен издендим. Орусча, кыргызча маалыматчыл эмгектерди издеп таап, анан ошолор боюнча чыгарып, формулаларды чыгарып, анын натыйжасында ушул китептер жаралды.

Мадамин Султанбаевдин математика боюнча китептери.
Мадамин Султанбаевдин математика боюнча китептери.

​“Азаттык”: Мадамин аке, сиз кайсы мектепте канча жыл иштедиңиз?

Султанбаев: Мен Сузак районундагы мурдагы Кыржол, азыркы Исраил Карабаев атындагы орто мектепте 40 жыл иштедим. 20 жылын директор, завуч болуп иштедим. Мен ойлоп койдум, ошол директор болуп иштегенде мен көп нерсени уттуруп ийген экемин. Мектептин түйшүгү, балдардын түйшүгү, "нары жүгүр, бери жүгүр". Сабакты болсо 12 саат эле окутасың директор адам. Анан Сузакка жыйынга кетесиң. Ошондой болуп жүрүп кыйла убакытты өткөрүпмүн, болбосо бул китептер эчак жаралып калмак экен. Мен кийин мугалим болуп иштей баштаганда ушуну жазайын деп ойлоно баштадым. 1912-жылдан кийин ооруп калдым, кант диабети, бронхит болуп мектепте иштей албай калдым. Ошондон кийин китепке отурдум, мугалим адам жазганга да көнүгүп калат экенсиң. Мурдагыларды иреттеп, жаңылап, анан ушул китепти жаздым.

“Азаттык”: Азыркы мектептин абалы, окуунун сапаты тууралуу оюңуз кандай? Сиз эми тажрыйбалуу мугалимсиз.

Султанбаев: Азыркы мезгилде шаар жеринде, анан мына биз көрүп турган “Ноокат билимканасында”, такшалган мугалимдер иштеген жерде билим эң жакшы. Ал эми айыл жерлеринде жакшы мугалимдердин көбү пенсияга чыгып кетти. Кийинки учурларда балдар мугалимдикке окубай коюшту. Кыздар деле аз окуп калды. Ошондуктан айыл жеринде өтө такшалган билимдүү мугалимдер азайды. Анын натыйжасында айыл жерлеринде билим бир аз аксап жатат. Муну тесттин жыйынтыгынан деле билсе болот. Олимпиаданын жыйынтыгынан билсе болот.

“Азаттык”: Эми алдыда кандай чыгармачылык пландарыңыз бар?

Султанбаев: Алдыда, мына геометрия боюнча 9-класска чейинкиси бүттү. Алдыда 10 – 11-класстардыкы бар. Андан кийин мектеп прграммасына “Ыктымалдуулук теориясы” деген кирген. “Ыктымалдуулук теориясын” жаңы программада 5-класстан эле берип коюптур. Мына ошого балдарга керектүү үлгүлүү бир китеп жаратсам деген тилек бар. Андан кийинки план - жогорку татаалдыктагы маселелер жана мисалдар. Мына ошолор боюнча бир китеп даярдасам, бул Олимпиадага даярдануучуларга, мектептин өзүндө эле жакшы окугандарга, тесттерге, ОРТга даярдангандарга – ушуларга абдан зарыл китеп болот.

Макамбай Мамаюсуповдун китептери.
Макамбай Мамаюсуповдун китептери.

Мектеп окуучуларына арналган элементардуу математика боюнча китептерди Ош мамлекеттик университетинин профессору Макамбай Мамаюсупов да жазууда. “Ноокат билимканасынын” демилгечиси, белгилүү математик-илимпоз Өмүрзак Мамаюсупов алдыңкы мугалимдердин ортолук иш-чарасына бир топ билим мекемелеринен өкүлдөр келгенин, ушинтип кез-кез билим берүүнүн проблемаларын ийри олтуруп түз кеңешип алуунун зарылдыгын белгиледи.

“Ноокат билимканасында” өткөн ачык сабактардын экөөнө – Кыргызстандын географиясы менен англис тили сабактарына катыштым. Тажрыйба алмашууга келген мугалимдер менен билим тармагына кызыккандардын айтуусунда, “Ноокат билимканасы” ушу тапта окуучуларды так илимдер боюнча сабактарды англис тилинде өткөрүүнүн камылгасын көрүп жатышканын белгилешти. Ансыз деле билимканадагы окуучулардын англис тил сабагындагы жигердүүлүгүн көрүп, билим мекемеси алдына койгон максатына жетерине ишенип кайттык. Ал жердеги окуучулардын сабакка катышуусуна, сабакты абдан жандуу өткөнүнө, талкууга коюлган тема боюнча окуучулардын ар бири жооп бергенине, билимкана акыйкатта да бийик атына шайкеш мекеме экенине ыраазы болбой койбойсуз.

Мечит менен мектептин ортосу

Кыргызстан эгемендиктин алгачкы оор сыноосунан өтүп, ушу тапта сапаттуу билим алуунун зарылдыгына басым коюуда. Так илимдерди жайылтууга, аны кыргыз тилинде сүйлөтүүгө куштар илимпоз Макамбай Мамаюсупов эмнеликтен түйшүгү түмөн ишке бел байлаганын “Жашоонун формуласы” деген китебинде (2011) минтип жазган:

Макамбай Мамаюсупов.
Макамбай Мамаюсупов.

“Эгемендүүлүк алган жылдардан кийин кыргыз билим берүү системасы өлкөдөгү саясий олку-солкулуктардын жана каржылык тартыштыктардын айынан кароосуз калып, эскиден калыптанган баркын жоготуп бара жатат. Сөздүн чындыгын айтканда, айыл жерлеринде мектепке караганда мечиттин жана жергиликтүү криминалдык чөйрөлөрдүн таасири көбүрөөк болуп, жаштар мугалимденби, молдодонбу же жергиликтүү “авторитеттерденби” өрнөк алышын билбей, башы адашып олтурган абалга келдик. Айрым жаштарыбыз Курани-керимдин сүрөөлөрүн ыйлап угуп, Кудайдан бакыт тилеп олтурса, кайсы бири Америка менен Батыштын айдыңдарында жеңил оокат издеп тентип, дагы бирөөлөрү кара күчүнө ишенип криминалга аралашып, турмуштан жолун табууга аракет кылып олтурушат. Албетте, жөн жаткандан аракет кылган жакшы дечи, бирок бай жана бакубат жашоонун ачкычын башкадан издебей, өзүбүздөн издешибиз керек экенин түшүнүүгө мезгил жетти”.

Айтылуу математик илимпоз кыргыз интеллигенциясы эл алдындагы атын актап, милдетин аткаруусу зарыл деп эсептейт. Жаштарга жол көрсөтчү ошондой аракеттердин бири катары математика боюнча кыргызча маалымдама, окуулуктардын чыгышын, жогорку математиканы, элементардуу математиканы эне тилибизге алып келүү аракетин айтсак жарашат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG