Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:27

Кыргызстанда мектептерде талап кылынган акча төлөмдөрүнүн айынан айрым окуучу балдар чүнчүп, басмырланган учурлар бар.

Кыргызстандын ички дүң өнүмүнүн 27 пайызы билим берүү тармагына жумшалат деп жарыяланганы менен мектептер муктаждыгы үчүн ата-энелерден акча чогултууга мажбур. Ошондуктан бюджеттен бөлүнгөн каражатты натыйжалуу пайдалануу көйгөйү белгиленди.

Класстык "куржундар" мыйзамдуубу?

Булан институтунун ай башында жарыяланган “Мектептердин бюджеттен жана бюджеттен сырткары каржыланышы” деген изилдөөсүнүн негизинде орто билим берүү мекемелеринин ата-энелерден акча чогултуусу муктаждыкпы же коррупциябы деген көйгөйдүн айланасында талкуу болду.

Булан институтунун изилдөөсүнө ылайык, мектептер бюджеттен сырткары акча чогултууну ата-энелер комитеттери деген коомдук уюмдар аркылуу уюштуруп алган.

Менчик мектептердин баасы жана билими

Кыргызстанда 187 жеке менчик мектеп бар. Бул макалада алардын ичинен баалары башкаларына салыштырмалуу жогору дегендерине токтолобуз.

Изилдөөдө мектептин тазалыгы, оңдоп-түздөө, материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана мугалимдерди сыйлоого чейинки муктаждыктар үчүн ата-энелерден акча чогултула турганы көрсөтүлгөн. Ар бир окуучу ай сайын 600 сомдон төлөгөн "класстык куржундар” боюнча акчанын отчеттуулугу көпчүлүк ата-энелер үчүн белгисиз экени баяндамада иликтенип чыккан.

Булан институтунун жетекчиси Чолпон Орозобекова акча чогултуу боюнча Бишкек шаарынын мектептери алдыда экенин айтып өттү:

- Айрыкча Бишкектеги мектептерде ата-энелерден ар түрдүү акча чогултууларга карата нааразылык күчөп баратканы байкалат. Кээ бир мектептер кайрадан эле ремонтко, күзөткө, жууп-тазалоочу каражаттарды сатып алууга деген негизде акча чогултат экен. Буга чейин өзүңүздөр билгендей, чогултулган акчанын желип кеткенине байланыштуу үч-төрт мектеп директоруна кылмыш иши козголгон. Бирок ошондой жагдайларга карабастан билим берүү тармагындагы эксперттер учурда мектептер ата-энелерден акча чогултмайынча жашай албай турганын айтып келишет. Анткени мамлекет алардын муктаждыгын толук жаба албайт. Биз мамлекет мектептин кайсы муктаждыктарына акча бөлөт, кайсынысына жетишпейт жана ата-энелерден мектептин кандай керектөөлөрү үчүн акча чогултула турганын иликтеп, анын мыйзамдуулугун талдап чыктык.

Ата-эненин колун караган мектеп

Өлкөдөгү башка орто билим берүү мекемелеринен айырмаланып, Бишкектеги мектептер толугу менен шаардык бюджеттен каржыланат. Шаардык бюджет 8 миллиард сомду түзүп, анын үч жарым миллиард сомго жакыны билим берүү тармагын каржылоого жумшалат.

Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова анын жарымынан ашууну мугалимдердин маянасын төлөөгө кетерин айтып, эгерде республикалык бюджет аны мурдагыдай кайра өзүнө алганда, анда шаардык бюджеттин эсебинен мектептерди толугу менен ремонттоого мүмкүн болорун билдирди.

Вице-мэр Айгүл Рыскулова мектептердин ремонту үчүн жетишпеген акчаны ата-энелерден чогултуу муктаждыгы бар экенин белгиледи:

- Биз буга чейин "балдарды мектептерге кабыл алып жаткан учурда кирүү төлөмдөрү алынбасын" деп тыюу салганбыз. Ошого байланыштуу Билим берүү министрлигинин буйругу жана биздин мэриянын дагы чечими чыккан. Буга байланыштуу себептер менен акча чогултуу токтотулган десек болот. Бирок мектептердин ремонтуна ата-энелердин ыктыярдуу жардамын чектөө боюнча буйрук болгон эмес. Анткени биз шаардык бюджеттен жылына бөлгөн 60-70 миллион сом жетпей калган учурда, жетишпеген акчаны мектептердин ата-энелер комитеттери чогултуп берген учурлар бар. Муну эми ыктыярдуу салым десек болот. Эгерде биздин бюджеттин мүмкүнчүлүгү жетишсе, биз ага деле чектөө киргизип коймокпуз.

Жүдөгөн үй-бүлө, чүнчүгөн балдар

Мектептердин ар кандай шылтоо менен акча чогултуу өнөкөтү айрыкча аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн оор экени баяндамада баса белгиленген. Анткени мектептин ремонтуна, күзөткө жана тазалыкка деген сыяктуу төлөмдөрдөн көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү бошотуу шарттары бекитилбегени талкууда белгиленди. Мунун айынан айрым мектеп окуучулары басмырланып, сабакка келбей койгон учурлар бар экени мисалга алынды.

Акыйкатчынын өкүлү Махабат Турдумаматова мына ушундай жагдайга байланыштуу ондогон арыздар келип түшкөнүн айтты:

- Мына ошондой жагдайга туш болгон ата-энелер биздин Акыйкатчы аппаратына кайрылып, "мугалимдер сабак учурунда биздин балдардан классташтарынын көзүнчө акча сурап, аларды уяткарып жатышат" деп даттанышууда. "Ошол төлөмдөрдү өз учурунда төлөй албай калсак, окуучу балдарыбызды ордунан тургузуп алып, ата-энеңе айтып бар" деп басым көрсөткөн учурлар болот экен. Бир үйдө үч-төрт бала окуса, алардын ар бирине алар айткан акчаны төлөп берүү чынында оор болуп жатканын айтып, кайрылгандар болуп жатат. Балдарга психологиялык басым көрсөтүп, ага терс таасир тийгизе турганын педагогдор билип, этият мамиле кылышы керек эле.

Буга чейин Кыргызстандын өкмөтү билим берүү тармагына жыл сайын ички дүң өнүмдүн 27 пайызы карала турганын жарыялап келген. Ошол эле кезде улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча Кыргызстандын 2016-жылдагы ички дүң өнүмү 458 миллиард сомду түзгөн.

Билим берүү тармагындагы адистер ошол 27 пайыз каражаттын бир бөлүгү мектептердин муктаждыгына натыйжалуу жумшалганда эле, анын кайтарымы болмок деп эсептешет.

Мурдагы билим берүү министри Ишенгүл Болжурова мектепке бөлүнгөн каражат боюнча төмөндөгүдөй мисал келтирди:

- Билим берүү тармагына бөлүнгөн каражаттын өлчөмү учурда ИДӨнүн 27 пайызын түзөт деп расмий түрдө жарыялап жатабыз. Бирок Кыргызстандагы билим берүү тармагына бөлүнгөн акчанын өлчөмү боюнча Дүйнөлүк банктын эсеби башкача. Анын маалыматы боюнча алты пайыздан бир аз ашык каражатты түзөт экен. Мүмкүн эки тараптын эсептөө усулдары эки башка болсо керек. Ошондой болгондо да мамлекет билим берүүгө жакшы каражат салмайынча, сапаттуу билим берүү болбостугун түшүнүшүбүз керек. Мисалы, Орусияда азыр билим берүү тармагына бөлүнгөн акчаны орточо ар бир окуучуга чакканыбызда жыл сайын 6 миң долларга чейин. Финляндияда болсо бул көрсөткүч ар бир окуучуга бөлгөндө 13 миң АКШ долларына чейин жеткен. Ал эми бизде болсо билим берүүгө каралган каражатты ар бир окуучуга чачканыбызда 340 АКШ долларына араң жетет. Бул эми биздеги эсептөө усулу боюнча мектептердин курулушу, мугалимдердин маянасы жана башка чыгымдардын баарын кошкондо.

Учурдагы жана буга чейинки өлкө жетекчилиги билим берүү тармагы Кыргызстанда артыкчылыктуу багыт экенин айтып, ага жыл сайын республикалык бюджеттин орчундуу бөлүгү чыгымдалып жатканын байма-бай эске салып келген. Ушуга байланыштуу мектептерди кошумча каржылоо үчүн ата-энелерден окуу куралдары жана ремонт үчүн акча чогултууну караган өкмөттүн токтому 2006-жылы жокко чыгарылган эле. Бирок иш жүзүндө Булан институту өзүнүн изилдөөсүндө белгилегендей, мектептерде ата-энелерден акча чогултуу өнөкөтү токтогон эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG