Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:40

Акчанын айынан баламдын шагы сынды...


Мектеп
Мектеп

Бишкекте акча төлөй албай калганы үчүн басмырлоого кабылып, мектептен чыгарылды делген окуучунун окуясы ата-энелер менен коомчулукту бейпайга салган жең ичинен акча жыйноо көйгөйүнүн бетин ачты. Бул көрүнүштү тыюу керекпи же мыйзамдаштыруу зарылбы деген маселени жалпы талкууга чыгарды.

Бишкек шаарындагы №32 мектептин 9-классынын окуучусун 26-октябрда өткөн педагогикалык кеңешмеде начар окуган окуучу катары кечки мектепке которуу чечими чыгарылган.

Мурда жакшы окуп, класстын президенти болгон окуучун апасы Зарылбүбү Алымбекова бул чечимди үй-бүлөдөгү шарттан улам класста ай сайын чогултулуучу акчаны бере албай калганда мугалимдер басынтып, андан чүнчүгөн баласы сабакка баргысы келбей жүрүп акыры мектептен чыгарылды деген пикирде.

Анткен менен №32 мектеп жетекчилиги аталган окуучуга эч кандай кысым жана жыйында акча төлөө боюнча сөз болбогонун билдирди.

Бул окуя боюнча Тынчтык инновациялары боюнча Булан институту Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигине, Бишкек шаардык мэриясына жана шаардык билим берүү башкармалыгына кайрылып, мектептеги акча чогултууларды текшерип, тиешелүү адамдардын жоопкерчилигин карап чыгууну, №32 мектептин окуучусун ар кандай төлөмдөрдөн бошотууну талап кылган.

Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын маалымдашынча, бул окуя боюнча комиссия түзүлүп иштеп жатат. Башкармалыктын башкы адиси Гүзел Турдубаева алдын ала жыйынтыктар боюнча окуучунун жакындары келтирген дооматтар тактала электигин, жоголгон окуучу акча төлөөдөн бошотулгандардын катарында болгонун айтты.

“Балдарды коргоо борборунун” социалдык кызматкери Таалай Жакыповдун пикиринде, мындай кырдаалга туш болгон өспүрүмдөр ар кандай терс ойлорго жетеленип, алардын келечегине балта чабылат. Классташтарынын алдында жеме уккан баланын окууга болгон кызыгуусу жоголуп, мектепке баруудан качып калат.

Талкууга катышкан ата-энелер мектептерде мыйзамдуу да мыйзамсыз да акча топтоолор көнүмүш адатка айланганын, ата-энелер балама запкысы тийип калбасын деп үн катпай келгенин белгилешти.

Ушу тапта Кыргызстанда 2236 орто мектеп бар, аларда 1 миллион 73 миң окуучу билим алууда.

Мектепке акча бербеген бала окуудан чыгабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:07 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекзат Бектурган

    Бекзат Бектурган  "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти.  

  • 16x9 Image

    Аида Бекмуратова

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенти. 

XS
SM
MD
LG