Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:20

Мектепке бала киргизүү жеңил эмес


Иллюстрация
Иллюстрация

Балдардын укугун коргоочулар Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте "Баламды мектепке кабыл алып коюңуз" деп аталган акцияны баштады.

Акциянын максаты - балдардын мектепке кирип, билим алышына көмөктөшүү. Билим берүү жана илим министрлиги азырынча ата-энелерден даттануулар түшө электигин маалымдады.

"Форма, акча, сертификат..."

"Баламды мектепке кабыл алып коюңуз" деп аталган акциянын демилгечиси "Балдарды коргоо лигасы" коомдук фонду. Аталган фонд тогуз жылдан бери жаңы окуу жылынын алдында Билим берүү жана илим министрлиги менен чогуу бул иш-чараны өткөрүп келет. Фонддун жетекчиси Назгүл Турдубекованын "Азаттыкка" билдиришинче, түрдүү себептер менен баласын мектепке киргизе албай жаткан ата-энелер үчүн бул жакшы мүмкүнчүлүк:

Менчик мектептердин баасы жана билими

Менчик мектептердин баасы жана билими

Кыргызстанда 187 жеке менчик мектеп бар. Бул макалада алардын ичинен баалары башкаларына салыштырмалуу жогору дегендерине токтолобуз.

- Мектеп директорлору айрым ата-энелерден балдарынын мектепке даярдыгы, алдын ала даярдыктан өткөнү тууралуу сертификат талап кылышкан. Кээ бир ата-энелерди мектеп формасын сатып алууга, мектепке кирүү үчүн төлөмдөрдү төгүүгө мажбурлашат. Бул балдардын билим алуу укугун бузат. Ошондуктан, биз Билим берүү жана илим министрлиги менен меморандум түзгөнбүз. Балдарын мектепке орноштура албай жүргөн ата-энелер бизге кайрылат, биз министрлик менен чогуу бул көйгөйдү ошол замат чечкенге аракет кылабыз.

Назгүл Турдубекованын белгилөөсү боюнча, акция балдарын мыкты мектептерге орноштурууга шарты жок ата-энелерге жакшы мүмкүнчүлүк. Ал ишке киргенден берки аралыкта үч миңден ашуун ата-энеге балдарын мектепке орноштуруу боюнча укуктук кеңештер жана жардам берилген.

Мектеп аз, балдар көп

Мектепке балдарды киргизүү түйшүгү өзгөчө Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарларда күч. Эл жыш жайгашкан аймактарда мектеп, андагы орундар жетишсиз. Бишкек, Ош шаарларындагы айрым мектептерде бир класста кырктан ашуун бала окуганы акыркы жылдарда көнүмүшкө айланган. Билим берүү боюнча адис Кеңешбек Сайназаровдун пикири боюнча, буга ички миграция себеп:

- Бул муктаждык бүгүнкү күндө өтө жогору. Чоң шаарларда жыл сайын болуп жүргөн маселе. Себеби, мектептерде орун аз, балдардын саны көп. Өзгөчө жаңы конуштарда мектеп жетишсиз. Мындан тышкары, ата-энелер баары эле балдарын жакшы мектептерге окутууну каалайт. Ошондуктан, кээ бир мектептерде баланын саны аз болсо, айрымдарында бир класста кырктан ашуун бала окуйт.

Кыргызстанда 2236 орто мектеп бар. Анын ичинде он пайыздайы мектеп-гимназия жана лицейлер. Мындай мектептер балдарды башталгыч класска атайын экзаменден өткөрүп, андан кийин гана кабыл алган учурлар бар. Же болбосо, 1-класска бара турган балдарды мектепке даярдоочу курстарды ачып алышкан, мектепке кабыл алууда ошол курстарда ата-энеси акы төлөп, аяктаган балакайларга артыкчылык берилет.

"Мектеп баладан баш тарта албайт"

Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат катчысы Марина Гречаная мындай укук мектеп-гимназияларга да, мектеп-лицейлерге да берилбегенин маалымдады:

- Эгерде бала жашаган жери боюнча тиешелүү мектепке барып жаткан болсо, андан эч бир мектеп баш тарта албайт. 1-класспы же башка класс болобу, мектеп аны кабыл алууга тийиш. Эгерде бала башка жакта жашаса, анда мектеп жетекчилиги аны бош орундарга гана алууга укугу бар.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева мектептерге балдарды кабыл алууда акча талап кылган жетекчилер жоопкерчиликке тартыларын мурдараак эскерткен.

Ошентсе да айрым ата-энелер социалдык тармактарда баласын мектепке орноштуруу үчүн жетекчилик түздөн түз акча талап кылбаса да, ата-энелер комитети аркылуу акча талап кылганын айтып, даттанган учурлар бар.

Билим берүү министрлигинин маалымат катчысы Марина Гречанаянын "Азаттыкка" билдиришинче, мындай даттануулар менен министрликке кайрылган ата-энелер жок:

- Бизде ата-энелер менен түз WhatsApp каналыбыз бар. Ар бир ата-эне өздөрүн түйшөлткөн көйгөй тууралуу жазып, кабарлай алат. Азырынча ал жерге эч кандай даттануу түшкөн жок. Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы да так ушундай эле түз байланыш каналын ачышкан. Ал жерде да даттануулар түшкөн жок. Эгер мектеп директору ата-энеден өзү акча талап кылса, жоопкерчиликке тартылат. Эгерде ата-энелер комитети же коомдук кеңештер аркылуу акча алынса, ага мектеп жетекчилигинин тиешеси жок.

Расмий маалыматтар боюнча, 2017-2018-жаңы окуу жылында 140 миңден ашуун бала мектеп босогосун алгачкы жолу аттайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG