Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:16

Техникалык кесиптен качкан жаштар


Абитуриенттер.
Абитуриенттер.

Быйыл жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу үчүн мамлекет бөлгөн 5705 орундун 421 оруну толбой калды. Алардын басымдуу бөлүгү тоо-кен, металлургия, машина куруу сыяктуу так илимдерге негизделген техникалык адистиктер.

Университеттеги бош калган орундар

Нургүл Сыргакова Бишкектеги "Давха" мектеп комплексин аяктаган. Ал жалпы тестирлөөнүн жыйынтыгында 155 балл алган. Нургүл Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин тамак-аш продукцияларын стандартизациялоо адистиги боюнча акы төлөп, билим алууну чечти. Бюджеттик негизде окууга баллы жетиштүү болсо да, өзү каалабаган адистикке баргысы келген жок:

- Негизги тесттен сырткары кошумча химия, биология сабактарынан тест тапшырган элем, жыйынтыгы жакшы болду. Мен тандаган окуу жайдын башка техникалык факультеттерин тандасам деле болот эле. Бирок мен тоо аралап иштеп жүргөнүмдү элестете албайм.

Нургүл тапшырган Кыргыз мамлекеттик техникалык университети гранттык негиздеги адистиктер үчүн орундарды толтура албай калган жогорку окуу жайлардын алдыңкы сабында турат.

Геологиялык изилдөөнүн технологиясы, колдонмо геология, тоо инженерлиги, мунайгаз иши, электротехника жана электроэнергетика, металлургия, машина куруу, технологиялык машиналар жана жабдыктар, колдонмо механика сыяктуу адистиктер боюнча 97 орун бош калды. Жалпысынан Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Тоо-кен технологиялары институтуна мунайгаз, металлургия иши сыяктуу адистиктери үчүн 681 гранттык орун берилген. Ал эми Ош технологиялык университетине колдонмо геология, жеңил өнөр жай технологиясы сыяктуу бөлүмдөргө берилген 20дай орунга үчтөн абитуриент алынган.

Мындай жагдайдын себебин КТУнун кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Римма Эламанова ЖОЖдорго кабыл алуудагы босого баллдын ар түрдүүлүгү себеп болуп жатат деди:

- Бардык окуу жайларда сөзсүз кошумча предмет керек эле. Айыл чарба академиясында кошумча предметти алып, негизги тестти 110 эмес 100 кылып коюшту. Кошумча сабактардан өтпөй калган бүтүрүүчүлөр биздин окуу жайга эмес, бекер окууну көздөп жатышат. Ал жакта 100 балл менен бюджетке өтүп жатса, эмне үчүн тоо-кен институтуна барып контракт менен окушу керек? Бизге деле айылдан келип окушат. Абитуриенттерге бардык университеттерде талап бирдей болушу керек.

Башкы көйгөй билимдин төмөндүгүбү?

Анткен менен адистер бюджеттик орундардын толбой калуусунун негизги себебин суроо-талап менен билим деңгээлдин шайкеш келбей жатканына байланыштырып жатат. Тоо-кен иштери жан тоо-кен технологиялары институтунун директору ​Акылбек Маралбаев мындай ою менен бөлүштү:

- Бизге тапшыргандардын көбү Чүйдөн келет, анан Бишкектен бүткөн абитуриенттер. Чынын айтканда тоо-кен тармагында өлкөдө бир-эки гана комбинат иштеп жатат. Металлургия сыяктуу кесиптер бир тармактуу адистик болгондуктан босого чектин баллын азайтуу керек. Маселен, Ала-Бука районунда чоң Бозумчак кени иштеп жатат. Ал жактан ата-энелер балдарын биздин институтка тапшыртабыз деп келип жатышты. Бирок аталган райондогу мектептерде дээрлик бардыгы босого чектен өтпөй калыптыр. Ошентип тапшырам дегендердин баллы жетпей жатат. Мектептеги билим берүү сапаты бүтүрүүчүлөрдүн андан ары билим алуусуна түздөн-түз таасир этүүдө.

Экономист болом дегендер көп

Эксперттер металлургия, колдонмо геология боюнча адистерге же тоо-кен инженери үчүн маянасы жогору жумуш табуу андай деле оорчулук жаратпайт деп эсептешет. Буга карабай экономист болом деген улан-кыздардын саны арбын. Маселен, юридикалык, программалоо, эл аралык мамилелер сыяктуу бөлүмдөргө тапшырган абитуриенттер көп. Ал эми жумуш табууга оңой факультеттерге бюджет болсо да тапшыргысы келишпейт.

Техникалык адистиктерге каалоонун жоктугун эксперт Асылбек Жооданбеков билим берүүдө багыттоо саясатынын жоктугу менен негиздеди:

- Так илимдери өнүккөн өлкөнүн билим берүү системасы, экономикасы өнүгөрү анык. Бюджеттик орундар толбой, тапшырчулардын баллы жетпей жаткандыгы Кыргызстандагы билим берүү системасын түп-тамыры менен өзгөртүү керектигинен кабар берет. Мектептерде так илимдер боюнча билими жок башка багыттагы мугалимдердин сабак берип жатканы туура эмес. Жалпы республикалык тестирлөө борбору, жогорку окуу жайлар, мектептер бирдиктүү кызматташпагандыктан балдар тестирлөөдөн өтпөй жатышат. Университеттерде босого чекти ылдыйлатуу мектептердеги билим берүү сапаты төмөн экенин билдирет. Кайсы окуу жай болбосун 9-класстан баштап кесипке багыттоо боюнча иш жүргүзүлсө болмок.

Асылбек Жоданбеков.
Асылбек Жоданбеков.

Гранттык орундар кандай тартипте аныкталарын билүү үчүн Билим берүү министрлигинин кесиптик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси ​Евгения Чубаковага суроо салдык:

- Жыл сайын бардык ЖОЖдор гранттык негизинде кадрларды даярдоо боюнча жумуш берүүчүлөр менен келишим түзөт. 1-январга чейин жогорку окуу жайлар бекитилген ар бир багыт, адистерди даярдоо боюнча жана жумушка орношуу анализдери тууралуу Билим берүү министрлигине билдирүү жасашат. Эгерде жумуш берүүчү тараптан белгилүү бир адистикке 15тен кем эмес арыз түшсө, ошол эле адистик боюнча окууну аяктагандан кийин жумуш таап, иштеп кетүүсү 80 пайыздан ашканда гана Билим берүү министрлиги гранттык орун берет. Мындан тышкары Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан жумушка болгон суроо-талапты эске алып, чечим чыгарабыз. Андан кийин өкмөттүн кабыл алуу планынын токтому менен орундар ырасталат.

Быйыл бюджеттик орундарды толтура албай калган жогорку окуу жайлардын катарында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университети, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Талас, Баткен мамлекеттик университеттери, Ош гуманитардык педагогикалык институту да бар.

Кыргызстанда 2015-жылы 769 орун, 2016-жылы 618 бюджеттик орун бош калса, быйыл 421 гранттык орун толбой калган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG