Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:33

Чолок шым менен хижабга жабылган эшик


Өзбекстанда университеттер хижабчан же тескерисинче кыска кийинген абитуриент кыздардын документтерин албай койгон учурлар катталып жатат.

Бир катар жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү оронгон же тескерисинче көйнөк-шымынын этек-жеңи кыска кыздардан кийимин алмаштырып келишин талап кылууда.

Өзбек мыйзамдарында коомдук жайларда кийинүү боюнча атайын жоболор каралган жана аны бузгандарга акчалай айып салуу, же 15 күнгө чейин эркинен ажыратуу өңдүү чаралар каралган.

Ушундай окуя жакында эле Кокон педагогикалык институтунда катталды. Хижаб кийген кыздардын биринин тууганы сиңдиси окуу жайга документ тапшырганы барганда андан мусулманча кийинбешин, жоолугун артына байлап келишин талап кылганын айтып берди:

- Биздин туугандарыбыздын баары хижаб киет. Алар пединститутка документ тапшырганы барганда "же хижабыңарды чечкиле же жоолугуңарды өзбекче салынгыла" деп талап коюшуптур. Кыздар талапты аткарып жоолуктарын артына, өзбекче байлаганга мажбур болушуптур.

Аталган окуу жайдагы атын атагысы келбеген студенттердин бири окуу жайдын жетекчилиги хижабчан абитуриент кыздардын баарына кийимине байланыштуу эскертүү берип жатканын бышыктады:

- Мен пединститутка документтерин тапшырганы келген хижаб кийген кызды көрдүм. Андан хижабын чеч деп катуу талап коюшкан жок, болгону жоолугуңду артыңа байла деп сылык-сыпаа суранышты. Кызга институттун имаратынын бардык жеринде видео камералар орнотулганын, эгер ал кыз камерага түшүп калса окуу жайдын администрациясы дооматка калышы мүмкүн экенин түшүндүрүштү.

Кокон педагогикалык институтундагы абитуриенттердин документтерин кабыл алуу комиссиясынын Ойбек аттуу өкүлү "Азаттыктын" өзбек кызматына окуу жайдын кийим боюнча талаптары тууралуу суроосуна комментарий берүүдөн баш тартты.

Ал арада Би-Би-Си медиа корпорациясынын өзбек кызматы Анжиян мамлекеттик унверситети да быйыл хижаб кийген абитуриент кыздардын документтерин кабыл албай жатканын жазып чыкты. Окуу жайдын өкүлдөрү бул маалыматты бышыкташты жана Ташкенттен келген тапшырманы аткарып жатканы менен түшүндүрүштү.

"Азаттыктын" өзбек кызматынын Фейсбук социалдык тармактагы баракчасына мусулманча кийингендердин документтерин кабыл албай койгон көрүнүштөр Өзбекстандагы бир топ окуу жайларда болуп жатканын жазып жатышат. Бул тууралуу жогорку жана орто атайын билим берүү министрлигине кайрылганда атын атабаган кызматкер өлкөдө коомдук жайларда диний кийимдерди кийүүгө тыюу салынган деген кыска жооп менен чектелди.

Коомдук жайларда кийинүү тууралуу Өзбекстандын Административдик жоопкерчилик тууралуу кодексинде жазылган. Анда 184-берененин биринчи бөлүгүндө "коомдук жайларда дин кызматкерлерден башкаларынын баарына мусулманча кийингени үчүн бештен онго чейинки эң аз айлык өлчөмүндөгү айып пул салынат же 15 суткага чейин камакка алынат" деп жазылган. "Абийир эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" мыйзамда да дин кызматкерлеринин башкаларга коомдук жайларда мусулманча кийинүүгө болбойт деген берене бар.

Өзбек ЖОЖундагы студенттер үчүн дресс-код
Өзбек ЖОЖундагы студенттер үчүн дресс-код

Быйылкы жогорку окуу жайга кабыл алуу жылында чолок көйнөк-шымчан абитуриент кыздардын да кийимине байланыштуу маселелер жаралганы белгилүү болду. Бул тууралуу мындай көрүнүшкө туш болгондордун бири айтып берди:

- Менин сиңдим Жизак политехникалык институтуна документ тапшырганы барганда чолок шым кийип алган экен. Алар документин кабыл албай коюптур. Болор-болбос шылтоолорду айтып бир канча ирет документин кабыл албай жатышты. Сиңдим бешинчи жолу барганда гана араң тапшырды.

Айрым жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү, мисалы Навои педагогикалык институтунун кызматкери ачык кийинген кыздардын документтерин кабыл алынбай жатканын бышыктады:

- Кыздар абитуриент кезинен баштап эле кийинүү этикасын сакташы керек. Алар деген келечекте кийинки муунду тарбиялаган мугалим болушат да.

"Азаттыктын" өзбек кызматы буга чейин жогорку окуу жайларда студенттердин кийимине байланыштуу өзгөчө талаптар бар экенин жазып чыккан. Маселен, жынсы шым кийген студент кыздарды сабакка киргизбей койгон, галстук тагынбай келген балдарды университеттин короосун тазалатып жазалаган окуялар катталган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG