Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:55

Атамбаев: Кыргыз кызы эч качан бетин жапкан эмес


Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Ысык-Көлдөгү Курманжан Датка атындагы көчмөн цивилизациясы борборунда “Алтай конушу” көргөзмөсүн ачып жатып билдирди.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты. Мамлекет башчы комплекске бекеринен Алай ханышасы Курманжан Датканын аты берилбегенин белгиледи. Ал полковник Маннергейм тарткан сүрөттөрдү көрсөтүп:

- Бул ат минип түшкөн уникалдуу сүрөттөрдүн бири. Ал өзүнүн 96 жашында оңой эле ат минген. Курманжан Датка – көчмөн элдин ачык көрсөткүчү. Бул көчмөн элдерде демократия, гендердик теңчилик болгонун далилдеп турат. Биздин аялдар ар дайым эркин, ачык болгон жана эл башкарган. Кыргыз кыздары эч качан жүзүн жапкан эмес. Мен бардык кыргызстандыктарды дин менен бизге жат маданиятты алмаштырбоого чакырам. Биздин өзүбүздүн маданиятыбыз, салт-санаабыз бар.

Бүгун көл жээгинде ачылган көргөзмө алтай элдеринин каада-салтын, жашоо-турмушун чагылдырган стилде жасалган. Ал "Алтай цивилизациясы жана алтай тилдүү тектеш элдер" деп аталган эл аралык форумдун алкагында ачылды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG