Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:15

Стамбулда сойкулук торунан эки кыз куткарылды


Халима
Халима

Бир канча өлкөдөгү активисттердин жардамы менен Стамбул шаарында өзбекстандык эки кыз сексуалдык кулчулуктан бошотулду.

Аларды Түркияга бала багуучу болууга чакырган адамдар сойкукана иштеткен шылуундар болуп чыккан.

Түркияда негизинен Өзбекстан менен Кыргызстандан иш издеп барган кыз-келиндердин алданып, сексуалдык кулчулукка кабылып калган учурлары көп кездешет.

Стамбулда сексуалдык кулчулуктан куткарылган кыздардын бири, 25 жаштагы Халима Өзбекстандын Хорезм районунун Үргөнч шаарынан болот. Ал 2015-жылга чейин Орусияда иштеп жүргөн. Атасы кайтыш болгондон кийин Өзбекстанга келип, кайра Орусияга кире албай калган.

Кичинекей уулу, апасы жашаган эки бөлмөлүү батирди жергиликтүү бийлик эскилиги жетти деп буздуртуп салган. Үйсүз калган, Үргөнчтөгү ашканалардын биринде тейлөөчү болуп иштеп жүргөн Халима акчасы көбүрөөк жумуш издөөгө аргасыз болгон. Курбусу Түркияга ишке чакырганда ойлонбой макулдугун берген:

Түркия: мигрант кыз-келиндер көргөн кордук

Түркия: мигрант кыз-келиндер көргөн кордук

Акыркы жылдары Түркияга агылган кыргызстандык эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгүн кыз-келиндер түзөт.

- Мен Орусияда бала багуучу болуп иштечүмүн. 2014-жылы атам каза болуп калгандан кийин Өзбекстанга кайтууга туура келген. Чек арадан чыгып баратканда паспортума Орусиядан депортация болду деген мөөр басып коюшкан. Ошондуктан Орусияга кайра бара албай калдым. Андан кийин бир курбум Түркияга бала багуучу болуп иштөөгө чакырган. Мен макул болгом. Анын тааныштары мени Өзбекстандан Казакстанга алып келишти, чек арачыларга Казакстанда иштегенге баратат деп айтышты. Чымкенттен дагы бир топ кыздарды чогултушту.

Халиманын айтымында, чогулган кыздар Стамбулга 4-июлда келишкен. Сойку кылып иштеткени жатканы билингенден кийин Халима Санкт-Петербургдагы Бек аттуу мурдагы иш берүүчү менен байланышып, абалын айтып калганга үлгүргөн:

- Аэропортто мени курбум тосуп алды. Ал мени Аксарай районундагы бир батирге алып барды. Ал жактан бизди Өзбекстандын Каттакурган районунан болом деген Бахар деген аял менен тапанча көтөргөн Нуриддин аттуу адам тосуп алды. Көрсө алар курбума мени алдап чакыртып бергени үчүн 500 доллар төлөшүптүр, бир канча сойкукана иштетишет экен. Алардын оюн билгенден кийин Санкт-Петербургда мага баласын бактырткан Бек аттуу таанышым менен байланыштым.

Бек Халиманын окуясын "Азаттыктын" өзбек кызматына айтып берген. Макала чыккандан кийин сексуалдук кулчулукка кабылган кыздарга Орусия, Түркия жана АКШдагы жарандык активисттер жардам берүүгө киришкен. Бектин айтымында, анын Стамбулдагы күзөт кызматтардын биринде иштеген хорезмдик таанышы кыздардын качып чыгышына көмөктөшкөн.

Халима менен кошо сойкуканада 20 күндөн бери иштеп жүргөн Өзбекстандын Фергана районунан келген Мадина аттуу кыз дагы куткарылган:

- Халима курбусу менен үйдөгү кийими менен эле качып чыккан. Азыр алар коопсуз жайда. Сексуалдык кулчулуктан куткарылган дагы бир кыз - Мадина дагы Халимадай эле алданып калган экен. Ал Түркияга келгенден кийин аны ошол жакка алып барган адамдар төрт миң доллар коротушканын айтып, карызды мойнуна илип коюшкан. Мадина 20 күн ичинде 15-20дай кардар тейлеп, карызынын үч миң долларын бериптир. Ал сойкуканадан Халима менен кошо качып чыкты. Ал кыз Өзбекстанга кетем деп жатат. Бирок туугандары Стамбулдагы окуясын билип калабы деп коркот.

"Азаттыктын" өзбек кызматы Халима менен Мадинанын таржымалы тууралуу Өзбекстандын Стамбулдагы консулдугу менен полицияга да кабарлаган. Сексуалдык кулчулукка кабылган кыздар 11-июлда консулдукка кайрылганда ал жактан "кандай жол менен келсеңер ошол жол менен кеткиле" деген мазмундагы жооп угушканы маалым болду. Эми аларды куткарууга жардам берген активисттер бул айымдарды мекенине жөнөтүү айласын издеп жатат.

Түркияда канча өзбекстандык кыз-келин сексуалдык кулчулуктун курмандыгы болгону, дагы канчасы сойкуканаларда өз эрки менен иштеп жүргөнү белгисиз.

Буга чейин "Азаттыктын" өзбек кызматы түрк полициясы сойкуканаларды текшергенде өзбекстандык кыз-келиндер да кармалганын кабарлаган, бирок алардын кийинки тагдыры кандай болгону тууралуу маалымат жок.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG