Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:56

Дубайда өзбек "мама Роза" кармалды


"Бизди ишке жибергенде кудум кинодогудай бодигард болуп барып, качып кетпесин деп кайра өзү коштоп келчү". Дубайга алданып барган кыздын баянынан.
"Бизди ишке жибергенде кудум кинодогудай бодигард болуп барып, качып кетпесин деп кайра өзү коштоп келчү". Дубайга алданып барган кыздын баянынан.

“Азаттыктын” өзбек редакциясы бир топ интернет булактарга шилтеме менен кабарлагандай, Бириккен Араб Эмираттарында өзбекстандык кыздарды сойкулукта иштеткен ортомчу аялдардын же “Мама Розалардын” бири кармалды. Андай иш менен шугулданган өзбек аялдары Дубайда ондоп саналаары айтылууда.

Өзбекстандык расмий маалымат булактарында бул окуя тууралуу өткөн аптада берилген кабарда “өзбек из кубарлары Сайера Хожиева деген аялды кармашканы айтылат. Маалыматка караганда, Хожиева Өзбекстандан чырайлуу кыздарды топтоп, аларга Араб Эмираттарында кымбат ресторандарда официант катары иштөөнү убада кылып алып келген.

Бирок кыздардын көпчүлүгү чынында кандай иш менен алектене турганын жерине баргандан кийин, “Мама Роза” алардын паспортун тартып алып, жабык жайларда аларды ар кандай кишилер менен жыныстык катнашка барууга зордогон учурда гана билишкен. Анын колундагы кыздардын бир тобу туткундан эптеп качып чыгып, өздөрү жөнүндө полицияга кабарлагандан, андан ары Өзбекстанга депортациялангандан кийин гана Сайера Хожиева кармалганы айтылат. Маалыматтарга караганда, Хожиева 8-июнда камалган, азыр ага каршы “адам аткезчилиги” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

“Азаттыктын” өзбек редакциясы ошол кармалган аялга окшош шылуундардын бирине алданып, бир нече жыл мурун төрт башка кыз менен Дубайга келген каарман менен байланыша алган. Ал бизге өзүнүн атын атагысы келбеди. Дубайдын четиндеги райондордун биринде ижарага алынган үйдө бир нече күн кармагандан кийин иш тууралуу аларга кабарлашканын айтат.

"Биз ошол батирде бир-эки күн отургандан кийин “Качан окуйбуз? Кайда иштейбиз?” деп жанагы аялдан сурай баштадык. Ал болсо самарканддык Бабур деген жигитти алып келди. Ал жигит бизге эч кандай окуу жок экенин, бизди бул жакка сойку болуп иштеш үчүн алып келишкенин, ал аял бизди Бабурга сатканын, эми биз ар бирибиз 30 миң доллардан төлөп бергенге чейин иштей турганыбызды айтты. Биз баары бир Дубайдан Шаржага, биз менен келаткан кыз берген адреске качып барып, жашынып калдык. Ал бизди бирок түнкүсүн таап барып, анан сойку катары иштегенге мажбурлады, өлтүрөм деди. Бизди ишке жибергенде кудум кинодогудай бодигард болуп барып, качып кетпесин деп кайра өзү коштоп келчү", - дейт ал.

Дубайга сойкулук үчүн алынып келинген бул өзбек кызы бийликтер кармап кеткен Сайера Хожиева да сырттан тааный турганын, негизи, Абу-Даби, Дубай жана Шаржа өңдүү эмираттардын ири шаарларында өзбек кыздарын топ-тобу менен алып келип, денесин сатканга зордоп иштеткен ондогон “мама Розалар” бар экенин айтат.

"Дубайдын өзүндө эле, маселен, эң бай делген алты “мама Роза” бар эле. Экөө камалып, азыр төртөө калды. Света дегени бар, азыр түрмөдө, - деди каарманыбыз. - Ал такыр эле байлыгы ашып-ташып кеткен, бүт жерде өзүнүн атайын кыздарды иштеткен жайлары, өзүнүн кардарлары бар. Кыздардын паспортторун тартып алып, кардарга өздөрү алпарып, алып келишет" .

Маектешибиздин айтымында, ошондой ортомчулардын азыр Өзбекстандын өзүндө да колдоосу күчтүү болуп жатканынан, аларга каршы аракеттер анча натыйжа бербей жатат. Ошол эле маалда, бул сухбатташыбыз айткандай, Өзбекстандан Дубайга жөнөтүлүп жаткан кыздардын баары эле Араб Эмираттарында эмне иш кылаарын билбей келишпейт. Кыздардын жарымынан көбү чынында кандай ишке келе жатышканын билет, ошого макул болот. "Буга да өз мекенинде иштин жоктугу, жашоо шарттын начардыгы себеп", - дейт ал.

"Өзбекстандан келип жаткан кыздардын айрымдары, албетте бул жакка кандай ишке келатышканын билишет. Ошого макул болушат, байып кетебиз дешет. Бирок “мама Розалар” алгач аларга 30-40 миң доллардан кийин калганы сеники дегени менен, андан ары паспортун бербей, уруп-токмоктоп, иштете беришет. Үйгө кайтыш үчүн жол киреңди акта дейт, аркы-беркини айтып иштете беришет. Ошого чыдабай өз жанын кыйган кыздар бар", - дейт бизге атын атагысы келбеген, учурунда Дубайга сойкулук үчүн алданып барган өзбек кызы.

Анын айтымында, эки жыл мурун ушундай жол менен Хорезмден алданып барган эже-сиңдинин бири өзүн балкондон ыргытып набыт болгон.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG