Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:39

Элүү миңдей аттестат кайра оңдолот


Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, быйыл мектепти аяктаган 48 миңдей бүтүрүүчүнүн аттестаты жараксыз болуп калган же тиркемесинде одоно ката кеткен.

Буга байланыштуу Кыргызстандын Билим берүү министрлиги бүтүрүүчүлөрдөн кечирим сурап, жогорку окуу жайларга атайын кат менен кайрылууга аргасыз болду. Кайрылууда абитуриенттердин документтерин тоскоолдуксуз кабыл алуу өтүнүчү келтирилип, каталар эки апта ичинде оңдолору убада кылынган.

Министрлик бул катаны басмаканага оодарып жатат. Серепчилер болсо мындай катачылыкты билим берүү тармагынын билимге жоопкерчиликсиз мамилеси катары баалашууда.

Сөздү бурмалаган ката

Буга чейин жалалабаддык бүтүрүүчүлөрдүн документинде “Кыргыз Республикасынын” деген сөзүндө "н" тамгасы түшүп калса, айрымдарында окуучулардын аты-жөндөрү туура эмес жазылгандан улам аттестаттар жараксыз болуп кайра жасатылган.

Жалал-Абад: аттестатын күткөн бүтүрүүчүлөр

Жалал-Абад: аттестатын күткөн бүтүрүүчүлөр

Жалал-Абад облусунда 5 миңдей мектеп бүтүрүүчүсүнүн аттестаты жараксыз болуп калды.

Ал эми бул жолу аттестаттарга берилген табелдин кыргыз тилиндеги бөлүгүндө “табели” деген сөзүнөн кийин кашаанын ичине “жалпы орто билим жөнүндөгү аттестатсыз жараксыз” дегендин ордуна “жалпы орто билим жөнүндөгү аттестаты жараксыз” деп жазылып калган экен. Тактап айтканда бул “-сыз” мүчөсү коюлбай калгандан улам сөздүн маанисинде аттестат өзү жокко чыгарылып калган.

Учурда жогорку окуу жайлардын биринин кабыл алуу комиссиясында иштеп жаткан Наргиза Алиева өздөрү кабыл алган факультетке тапшырган аттестаттардын экөө же үчөө гана катасыз жазылса, калганы ката менен келип жатканын ырастап, мындай туура эмес толтурулган аттестат республиканын бардык аймагында кездешип жатканын айтты:

- Бул орфографиялык каталар басмаканадан кеткенин айтышты. Биз азыр аттестаттын ката жазылган тиркемесин колдоруна карматып мектептерине кайра жөнөтүп жатабыз. "Класс жетекчиңе, директоруңа чалып, оңдоп кайра алып келесиң" дедик. Ал эми сыртын алып калып жатабыз. Биздин факультет отуз документ алды, анын экөө же үчөө гана катасы жок келди. Калганынын баары ката толтурулган.

Алиева өлкөнүн Билим берүү министрлиги жогорку окуу жайларга атайын кат менен кайрылып, анын негизинде ката аттестаттар тиркемеси жок кабыл алынып жатканын билдирди.

Адистер мындай катачылык тийиштүү мекемелердин шалаакылыгы, кайдыгерлиги экенин айтып жатышат. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин окутуучусу Бактыбек Баймырзаев буларды айтты:

- Республика боюнча ушундай катанын кетип жатканы эмне деген көрүнүш? Кантип ушундай болуп калды? Биринчиден, бул ошол жерде отурган адамдардын сабатсыздыгы. Экинчиден, бул атайылап жасалышы да мүмкүн. Эгер атайылап жасалса, анда элди туташ сабатсыздыкка алып баруунун бирден бир далили. Эми элдин баары кайра айылга барышы керек. Мектептин мугалимдери болсо эмгек өргүүгө чыгып кеткен. Аларды кайра чакыртыш керек. Менимче, бул - мектептин күнөөсү эмес. Аттестат Билим берүү жана илим министрлигинен жасалат эмеспи.

Баймырзаев мындай көрүнүшкө себепкер болгон адамдар жазасын алышы керек деп эсептейт.

Анткен менен өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки, мектеп жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Үсөналиев тиркемедеги катачылык басмакана тарабынан кетирилгенин, мындай кокустук жыл сайын эле болуп тураарын айтты:

- Буга чейинкилерди жеринен эле алмаштырганбыз. Бүгүн болсо тиркемеде кичине ката кеткени билинди. Азырынча ал эмне үчүн кармалып жатат? Аттестаттын ичиндеги кагаз сырттан келет. Бүгүн ал Санкт-Петербургдан Алматыга келди. Бишкек, Ош, Чүй, Жалал-Абад облустарын алмаштырдык. Калганын бир же эки жумада алмаштырып бүтөбүз. Министрлик бүгүн кечирим сурап жатат. Бирок эми мындай окуялар боло берет. Менимче, 48 же 45 миң аттестатта ката кетсе керек. Ал дагы так эмес. Кээ бир аттестаттар өтүп, кээ бири өтпөй калып жатат. Аны алмаштырып үлгүрөбүз. Бул жыл сайын болчу окуя.

Үсөналиев министрлик сөз болгон ыңгайсыздык үчүн бүтүрүүчүлөрдөн кечирим сурап, кетирилген катаны ушул жылдын август жана сентябрь айларында оңдоп берүүгө кепилдик бергенин кошумчалады.

Быйылкы жылы бүтүрүүчүлөрдүн аттестаттарын жасоону тендерден “Тартип” аталышындагы басмакана утуп алган. Учурда аталган ишкана кетирген каталарын өз эсебинен оңдоп жатат. Быйылкы жылы республика бонча 62 миң окуучу орто мектепти аяктап, аттестатка ээ болгон. Бир аттестаттын наркы канча экендигин тактоо азырынча мүмкүн боло элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG