Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:05

Жалал-Абад: аттестатын күткөн бүтүрүүчүлөр


Бүтүрүүчүлөр
Бүтүрүүчүлөр

Жалал-Абад облусунда 5 миңдей мектеп бүтүрүүчүсүнүн аттестаты жараксыз болуп калды.

Алардын көпчүлүгүндө басмаканада басууда орфографиялык жактан каталарга жол берилген. Ошол себептүү окуу жайга тапшырууга камынып жаткан бүтүрүүчүлөр аттестаттарын азырынча колго ала элек. Билим берүү министрлиги катачылык жоюлуп жатканын айтууда.

Данияр Абдували уулу быйыл Аксы районунун Итагар айылындагы мектепти аяктады. Ал билим алган Абдыразак Батыркулов атындагы орто мектептин 13 бүтүрүүчүсү ушул күнгө чейин колуна аттестаттарын ала элек. Мектеп мугалимдери бүтүрүүчүлөргө документтерин июль айынын ортосуна чейин берүүнү убадалашканын айтат.

- Айылдагы мектепти быйыл 13 окуучу аяктады. Бизге мектептен аттестатты 24-июнда беребиз деп айтышкан. Бирок азыркыга чейин колго ала элекпиз. Анын себебин мугалимдер ката болуп чыгып калганы менен түшүндүрдү. Эгерде окууга барсаңар тактама жазып беребиз дейт. Ал эми аттестатты 15-июлга чейин беришет экен,- деди Данияр Абдували уулу .

Облус аймагындагы 8 райондун жана беш шаардын 5 миңдей бүтүрүүчүсу Данияр сыяктуу азыр колдоруна аттестаттарын ала элек.

Облустук усулдук билим берүү борборунун директору Акылбек Токтосунов алардын баарында басмаканадан басууда катачылык кеткенин айтууда. Азыр айрым райондордогу окучуларга жаңыланган аттестаттар бериле баштаганын кошумчалады.

- Бул жерде мектеп мугалимдеринин, директорлорунун жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн күнөөсү жок. Алар бардык документтерди такташып, Билим берүү министрлигине жөнөтүшкөн. Ал жакта басмаканадан басылып жатканда тамгаларынан ката кетип калыптыр. Басмакана бул катаны моюнуна алып, кайра азыр өздөрү басып жатышат. Бизге келген бардык бүтүрүүчүлөрдүн аттестаттарын кайрадан министрликке чогултуп жөнөткөнбүз. Азыр алдылары келип, кээ бир райондор тапшыра баштады.

Быйылкы жылы бүтүрүүчүлөрдүн аттестаттарын жасоону тендерден “Тартип” аталышындагы басмакана утуп алган. Жалалабаддык бүтүрүүчүлөрдүн документинде “Кыргыз Республикасынын” деген жазууда "н" тамгасы түшүп калса, айрымдарында окуучулардын аты-жөндөрү туура эмес жазылып калган.

Кээ бир тамгалары түшүп калган. Бул биздин кемчилик эмес. Анткени биз министрликке электрондук жана кагаз түрүндө да документ толтуруп жөнөткөнбүз.
Темирбек Оморов

Мындай жагдай Базар-Коргон районундагы №1 Жоомарт Бөкөнбаев атындагы гимназия жатак мектебинде да кездешкенин директор Темирбек Оморов айтты. 55 бүтүрүүчүнүн үчөөндө аты-жөндөрү ката жазылып калган.

- Биздин мектепте бүтүргөн окуучулардын үчөөндө аты-жөндөрү туура эмес жазылып калыптыр. Кээ бир тамгалары түшүп калган. Бул биздин кемчилик эмес. Анткени биз министрликке электрондук жана кагаз түрүндө да документ толтуруп жөнөткөнбүз. Менин угушумча кээ бир мектептерде мөөрдөн туура эмес болуп калыптыр деп жатат. Бул боюнча биз дароо акты түзүп, ал аттестаттарды кайра артка кайтарганбыз. Качан келерин бизге азырынча айтыша элек.

Алыскы райондон борборго же башка шаарларга барып окууга тапшырууну каалаган бүтүрүүчүлөр азыр мектептерден аттестаттардын ордуна тактама алып кете баштады.

Бирок Билим берүү министрлиги жогорку окуу жайларга кабыл алуу сынактары башталганга чейин катачылыктын баары ордуна келет деп ишендирет. Министрликтин басма сөз катчысы Айзура Чыкынова.

- Билим берүү жана илим министрлиги орто мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн аттестаттарында техникалык жактан ката кеткенин билдирет. Азыркы учурда ал документтерди кайра алмаштыруу иштери жүрүп жатат. Жогорку окуу жайларга талапкерлерди кабыл алуу башталганга чейин баары жаңыланат деп турабыз. Бул эч бир тоскоолдуктарды жаратпайт.

Буга чейин Жалал-Абад облусунда 2012-2013-жылдары туулган 8 миңден ашык баланын метрикалары да басмаканада жараксыз болуп басылып, кайрадан алмаштырылган болчу. Анда туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдө никелешүү күбөлүгү деп жазылып, аны алган балдарды аэропорттон сыртка чыгарбай жаткан учурда билинген. Былтыркы жылы өлкөдө ушул сыяктуу 40 миңдей баланын метрикалары кайрадан жаңыланган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG