Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:13

Чет өлкөдөн билим алууну көксөгөн жаштардын саны көбөйгөн сайын аларга көмөк көрсөткөн жеке компаниялардын саны да өсө баштады. Ортомчулук кызматты аткарган борборлорду негизинен чет жерден окуп келген студенттер түзүп, алды ийгилик жарата башташты.

Жаннат Калмаков окуусун чет өлкөдөн улантууну каалаган көп студенттердин бири. Мектептен кийин Кытайдан билим алууну каалап, Улуттук университеттин кыргыз-кытай факультетине тапшырган. Бирок ал жактан үйрөнгөн тили менен Кытайга кете албасын билгенден кийин кошумча курстарга барууга туура келген:

- Университетте берип жаткан билимдин сапаты деле жаман эмес. Болгону тилди тереңирээк өздөштүрөм десең өз алдыңча көбүрөөк окушуң керек экен. Ошондуктан тил курстарын издей баштадым. Анын үстүнө мындай курстарды аяктагандан кийин сынактарды уюштуруп, жеңүүчүлөргө Кытайдын университеттеринен орун беришээрин билчүмүн. Мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаш керек.

Жаннат тил үйрөнүп жаткан “Перспектива” билим берүү борборун Кытайдан билим алып келген жаштар ачкан. Негиздөөчүлөрдүн бири Улан Таалайбеков билимдин артынан түшүп, бейтааныш өлкөгө аттанаарда көптөгөн машакаттарды башынан кечирген болчу. Билим борборун дал ошол өзү туш болгон кыйынчылыктарга башкалар да кабылбаш үчүн жана жаштарга жол ачып берүүнү көздөп түптөгөндөрүн айтып берди:

- Чет өлкөгө бюджеттик негизде окууга өтүү абдан татаал жараян экенине күбө болгом. Маалыматтын жетишсиздиги, бюрократия түшүнүгү, баягы эле тааныш-билиш маселеси билимге суусап турган жаштардын жолун бууп койчу. Өзүм да Кытайга кыйынчылык менен кеткем. Бээжинде окуп жүргөндө эле жаштарга жол көрсөтүп, шарт түзүп берсем деп максат кылып койгом. Анткени жолун билбегендиктен кыйын көрүнө берчү экен. Азыр бул жаатта ийгиликтүү иш алып барып жатабыз. Үч жылдын ичинде 50дөн ашуун баланы гранттык негизде окууга өткөрдүк.

Улан белгилегендей, Кытайдын жогорку окуу жайларынан бюджеттик орун алуу оор деле эмес. Кытай тарап өзү да кызыкдар болгондуктан, чет өлкөлүк студенттерге эшигин кенен ачат:

- “Бир алкак – бир жол” эл аралык долбоорунун алкагында Орто Азия мамлекеттерине көп көңүл бурулуп, гранттык, жарым гранттык орундардын санын көбөйттү. Албетте бул жерде Кытайдын деле өз кызыкчылыгы бар. Геосаясий жактан алып карасак, билим алып жаткан студенттер аркылуу өз тилин, маданиятын таратып жатышат. Биз Кытайдын университеттерине барып компаниябызды таанытып, ишмердүүлүгүбүз менен тааныштырабыз. Жакшы жери - ал жакта бюрократия деген түшүнүк жок. Келишимге келүү маселе жаратпайт.

Тил курстары аяктаган соң катышуучулар арасында сынак өткөрүлөт. Үчилтикке илингендер толук гранттык орундарга ээ болсо, бешилтиктегилер пайыздык жеңилдиктерди алышат. Уландын айтымында, Кытай менен келишим бир нукка салынды. Учурда кулачын кеңейтип, студенттерди Европанын жогорку окуу жайларына жайгаштыруунун үстүндө иштеп жатышат.

Caspian Academy эл аралык билим берүү борбору каалоочуларды дүйнөнүн чар тарабындагы университеттерге кабыл алууга көмөктөшүп келет. Борбордун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси 24 жаштагы Жылдызбек Жолдошов аталган борбордун Анталияда өткөргөн жайкы лагерине катышып келгенден кийин башкаларга да мүмкүнчүлүк түзүп бере аларына көзү жетет:

- Дүйнөнүн эң алдыңкы университеттери саналган Гарвардга, Оксфордго жөнөтө алабыз. Мисалы, Италиянын Болонья, Милан деген мыкты университеттери бар. Бирок алар жөнүндө бул жактагылар көп биле беришпейт. Биздин максатыбыз, билимге суусап тургандарга Европанын эшигин ачып берүү. Бирок бизге кайрылып коюп эле, болду, окууга өттүм дегенден алыс болуу керек. Өтөөрүн өтүп алгандан кийин ал жакта окуп кетүү да оңой иш эмес.

Жылдызбек билим берүү борборлору көрсөткөн кызматы үчүн акы аларын, бул бир эсе бизнеске айланганын жашырбайт. Рынокто атаандаштык болгону менен кардарлардын саны да суюлбай келет. Демек алдыңкы жылдары мындай компаниялардын саны өсүшү толук ыктымал.

АКШдагы билим берүү боюнча эксперт Эрмек Жунушов жаштардын билим берүү жаатында мамлекеттик кызматтардан жардам күтпөстөн иш алып барып жатканы, кылып жаткан аракети мактоого арзый турганын белгиледи:

- Англис тилинде open market деген түшүнүк бар. Башкача айтканда ачык базар системасы. Мында мөмө-жемиш же өндүрүш эле сатылбастан, кызмат көрсөтүү да сатылат. Ал эми кызмат көрсөткөндөрдөрдүн саны көбөйгөн жерде сапат да жогорулайт. Жаштардын бул демилгесине колдоо гана көрсөтүшүбүз керек.

АКШнын Хьюстон шаарынан билим алган Эрмек өзү университетке тапшырып жаткан убактан бүгүнкү күндүн шарты бир топ жеңилдегенин, андыктан чет жерден окуп келген жаштар өлкөгө кандай пайда алып келерин мындайча түшүндүрдү:

- Ааламдашуу доорунда жашап жатабыз. Мурда Стенфорд деген университеттер кыял гана болчу эле. Чет жактан билим алып, козү ачылып келген кадрлар коомго жаңыланууну, өзгөрүүнү алып келет. Андыктан мындай борборлордун санынын көбөйүп жатышы көңүл кубантарлык көрүнүш.

Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан билим берүү борборлоруна лицензия Билим берүү жана илим министрлигинен берилет. Азыр аларда иш кызуу жүрүп жаткан маалы. Мектепти аяктап, аттестаттары колуна тийген бүтүрүүчүлөр мындай мекемелердин эшигин каккылашууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекзат Бектурган

    Бекзат Бектурган  "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти.  

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG