Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:49

Венгрияга окууга тапшыруунун оош-кыйышы


Абитуриенттер.
Абитуриенттер.

Билим берүү министрлигинин коомдук байкоочу кеңеши Венгрияга гранттык окууга кабыл алуу сынагынын баштапкы тандоо турунун жыйынтыгын иликтөөгө киришти.

Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети дагы министрликтен маалыматтарды суратып, сынактын жобосунун мыйзамдуулугун текшерип чыга турган болду. Ал эми билим берүү министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыканов сынактын жыйынтыгына жогортон кийлигишүү болбогонун айтып, такталбаган маалыматтын натыйжасында анын өз күчү менен биринчи турдан сынактан өткөн кызынын укугу бузулуп жатканын билдирди.

Парламент депутаты Мурадыл Мадеминов дагы сынактын жүрүшүнө сырттан таасир этүү болбогонун айтып, абитуриенттерди иргеп алууну венгер тарап интернет аркылуу өз алдынча жүргүзүп, жыйынтык чыгарганын белгиледи.

Бул сынак үчүн жооптуу Венгриядагы Темпус коомдук фондунун түзүүчүсү Мартон Берлик келишимге ылайык, сынактын баштапкы тандоо турун өткөрүү кыргыз тарапка жүктөлгөнүн, кийинки туру 2-июнда жыйынтыкталарын белгиледи.

"Алмашкан тизме, алданган балдар"

Жакында Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев ага Венгрияга окууга тапшыруу үчүн сынактын тандап алуу туруна киргизилбей калган балдардын ата-энелеринен арыз түшкөнүн билдирген болчу.

Депутат сынактын баштапкы тандап алуу жобосу бузулуп, гранттык орундарга талапкерлер менен аңгемелешүү жүрбөгөнүн белгилеген. Жанарбек Акаев Венгриянын гранттык программасынын тандап алуу тизмесине билимге суусаган улан-кыздар эмес, айрым таасирдүү аткаминерлер менен саясатчылардын балдары киргизилген жагдай тууралуу парламентте атайын билдирүү жасаган:

- Мага бир нече ата-эне кайрылды. Венгрияга гранттык окууга сынак тапшырган жүздөгөн балдардын документтери белгисиз себептерден улам жиберилген эмес. Ал аз келгенсип резервдеги 25 баланын да документи жөнөтүлбөй калган. Билим берүү жана илим министрлиги кандай негизде сынак өткөргөнү белгисиз. Башка 25 студенттин тизмесин Венгрияга жиберген. Алардын арасына өкмөт жана Жогорку Кеңеш өкүлдөрүнүн уул-кыздары кирип калган. Мендеги маалымат боюнча Венгрияга окууга Билим берүү министрлигинин статс-катчысынын кызы, ушул эле мекеменин бөлүм башчысынын кызы, парламент депутатынын кызы, керек болсо айрым айыл өкмөт башчыларынын балдарына чейин кирип калганы табышмактуу.

Жең ичинен чыккан чечимдер

Европа, Кытай, Орусия, Түркия, Жапония, Малайзия сыяктуу мамлекеттер жогорку окуу жайларында гранттык негизде акысыз окуу орундарын кыргызстандык студенттер үчүн жыл сайын бөлүп келген. Бирок депутат Жанарбек Акаев бул гранттык орундар тууралуу жарыялар көп ачыкка чыкпай, тандап алуу сынактары жең ичинен жүргүзүлгөн учурлар көнүмүш адатка айланганын белгиледи. Буга өткөн чейрек кылымда "XXI кылымдын кадрлары" мамлекеттик программасы менен тааныш-билиштик аркылуу ондогон улан-кыздар чет өлкөлөргө окууга жөнөтүлүп, бирок алардын көпчүлүгү мекенине кайра кайтып келбеген жагдай мисалга алынды. Депутат Акаев гранттык орундар таасирдүү адамдардын балдарына берилген же жең ичинен сатылган көрүнүштөрдү ооздуктоого убакыт келгенине токтолду:

- Өнүккөн өлкөлөрдөн билим алайын, алган билимин, тажрыйбасын бул жакта пайдаланайын деген карапайым үй-бүлөлөрдүн идиректүү, зээндүү балдары көп. Бирок алардын ата-энеси аткаминер же депутат эмес. Ошондуктан таланттуу уул-кыздарыбыздын жолун буубай, алардын келечегине тоскоол болбой, кайра аларга жакшы шарт түзүп беришибиз керек. Мен албетте, аткаминерлердин, депутаттын балдары чет өлкөдө окубашы керек дегенден алысмын. Азыркы мен айткан адамдардын балдарын дагы билимге умтулбайт, начар окуйт деп айта албайм. Бирок жетекчилер балдарын таза, ачык сынактар аркылуу окутушу керек, башкаларга үлгү болушу зарыл. Асмандан түшкөн гранттык окууга чет өлкөгө барып, Кыргызстанды уят кылып окубай кетип калгандарды дагы угуп жүрөбүз. Кытайга дагы гранттык квоталар кызылдай акчага сатылган учурлар жок эмес. Беш миң АКШ долларына чейин барат.

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

Коомдук кеңештин иликтөөсү

Жогорку билим берүүдөгү кызматташтыкты караган эки тараптуу макулдашуунун негизинде Венгриянын өкмөтү Кыргызстандан 25 студентти гранттык негизде окутуу жагы каралган болчу. Буга байланыштуу Венгриянын жогорку окуу жайларына сынактын негизинде кыргызстандык жарандарды кабыл алуунун жобосу бекитилген. Сынактын баштапкы тандап алуу турун Билим берүү министрлигинде түзүлгөн комиссия жүргүзгөн. Бул комиссияга министрликтин коомдук кеңешинин өкүлү Айгүл Ахмедова кирген. Андан бөлөк бул комиссияга кимдер киргени азырынча белгисиз. Ахмедова сынакта жекече аңгемелешүү болбогонун ырастап, бирок одоно мыйзам бузуу катталбаганы тууралуу коомдук кеңешке отчет берген. Парламентте бул маселе көтөрүлгөндөн кийин Билим берүү министрлигинин коомдук кеңеши жагдайды иликтөөгө киришти. Коомдук кеңештин мүчөсү Алмаз Тажыбай баштапкы тандоо турундагы сынактын жобосунун шарттарын сактоонун тартиби текшерилип жатканына токтолду:

- Биз азыр мына ошол баштапкы тандоо турунун жүрүшүн текшерип жатабыз. Биз кабыл алуу комиссиясынан “бирөө жарымы мына ошол сынактын жүрүшүнө нааразы болуп, даттанды беле?” деген суроо менен кайрылдык. Бирок буга чейин сынакка катышкан балдардын ата-энелеринен мына ошондой арыз-даттануулар болбоптур. Биз анан мына ошол гранттык программа боюнча окууга кабыл алуунун шарттарын караган жобо бузулдубу же жокпу деген маселени текшерип, иликтеп жатабыз. Эгерде чынында эле мына ошол коюлган талаптар боюнча баштапкы тандоо турунун шарттары бузулган болсо биз ошого жараша фактыларды иликтеп чыгып, корутунду чыгарабыз. Анан эми биз коомдук кеңеш болгондуктан сынак тапшырууда пара берүү фактылары болдубу же жокпу, жогору жактан анын жыйынтыгына таасир этүү аракеттери болуп- болбогонун аныктап, айта албайбыз.

Жалпы добуш берүүнүн жагдайы

Ошол эле кезде Билим берүү министрлиги Венгриянын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн баштапкы тандап алуу турун жүргүзүүгө жарандык коом өкүлдөрү байкоо салганын билдирген. Билим берүү министрлигинин бөлүм башчысы Гүльмира Сарыбагышева "Патриот KG" коомдук уюмунун өкүлү кабыл алуу комиссиясынын сынакты жүргүзүү ишине баштан-аяк байкоо салып, аягында тиешелүү протоколго кол койгонун белгилеген болчу. Бирок "Патриот KG" коомдук уюмунун жетекчиси Нурсултан Кубанов документтерин тапшырган 118 улан-кыздын арасынан 23 адамды министрлик мурда эле тандап койгонун, комиссия болгону мына ошол тизме үчүн гана добуш бергенин билдирген эле:

- Алар бизге Билим берүү министрлиги сунуштаган мына ошол тизмедеги 25 адамды гана тандайсыңар деп айтышты. Анан эми мен мурда - кийин буга окшогон сынактарга катышпаган соң, анын жагдайларын толук биле алган жокмун. Анан биз ар бир талапкер боюнча ойлорун билдирип, негизинен жалпы добуш берүү менен эле чечим кабыл алдык.

Венгриялык университеттер кыргызстандык студенттерди быйыл экинчи жылы кабыл алып жатат. Быйылкы баштапкы турга бакалавриатка 10, магистратурага 10, докторантурага 3 адам, жалпысынан 23 талапкер тандалган. Сынактын биринчи турунда тандалгандардын арасында билим берүү министрлигинин статс-катчысынын кызы Айым Калысбекова, министрликтин бөлүм башчысынын кызы Нуркыз Усупбекова жана депутаттын кызы Бегимай Мадеминованын ысмы бар экени көрсөтүлгөн.

"Кызымдын укугун ким коргойт?"

Билим берүү министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыканов сынактын жыйынтыгына жогору жактан таасир этүү болбогонун жана кызы өзүнүн күчү менен эле сынак тапшырганын айтты:

- Бул сынак толук жыйынтыктала элек. Анын жыйынтыгын эми бир кудай билет, анан бир венгер тарап билет. Анан эми биринчи тандап алуу турунан кээ бир адамдардын жакындары өтпөй калып эле, ошондон чыр-чатак чыгып жатат. Менин кызым мыкты окуп, ийгиликтүү сынак тапшырып, биринчи турдан өтүп кеткени үчүн күнөөлүү эмес да. Анан эми бул принцип менен кете турган болсок, менин кызымды “сен чоңдун кызысың, үйдө отур” деп эч жакка чыгарбай, малчы эле болушу керек экен да. Бул жагдайда мен кызматта болгонум үчүн эле кызым жабыркап, анын укугу бузулбашы керек да. Менин кызым мындан сырткары Орусиядагы, Бельгиядагы, Англиядагы жалпысынан жети чет өлкөлүк жогорку окуу жайына тапшырды. Кайсынысына өтөөрү эми анын бешенесинен. Кызым кайсыга өтсө, кайсынысы ага ылайык келсе, ошого барат. Анан эми бул сынактын кабыл алуу эрежесин дагы билбейм. Аны мен карабайм. Керек болсо кабыл алуу комиссиясынын курамында кимдер бар экенин дагы билбейм.

Калысбек Шадыканов.
Калысбек Шадыканов.

Ажырымбы же айырмачылыкпы?

Мындан сырткары Венгриянын гранттык программасынын сынагынан Бегимай Мадеминова ийгиликтүү өткөнүн айткан парламенттин депутаты Мурадил Мадеминов жергиликтүү маалымат каражаттарына анын кызы окууну мыкты бүтүргөнүн жана анын билиминен шек саноого негиз жок экенин билдирген. Кызы интернет аркылуу түз байланышта венгриялык тарапка сынак тапшырып, 83 балл алып, сынактан эбак эле өтүп кеткенин айткан депутат Мурадил Мадеминов сынактын жыйынтыгы тууралуу мына буларга токтолгон болчу:

- Менин кызым “мына ошондой программа жарыяланды” деп, өзү документтерин даярдап, тапшырып, On-line режимде төрт венгер мугалимине сынак тапшырган экен. Аны дагы мен көргөн жокмун. Анан кызым мага чалып, “ата,100 баллдан 83 балла алдым. Алар мени окууга кабыл алдык деп айтышты” деп билдирди.

Бирок билим берүү министрлигинин бөлүм башчысы Гүльмира Сарыбагышева Венгриянын жогорку окуу жайына кабыл алуу боюнча жобого ылайык, буга чейин сынактын баштапкы тандоо туру гана болуп өтүп, анын жыйынтыктоочу туру баштала электигин билдирген болчу. Ошентип депутаттын айтканы менен Билим берүү министрлигинин сынактын жыйынтыгы тууралуу билдирүүсү эки ача чыгып калды.

Билим берүү министрлигинин статс катчысы Калысбек Шадыканов муну сынак тапшыруу мөөнөттөрүндөгү айырмачылыктар менен байланыштырды:

- Магистратурага тапшыргандардын документтери эбак эле кетип, алар On-line режимде сынактарды тапшырып башташты. Анан мен бул чуу чыкканда эле депутат Мадеминовго барып жолугуп, “экөөбүз Кыргызстанга белгилүү болдук” деп айттым. Депутат Мадеминовдун кызы Борбор Азиядагы Америка уинверситетин кызыл диплом менен бүтүп, магистратурага тапшырып жаткан экен. Алардын сынактары эртерээк башталат экен. Ал эми жаңыдан мектепти аяктагандар баштапкы тандоо турунан өтүп, бирок On-line сынактарды тапшырыша элек. Ошондуктан бул жерде окуу багыттары боюнча гана тапшыруу мөөнөттөрү боюнча айырмачылыктар бар.

Венгрия тарап чуудан кабарсыз

Венгр өкмөтү билим берүү, кесиптик чеберчиликти жогорулатуу жаатындагы эл аралык кызматташтык боюнча программаларды, атайын долбоорлорду жүзөгө ашырууну Венгриядагы Темпус коомдук фондуна жүктөгөн. Жобого ылайык, кыргызстандык студенттер дагы мына ошол фонд аркылуу Венгриянын жогорку окуу жайларына тапшырат.

Венгриялык студенттер.
Венгриялык студенттер.

Бул коомдук фонддун түзүүчүсү Мартон Берлик баштапкы тандоону кыргыз тарап жүргүзгөнүн ырастап, сынактар жыйынтыктоочу этапка келип жеткенин белгиледи. Мартон Берлик "Азаттык" радиосуна сынактын жыйынтыгы толугу менен июнь айында гана чыгарылып, анан расмий түрдө жарыялана турганын билдирди:

- Тандоонун бир нече жолу бар. Университет талапкердин документтерин карап, бардык керектүү кагаздарын кылдат текшерип чыгат. Айрым учурда кошумча кагаздарды сурашат. Андан соң университет онлайн тест же скайп аркылуу оозеки интверью өткөрөт. Айрым адистиктер боюнча университеттин өкүлдөрү ар кайсы өлкөлөргө барып талапкерлер менен көзмө көз жолугуп сүйлөшөт. Андан кийин университет талапкердин билимин 0дөн 100го чейинки балл менен баалайт. 1-июнга чейин бардык университеттер талапкерлерди тандап бүтүшү керек. Кийинки күнү, тактап айтканда, 2-июнда биз – стипендия берген агенттик бардык талапкерлердин жыйынтыгын көрө алабыз.

Ошол эле венгер тараптын өкүлү Мартон Берлик буга чейин эл аралык кызматташтыктын алкагында сынактын шарттарын бузууга байланыштуу кандайдыр бир чатактар болгон эмес деп билдирди. Ал тандоо жараяндарынын жүрүшүндө студенттин жөндөмүн аныктоого байланыштуу талаптар гана коюла турганын мисал келтирди. Ошондой эле Берлик тандоонун жыйынтыгында жогорку окуу жайлардагы гранттык орундарга талапкерлердин социалдык макамын жана сынактын баштапкы турунун жыйынтыгына таасир этүү жагдайларын аныктоого мүмкүн эмес экенин кошумчалады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG