Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 20:03

Кечээ Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев чет мамлекеттерде билим алуу үчүн Кыргызстанга берилген квоталар ачык бөлүнбөй жатканын айтып чыккан.

Акаев Венгрияга окууга сынак тапшырган балдардын документтери жиберилбей, тизмеге чиновник, депутаттардын уул-кыздары кирип калганына нааразылык билдирген.

Кыргызстандан чет жактагы жогорку окуу жайда окууга мамлекеттик квотадан орун алгандар кантип тандалат? Билим берүү жана илим министрлигинин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Сарбагышева "Азаттыкка" маек курду.

“Азаттык”: Жогорку Кеңеш депутаты Жанар Акаев Венгриянын жогорку окуу жайларына жалаң чоңдордун балдары тандалып алыптыр деп айтып жатат...

​"Жупуну" аткаминерлердин "эркетайлары"

Айта кетчү нерсе, бул жаштардын ата-энелери өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеген жана азыр дагы иштеп жатышат. Алар жыл сайын өтө жупуну кирешеси тууралуу декларация тапшырат. Ошого карабай, балдарын чет өлкөдө окутуп, кычараган машиненин рулуна отургузган. "Эркетайлардын" социалдык тармакка койгон сүрөттөрү жана видеолору алар эгерим кем-карчты көрбөй чоңойгонунан кабар берет.

Сарбагышева: Мында мен кайра өзүңүздөргө суроо узаткым келип турат. Эмненин негизинде биз аткаминерлердин, ошол эле депутаттардын балдарын сынакка катыштырбай коё алабыз? Бул Кыргыз Республикасынын жаранынын конституциялык укугунун түздөн-түз бузулушу болуп калмак. Сынактын бардык катышуучулары жалпы жана бирдей сыноодон өткөн.

“Азаттык”: Депутат айтып чыккандан кийин сынакка келгендер кимдин балдары экен деп кызыгып көргөн жоксуздарбы?

Сарбагышева: Билесизби, биз үчүн мунун эч кандай кызыгы да, мааниси да жок. Биз андай маалыматты сурабайбыз. Бизге баланын билим деңгээли, анын жарандык позициясы, өз өлкөсүнө жардам берүүгө умтулуусу жана албетте сырт жакта окууга эмне үчүн кызыгып жаткандыгынын мотивациясы маанилүү.

“Азаттык”: Ошол эле учурда квота бөлүштүрүүдө маалымат ачык болбой жатат деген пикирлер айтылды.

Сарбагышева: Маселен, Венгрия боюнча сынак бир нече этап менен өткөрүлүүдө. Биринчисине кыргыз тарап жооптуу болду. Билим жана илим министрлиги документтерди кабыл алууну жүргүздү. Анын жыйынтыгында тандалып алынган балдардын фамилиялары Венгрия тарапка өткөрүлүп берилген. Июнь айынын ичинде ал балдар менен онлайн режимде экзамен өткөрүлүп, ошонун жыйынтыгы менен тандалган балдар боюнча чечимди Венгриядагы ТEMPUS коомдук фонду кабыл алат. Демек акыркы чечим биздин министрликтин сайтына мына ушул сынактардын баары жыйынтыкталгандан кийин гана жарыяланат.

Маалыматтын ачыктыгы деп сурап калдыңыз. Тиешелүү маалымат толугу бойдон биздин сайтка жарыяланат, ал агенттиктерге чыгат жана “Кутбилим” гезитине басылат.

Мындан тышкары министрдин буйругу менен уюштуруу комитети түзүлүп, анын курамына жарандык коом өкүлдөрү кирген.

“Азаттык”: Венгриядан тышкары дагы кайсы өлкөлөргө силер аркылуу окууга жөнөшөт?

АКШдан билим алуунун эрте-кечи жок

1993-жылдан бери АКШга барып, акысыз билим алган кыргызстандыктардын саны 3,5 миңден ашты. Бул өлкөдөн билим алууну эңсеген кыргызстандыктардын саны да абдан көп.

Сарбагышева: Бардык маалымат милдеттүү түрдө министрликтин сайтына чыгат. Учурда Кыргызстан үчүн чет жакта окуу боюнча үч өкмөттүк квота жана эки стипендиялык программа бар.

Тактап айтсам, Орусия 2017-жылга Кыргызстан үчүн 400гө чейин квота бөлгөн. Документтерди кабыл алуу, тандоону Кыргыз-Орус (Славян) университетинин базасында “Россотрудничествонун” өкүлдөрү өткөрдү. Демек, башынан аягына чейин орус тарап өзү жүргүздү.

Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы өкмөт аралык келишимге ылайык, быйыл 5 бюджеттик орун бөлүнгөн. Тандоону биздин министрлик Тестирлөө боюнча улуттук борбордун жана аңгемелешүүнүн негизинде жүргүздү. Жыйынтыгынын баары сайтка чыкты.

Беларус 10 бюджеттик орун берген. Документтерди кабыл алуу жана тандоо Казакстандын программасы сыяктуу негизде жүргүзүлдү.

Бизде өкмөттүк стипендиялар да бар. Кытай тарап менен макулдашуунун негизинде жыл сайын бул өлкөнүн жогорку окуу жайларында бюджеттик окууга орундар бөлүнөт. 2017-жылга 27 стипендия бөлүнгөн. Сыноо эки тур менен өттү. Анын жыйынтыгы 25-мартта сайтыбызга чыккан.

Кийинки өлкө – Венгрия. Билим тармагында кызматташуу келишими боюнча 25 орун берилген. Анын талаптары жогоруда айтылды.

“Азаттык”: Сиз атап өткөн өлкөлөрдөн башка да мамлекеттерге барып окуп жаткандар көп да. Алар кайсы жол менен кетип жатат?

Сарбагышева: Биздин жогорку окуу жайлар чет өлкөлүк өнөктөштөрү менен эки тараптуу келишимдерди кабыл алууга укугу бар жана алар бул жаатта ийгиликтүү иштеп жатышат.

“Азаттык”: Мамлекеттик квота аркылуу окууга жөнөтүлүп жаткандарга коюлуучу негизги талаптар кайсылар?

Сарбагышева: Биричи кезекте – билим деңгээли. Маселен, Венгрия боюнча баанын орточосу 4,5дан кем эмес деген талап коюлган. Каалоочулар өтө көп болду. 100дөн ашык арыз түштү.

Экинчи талап – англис тилин билиши.

Дагы бир маанилүү талап – сынакка катышып жаткан баланын жеке жетишкендиктери.

Аймактар боюнча алып карасак, мисалы, Венгрияда окуу үчүн биринчи турда тандалып алынгандар арасында Бишкек, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарындан өкүлдөр бар.

“Азаттык”: Негизи чет жакта окуп келем деген балдар көппү?

Сарбагышева: Албетте. Бирок бул бара турган өлкөгө жараша болот. Мисалы, Венгрияга 118 арыз түшкөн. Орундар 25. Казакстанга 5 орунга 9 арыз. Орусия боюнча “Россотрудничество” өкүлчүлүгү алектенгендиктен бардык маалымат ошолордо.

“Азаттык”: Чет өлкөлөрдө окууга силер аркылуу кеткендердин кайра Кыргызстанга кайтып келишин, мекенинин өнүгүүсүнө кошкон салымын көзөмөлдөп турасыздарбы?

Сарбагышева: Учурда так маалымат бизде жок. Бирок министрлик бул багытта иштеп жатат. Кээде бакалаврды окуп келгенден кийин кайра кайтып келишет же магистратураны окуш үчүн калып калышат.

“Азаттык”: Сиз жогоруда квоталар тууралуу маалымат министрликтин сайтына чыгат дедиңиз. Дагы кандай жолдор менен таратылат?

Сарбагышева: Сайттан тышкары маалымат агенттиктерине чыгат, “Кутбилим” гезитине жарыяланат.

“Азаттык”: Агенттиктерди окууга бардыгында эле мүмкүнчүлүк бар деп айтууга болбойт. Гезит да көпчүлүккө кеңири тарабайт. Айыл, райондордогу окуучулар, мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн арасына барып маалымат берүү иши жок экен да, демек?

Сарбагышева: Азырынча ушуну менен гана чектелүүдөбүз.

Редакция: Кечээ Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев чет мамлекеттерде билим алуу үчүн Кыргызстанга берилген квоталар ачык бөлүнбөй жатканын айтып чыккан. Ал Венгрияга окууга сынак тапшырган балдардын документтери жиберилбей, тизмеге чиновник, депутаттардын уул-кыздары кирип калганына нааразылык билдирген.

"Мага бир нече ата-эне кайрылды. Венгрияга гранттык окууга сынак тапшырган жүздөгөн балдардын документтери белгисиз себептерден улам жиберилген эмес. Ал аз келгенсип резервдеги 25 баланын да документи жөнөтүлгөн эмес. Жакында Билим берүү жана илим министрлиги кандай негизде сынак өткөргөнү белгисиз. Башка 25 студенттин тизмесин Венгрияга жиберген. Алардын арасына өкмөт жана Жогорку Кеңеш өкүлдөрүнүн балдар-кыздары кирип калган. Мендеги маалымат боюнча Венгрияга окууга Билим берүү министрлигинин статс-катчысынын кызы, ушул эле мекеменин бөлүм башчысынын кызы, парламент депутатынын кызы, керек болсо айрым айыл өкмөт башчыларынын балдарына чейин кирип калганы табышмактуу. Мына кимдер балдарын окууга жөнөткөнү тууралуу тизмени силерге берем. Убагы келгенде аны ачыкка чыгарабыз".

Ошондон кийин Билим берүү жана илим министрлиги Венгрияга окууга баруу үчүн сынактын 2-баскычына өткөн студенттердин тизмесин жарыялады.

Төмөнкү талапкерлер экинчи турга өткөн:

Бакалавр:
1. Толкунова Айдай
2. Садыкова Нурбийке Саттаровна
3. Каныбекова Айгерим Эрнисовна
4. Алияскаров Акбар Канатбекович
5. Калысбекова Айым
6. Торокелдиева Мээрим Төрөкелдиевна
7. Акиев Бакай Арстанбекович
8. Кудайбергенова Бегимай
9. Усупбекова Нуркыз
10. Келдибеков Омурзак Келдибекович

Магистратура:
1. Шаршекеев Махмуд Шабданбекович
2. Амадалиев Азизбек Кочкорбаевич
3. Смаилова Айнура Акматбековна
4. Сулайманова Назгүл
5. Ибраимова Айганыш Медетбековна
6. Ураимов Марат Рустамович
7. Токсобаева Айчүрөк Жээнкуловна
8. Мадеминова Бегимай Мурадыловна
9. Омурбекова Мээрим Өмүрбековна
10. Шаршекеева Чолпонай

Докторантура (Phd)
1. Валиева Айсулуу
2. Шеранова Арзуу
3. Бакытбеков Тилек

Мындан сырткары уюштуруу комитети Stipendium Hungarium программасынын талаптарына ылайык кошумча тизмеде турган талапкерлерди да аныктаган.

Бакалавр:
1. Мусаева Айзат Мусаевна
2. Медетбекова Кымбатай Медетбековна
3. Алыбаева Акмарал Эркинбековна

Магистратура:
1. Рыспекова Алия Рыспековна
2. Болотбекова Махабат Талантбековна

Тандоонун биринчи турун Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги, 2-турун Венгрия тарап өткөрөт. Июнь айында Венгриянын окуу жайлары сынакка катышкан студенттерден онлайн режиминде тест алат.

Билим берүү жана илим министрлиги сынакка катышкан студенттердин тизмесин жарыялап, бирок чиновниктердин балдары тууралуу маалыматты ырастаган да, төгүндөгөн да жок.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Рахат Кеңешова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин журналисти. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетин бүтүргөн.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG