Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:33

Жанар Акаев: гранттык окуу тизмесине чиновниктердин балдары кирген


Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

Парламент депутаты Жанар Акаев бүгүнкү жалпы жыйында чет мамлекеттерде билим алуу үчүн Кыргызстанга берилген квоталар ачык бөлүнбөй жатканын айтып чыкты. Венгрияга окууга сынак тапшырган балдардын документтери жиберилбей, тизмеге чиновник, депутаттардын уул-кыздары кирип калганына нааразылык билдирди:

- Мага бир нече ата-эне кайрылды. Венгрияга гранттык окууга сынак тапшырган жүздөгөн балдардын документтери белгисиз себептерден улам жиберилген эмес. Ал аз келгенсип резервдеги 25 баланын да документи жөнөтүлгөн эмес. Жакында Билим берүү жана илим министрлиги кандай негизде сынак өткөргөнү белгисиз. Башка 25 студенттин тизмесин Венгрияга жиберген. Алардын арасына өкмөт жана Жогорку Кеңеш өкүлдөрүнүн балдар-кыздары кирип калган. Мендеги маалымат боюнча Венгрияга окууга Билим берүү министрлигинин статс-катчысынын кызы, ушул эле мекеменин бөлүм башчысынын кызы, парламент депутатынын кызы, керек болсо айрым айыл өкмөт башчыларынын балдарына чейин кирип калганы табышмактуу. Мына кимдер балдарын окууга жөнөткөнү тууралуу тизмени силерге берем. Убагы келгенде аны ачыкка чыгарабыз.

Жанар Акаев Билим берүү министрлигинин сайтында Венгрияга окууга сунушталгандардын тизмеси эмнеге жок деп суроо салды. Ал жетекчилерди балдарын таза, ачык сынактар аркылуу окутууга чакырды. Өкмөттүн парламенттеги өкүлү Ашырбек Темирбаевге кайрылып, маселе боюнча түшүндүрмө сурады.

Былтыр Венгриянын расмий делегациясынын Бишкекке болгон сапары учурунда Кыргызстандан жыл сайын 25 студентти акысыз окутуп берүү боюнча келишим түзүлгөн. Билим берүү жана илим министрлиги депутаттын бүгүнкү билдирүүсүнө азырынча комментарий бере элек. (NT)

XS
SM
MD
LG