Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:38

Чет өлкөдө акысыз окууну акча чечеби?


Абитуриенттер (Сүрөттүн макалага тиешеси жок)
Абитуриенттер (Сүрөттүн макалага тиешеси жок)

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев 18-майдагы жалпы жыйында чет мамлекеттерде билим алуу үчүн Кыргызстанга берилген квоталар ачык бөлүнбөй жатканын сындаган.

Ал Венгрияга бекер окуу үчүн берилген орундарга чиновник, депутаттардын балдары илинип, карапайым элге маалымат жетпей жатканына нааразылыгын билдирген. Көп өтпөй Билим берүү жана илим министрлиги депутаттын айткандарына түшүндүрмө берип, сынактын 1-турунан өткөн студенттердин тизмесин жарыялады.

Билим берүү жаатындагы эксперттер мамлекеттик же жергиликтүү мекемелер мындай сынактарда ортомчу болбошу керек деген сунушун айтып жатышат.

"Акча бергенде өтмөк экен"

Атын атоодон баш тарткан бишкектик айымдын кызы эки ай мурда Кытайдагы окуу жайларда акысыз билим алуу үчүн жарыяланган сынакка катышып өтпөй калган. Берген жоопторуна ишенип чыккан кызы жеңүүчүлөрдүн тизмесинен өзүн таппай, катуу ызаланганын айтып берди:

АКШдан билим алуунун эрте-кечи жок

АКШдан билим алуунун эрте-кечи жок

1993-жылдан бери АКШга барып, акысыз билим алган кыргызстандыктардын саны 3,5 миңден ашты. Бул өлкөдөн билим алууну эңсеген кыргызстандыктардын саны да абдан көп.

- Сынакты Билим берүү жана илим министрлиги уюштурган. Бюджеттик негиздеги беш жылдык окуу болчу. Бакалавр, магистратура жана курстук окуулар үч даража боюнча жалпысынан 23 орунга 200дөй адам документ тапшырган экен. Кызым БГУда кытай факультетинде окуйт. Мектепти да жакшы бүткөн. Англис тилинде, кытай тилинде аябай даярданган. Сынактан да "жакшы тапшырдым" деп өзүнө ишенип чыкты. Мен кызыма ишенгем, ал окуйм десе түнү менен уктабайт. Сынактын жыйынтыгы ошол эле күнү чыгып, тизмеден өзүн таппай калганда үч күн ыйлады. Ал “мен сынакка катышкандар менен сүйлөшүп көрдүм, алардын деңгээлин билем” деп айтты. Кызым өтпөй калгандан кийин ортого тааныш салсак болмок экен деп өкүнүп калдык. Анткени орундар сатылган, акча беришкен деп уктук.

Кыргызстан бир катар алыскы жана жакынкы мамлекеттер менен билим берүү жаатында кызматташуу тууралуу келишимге кол койгон. Анын негизинде кыргызстандык студенттер үчүн орун бөлүнүп, ал көбүнесе Билим берүү жана илим министрлиги аркылуу ишке ашат. Алсак, былтыр Венгриянын расмий делегациясынын Бишкекке болгон сапары учурунда Кыргызстандан жыл сайын 25 студентти акысыз окутуп берүүгө келишим түзүлгөн.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев 18-майдагы жалпы жыйында мына ушул орундарга сынак ачык-айкын өтпөгөнүн, тизмеге аткаминерлер менен айрым депутаттардын балдары кирип, карапайым элдин уул-кызы илинбей калганын сындап чыккан эле.

Жанар Акаев
Жанар Акаев

- Мага бир нече ата-эне кайрылды. Венгрияга гранттык окууга сынак тапшырган жүздөгөн балдардын документтери белгисиз себептерден улам жиберилген эмес. Ал аз келгенсип резервдеги 25 баланын да документи жөнөтүлбөй калган. Билим берүү жана илим министрлиги кандай негизде сынак өткөргөнү белгисиз. Башка 25 студенттин тизмесин Венгрияга жиберген. Алардын арасына өкмөт жана Жогорку Кеңеш өкүлдөрүнүн уул-кыздары кирип калган. Мендеги маалымат боюнча Венгрияга окууга Билим берүү министрлигинин статс-катчысынын кызы, ушул эле мекеменин бөлүм башчысынын кызы, парламент депутатынын кызы, керек болсо айрым айыл өкмөт башчыларынын балдарына чейин кирип калганы табышмактуу. Азыр министрликтин сайтында Венгрияга окууга сунушталгандардын тизмеси жок. Мен чиновниктердин, депутаттын балдары чет өлкөдө окубашы керек дегенден алысмын. Азыркы мен айткан адамдардын балдарын дагы билимге умтулбайт, начар окуйт деп айта албайм. Бирок жетекчилер балдарын таза, ачык сынактар аркылуу окутушу керек, башкаларга үлгү болушу зарыл. Асмандан түшкөн гранттык окууга чет өлкөгө барып, Кыргызстанды уят кылып окубай кетип калгандарды дагы угуп жүрөбүз. Кытайга дагы гранттык квоталар кызылдай акчага сатылган учурлар жок эмес. Беш миң АКШ долларына чейин барат.

Билим берүү жана илим министрлиги депутаттын айтканына жооп кайтарып, сынакка катышкан студенттердин тизмесин жарыялады. Мекеменин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Сарбагышева Венгрия боюнча сынак бир нече этап менен өткөрүлүп жатканын жана бул жолу уюштуруу комитетине жарандык коомдун өкүлдөрү да киргенин билдирди. ​

Гүлмира Сарбагышева
Гүлмира Сарбагышева

- Учурда Кыргызстан үчүн чет жакта окуу боюнча үч өкмөттүк квота жана эки стипендиялык программа бар. Орусия 2017-жылга Кыргызстан үчүн 400гө чейин квота бөлгөн. Документтерди кабыл алуу, тандоону Кыргыз-Орус (Славян) университетинин базасында “Россотрудничествонун” өкүлдөрү өткөрдү. Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы өкмөт аралык келишимге ылайык, быйыл беш бюджеттик орун бөлүнгөн. Тандоону биздин министрлик Тестирлөө боюнча улуттук борбордун жана аңгемелешүүнүн негизинде жүргүздү. Жыйынтыгынын баары сайтка чыкты. Беларус 10 бюджеттик орун берген. Документтерди кабыл алуу жана тандоо Казакстандын программасы сыяктуу негизде жүргүзүлдү. Бизде өкмөттүк стипендиялар да бар. Кытай тарап менен макулдашуунун негизинде жыл сайын бул өлкөнүн жогорку окуу жайларында бюджеттик окууга орундар бөлүнөт. 2017-жылга 27 стипендия бөлүнгөн. Сыноо эки тур менен өттү. Анын жыйынтыгы 25-мартта сайтыбызга чыккан.

"Жанар чычалабасын..."

Биз эл өкүлү Жанар Акаев айткан Венгрияга барчулардын тизмесине балдары кирген депутат, мамлекеттик кызматкерлер менен байланышып көрдүк. Алардын бири депутат Мурадыл Мадеминовдун кызы магистратураны окуу үчүн сынактын биринчи турунан өткөн экен.

- Менин кызым АУЦАны (Борбор Азиядагы Америка университети) бир-эки эле 4ү болбосо жалаң беш менен бүттү. Ал Польшага магистратурага окууга тапшырып өткөн. Мен Чехия, Германия, Венгрияга келип калат, ошол жакка баргын деп болбой койгом. Менин кызым бардык документин өзү чогултту, Венгриядан телефон чалып онлайн экзамен тапшырды. Мажар мугалимдер экзамен алды. "100 баллдан 83 балл алдыңыз, сиз өттүңүз" деп дароо эле айтышыптыр. Жанар өзүнүн туугандары өтпөй калса чычалабай эле койсун. Менин кызымдын Кыргызстандагы миңдеген жаштардай укугу жокпу?

Министрлик аркылуу кетип жаткан менен коррупция элементтери болуп атпайбы. Анан айрым окуу жайларга илип койгону эле болбосо маалымат жетпей калат.
Алмаз Тажыбай

Мындан сырткары тизмеде Билим берүү жана илим министрлигинин Коррупцияны алдын алуу секторунун башчысы Марат Усупбековдун да кызы бар. Марат мырза сынак тууралуу кызынан укканын, эч кандай кийлигишпегенин айтып жатат.

- Азыр Венгрияга өттү деп айтууга эрте. Экинчи турунан кийин гана белгилүү болот. Кызыма байланыштуу менин да атым аталып кетти. Менин кызым министрликтин расмий сайтынан эле жарыядан көрүп, каттоодон өтүп, документтерди жиберген. Тигил жактан "сизди тандап алдык" дегенден кийин гана документтерин тапшырган. Тандап алган окуу жайы электрондук дарегине кат жибериптир, 28-30-майда экзамен тапшырат экен. Ошондон өтсө гана Темпус Коомдун фонду аркылуу кетет. Кызым “Сапаттын” Айчүрөк лицейинде окуйт. Ал жактан тапшырган кыздардын баары өттү.

"Уюштуруу ишине жемкорлук бут тосууда"

Кыргызстандан чет өлкөгө барып билим алууну каалаган жаштардын саны жүздөп саналат. Алардын айрымдары гранттык орундар тууралуу маалымат жетиштүү, ачык берилбей турганын белгилешет. Мисалы, ​Аяна аттуу студент магистратураны чет өлкөдөн окууну кыялданып келет.

- Мындай окуулар тууралуу маалымат аябай аз. Угушум боюнча бизге көп эле орундар берилет экен. Бирок бизге ал маалыматтар толук жетпейт же эки күн, бир жума калганда билип калабыз. 4-курстан магистратураны башка өлкөдөн окуюн деген ниетим бар. Азыр даярданып башташым керек. Эки жыл мурда Кытайга тапшырып өтпөй калгам.

Билим берүү жаатындагы адистер чет өлкөлүк окуу жайларга гранттык негизде окууну каалоочулардын сынактарга катышуусун уюштуруу аксаганын айтып келишет. Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы байкоочу кеңештин мүчөсү Алмаз Тажыбай сынактар тууралуу маалыматтарды жайылтуу жетишсиз болуп жатканын белгиледи:

- Биз министрликти сынга алып жатканыбыз көп учурда документтерди которбой эле туура эмес тиркеп коюшат. Министрлик маалымат катары гана таратышы керек деп сунуштап жатабыз. Чет өлкөдөгү университеттер өздөрү тандап алышы керек. Министрлик аркылуу кетип жаткан менен коррупция элементтери болуп атпайбы. Анан айрым окуу жайларга илип койгону эле болбосо маалымат жетпей калат.

Мындан сырткары кыргызстандык студенттер ар кайсы окуу жайлар ортосундагы келишимдердин негизинде дагы чет өлкөгө барып билим алат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG