Линктер

шаршемби, 24-май, 2017 Бишкек убактысы 03:08

17-майда Кыргызстандын орто мектептерин аяктап жаткан 70 миңге чукул бүтүрүүчүнүн билим деңгээлин сынаган жалпы тест өттү.

Андан кийин ар бир бүтүрүүчү болочок кесиптери менен адистик берчү окуу жайларды тандоого киришет. Алдыдагы 5-10 жылда Кыргызстанда кандай кесиптер өтө зарыл болот? Кандай кесип жумушсуз калтырбайт? Өлкөгө зарыл кесиптерге кайсы окуу жайлар окутат?

Миңдеген бүтүрүүчүлөрдү түйшөлтүп турган ушул жана башка суроолорго "Арай көз чарай" талкуусунда жооп издедик.

Талкууга Билим берүү жана илим министрлигинин кесиптик билим берүү башкармалыгынын сектор башчысы Абдыманап Жолдошов жана баштапкы жана орто кесиптик билим берүү агенттигинин окуу-тарбия иштер бөлүмүнүн башчысы Алсейит Жусумамбетов катышты.

“Азаттык”: Абдыманап мырза, быйыл Кыргызстанда орто мектепти 70 миңден ашык окуучу аяктап жатат. Алардын көбү, албетте келечекте жумушсуз калбагыдай болуп, алдыдагы 5-10 жылда аябай зарыл кесиптерге ээ болгусу келип жатышкандыр. Демек алар кандай кесиптерди тандашы керек? Кыргызстанга зарыл деген кесиптерди алдын ала иликтөө барбы?

АКШдан билим алуунун эрте-кечи жок

1993-жылдан бери АКШга барып, акысыз билим алган кыргызстандыктардын саны 3,5 миңден ашты. Бул өлкөдөн билим алууну эңсеген кыргызстандыктардын саны да абдан көп.

Абдыманап Жолдошов: Азыркы учурда орто мектептин бүтүрүүчүлөрү жалпы республикалык тест тапшыруунун алдында турушат. Буга чейин 45 миңге жакын орто билимдүү кыргыз жарандары республикалык тестке катышууга арыз беришкен. Мындан сырткары быйылкы тестирлөөгө катышуу үчүн дагы 18-май күнү каттоодон өтүп кетишсе болот. Ошондой эле 23-24-июнда жүйөлүү себептер менен катышпай калган жарандарыбыз келип катыша алат.

Талап кылынган кесиптер боюнча Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан алдын ала жасалган иликтөөлөр бар. Акыркы изилдөөлөр боюнча быйыл 70 миңге жакын адис талап кылынат. Алардын ичинен 19 миңге жакыны жогорку билимдүү адистер. Ал эми калганы орто кесиптик, башталгыч кесиптик адистерге талап бар.

Эң көп талап саламаттыкты сактоо адистерине жана алдын ала эсептөөлөр боюнча 8000ге жакын адис керек деп болжолдонуп жатат. Бирок азыркы учурда медициналык окуу жайлар менен жумуш берүүчүлөрдүн ортосунда 700 гана адисти кабыл алуу боюнча келишим түзүлдү. Ошондуктан быйыл бул кесипке 405 бюджеттик орун бөлүнүп жатат.

Экинчи орунда билим берүү тармагы турат. Бүгүнкү күндө бул тармакта 2912 орун бош. Ал эми жумуш берүүчүлөр менен окуу жайлар 6 770 орунга келишим түзгөн. Кийинки орунда өнөр жай тармагы 2700 орун менен турат, бирок 1268 гана жумуш берүүчү менен келишим түзүлгөн.

“Азаттык”: Эмне үчүн саламаттыкты сактоо, билим берүү тармагында бош орундар көп? Аларга айыл жеринде талап көп болуп жатабы же шаарларда дагыбы? Тенденция кандай?

Абдыманап Жолдошов: Бир түрдүү айтуу кыйын. Мисалы, Нарын облусундагы кээ бир аймактарда орундар толук. Ал эми шаарда кээ бир адистер жетишпейт, айрым адистер аябай ашык. Азыр мал догдурларга талап жогору, аларга 400дөн ашык бюджеттик орун бөлүндү.

“Азаттык”: Алсейит мырза, акыркы жылдары Кыргызстанда юрист, экономист кесибин алгандар аябай көбөйүп, азыр алардын арасында жумушсуздар жок эмес. Тескерисинче, атайын орто билимдүү ширетүүчү, шыбакчы, кыш коюучу деген кесип ээлерине суроо-талап көбөйдү. Демек алдыдагы жылдарда да ошол кесип ээлери жумушсуз калбайт деп ишенимдүү айта алабызбы?

Алсейит Жусумамбетов: Ооба, учурда айрым студенттер жогорку окуу жайын бүтүрүп келип, кайра лицейлерден жумушчу кесибин алып кетип жаткандар бар. Азыркы учурда жаштарыбыз туура кесип тандоону үйрөнүп калышты десек болот. Буга мисалга акыркы үч жылды ала турган болсок, эки жылда эки миңге жакын талап болсо, быйыл миң окуучуга көбүрөөк талап алдык. Алардын арасынан айта кетсек, куруучу, жеңил өнөр жай, айыл чарбасы, тамак-аш тейлөө тармагы, энергетика, тоо-кен иштетүүчү адистерге талап жогору болууда. Бул боюнча учурда так изилдөөлөрдү жүргүзүп жатабыз. Майдын аягына чейин кайсы кесиптерге талап жогору экендигин так бекитип беребиз.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:

"Азаттыктын" архиви: Кесибин туура тандаган келечекте адашпайт. 8-июль, 2016-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG